Ал мындай: жыл соңуна келип калды. «Жыл мыктыларын» аныктоодо келгиле биз теңирден тетири жөрөлгө баштайбыз. Маселен:

«Жылдын Кемчонтойу ким?»;

«Жылдын Тазбайматы ким?»;

«Жылдын ажааны ким?»;

«Жылдын дөөдүрү ким?»;

«Жылдын эки жүздүү саясатчысы ким?»

«Жылдын чулдуру ким?» сыяктуу майпарларыбызды санай берсек толуп атат. Издетпей таптырат алар…

Ушул сыягындагы «номинацияларды» окурман Сиз да сунуштаңыз бизге… Айтор, Абыке-Көбөштөрдүн коомчулук алдында бетин кызартып турган фактыларды «Коом жана Мен» сайтында жайгашылган ушул материалдын этегиндеги «Жооп калтыруу» деген жерге жазып коёсуз.

«Жылдын Кемчонтойу ким?» дегенде Тоголок Молдонун «Кемчонтой» поэмасын билерсиздер. Анда минтип айтылат:

Акылсыз акмак деп келет.
Кемчонтойдун жоругу,
Кандай жанга эп келет.
……………………………………
Элден көп жеп параны,
Дагы кирем деп алган.
Бир сөзүнөн кайтпаган,
Парасыз сөз айтпаган.
Акыйкат бүтүм кылбаган,
Сөзү ордуна турбаган…» – деп мүнөздөлөт. Жалпысынан айтканда, Кемчонтойдун жаман жагын айтып түгөтө албайсың. Андайлар бүгүн Акүйдүн 7-кабатынан ылдыйды карай быкпырдай кайнайт. Демек, Кемчонтойдун «номинациясын» кандай кишиге ыроолошту түшүнгөндүрсүз, окурман?..

Ал эми «Жылдын Тазбайматы ким?» дегенге келгенде «Манас» эпосуна бир сыйра көз жүгүртүп койсоңуз түшүнөсүз. Ошондо бул «наамды» кимдерге ыроолошту баамдайсыз… Тек гана бирөөнү ак жеринен жаман атты кылбашыбыз керек. Андыктан баарын коомдук-саясый турмушубуздагы аргументтер менен мисалга тартканыбыз оң. Маселен «Жылдын Тазбайматы ким?» деген «номинация ээсинин» коомго дүң болгон кайсы окуясы эсиңизде? Ал качан, кантип, кай жерде айтылганын комментарий калтырган жерге кыстарып коёсуз.

А «Жылдын ажааны ким?»; «Жылдын дөөдүрү ким?»; «Жылдын эки жүздүү адамы ким?» сыяктуу сөз мааниси баарыңыздарга белгилүүдүр дейм.

Сөз соңунда бир гана «номинацияга» түшүндүрмө бере кетейин, ал – «Жылдын чулдуру». Мындайларга өз эне тилинде оңгулуктуу сүйлөй албаган белгилүү инсандардын аттарын атасак, мүмкүн уялганынан деле кээсинин «кыргызча тили чыга» баштаар…

Ал тургай «маданиятка эмгек сиңирген ишмер» дегенге альтернатива кылып «халтурага эмгек сиңирген ишмер» деп да бир балээ баштайбыз. Аны мүмкүн кийинчерек…

Андыктан, чындыктын тили менен сүйлөгөндү үйрөнөлү десек, жогорудагы «номинация» ээлерин аныктоону элдин таразасына салалы. Сунуштай бериңиздер, анда ишти баштадык, урматтуу окурман!

0 Replies to “Кел, окурман, «тескери учкан жагалмай» кылабыз”

  1. Жылдын кемчонтойу-Мээрбек Мискенбайып, ажааны-Ырыскелди Момбеков, дөөдүрү-АША-каша.

  2. Журналист Эмилбек Момунов: «Бул коомду тазалоонун ыкмасы»
    Олжоке, мен сени «Кыргызстан маданияты», «Бишкек таймс» гезиттеринде чогуу иштешкендиктен сүйлөгөн сөзүң, баскан-турганың, жазганың жасалмасыз, нукура, күтүлбөгөн жерден сенсация жасап жиберген «Антистандарт» экениңди билем. Эми ошол «жоругуңду» улантып, «Тескери учкан жагалмай» деген рубрикада «Жыл мыктыларын» аныктап жатканың өтө колдой турган демилге. Чындыгында эле азыркы биздин шылуундар менен шумпайлап, уурулар менен кескилердин арааны жүргөн заманда жакшы менен жамандын, мыкты менен начардын айырмасы билинбей деле калды. Тилекке каршы жыл сайын жаңы жыл алдында көпчүлүк басылмалар, айрыкча гезиттердин «Жыл мыктыларын» аныктоо салты бар. Анда мыктылар жалаң акча менен аныктала тургандыгы жашыруун эмес. Мейли, эптеп оокатын кылып аткан кесиптештерибизге ичи тардыгыбыз деле жок. Бирок биздин чакан өлкөбүздө ушунчалык мыктылар көп болсо, анда эмнеге оңолбой эле, кайра жыл сайын оңкобуздан кетип атабыз? Демек, кимдир-бирөөнүн акчасын алып мактагандан мурда ыйык ишибизге шек келтирбей, абийрибиз менен иш кылсак коомго да, мамлекетке да пайдалуу болмок. Ооба, сенин каармандарың эртең эле актанып, жакалашып, соттошконго чейин барышы мүмкүн. Андыктан биз аларга ар бир «номинацияны» ыйгарганда далилдүү фактыларды келтиришибиз керек. Бүгүнкү биздин мамлекетти жок кылууга чейин бараткан шумпайларды ушундай жол менен ашкерелегенден башка айла калбады.

  3. Олжоке, сен өз мүнөзүңө ылайыктуу жакшы жорук баштаптырсың. Чындыгында Жаңы жыл алдында жайнаган гезиттер «Жылдын мыктыларын» аныкташат. Анын артында кызылдай акча тургандыгы баарыбызга белгилүү. Демек, ким акча берсе, ошол «Мыкты» болот. Бирок мени бизде ушунча мыктылар көп болсо, анда эмнеге оңолбой эле жыл сайын оңкобуздан кетип атабыз деген суроо ойлонтуп келет. Себеби баарын акча чечип, алдым-жуттумдар менен шылуундар, шүмшүктөрдүн ооматы келген биздин заманда ак менен каранын, жакшы менен жамандык, мыкты менен начардын айырмасы болбой калды. Бирок бул сенин «номинацияңа» «татыктуу» болгон каармандар эртең жакалашам, соттошом деп чыгышы да мүмкүн. Ошондуктан «талапкерлерди» кылдаттык менен талдап, өзүң айткандай, былжыраган, ашмалтай сөз айткан же иш кылган фактыларды кошо беришибиз керек. Ошондо унчугалбай калышат. Азыркы ак-карасы айырмлана албай калган коомду ушинтип гана тазалоодон башка жол да. арга да жок. Андыктан мен сага колдон келген көмөгүмдү көрсөтүүгө даярмын.

    Эмилбек Момунов

    1. Эмике, чоң рахмат пикириңе. Коомдо абийирдүү катмар калыптаныш үчүн ушундай аракетке барышыбыз керек. Мындай жөрөлгөлөр убагында Европа өлкөлөрүндө өнүккөнүн бир курдай Эсенбай Нурушев айткан… Мага ушул идея жаккан, бирок ишке ашырууга эми мүмкүнчүлүк келди, себеби эч кимге көзкарандысыз сайт ачып, бирдин ичинен чыккым келди. Менимче, соттошууга бара алышпайт, барса өздөрүнө андан жаман. Себеби мен жогоруда эскертпедимби, факт, аргументтин негизинде деп. Атпай-журтка белгилүү жорук-жосундары маалымат каражаттарынын бетинде жайнап жүрбөйбү, анан кантип сотко даттана алышат дейсиң)))))))

      1. Жакшы ой. Жакты. Калың элге да жагат деңизчи. Бирок «номинанттарга» таасир кылаар бекен?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *