Онтологиялык коопсуздугу бузулган эл өзүнүн урух-уркун, дүйнө таанымын, тилин, маданиятын, тарыхын, салт-санаасын аңдап, ажыратып тааный албай калат. Азыр кыргыз Түркияга барса – түркчө, Батышта болуп келсе – ангилисче сүйлөп келет, эки орус отурган жыйында орусча сүйлөйт. Бу ошол онтологиялык коопсуздук сезим бузулганы. Радловдун сөздүгү менен азыркы тилди салыштырсаң, бул оркоюп көрүнөт. Болбосо мына куранды, уланды мүчөлөрдү алалы, айрыкча –лык, -дык деген жалгама мүчөлөрдү чала сабат журналисттер ылайыгы келсе-келбесе деле көрүнгөн сөзгө жабыштырып, тилдин ишпалдасын, чыгарып бүтүштү. Кайсы гезитти окуба, «орусиялык инвестиция», «орусиялык кредит», «кытайлык товарлар» дегендей айтымдар жайнайт. «Акаевдик режим», «Бакиевдик бийлик» дешет. Ыракматы Чыкенин мааракесине арналган макалаларда «Айтматовдук энциклопедия», «Айтматовдук аалам», «Айтматовдук кейипкерлер» дегендей бирдемелер өтө көп айтылды, болгондо да аларды жазуучулар, адабиятчылар, сынчылар, академик наамын алгандар айтып-жазышты. Мунун баары ошол онтологиялык коопсуздук бузулганын билдирет.

* * *

Дагы бир «өнөр» пайда болду: «мен ойлойм, «мен ойлоп атам», «мен ойлоп турам», «мен эсептейм». Бу баягы орусча сүйлөм башындагы «я думаю», «я считаю», «я полагаю» дегендин сөзмө-сөз көчүрмөсү. Мунун баарын кыргызча ойлоналбай калган саясатчылар, политологдор, өздөрүн эксперт эсептегендер айтууда. Аларды журналисттер жаңы табылгадан бетер жабыла кайталап, элге жайылтканы андан бетер күчөдү. Жыйынтыгында келип кыргызча сүйлөмдүн түзүлүшү, кыргызча сөз ыдыры бузулуп, эне тилдин өзгөчөлүгү жоголуп, кайра эле орусташып кетип атпайбы. Чындыгында кыргыз эки дүйнөдө да минтип сүйлөгөн эмес, анткени биздин тилде этиш дайыма сүйлөмдүн этегине түшөт.

* * *

Театр кийим илгичтен башталса, сабаттуулук тыныш белгилерди туура пайдалануудан башталат.

* * *

Тыныш белгилерин Пушкин музыкадагы нотага салыштырган. Алар ойдун оролун бөлүп көрсөтөт, сөздөрдү ыраатка салат, сүйлөмгө ыргак берип, угумун арттырат, түшүнгөнгө жеңил кылат. Эң негизгиси – тыныш белгилери жазма тилде музыкадагы нотадай кызмат кылат: бүткүл текстти бекем туташтырып, логикалык бир көгөнгө байлайт, аларсыз сүйлөмдөгү сөздөр ыдырап-бытырап кетмек.

* * *

Константин Паустовский жаш кезинде аңгеме жазып, каратып алганы редакторго берет. Бир аптадан кийин окуп көрүп, өз текстине өзү ишенбейт: аңгемеде бир да сөз оңдолбоптур, алып-кошкон да эчтеме жок экен, бирок арбир сүйлөмү тартылган сүрөт өңдөнүп ушунчалык таамай, так… Таза таң калган жазуучу: «Бу шумдукту кантип жасадыңыз?! » десе, редактор: «…болгону үтүр-чекитин ордуна коюп чыктым», — дептир.

* * *

Гегель менен Толстойдо бир сүйлөмү жарым, атүгүл бүтүндөй бир бетке созулуп кеткен жерлери бар. Алардын тексттеринен тыныш белгилеринин мүрөл үлгүлөрүн көрсө болот. Мындан тышкары сүйлөм башында, ортосунда же этегинде көп чекит койгонду жакшы көргөн авторлор да аз эмес. Көп чекитти В.Набоков шыбыш чыгарбай, «бутунун учу менен басып кеткен сөздөрдүн изи» деп эсептеген…

* * *

Тыныш белгилерин сүйлөм тутумунда каалагандай калчай билген зергерлер да үтүргө келгенде батылдык кылалышкан эмес, анын алдында баары тайсалдап, «таксыр» деп турушкан. Көөнө алиппелерде «сүйлөмдүн сүйкүмү үтүргө жараша болору» айтылганын белгилеп, Иван Бунин өз ордунда турбай калган үтүр «бүтүндөй бир сүйлөмдү жыдытып саларын» эскерткен.

* * *

Башкасын айтпайлы, баягы жылы бир шайлоодо мыйзамдагы тикенектей бир үтүрдөн улам улуттук масштабдагы жаңжал чыкканы эсибизде. Дегеле туура эмес коюлган үтүр бир сөздү теңирден тескери мааниге өткөрүп жиберет. Мисалы, «келе бер» (приходи) дегенди «келе, бер» (ну-ка, дай), «ой токтот» (поразмыслить) айтымын «ой, токтот» (ну-ка, останови; хватит, перестань) кылып сала алат. Буга окшогон мисалдар толтура…

* * *

Кыргызга жек көрүнүш оңой: болгону сөздүн туурасын айтып кой.

Эсенбай НУРУШЕВ, публицист 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *