Тамсил

Адам менен Гермес

 Көптөгөн адамдар менен кошо чөгүп бараткан кемени көргөн бирөө: «Күнөөлүү жалгыз адам үчүн адилетсиз кудай канчалардын жанын кыят?!» деп кейип атса, тегерегиндеги жайнаган кумурскалардын бирөөсү аны чагып алат. Жалгыз кумурскага жаалданган адам бир убакта таманынын астындагы быжыраган кумурскаларды тебелеп өлтүргөнүнө кыжырланган Гермес аны таягы менен бир уруп, минткен экен: «Күнөөлүү жалгыз адам үчүн адилетсиз кудай канчалардын жанын кыйганына сен кандай жаалдансаң, кумурска деле ошол».

Андыктан адам бактысыздыкка кабылганда Кудайга шек келтирбей, андан көрө өзү кетирген катасын аңдасын.

 

Үч бука менен арстан

 Үч бука жайытта дайыма чогу отточу экен. Арстан болсо алардын артынан калбай, кантип тиш салууну ойлонуп жүрөт. Букалардын ынтымагын ыдыратмайын аларды жара тартып жеш кыйын экенин түшүнгөн арстан акыры амал таап, үчөөнүн ыркын бузат. Букаларды сүзүштүрүп, алар бөлүнүп кеткенден кийин гана максатына жетүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.  

 Бул тамсил эмнени түшүндүрөт, балдар? Ынтымак жок жерде баарыбыз бузукуларга гана жем болорубузду.

 

Эки корооз жана шумкар

Мекиян талашкан эки корооз чокуша кетет. Аябагандай көргүлүктү көргөн бирөөсү жашынып калган кезде, үстөмдүк кылганы өзүнчө менменсип, бийик коргонго учуп чыгат да, айланага кыйкыра баштайт. Ангыча көктөн сызып келген шумкар ал короозду илип кетет. А корголоп калган корооз короодогу мекияндардын баарына ошондон кийин ээ болуп калган экен.

Бул тамсил эмнени түшүндүрөт?.. Кудай-Таала деле менменсиндерге ачууланып, момундарга кайрымдуу экенин.

 

Зевс менен ташбака  

Зевс үйлөнүү үлпөтүн уюштуруп, жаныбарлардын бардыгына жайыл дасторкон салат. Тойго бир гана ташбака келбептир. Ачууланган Зевс эртеси ташбаканын эмнеге келбеген чоо-жайын сурайт. «Өз үйүмдөн өтөрү жок үчүн келбедим эле» деген анын жообун уккан Зевстин каары кайнап: «Ылайым эле үйүңдөн чыкпай кал» деген экен, ошондон кийин ташбака жонундагы чопкуттан чыккыс болуптур.

 Адамдар арасында да чакырган жерге барбас жандар болот, аларга өз үй, өлөң төшөктөн башканын кереги жок.

 

Карга менен бала

Куруган эне өз ымыркайынын тагдырын билмекке көзү ачыктарга кайрылат. Алардын бири: «Балаңды карга чокуп өлтүрөт» дейт. Корккон эне ошондон кийин атайы чоң сандык дайындатып, баласын дайыма сандыктан чыгарбай багат. «Карга эми кайдан тиймек эле» деген эне күнүгө өз маалында баласынын тамагын жедирип чоңойто берет. Бир күнү баласынын тамагын жедирер маалда сандыкты ачса, баласы сыртты көргүсү келип, сандыктан башын чыгара коёт. Так ошондо сандыктын каалгасы жабылып кетип, илмеги как төбөгө тийгенден, бала дароо көз жумат. Көрсө, ал илмек кудум эле карганын тумшугуна опокшош болгон экен.

Тамсил көрсөткөндөй: тагдыр буйругунан эч ким качып кутулбайт.

 

Балыкчы

 Балыкчы сууга келип, торун бир жээктен экинчи жээкке керет. Аргамжыга таш байлап, балыктарды торго айдаш үчүн агын сууну чаңдатып аткан аны көрө койгон тургундардын бири минтип ачуусу келет:

– Сен сууну чаңдатып, бизге таза суу алдырбай, башкаларды ачкадан өлтүрөсүңбү?!

– А мен сууну чаңдатмайын эчбир балык кармай албасам эмне кылайын? Мен да башкалардай ачкадан өлгүм келбейт, – деген экен балыкчы.

Көрдүңөрбү, баары жан баккысы келет. Өлкө башкаргандар да жан багыш үчүн эмнени каалайт? Саясатты балыкчыдай чаңдатып турганды…

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *