– Чоң ата, бу жер не? Зоопаркпы?

– Жок.

– А эмнеге темир тор тосуп коюшкан?

– Бу жерде чоңдор отурат.

– Алар эмне, жырткычпы?

* * *

– Биздин саясатчылар эмнеге окшош?

– Мыкка.

– Кантип?

– Бири-бирин мык сыяктуу пайдаланат. А майрыйып калса ыргытат. Майрыйган ал мыкты башка партиялар таап алса, түзөмүш болуп, анысы да пайдаланат. Бирок мык бир-эки жолу майрыйгандан кийин – түз каксаң болбой, адатындай кыйшык кете берет.

* * *
– Кыргыз эмне үчүн бири-биринин артын чукугусу келип турат?

– Себеби эң сыйлуу устукан – уча, жамбаш, чычаң эмеспи…
* * *
– Кыргызстанда эң туруксуз эмне?
– АКШ доллары менен Алмазбек Атамбаев.
* * *
– Европада аялдар чогулган жерди не дейт?

– Аялдар конгресси.

– А Кыргызстанда чогулган аялдардычы?

– ОБОН.
* * *
– Кыргызстанда экспортко товар чыгарууга болобу?

– Болот.

– Мисалга эмне товарыбыз бар?

– Саясатчыларыбыз. Эң эле тез сатылар товарыбыз ошолор.
* * *
– Саясатчылар эмнеге окшош?

– Барабанга.

– Кантип эле?

– Себеби барабандын ичи көңдөй, ошонүчүн үнү катуу. Бирок диапазону жок.
* * *
– Сойкулар менен саясатчылар иттей опокшош ээ?

– Жо-жо… анча окшош эмес. Сойкулардын жакшы жери – ким менен эмне кылганын эч кимге айтпай. А саясатчылар айтып таштайт.
* * *
– Э ава, Кыргызстанда эмне жакшы өсөт?

– Партиялар жакшы өсөт, балам. Аларга мээнетиң да коробойт, жер семирткичтин да кереги жок. Жаз, жайына карабай, кайсы мезгил болбосун тез эле өсүп чыгышат. Бирок бир жаман жери – тез бузулуп, тез чириген өсүмдүктөргө окшош десең. Андан да жаман жери – бири менен биринин тамыры аралашып, аргындашып кетишкенин кантесиң. Акыр аягында эле эки баштуу, үч баштуу мутант болуп чыга келишет анан. Ошон үчүн алардын түшүмү да начар болуп атпайбы.

Каркыбар КАЛМАКБАЙ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *