9

Элдин элегинен өтөрү жок

Феликс Кулов – белгилүү саясатчы, мамлекеттик ишмер. «Ар-Намыс» партиясынын негиздөөчүсү. КРнын экс-премьер-министри.

Жоомарт Оторбаев – белгилүү мамлекеттик ишмер, КРнын экс-премьер министри. Академик Каип Оторбаевдин уулу.

Зайнидин Курманов – белгилүү тарыхчы, юрист, публицист 2009-2010-ж.ж. ЖК төрагасы болгон.

Кубанычбек Кулматов – Бишкек шаарынын экс-мэри, белгилүү аткаминер.

Кудайберген Базарбаев – КРнын Социалдык өнүгүү министрлигин жетектейт.

Өмүрбек Бабанов – белгилүү саясатчы. Кыргыз тилин 2005-жылдардан тарта репетитор жалдап үйрөнгөн.

Марат Султанов – 1999-ж. Финансы министри, 200-2005-ж.ж. ЖК депутаты, 2006-2007-ж.ж. ЖК төрагасы.

Исхак Масалиев – белгилүү саясатчы, учурда ЖК депутаты.

Дастан Бекешев – борбор калаада туулуп, өскөн. 2010-жылы ЖК депутаты болгондон баштап кыргызча сүйлөөнү үйрөнгөн.

Кадыр Маликов – «Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун жетекчиси. Кыргыз адабиятынын белгилүү акыны жана драматургу Кубанычбек Маликовдун небереси.

Талгар Жакшылыков – КРнын эл артисти, опера ырчысы.

Айнуру Алтыбаева – ЖКнын бешинчи жана алтынчы чакырылыштагы депутаты.

Асия Сасыкбаева – ЖКнын бешинчи чакырылыштагы депутаты, коомчулукка укук коргоочу катары таанылган.

Болот Шамшиев – белгилүү кинорежиссёр, КР эл артисти, «Манас-3» жана «Манас-2» даражасындагы ордендердин ээси.

Геннадий Базаров – белгилүү кинорежисёр, КР эл артисти, «Ак Илбирс» Улуттук кино сыйлыгынын лауреаты.

Албетте, бул тизменин учу кыйры мындан да алда канча узарып кете береринен күмөнүбүз жок. Андыктан ошол узун тизмени улантуу үчүн окурман журтун кайдыгер калбоого чакырабыз.

Урматтуу окурман, эгерде кыргызча тили кеч чыккан атактуулардан кимди билсеңиз, ушул материалдын төмөн жагындагы «Жооп калтыруу» деген жерге узун тизмени улай берсеңиз болот.

0 Replies to “Кыргызча тили кеч чыккан атактуулар кимдер?”

  1. Кыргызча тили кеч чыккандардын катарында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да бар экенин окурман маалымдайт…

  2. Бакыт Төрөбаевдики да кеч чыккан, Амангелди Муралиевдики да кеч чыккан, Кабай Карабековдуку чыкпай койду

  3. Булар, этностор аралық тили орус тили болғон чукчалар жэ эскимостор.
    Қырғыз Республикасынын этностор аралық тили қырғыз тили болоорун, цивилдүү бүт аалам элдери билишет.
    Булар да билишет.
    Ошондуқтан булар өздөрүнүн Орусийадағы этностор аралық тилин қолдонбой қойо алышпайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *