* * *

Кыргыз канчалык бөйрөк таянып кырданганы менен өлкө жарды, жерибиз чакан, саныбыз аз. А эл башыларыбыздын ашказандары нык.

* * *

Биздин трагедия ушул: элита алмашмайынча, элитага жаңы кан жүгүрмөйүнчө тоталитардык бийликтин айдоосуна көнүп, идеологиясына ууккан элибиздин психологиясы өзгөрбөйт.

* * *

Кыргызстан жеке бийликтен демократияга эмес, орто кылымга туш келди.

* * *

Ишенчээк элдин ичине дүрбөлөң салган оңой.

* * *

Кыргызстан мифтин, манасчылардын өлкөсү.

* * *

…биз азыр мамлекет тагдырын кимдерге тапшырып атабыз? “Калайыкка кас” режимди орнотуп келгендерге.

* * *

Өлгөндөргө өткөн чак да, келер чак да жок.

* * *

Бирөөнүн алтын аягына ит тумшугуңду малба!

* * *

Калкты калк, улутту улут кылган бир адамдын “мүйүзү” сынса, миң адамдын “мүйүзү” зыркыраган принцип иштебей баратат.

* * *

Бийлик эбак элдин мизин күч менен майтаруунун ыгын билип, кыныгын алган.

* * *

Ачка милийса, жарды күч органдары менен диктатура курууга болобу?

* * *

Нысапты тыюу – дүйнөнүн ырыскысынан кечүү.

* * *

Оппозициячыл гезит табыш кыйын: журналисттердин 99%и калемди “швабрага” алмаштырып, “революция” полун жууп жүрү.

(“Агым” №52, 5-июль, 2005-ж. “Революциячыл сифилитиктер”)

* * *

Демократия деген көпчүлүк менен эле эмес, азчылык менен да эсептешүүнү түшүндүрөт.

* * *

А.Акаевдин бийликке болгон “махабаты” өтө күчтүү эле, а махабаттын ичи өтө тар болору белгилүү.

* * *

Кыргызстандагы оппозиция – демократия сыяктуу эле жөө жомок.

 

* * *

Батыштын сөзүн укпоо – кыргыз бийлиги өз башын сыйыртмакка өзү салып бергенге тете кеп.

* * *

Биздин чоңдор казна эшигин каалаганча тээп киргендер.

* * *

Эгемендикке биз тер төгүп, кан кечип, азап чегип жеткен жокпуз – тарыхтын амири, Кудайдын буйругу, илме кайып кокустук жеткирди.

* * *

Биздин жармач патриоттор – көйнөктүн акыркы бүчүсүн алып ыргытып көкүрөк койгулагандар.

* * *

Кулаалы куш болбойт, кумшекер туз болбойт.

* * *

МВФ жетеги менен куну кутургандай кымбаттап бараткан калк турмушу качандыр каптай турган социалдык өрттү кадам сайын каңкуулап турат.

* * *

Тарых Акүй санжырачыларынын жазганы, салтанаттуу той, орден, наам, орнотулган эстеликтерге карап бааланбайт.

* * *

Тарых өтө тайгалак нерсе. “Оодарылса төгүлбөгөн океандай” дегендерди да оодарып төгүп салат.

* * *

Мамлекеттик түзүмдү чыңдоо, элдин көкөй кести маселелери – кооз сөздөрдүн, таамай метафоралардын чаңында калууда.

* * *

Аскар Акаев МВФнын (Эларалык валюта фонду) Кыргызстандагы уполнодомочусу болчу.

* * *

Тарых амири башка салган тажрыйбаны таанып, көзүбүз жетип турган иштерди аткарбай жатып, улуттук идеологияны асман айдан издегенге машпыз.

* * *

Жерибиздин 90 проценти тоо. Тоо менен сыймыктанса болот, көкүрөк какса болот. Бирок XXI кылымда күнүмдүк тириликке тийгизер шарапаты аз.

* * *

Биздин бозо патриоттор алтыныбыз арбын дейт. А адамзат тарыхын караң: бир дагы эл, бир дагы мамлекет жалаң алтын менен байып кеткен эмес. Алтын дегенден түшүнүгү аз Япония болсо дүркүрөп өнүгүп-өсүүдө.

* * *

Кыргызстандын экономикасы – чурку, саясаты – сойку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *