* * *

Мен үчүн эң тозоктуу күн – эч нерсе кылбай чалкаңан жаткан дем алыш менен иш жок отурган күн.

* * *

Мен үчүн эң кымбат – УБАКЫТ, шашкалактап жашаганым ошондон.

* * *

Акча мени өзгөрткөн жок. Мен көп учурда жаныма акча салып да жүрбөйм. Ооба, капчыктуу адаммын, бирок мен рахатты акчадан эмес, өз жумушуман табам.

* * *

Биз – кыргыздар, көп убакытты аш-тойго, мааракелерге коротобуз. Шорубуз ушул! Кыргыздын ушунусуна чыдай албайм.

* * *

Эсимде, иним экөөбүз он беш жыл кыялдандык: алтымышка чыксак, балдарыбыз иштеп, а биз балык уулайбыз, эс алабыз деп. Турмуш андай болбоду, тескерисинче, бизде эс алаар кездер тээ жаш кезде болгон экен, азыр жок.

* * *

Таңгалыштуусу, мен үчүн дайыма акча тартыш. Өзүмө эмес, компания үчүн.

* * *

Бизде сынчылар көп. Өздөрү жазганды билбейт, анан жазуучуларды сындашат. Бизнесте да ошол: таза, сабаттуу бизнес уюштура албагандар – аткаминер болуп чыгышат. Анан ошолор өздөрүнүн чала ачыган акылдарын бизнесмендерге «угут» болчудан бетер үйрөтүшөт.

* * *

Жаш адис болсоң, сага жетекчиңдин мактоосунан өткөн жагымдуу рахат барбы? Өзүңө окшогондордон дагы 10-15и сөзсүз болот. Алардын арасынан сенин ишиң же долбооруң ийгиликтүү ишке ашып, компаниянын кирешесинин үстүнө киреше кошулуп атканына тегерегиңдегилердин ичи куйкаланып баштайт. Мунсуз жашоо болмокпу, бирок ич күйдүлөр көбөйсө, ансайын ырахат аласың.

Таабалды ЭГЕМБЕРДИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *