Аңгеме

Менин Бек аттуу бу каарманым бир эмес, эки жолу үйлөндү. Экөө тең мыкты бүлө, мыкты жар болчулардан эле. Чырактай болгон мурдагы колуктусу таяктын уусуна чыдабады көрүнөт, эки бирдей баласын жетелеп, төркүнүнө баса берди. Келгис болду акыры. Кийинкисине кол көтөрбөй жүрдү эле, бирок көнгөн адат калмакпы… чоң муштумдук курусун… Бир уул, бир кыз төрөп берген кийинкисине да зөөкүр неме ичкилик татып келген күнү далай көргүлүктү көрсөттү го. Үйдү чаңызгытып, катын-балдарын туш-тушка кубалаган адаты мурдагысынан күчөдү. А соо кезинде андан өткөн ак көңүл, кичи пейил, боорукер жанды таппайсың.

Колунан келбеген иш жок. Колу алтын. Анын ошол өнөрү баарын жууп кетет. Тез эле. Ичпесе ичпей жүрө берет. Ичкендеби… Охо! Үйбүлөсүнө көргүлүктү көрсөтөт. Өзү аюудай күрсүйгөн неме. Жанына киши чыдабайт. Бу жиндиге ошентип эки катыны тең токтободу да эй. Эки катыны тең чиедей балдары менен ажырашып тынышты. Там-ташын сатып ийип да ичип жүрдү. Акыры көчөдө калып темселеген неме анан кайда бармак, ата-энесиникинде жашап жүрдү.

Элден чыкты… Башканы кой, анын күнүгө ичип келгенине ата-энеси да ушунча көнүп калышса керек, бир күнү эле үйүнө соп-соо келбейби. Ата-энеси таңгалат буга. Баягы көзү ачылбай күнүгө мас болуп келчү Бектин арак ичпегенине дагы бир жума өтөт. Экинчи жума өтөт. Ал эмес бир ай өтөт. Күнүгө соо. Анан кашайып бир күнү бөтөлкөлөш достору Бекти колдон-буттан алып үйүнө көтөрүп келатышса, босогодо турган атасы: «Йе, менин балам ушундай эле дейм да» деп кадимкисиндей сүйүнөт дейт. Муну маган Бекти көтөрүп келген илээшкерлери айтат… Атургай апасы да «баламдын качан болсо мас болуп келгенине атасы экөөбүз жедеп көнүп калган турбайбызбы» деген тура.

* * *

Токмок шаарында көчө таптаган мастар бара-бара кыскарды. Жалгыз эле Бек арагын таштай албады. Көчөдө баягы бөтөлкөлөш достору калбаганын көрүп, ичкиликти кантип таштаарын билбеди. Досторунун бирин да таппай калды. Көп эле жолу ичпейин деди, эрки жетпеди. Жоро-жолдошторунун баары мечитке барып намаз окугандан тарта ичкиликти таптакыр таштап салышканын далай укту. Акыры аракты кантип таштоонун жолуна көзү жетти белем, өзү да намазга жыгылууга ниет кылды. Бир күнү анан мечитке барууну чечти. Жөн барбады. Атасы ага базардан эттүү кара козу сатып бергенине кудуңдап, күрсүйгөн неме семиз козуну мойнуна арта салып, мечитке жөнөп калды. Негедир мечиттин алдына жеткенде бечараны сүр басты. Ибадат кылар жайга түз кирип баргандан сүрдөдү. Же бир тегеректен аны коштоп кирер тааныштар жолуксачы. Жонунда тыбырчылаган кара козуну курмандыкка кантип чалуунун жолун билбеди. Мурда ага бөтөлкөлөш досторунун бири мечиттин өзүндө курмандыкка кара козу чалгандан кийин аракты оозуна албай калганын уккан жайы бар. Ошондон улам жума намазга туштап келгендегиси…

Колуна кумган көтөрүп кирип-чыгып аткандардын аягы суюлуп, баары эле биринин артынан бири шаша-буша суюла түштү заматта. Мечиттин айланасында жайнаган машинелердин тегерегинде да жан киши калбады. Тызылдап шашкан сүрмө топтон артта бири калбай кирип кетишти. Солдойгон Бек карап турмакпы анан. Мечитке кире бергендеги бактын көлөкөсүнө жеткен кезде жонундагы кара козу туйлап, Бектин жакасын айра тепти көрүнөт: жаңы эле жакалашып мушташкан немеден бетер төшү дагдайып ачылып калды. Анысы аз келгенсип эби жок неменин оң жаагын сыйра тепкен экен, сызылып кан кетти. Мечитке атайы ниет кылып келген кургур кайда бармак, козуну талдын түбүнө байлап, түз эле босогону аттады. Элдин баары намазга бел бүгүп калган экен, алдыга жүткүнүп барып, босогодон тып токтоду. Кара козуну курмандыкка чалууга колунда жалаңдаган бычак даяр…

* * *

– Мусулмандар барсыңарбы? – Мечит ичинде күтүүсүздөн күрүлдөгөн үн жаңырды, аюунун эле өзү экен ал.

Баары үрпөйдү. Баары кылчайып калды. Босогодо ырайы суук бирөө турат, жоон-жолпусунан келген. Колунда шамшар бычак жалаңдайт.

– Мусулман баласы барбы бир?! – Жакасы айрылып, төшү дагдайган, жаагы ылдый кан шоргологон адамдын үнү мурдагыдан өктөм угулду баарына.

Бука моюн буржуйган Бектин ырайын көргөн молдокелердин ооздорунан келме учуп, жым болуп калышты катып. Бир убакта мечиттин төр жагынан гана жашы жетимиштен ооп калган карыя жооп узатканга жарады:

– Бар мусулман… Мына мен – мусулман баласымын… А эмне болуп кетти?

– Сыртка чыгыңызчы… – Күрсүйгөн неме карыяны эшикти карай ээрчитип жөнөдү.

Үрөйү үрккөндүн баары намазын токтотуп, сыртка кеткендерди тиктеп калтаарый түшүштү.

– Бу кайдан келген жан алгыч?! – деди шыбыраган бири.

– Тааныганыңар барбы? – деди көзү чекчейгени.

Бекти тааныган бирөө да табылбады. Мечит ичиндегилердин баары бирине-бири шыбырап сүйлөп, ак сакалдуу карыяны сыртка ээрчитип кеткен неме эмнеге келгенине акылдары жетпей эстери ооду. Ар кимиси өздөрүнчө келмелерин күбүрөнүп-шыбыранат. А намаз маалы өтүп атат…

* * *

– Аксакал, – деди Бектин жалбарган үнү карыяга, – мени бир мусулманчылыктын жолуна салыңыз… Мынабул жандыкты курмандыкка чалганы атайы келдим. Мечиттеги мусулмандар сыяктуу мен да адам болгум келет… Адамдай жашагым келет… – Бектин андан аркы сөзү көмөкөйүнө такалып, ыйлап жиберди бечара.

Турмушунда урунуп-беринип жүргөн жигит экенин кексе кары илгиртпей түшүндү. Ичкиликтин айынан буга окшогондордун кээси мечиттин босогосун аттап, туура жолго түшкөнүн көрүп келген карыя жан дилинен салават деди. Кара козуну мууздаар алдында алаканын жайып бата тартты…

– Ин ша Аллах, – деди адегенде. – Эми өз колуң менен муузда балам.

– Жо, аксакал. Менин колумдан келбейт. Өмүрүмдө мал мууздап көргөн эмес элем.

Карыя төрт аягы байланган козуну мууздап, бычакты Бектин өзүнө кайра сунду.

– Терисин өзүң сыйры эми.

– Мал союш колумдан келбейт, аксакал.

Жетимиш жаштын белин ашкан карыянын алы кара козунун терисин сыйырганга кайдан жетсин. Алдуу-күчтүү бирөөсүн чакырмак болуп, колуна бычак кармаган бойдон шашкалактап мечитке жүгүрдү.

– Мусулман баласы барбы бир?

Билегин түрүнүп, колунда бычак жалаңдаган карыяны тиктегендин баары селейди. Жоон билегине чейин чачыраган кан баарынын көзүн чекчейтти. Ак сакалы жайылып турса да алиги босогодо турган түрү суук жигитти бир заматта мууздап келип калгандай сүрдүү көрүндү карыя.

– Ой деги мусулман баласы барбы араңарда?! – Карянын үнү ачуулуу чыкты бу жолкусунда.

Жооп берген бир да жан болбоду. Мечит ичи жым. Учуп жүргөн чымындын канаты дирилдегени гана угулуп турду. Селейгендин баары кандай жооп кылышты билбей, имамдын оозун тиктеп калышты. Үнү калтыраган имам ошондо мамындай жооп узатты:

– Мен эмне, мечитке келген элди эки жолу намазга жыгып койсом эле мусулман болуп калмак белем…

Олжобай ШАКИР

Август, 2016-ж.

0 Replies to “Жума намаз”

  1. Бул чыгарманы «Котормо» бөлүмүнө жайгаштырсаңыз туура болчудай экен. Мен да муну мурда уккан элем.

  2. Бул ангеме бир анекдоттун негизинде жазылыптыр. Мен уккам бул анекдотту. Анекдоттогу вариантта аягында имам «Сохрани нас Иисус Христос Бог» деп жибере беле ушундай айтылат. Ангеме 100% ошол анекдоттон алыныптыр. Анекдот кыска эле айтылат

    1. Ооба, бул анекдотту баары эле билет. Арийне, «Манас» эпосунун канча вариянты бар, билесизби, Куба? Дүйнө адабиятынын тажрыйбасында Р.Акутагава элдик уламыш, элдик анекдотторду көркөм аңгеме катары жазып, 20-кылымды дүң кылган, жаңы агым менен адабий салтты баштап. Ал эми Гамлетти» Шекспирге чейин эле 3-4 автор жазса (англис фольклорунан алып), бизде Алыкул Осмонов «Толубай сынчы» поэмасын элдик уламыштын негизинде жазып, аны кийин жазуучу К.Жусубалиев да «Толубай сынчы» деген ат менен мыкты аңгеме кылып жараткан. Андыктан, адабият тарыхында мендей «уурулар» болуп келген, боло да берет…

      1. Идеяны анекдоттон алганыныз дээрлик «уурулукка» деле жатпайт. Сиз айткандай адабиятта андай нерсе коп эле кездешет. Кобе Абэнин «Кумдагы аял» чыгармасы менин оюмча Гоголдун «Вий» аттуу чыгармасынан «уурдалганын» байкадым. Бирок ошого карабай мыкты денгээлде жазылган. Ал эми Сиздин бул чыгарманыз реалдуу турмуштан баяндалып олтуруп эле аягында мечитке келген жеринде ашыкча «апыртылып» кетиптир.

  3. Ассалааму алейкум! Бул болгон окуябы? Аягында имам антип суйлобойт болуш керек. Мечитеке келип «мусулман барбы?» дегени да туура эмес го дейм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *