Аңгеме

I

— Апчихи! И-ии… Ы-ыы…ги…

Чүчкүргөн сайын башы зыңылдаган сетирекей кыз чабалактап жатты. Жөөлүп ар нерсени сүйлөйт. Денеси чоктой ысык. Үй муздак. Корккону – дубалдын бетиндеги желмогуз. Ал шумдуктун колдору тарбаңдайт. Адамды муунтуп, коколой тургандай улам жакындаса, дене бой дүркүрөйт. Кызды чабалактаткан, тыбырчылаткан бул коркунуч улам өсө берди, жакындай берди. Адамда бир көз болсо, тигинде үч көз. Жо… үч эмес, төртпү… Кыз дубалдан бериге караган көздөрдү санагандан коркот. Алар көп. Мынча жайнаган көздөрдү ал өмүрүндө көрбөгөн. Чоң энесинен эски үйлөрдүн ээси болорун уккан, а бул үйдүн ээси канча? Ушунча көзбү?!

 

— Ап…ап-па… Апа-а! И-ии-үү-ү!

 

Чекесинен муздак тер чыпылдап, денесин калтырак басты. Эки жагын каранса, ордунда эле жатат.

Төшөгүнөн башын көтөрүп эки жагын каранды эле: дубалдагы оймо, чиймелүү туш кийиз ага жаны бардай туюлду. Туш кийизге түшүрүлгөн түрлүү орнаменттер – бирде мүйүзү аркайган бугуга окшоп көрүнсө, бирде жардын бооруна жабышкан жылан өңдүү соймоңдойт түгөткүр. Кыз коркконунан кайра жатты. Дубалдагы элестер тарбалаңдап ордунан жылат улам. Жылан моюнга келип оролот, бугу мүйүзүнө челип көтөрүп кетет чыканактай кызды…

Орнаментке түшүрүлгөн оймонун айлампасы кенедей кыздын көзүнө чекирейип тиктеп турган көз сыяктанат. Дубалдагы жалгыз көз бир убакта асмандагы жайнаган жылдыздардай тигинден, мындан жылт-жулт жанган көздөргө айланат. Ортосундагы чо-оооң алайган көз кызды тиктейт алайып. Бирде дөөнүкүндөй тостоёт ал көз. Кыз дубалдын бетин тиктегенден коркуп, эки көзүн чылк жумат кайра. Анда да болбой чылк жумулган көзүнүн чарайнасын айланат туш кийиздеги тарбайган элестер. Көзүн жумгандан коркот кайра. Алайган көзүн ачып, дубал жакты тиктебегенге аракет кылса, эми анын көзүнө полго салынган ала кийиздин бетиндеги орнаменттер дубалдагы балээден өткөн коркунучтуу көрүндү. Ала кийиздин бетиндеги оймо, чиймелер кечки күүгүм менен кошо жылып келатат бери… Анысы кулачын жайып алган албарстыдай… Кайра бир караса, жети баштуу желмогуздай…

— Апа! Апа-а…

Сетирекей кыз бышактап ыйлап, ордунан туралбай чабалактайт. Жөтөлү «күрс-күрс». Терезеден жарыктын шооласы күңүрттөгөн сайын үй ичинде коркунуч көбөйдү ага.

— Апчихи… Апо-ов, ап-аа. Жаныма келчи…

— Үнүң өчкүр ай, үнүң өчкүр! Тынчтык бересиңби башкаларга? Жат тыбырчылабай! – Бул аркы бөлмөдөн угулган өгөй энесинин үнү.

Ала кийиздеги элестер бирде чубалжыган булутка, бирде коюу туманга, бирде быкшыган оттун чубалжыган көпкөк түтүнүнө окшоп көрүнө берди. Көзүн жумса, артынан кууп келаткан буканын мүйүзү улам жакындап, улам жакындаган сайын буттары байланып калгандай тартылбай, жүрөгү дүкүлдөгөн кыз бакырып тура калат улам…

— Апа! Апа-а!

— Бул кызың тынчтык береби? – деген өгөй энесинин ачуу үнү кулагына жеткенде кыз төшөгүнө чүмкөндү.

— Кызым, этиң ысып чыгыптыр… Эмне кылсам? – Босогодон жаңы аттаган атасынын үнү бул.

— Ата, атаке-ов…

— Оо, кагылып кетейин. Дагы эле жакшы боло элексиңби? – деп жанында чебелектеп айласы куруган атасы отурат. – Мынабуну ысык ууртасаң, ооруң басылат. Састымоолоп калган турбайсыңбы кайра.

— Ичпей атса эмне жалдырайсың ага! Мен канча бердим. Ичпесе оозуна куйайынбы эми?!

«Качан бердиң?» деп айтайын дейт кыз. Коркот…

— Качан болсо оорусу басылбайт кызыңдын. Үйдө тигини кылып кой, муну кылып кой десең эле оорусу күчөйт…

II  

Жанында атасы пайда болгондо уктап кетет кыз. Атасы төшөнчүсүн кымтылап, жанына бираз отурса эле ооруп чабалактаганы басылып, мемиреп уктайт. Көл-шал тердеп уйкусурайт. Коркунучтун баары тумандай тарап жоголот. Атасынын мээриминен башка дары да жок ага. Туш кийиз менен ала кийиздин бетиндеги коркунучтуу оймо, чийменин баары эми анын түшүнө айланып, апасынын мээримдүү колдорунан бетер маңдайынан сылайт.

Кыз чынында кенедейинде көп ооручу.

А өгөй энеси туш кийиз менен ала кийиздин бетиндеги оймо, чиймелерден да коркунучтуу көрүнчүдөй сезилчү…

III  

Апасы колунан көөрү төгүлгөн уз болучу. Азыр өзү апасынан өткөн уз болуп чыга келди. Бала күнүнөн туш кийиз менен ала кийиздерге түшүрүлгөн оймо, чиймелерден эси чыккан кыз кийин колунан көөрү төгүлгөн уз болуп чыгарын анда ким ойлоптур. Апасынын колунан чыккан орнаментке түшүрүлгөн элестер аны өмүр бою коштоп келди. Азыр ал ала кийиз менен туш кийиз бетине бир кездеги өзүнүн эси чыккан оймо, чиймелердин баарын түшүрөт. Баары кооз, баары көрктүү. Баары көрүнчүгө окшош…

Шырдак менен туш кийиздин бетине турмуштун агын да, карасын да, жамандыгы менен жакшылыгын да ширештирет. Орнаменттеги карама-каршы түстөрдө дайыма теңдик бар, биринен бири озуп кетпейт, калып да калбайт. Баары барабар, баары тең. Оңу бар, солу бар. Бири-бирисиз көркү ачылбайт. Оймолорго бу жашоонун жарыгы менен караңгысы түшүрүлгөн…

Ал элестер кээде аркар-кулжанын мүйүзү кейиптенип, кээде тизесин таянган манасчыга, кээде күрөшкө обдулган баатырга, кээде жер челий турган камандын тишине, кээде тарбаңдап жылган чаянга, кээде тарбайган бутактарга, кээде канатын жайган кушка, кээде таажысы барпайган гүлгө, айтору, бу жашоодо айлана-чөйрөбүздү кандай жаратылыш курчаган болсо, ошонун баарына окшош…

Жээктери болсо чубалып бараткан көчмөн элдин үзүлбөгөн кербени сыяктанып көрүнөт. Алар э-эч үзүлбөй турган кербендер…

 Олжобай ШАКИР

Ноябрь, 2015-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *