«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алманбет Шыкмаматовго Кыргызстандын Башмыйзамына Венеция комиссиясынан өзгөртүү киргизүү туурасындагы жагдайлар туурасында суроо узатсак, төмөндөгүдөй эң маанилүү жагдайларына токтолду…

– Алманбет Насырканович, Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү өтүнүчү менен Венеция комиссиясына кайрылып, корутунду чыгарылып келгени белгилүү. Алардын корутундусунан кийинки кадам кандай болушу керек эле?

– Президент тарабынан сунушталган Башмыйзам бийликти парламент менен коомчулуктун көзөмөлүнөн чыгарууга шарт түзүп жаткандыгы белгилүү. Ошондуктан Венеция комиссиясына кайрылууга туура келген. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, алар корутундусун берди. Корутундуда Башмыйзамдын сунушталып жаткан долбоору кабыл алынса, бийлик бутактарында тең салмактуулук бузулары тап-так көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, президент менен өкмөттүн бийлиги күчөп, парламент алсырайт. Эл бийликти көзөмөлдөө укугунан ажырайт. Сот системасы таза иштешинин кепилдиги болгон көзкарандысыздыгын жоготуп, демократиялык принциптер жана механизмдер талкалана тургандыгы белгиленген. Айта кетчү жагдай, биздин мамлекет Венеция комиссиясынын мүчөсү, тактап айтканда, дүйнөгө биз демократиялык мамлекетпиз деп жар салып, комиссияга киргенбиз.

– Башмыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип, референдумдан өтө турган болсо, Кыргызстан эмне табат, эмне жоготот? 

– Бийликтегилер Кыргызстан жакшы нерселерди табат деп түшүндүрүүгө аракеттенгени менен Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы түзүлгөн кыймылдардан, социалдык тармактардагы талкуулардан улам өлкөнүн таба турганынан жогото турганы көбүрөк экендигин билебиз. Башмыйзамдын президент, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине, прокуратура, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагына жана башкага байланышкан бөлүмдөрүн өзгөртүү бийликтин бир колго топтолушуна кайрадан эле шарт түзөрүн баарыбыз айтып жатпайбызбы…

Сунушталып жаткан Башмыйзамдын долбоору ишке ашса, сот системасы көзкарандысыздыктан ажырайт. Конституциялык палата жөн эле декорация катары башкаруучу саясый топтун кол баласына айланат.

– Сунушталып жаткан Башмыйзамда тергөө иштери Башкы прокуратурадан алынып, өкмөт курамындагы Улуттук коопсуздук кызматына берилери каралыптыр. Буга кандай карайсыз?

– Коррупцияга байланышкан иштерге көзөмөл жүргүзүүнү, дегеле бардык тергөө иштерин Башкы прокуратурадан алып, өкмөткө берүүнүн өзү жаңылыштык. Анткени, өкмөт мындай рычаг менен парламентке басым жасайт. Анткени, Улуттук коопсуздук кызматы жабык мекеме болгондуктан аларга эч ким таасир кыла албай калат. Жактоочулар, жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары да жолой албай калгандан кийин бийликке жакпай калган адамдарды саясый жактан куугунтуктоо күчөйт. Дегеле Башкы прокуратура ачык мекеме болгондуктан тергөө иштеринин алар тарабынан жүргүзүлгөндүгү максатка ылайык келмек. Тилекке каршы, бийлик жогорудагыдай максаттар менен тергөө иштерин Улуттук коопсуздук кызматына берүүнүн аракетин көрүп жаткандыгы туура эмес. Өкмөттү мындай жол менен күчтөндүргөндө жарандар алардын ишин көзөмөлдөй албай калат. Бул жагынан коркунуч бар. Анткени, тарыхка кылчайып карасак, Сталин репрессияны КГБ аркылуу жасаган.

К.КЫМБАТОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *