2003-жылы, 8-февралда “Бишкек таймс” гезитинин №2инчи саны жарыкка чыгып, ошол алгачкы номердин бирине Салижан Жигитовдун «Желмогуздай болуп көп нерсени билип алыпмын» аттуу интервьюсу жарыяланган. Ага убагында ким кандай маани бергенин ким билсин, эми минтип маани берүүнүн кези келип турат… Ал маектешүүбүз минтип башталат: 

– Турмушуңузда күндөлүк же кат жазасызбы?

Биздин элде андай салт жогу жана андайга маани бербегенибиз өтө жаман… Орустун жана дүйнөнүн улуу жазуучуларынын кат менен күндөлүктөрүн окуп калганда ичим тыз дей түшөт. Ыраматылык Аалыке (Токомбаев) жазуучуларды «кат жазышып жүрөлү» десе, «кенедей бир шаарда жашап атып, ошол кантип болсун» деп тыраңдап күлүшкөнү бар. А негизи эле кат жазышуу, күндөлүк жазуу да көркөм өнөргө кирет…

Бирөө жөнүндө эскерүү жазганда кат менен күндөлүк табылгыс документ болуп берерин көбүбүз эске албайт турбайбызбы. Илим, тарых, адабият, искусствону изилдегенде, өз мезгилиндеги атмосфераны күндөлүк же каттар гана жакшы бералат, майда көрүнүштөрдөн чоң нерсеге чейин. Мисалга, ушул эле орус турмушунда артисттер деле кат, күндөлүк түрүндө көп мурастарды тарых бетине калтырып кетип аткандарын көрүп, аттиң дейсиң…

Сакебиздин маегинен бул үзүктү келтирген себебим, көрсө өзү айткандай, «эскерүү жазганда кат менен күндөлүк табылгыс документ» болуп каларын убагында барк албайт экенбиз! Бир курдай эң жакын жандосу Ишенбай Абдуразаков мындан эки жыл мурда кеп куруп калды. Ишенбай аба Жапонияда элчилик кызматын аткарып жүргөн мезгилде (1992-жылы – О.Ш.) Салижан аке Акаевдин кеңешчиси болуп турган учур экен. Бир күнү Жигитовдун жаны кейигенден улам болсо керек, Абдуразаковго кат жазат. Каттын бир жеринде каңырыгы түтөгөн Сакебиз президентке атайы минтип айтканын Ишенбай абага жолдогон катында кыстара кетиптир: “Жан-жөкөрлөрүңүз мурдунан алысты көрбөгөн бечаралар экен, алардын Сизге жагынсак дегенден башка ою жок. Ошон үчүн четте жүргөн акылдуу, билимдүү кыргыздардын баарын чакырып, башкаруу системасында интеллектуалдык потенциалды дурустабасак, бу өз алдынча ойлонуп көрбөгөн шоруң каткырлар мамлекетти да бүлүндүрөт, Сизди да кызматтан түшүрөт!” – деп жаным кашайгандан баарын айтсам, абдан кыжаалаттангандай болду деген Сакебиздин кебин канткен менен Акаев деле укса керек: “Мага баарынын тизмесин бериңизчи” дептир.

Кийин И.Абдуразаков элчиликтеги кызматынан бошонуп ишсиз жүрүп калган кезде С.Жигитов Акаевге Ишенбай досун кызматка сунуштап, мамлекеттик катчылыкка И.Абдуразаков бекип калганын көпчүлүк биле бербесе керек. Абдуразаковдун айтымында, чыгармачыл жана илим чөйрөнүн дагы биртоп өкүлдөрү бийликке аралашып, бара-жүрө алардын көбү акүй менен көкүйдүн коридорунда чиренип басып, мерчемдүү кызматтарга дайындалат. Бирок аттиң, С.Жигитовдун жогорудагыдай батынып айткан далай кебин, чындык десе чыркыраган касиетин Акаевдин кыртышы сүйө бербесе керек же бийлик курчоосундагылардын ойну болуп кеткенби, айтор Сакебизди Өзбекстанга элчиликке жөнөтүп тынышканы дайын. Балким ошондо падышанын жанында Жигитовдой вазир кеп-кеңеш берип турганда бийликтин көзү көр, кулагы керең болбой, мамлекетибиздин да, элибиздин да тагдыры азыркы абалга кептелмек эместир…

Ал каттын көлөмү абыдан узак болгондуктан, каттагы мерчемдүү жерлерге гана токтолууну туура көрдүм. Каттын дагы бир жеринде “…саясатчыларыбыз билимсиз. Эгерде он эле киши болсо, Кыргызстанды көтөрүп кетишет эле!” десе, дагы бир жеринде завод-фабриканы кыйратып аткандар да эл багарлар болуп атканына кейип, төмөнкү ырды келтирет:

“Куурай бүтпөс куу бакыр,
Куурай чыгып бергенде,
Кулун чуркап өтө албас.
Мал бүтпөгөн куу такыр
Мал жайылып келгенде,
Айдап көчкө жете албас…”

Кат соңунда: “Мен аябай көп иштеп, чарчап бүттүм. Ооруп калдым. Кол тийбей атып, ушул катты 8-9 күндөн бери үзүп-сызып жазып атам” – деген бул кат 1992-жылы жазылганын баяндап отурган Ишенбай аба менен ошондо төмөнкү маекти баштап коюп, кептин аягына чыкпай калдык эле…

Ишенбай аба, Салижан акебиз жарык дүйнө менен коштошкон күнү каңырыгыңыз катуу түтөп “Сакем бүтүндөй доор эле, кыргыз бүгүн ошол бүтүндөй доордон ажырады” деп ордуңуздан тегеренип, күрсүнүп алганыңыз эсимде… Мына ушул сөзүңүздүн артында терең маани жатканын азыр сизден артык да эч ким чечмелеп бералбайт. Арийне ошол бүтүндөй доордун мааниси эмнеде?

– Дегенимдин себебин эки ооз сөз менен туюнтуп бералбайм го. Адам баласы өзүнчө бир сырдуу жаранды турпайбы. “Өлүм ак” деп айта беребиз, а бирок түбөлүк жашоочудай арзыбаган нерселерге алаксып, жашоо маңызы жөнүндө ойлонбой, жаныңда жүргөн асылдардын кадырына жеталбай, ошол жан өткөндө, өзүң айткандай, күрсүнүп кала берет экенбиз. “Доордон ажырадык!” деген үшкүрүгүмдө өзүнчө жыйынтык да, эмоция да байкалып турбайбы. Жараткандын кең пейилдигин карасаң, Сакем чынында сейрек кезиге турган бийик сапаттардын ширесинен бүткөндөй адам эле да. Акыл-парасаты тунук, таланты жаркын, эстетикалык табити бийик, рухий дүйнөсү терең, моралдык заты таза, интуициясы курч дегендей. Ал университетте окуп жүргөндө эле “адам баласы бу дүйнөгө келген соң жок дегенде бир оң иш жасабаса, өмүрүн актабай, мал сыңары кете берет да” дегени эсимде. Ошондон уламбы, айтор, анын жүрүш-турушу асылзат издеп, бирок табалбай жүргөндөй сезилчү. Өзүнүн жеке керектөөлөрүнө кайыл болуп, тынымсыз иштеп, жасаганына анчалык ыраазы болчу эмес. Өз эмгегине өзү мынчалык ачуу сын менен мамиле кылган Сакемдей адамды көрө элекмин. Маселенин өзөгүн даана көрүп, сезип, аңдамайынча казынып издене берчү маркум. Кээде чындык издеп дүйнө жүзүн кезип жүргөн монах шекилдүү көрүнүп кетер эле. Сакем динчил болгон эмес, бирок такыба адам эле. Коммунизмге да ишенчү эмес, бирок капитализмдин терс илдеттерин ачып бергени үчүн Марксты жогору баалачу да, ошол кенемтелерди бул система оңдой албады деп кейип калчу.

Ошондон улам болсо керек, өткөн заман менен бүгүнкүнүн, бүгүнкү менен эртеңкинин байланыш диалектикасына өтө кызыкчу. Элибиздин өткөн тагдырын иликтеп, ошого байланыштуу бүгүнкү алдыга озуп кеткен элдердин тажрыйбасын терең билиш үчүн жанды койбой ар нерсени сурай берчү эле. Акыры келип өзү ишенген нерсени өзүнө туу тутчу. Ойлогон ойлорун, көзү менен көрүп, кулагы менен угуп, акылы менен түшүнүп турган чындыкты эч кимдин бийиктигине же көңүлүнө карабай ачык айтып таштачу.

“Чындыкты айтуудан жогорку парз жок” деп калчу. Чындыкты айтып эле тим болбой, ак эмгек менен жашаган адамдарды гана чыныгы адам дечү. Эл көзүнчө кудайды оозунан түшүрбөй, иш жүзүндө мыйзам бузуп, кыянаттыкка баргандар – эл душманы, асыл наркты ошолор бузат, одүйнөсү чын болсо тозоктун отуна ошолор түшөт, бу дүйнөдө деле акыры бир күн өзү, өзү болбосо тукуму оңкосунан түшөт, же наалат алат, уяты анча-мынча болсо да бир учурда ал ойгонот, ошондо ал кургур тирүүнүн өлүгү болот.

Сакемдин ушул моралдык такыба касиетин мен жогору баалачумун. Атаганат, ушундай жарандар көп болсо кана дечүмүн. Бир доор өттү дегеним да ушундан улам чыкса керек…  

– Салижан акени кадырлаган чөйрөнүн арасында атайы фонд негиздөө демилгесин көтөрдүңүз эле, аныгында фондун озуйпасы кандай болушу керек деп ойлойсуз?  

– Чынында бизде коомду тарбиялап, коомду оң жакка тескеп турчу элита калыптана элек. Саясый элитаны карап түзөнөлү десек, алардын көбү мамлекеттик ишмер эмес, өңчөй саясатчылар экени көрүнүп турат. Коомдо Сакебиздей чын дилинен кызмат кылып, чындыкты туу туткандар өтө аз. Андыктан Жигитов атындагы сыйлык уюштурсак дегеним, биз бүгүн Сакемдей чынчыл инсандарга абыдан чукак болуп турабыз, демек, сынчыл көзкараштагы адамдардын санын өстүрүп, прогрессивдүү ой жүгүрткөн абийридүү азчылык чөйрөнү аз-аздап болсо да калыптандырышыбыз керек. Аныгында көрүнгөн эле адам С.Жигитов атындагы сыйлыкка татыктуу боло албайт. Биз кубаттуу мамлекеттин жерпайын түптөөр улут катары өзүбүзгө өзүбүз сын көз менен карап, Сакем айткандай, өзүбүздүн мажүрөө, билимсиз, жалкоо улут экенибизди аңдап, өзүбүздү өзүбүз камчылап чыйралганда гана өнүккөн элдер менен үзөңгүлөшөбүз.

Бул эми Жигитовдун ысымы кыргыз элинде чындыктын, абийирдин символу болсо деген изги тилегиңиз го?

– Бул боюнча албетте, көп нерсени айтууга тил кычышып турат. Бирок аттиң, гезит мүмкүнчүлүгү андай терең темага сүңгүп кетүүбүзгө мүмкүнчүлүк бералбаса керек…

Мүмкүн бул боюнча кийин өзүнчө сөз кыларбыз, азырынча бул идеяңыздын тегерегинде ким кандай ой кошор экен, сөздү коомчулуктан да күтүп көрбөйлүбү…

– Мунуңа кошулам. Мүмкүн бизге санаалаш адамдар бул демилгени колдоор болсо үй мүйүз олтуруп да кеңешип-кесербиз…

Олжобай ШАКИР

(Жеке архивден)   

 

%d0%b8%d1%88%d0%b5%d0%bd%d0%b1%d0%b0%d0%b9-%d1%81%d0%b0%d0%bb%d0%b8%d0%b6%d0%b0%d0%bd

Ишенбай АБДУРАЗАКОВдон экмет

Адам баласы өткөндөн сабак албаса, турмуш аны кайра-кайра жазалайт.

 

* * *

Көп учурда үгүт артынан саясат келерин унутпаш керек

 

.

* * *

Күчкө таянган саясат убактылуу жеңсе жеңер, бирок анын түбөлүгү түз болбойт.

 

* * *

Чөгүп берсең – мурдуңа буйла салышат, текеберленсең – ала турганыңдан куру каласың.

 

* * *

Шымаланган кытай бир ууч күрүчтөн тоодой азык жыйнайт.

 

* * *

Эски вино жаңы көөкөрдөн жаңырбайт.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *