Непал жомогу 

 Илгери бир жайчы[1] болуптур. Бир жылы ал жашаган чөлкөмдү кургакчылык каптап, жамгыр төкпөй коёт. Жердин баары кайрак болуп, күрүч айдоого мүмкүн болбойт. Эмдигиче асманды булут каптап, жамгыр көнөктөп жибериш керек эле. Бирок жерге күн нурунан башка эч нерсе жаабай, дыйкандардын аргасы кетет. Ошондо жайчы алдына жалпак тактай коюп, үстүнө кумдан жаят. Ага майда жана чоң жылдыздарды чиймелеп, акыры жамгыр кайсы күнү болорун билүүгө аракет кылат.

Жылдыздардын аралыгын жайчы тигиндейинен да, мындайынан да эсептеп чыгат. Аягында жамгыр кайсы күнү болоруна ынанат да дароо тактайын жыйнаштырып, колуна кетменин алып, талаага жөнөйт.

Жайчынын кетмен менен жер чанап атканын көргөн Асмандын ээси Индра ошол замат жерге түшөт. Ал адамдар кандай турмуш кечирерин билмекчи болот. Кара терге түшүп иштеп аткан жайчынын жанына келери менен Индра:

– Сен эмне кылып атасың? – дейт.

– Жер чанап, күрүч айдайын дедим эле, – деген жооп узатат.

– Жаныңды эмне бекер үрөйсүң? Шашылба, асманда булут пайда болгуча дагы көп бар!

– А мен – жайчымын, ошон үчүн жамгырдын качан болор болбосун да билем. Менин эсебим боюнча, жамгыр бүгүн кечинде төгөт. Ошондуктан өз убагында үлгүрүп калайын деп шашылып атам.

– Ом-еей де, билерман! Бүгүн эч кандай жамгыр болбойт! – деген Индра өз сөзүн кесе айтат да, асманга сызат.

Ал өзүнүн оюнда: «Суу аттуунун баары менин гана колумда. Анан кайдагы бир өзүн жайчымын деген байкуш, жамгыр качан боло турганын билет имиш. Эгер мен жер үстүнө суу жибербей койсом, ал кандай эле күрүч айдайт экен, көрөбүз. Мен азыр буйрук берем да, болгон сууну калтырбай, көк асмандагы аксарайымдан эч жакка чыгарбагыла дейм!»

Индра ошол замат малайларын чакырып: «Жерге бир да тамчы суу тамбасын, баардыгын менин аксарайыма ташыгыла!» – деген буйрук берет.

Малайлар чоң-чоң чакалар менен болгон сууну Индранын аксарайына ташып баштайт. Бирок капысынан суунун бир чакасын төгүп алышат. Анан ал суу жерди карай шарылдайт. Ал эми бул учурда жайчы да өз талаасына күрүч айдаганга үлгүрүп калат…

Индра өзүн канчалык кудуреттүү кудай санаган менен баарыбир жайчынын айтканы келиптир.

Орусчадан оодарган О.ШАКИР

[1] Жайчы – аба ырайын өзгөртүп жиберчүү касиети бар адам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *