АША келди, эми эмнеден баштайт кадамды?.. Мародёрчулуктанбы?.. Конституцияны өзгөртүү аракетиненби?.. Беш жыл мурдакы идеялаштарына каршы күрөштү күчөтүүдөнбү?.. Айтор, ишти кайсыл жагынан батыл киришип баштаар экен? Баш жазуу процедурасы аяктагандыр…

Ө.Текебаевдин 2-3 жолку удаасы менен кайталанган нокаутунан кийин эсине келди бекен, келелекпи? Бийлик тагына жетиш үчүн өзүнө арка-бел күч болуп келген тилектештеринин бирин калтырбай таарынтып алганына ооруканада жатып бармагын тиштеди бекен, жокпу?.. «Убактылуулардын» алдыдагы күрөшү эми артта калган окуялардан да алда канча кызык болгону туру…

Тек ушул жерден бир даанышмандын «каардуу чечим ишке ашпайт, ал дайыма дөшүгө «каңк» этип тийип, кайра тарткан балкадай» деген накылы эске келет. Балка да, дөшү да бирине-бири катуу тиери турган иш. Арийне, балканы кимиси биринчи «каңк» эткизди, баарыбыз көрдүк. Коомчулук дуу дей түштү. Жерге түкүрүндүк. «Эң коркунучтуу душмандар эски достордон чыгат» деген даанышман кеби да «убактылууларга» тупа-туура келди. АШАнын өзүнүн лексикону менен айтканда, теке экөө аёсуз сүзүшө турган кейиптенип калды. Бирок эски достордун кимисинин мүйүзү сынары азырынча белгисиз.

Атамбаевдин бийлигин оңдурбай турган фактыларды биринин артынан бирин чубап чыга баштаган Текебаевге каршы кандай компроматтар дайындалбасын, бирок «Ата-Мекен» лидеринин ишенимдүүлүгүнө караганда, анын колунда дагы далай ысык чоктой фактылар болушу ыктымал. Канткен менен чейрек кылымдан берки саясый айдыңда такшалган Өмүке бийлик түзүмүндөгү коррупциялык системаларды ачууга келгенде, алдына киши салдырбасы дайын. Колунда ажонукундай узун укурук болбосо дагын саясый тажрыйба деген куралы бар Текебаев буга чейинки эки жолку авторитардык зулум бийликке моюн берген эмес эле, эми Атамбаевге моюн береби? Бербейт. Толгойт. АША бийлигинин мойнун толгоп, арка мойнун астына бураш үчүн адегенде өз мүлкүн атпай-журтка санап берди. Көргөздү. Текебаев муну баштаган себеби көп нерсени каңкуулайт… Беш жылдан бери өзүнүн курулуп бүтпөгөн үйүнүн тегерегинде козу карындай жайнаган кабат үйлөр кимдерге тиешелүү экенин да кыйыткансыды. Ал үйлөрдө азыркы бийликтеги аты-жыты белгисиз майда чиновниктер жашарын туюнтуп, шаарчаны журналисттерге бекеринен аралаткан жок…

Эсиңерде болсо, бир жыл мурда парламент залынан коррупция маселеси козголуп, Текебаев 2017-жылы 7-кабатта отургандардын түрмөгө камалчулары толтура экендигин сөөмөй кесеп эскерткени бар. Кыясы, Атамбаевдин далай калбыр иштери калкып чыгарынан ошондо эле кабардар болгон, бирок АШАны жамбашка салып жыгуу эрте болчу анда. Атамбаевдин азыр курдуруп аткан кансарайынын орду туурасындагы фактыны бир жыл мурда кеп кылганы суу кечмек эмес. Бийликтегилер шылтоо таппай коймокпу анда, тапмак. Ошону менен Текебаев таап чыккан фактыны куру жалаа катары көрсөтүп кутулушмак. Ага бийлик ресурсу толук жетет. Агер Максим Бакиевдин жерине кимдер ээлик кылууга камдана баштаганын ошондо айтып чыккан болсо, коомчулукта бүгүнкүдөй резонанс жаралат беле? Жок. Анын себебин сергек окурман илгиртпей түшүнөр дейм…

Текебаевдин тажырыйбалуу саясатчы экени ушу: Атамбаевдин артынан эми аппарат башчысы Фарид Ниязов ээлик кылган жерлерди документ негизинде коомчулукка жар салып, бийликтегилердин келмесин оозунан учуруп аткан кербези!

Эми арам байлык, адал мүлктү санашууга келгенде бийлик курчоосундагылар таза чыгышы күмөн…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *