Миң жыл жанганы менен жарыгы жерге кеч жеткен жылдыз болот. Күтүүсүз жарк деп учуп, артынан ошол замат жагал из таштап кеткен жылдыз бар. Адабият майданы деле ошол. Өмүр бою тытынып жазып, китеп артынан китеп чыгарып, аңсаган акыбетине жетпей калгандар арбын. Алгачкы чыгармасы, бирин-экин китеби менен эле окурман оюн буруп, адабият асманында жанып калгандар бар.

Аман Токтогулов дал ошондой жазуучулардан эле. Өмүрүндө аз жазды, бирок саз жазды. Ашым Жакыпбековдун таамай салыштыруусу менен айтсак, баарыбызды «жер муштатып», 47 жашында калдайган калкы менен кошмур айтышып, чын дүйнөгө жөнөп берди. 

Биз, биз дегенибиз, бир кездеги жаш адабиятчы Уран Ботобеков экөөбүз бул маекти Аманакенин көзү тирүү кезинде — 1991-жылы алганбыз. Ал кездеги бирден бир популярдуу гезит — «Кыргызстан маданиятына» (14-ноябрь, 1991) жарыялаганбыз. Бул дагы гезит чаңында калды. Анын чаңын үйлөп, датын сүртүп, окурмандарга тартуу кылсам, А.Токтогуловдун портретин тирилтүүгө көмөк болор бекен деген ой менен сунуш кылган кербезим.

Алым ТОКТОМУШЕВ

(Бул материал А.Токтомушевдин жеке архивинен алынды).

 ОРТОСАЙДАН ОРТОСАЙГА САЛАМКАТ

— Аман Токтогулович, чыгармачылыгыңыз жөнүндө, мезгил, турмуш тууралуу гезит-журнал, радио, теле аркылуу ой жүгүртүп, чечиле сүйлөгөн учуруңуз, биз билгени, жокко эсе. Мунун себеби кай чуңкурда? Бирөөлөргө акыл айтып, көкүрөк койгулаганды жаман көрөсүзбү? Же Сиз бир убак иштеп кеткен КГБнын сырга сактыгынанбы?

— Эзелтен белгилүү эмеспи, кыргыз баласы «мен антип, мен минтип! Мен!…» — дегенди жаман көрөт. Айрыкча жаштарга, же орто муундагы чыгармачыл адамга өзү жөнүндө узун сабак сөз кылуу бизде салт эмес. Биз улгайып, өр таянып бараткан адамдан гана: «Өткөн өмүрүңүздөн, баскан жолуңуздан аңгеме-дүкөн куруп бербейсизби!» деп сураганга көнгөнбүз. Мен жеке өзүм жөнүндө басма, же радио, теле аркылуу айтып берүү жагдайын эч качан ойлогон эмесмин. Анын үстүнө «тоону томкоруп, ойду омкоруп салсам бир жөн, бирин-экин бирдеме чиймелеген экем, анын эмнесин сөз кылгандай» дейсиң да. Бир мен эле эмес, кыргыздын көп эле чыгармачыл адамдары өзүнө келгенде ушундай мамиле жасайт, аны көрүп эле жүрбөйбүзбү. Бул бир чети жакшы.

Бирок, жамандыр-жакшыдыр адабиятка аралашып, чыгармачылыкты тагдырым деп эсептегендер куру бекер эле сыпайылана бербей, өзүн өзү тыйып, өзүн өзү ооздуктап, өзүн өзү тушай бербей, бу дүйнөдө көргөн-билгенин маал-маалы менен жарыя айтып турганы жакшы экен. Мисалы, жакында көзү өтүп кетти, кайран акын Какен Алмазбеков өзү жөнүндө шашпай отуруп жазып, балалыгы кандай өткөнүн, ырды качантан баштап жаза баштаганын, бу турмуштун жакшы жагынан нени көрүп, жаман жагынан нени көргөнүн, бир канаты ыр, бир канаты шарап болуп кантип шуулдап, дуулдап жүргөнүн, кыскасы өмүргө, адамдарга, көртирликке, ырга, жерге-сууга көзкарашын өз колу менен жазса, анысы жарыяланса, башканы билбейм, мен аны баса калып окуйт элем. К.Алмазбековду акын катары, адам катары түшүнүүгө дал ошол өзүнчө бир ачкыч болуп бермек. Калыгул Токтомамбетов, Турдалы Алыбаев, Чанчар Толубаев, Беганас Сартов, Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов… Булардын кимиси эми кайра келип, өзү жөнүндө, өзү сезген, туйган, «колу менен кармалап көргөн» турмуш жөнүндө айтып берет?! А учурунда, маселен, Тургунбай Эргешов редакцияга келип: «Мен өзүм жөнүндө жазып келейин, чыгарасыңарбы?» десе, «Ой, сен өзүңдү кое туруп, ырыңды жазып ал, сен эмес Аалы Токомбаев да өзү жөнүндө жазалек!» деп кыргыздар кууп чыгарыбыз бышык эле. Турар Кожомбердиев менен Жолон Мамытов – бул эки бууданды айтпай эле коелу. Булар өзү жөнүндө өз колу менен жазып кетсе, алар туурасындагы кээ бир супсак адабий изилдөөдөн он эсе өйдө болбойт беле. Мына, канга сиңген курулай сыпайылыктын кесепети.

Бизде жазуучулар союзунун эки жүз алтымыштан ашуун мүчөсү бар. Ушунун баарына заказ берип, жазсаң да жаз, жазбасаң да жаз деп, жаздырып алуу керек. Сынчы, адабиятчылар, кийинки муун, жалпы эле окурман журту үчүн кандай кызык, баалуу материал болор эле. Союзга жакында эле өткөн Жедигер Саалаев, Барчынбек Бугубаев сыяктуулар да жазсын. Жаш жазуучу адабий майданга не деген даярдык, не деген жолду басып келди, эмнеден илхам алып, эмнеден көңүлү калды — өзү айтып бергени кызык эмеспи. Бир мисал. Салижан Жигитов баягы жылы А.Токомбаевдин ырларынын бир циклин аябай иликтеп, ар бир ырды быягынан да оодарып, тыягынан да оодарып, жарыкка салып карап, жыттап көрүп дегендей эчтемесин калтырбай жакшы талдады. Ошол талдоодо: «30-жылдардын экинчи жарымында акындын жекече өмүрүнөн акыбети кайтпаган зор махабат сезими өткөн көрүнөт» деген божомол чыгарды. Ошол махабатка Токомбаев кабылганы чынбы, же жокпу? Же Жигитов так айталбайт, же кандай болгонун А.Токомбаев, анда көзү тирүү, өзү так айтып койбойт.

— Тилекке каршы, биздин акын, жазуучулардын бардыгы эле жеке турмушун мындай кой, чыгармачылыгы жөнүндө да чынын айтып, чачыратып сүйлөп, жазып бере бербейт. Баары эле коендой окшош. Капырай, бир атанын балдары деле башкача жашап, башкача ойлонот го дешке аргасыз болосуң. 

— Аныбыз бар. Андай болуш үчүн да, адам өзү жөнүндө өзү коркпой, чынын айтыш үчүн да чоң маданият керек өңдөнбөйбү. Атактуу орус жазуучуларын карайлы. Күндөлүктөрүндө болгонун болгондой, өзүнөн бир учурда кокус иттик кетсе, аны да жашырбай, ошерден иттик менден кетти деп ачык айтып, өз кемчиликтерин өздөрү ашкерелеп (өзгөчө Лев Толстой), эчтемесин калтырбай жазып салышкан. Кийин алардын чыгармачылыгын изилдегендер суроолуу, талаштуу, табышмактуу жерлер кезиге калса, күндөлүктөргө салыштырып, жазуучунун башкаларга, башкалардын жазуучуга жазган каттарына таянып, чындыкты бадырайтып даана ачып берип жатпайбы. Биздин кыргыз жазуучуларынан күндөлүк жазгандары аз, жазса да «жапма челек» кылып, жан кишиге билгизбей бирин-эки жазгандар болсо керек, ал эми бири бирине кат жазгандар дээрлик жокко эсе. Бу да бир чоң кемтик. Бир жылдары Ортосайда туруп калдык. Коңшум Кубатбек Жусубалиев. Мен жепирейген жер тамда, ал этажда. Ортобуз он метр. Бир күнү айтып атпайбы ал, кат жазышпайлыбы деп. Кат жазышып отурбай эле бетме-бет сүйлөшүп албайлыбы десем, жок, бул кийинкиге кала турган нерсе дейт, мен жазам, сен жооп жазасың, бул жакшы салт дейт. Ошондо ал туура айтыптыр. Же күндөлүк жазылбаса, же өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө өзү толук чечилип, ак-карасын жашырбай жазып бербесе, сынчылар тиги Сакеме окшоп, тирүү эле жүргөн жазуучунун жанында божомол куруп отура берет да. Ч.Айтматов баягы жылы «Маданиятка» «Манас-Атанын ак кар, көк музу» деген биографиялык очерк жазды. Жазуучунун бала кези, согуш учурундагы элет жери, кажарлуу, кайраттуу мыкты адамдар — баары көзгө даана тартылат. Чыкемдин өмүр баянын чубалжытып башка бирөө кургак баяндап бергенден көрө өзү жөнүндө өзүнүн жазган эки ооз сөзү канча күчтүү таасир калтырат, эч кандай божомолдун кереги жок, баары чындык, баары ачык айтылып турат. Мага бул очерк «Эрте жаздагы турналар» повестинен өйдө болсо өйдө, эч кем эместей сезилет. Бир ирет телевизордон Мурза Гапаров Мургабка мугалим болуп баргандагысын өтө берилип, кызыктуу айтып келатканда эле убакыт аздыгынан алып баруучу сөздү кыскарта чапты. Өкүнүп кала бердик. Ушунусун, ошондо көргөн-билгендерин иреттеп берсе, ким кызыгып окубайт. Же Эрнис Турсунов Жергеталда иштегенин жазып берсе, анын жетимиш проценти чындык болсо да укмуш эмеспи.

Эгер биздин жазуучуларга өзү жөнүндө, баскан жолу, чыгармачылыгы жөнүндө кенен-чонон жаздыртып, аларды чогултуп, бир чоң китеп кылып койсо (балким бир-эки том болор) — бул өтө баалуу китеп болор эле. Мындай тажрыйба орус адабиятында бар.

«ҮЙ, ҮЙ ДЕП ЖҮРҮП АГАЙЫН»

— Эми КГБга келсек. 70 жыл зымпыйып келген КГБ азыр сырсандыгын ачып, айрымдарын элге жарыя айтып жатат. Бирок биздин республикада андай аракеттер анчалык деле байкалбайт. Ошого байланыштуу суроо: өзүңүз кандайча КГБда иштеп калдыңыз? Комитетте эмне иш аткарчу элеңиз? Дегеле КГБнын күңгөй-тескейи жөнүндө окурмандарга эмне айтып бераласыз?
— Шыр эле айтам — мен жыргаганыман КГБнын кызматкери болуп кеткеним жок. Университетти бүткөн соң редакцияларда иштеп, качан үй алам менен жүрдүм. Бала-чакам менен турган жалпак тамдын дубалы бир катар гана кирпичтен коюлгандыктан, кыштан зорго чыгар элек. Ал аз келгенсип, үстү да толь менен жабылган. Кызым башталгыч класста окуйт. Бир күнү өзүңөр жашаган үйдүн сүрөтүн тартып келгиле дептир. Тартса керек кызым, мордон чыккан кара түтүндү асман тиретип. Класстын баары «ушундай да үй болобу?» дешет. Көзүбүз менен көрөлү деп келишиптир. Балдар — балдар да, үй-жайы кең-кесири, бардык шарты бар орус балдары, кыздары.

Анда ушул силер иштебаткан «Кыргыз маданиятында» баш редакторго орунбасармын. Жыйырма сегиздемин. Адабий жыйындын бирин калтырбай катышып сүйлөп, сын артынан сын жазып, дегеле бышыксынып турган кезегим. Р.Гамзатовдун «Менин Дагестаным» повестинин эки китебин тең кыргызчага которуп, басмадан чыгарып салгам. Чыгармачылыктан башка мүдөө жок, жазсам эле деп турган чак. Үйдөн гана кыйналып, жүдөп жүрөбүз. Райком, шааркомдон мына беребиз дейт, беришпейт, ана беребиз дейт, беришпейт. Жазуучулардын чоңу а кезде Теңдик Аскаров. Бир күнү айтты: «Жумагүл Нусуповна (БКда бөлүм башчы), Кеңеш Нурматович (шаарком), Салмоорбек Калыкович (райком), Октябрь Абылгазиевич (горисполком) болуп, бешөөбүз сүйлөштүк, сага Белинский көчөсүндө жаңы бүткөн үйдөн үч бөлмөлүү квартира бермей болду!» Сүйүнгөнүмөн далдактап, элдин баарына жайып жибердим. Тогуз кабат үй да берилди, эл толуп кирди, мен алганым жок. Дагы бир жыл өттү, үйдөн дайын жок. Аңгыча шааркомго, жакында Асанбек Стамов «КМга» «Боз куурай» деп жазбадыбы Карыбек Молдобаевди, ошо «боз куурай» келди. Туура А.Стамов сөккөндөй бар экен! Аскаров андан үй сурап барат, ал бербейт. Молдобаев шааркомдо тирүү турса үй албасыма көзүм жетти.

1974-жылдын күзү. Жакында кыш келерин ойлосом көңүл чөгөт, кыжыр келет. Күндөрдүн биринде кабинетке шып этип бир жигит кирип келди. КГБдан экен. Ошондон жарым жылча мурда бекен, айтор эки жигит КГБдан келип: «бизге журналисттер керек, сени ишке алалы, үйдөн кыйналып жүрүпсүң, билебиз, бизде бу жагынан түзүк, кийинки эле жылдары үч-төрт үй салдырып, кызматкерлерди квартира менен толук камсыз кылдык, барсаң тез эле үйлүү болосуң» дегенинен, мен так кесе «барбайм!» деп койгом. КГБда иштесем деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сын жазып, которуп китеп чыгарып, гезит ишине баш-отум менен кирип алган мага КГБга эмне бар?! Ошо менен сылык-сыпаа коштошуп кетип калышкан.

Ошентип КГБдан бир киши дагы келди. Бир аз сүйлөшкөн соң, «үйдү качан алчудайсың?» — деди шар эле. «Белгисиз» — дедим. «Анда мен атайы келдим, бизге ишке барсаң, жакында үчбөлмө үй бошоду, ошого киресиң, ойлонуп көр да, жообун тез бер, эртең же бүрсүгүнү келем» — деп шарт чыгып кетти. Отуруп эле калдым. Кышты эстедим. КГБ эмес, түрмөгө болсо да, үй берсе барайын дедим ичимде. Айткан күнү тиги жигит келди. «Силерге барса барайын, бирок мага ылайык кызматыңар барбы?» — дедим. «Бизде архивдин чети оюлбай жатат, ошону бир карап чыгып, иретке салып, жарыкка чыгарууга даярдай турган журналист керек» — деди. «Андай иш болсо колуман келер» — деп ичимен сүйүнүп кеттим. Эч кимге айтпа деген, аялыма да айткан жокмун. Ошол. Ошо менен баягы «Вторжение бравого солдата Швейка в мировую войну» дегендей, КГБга «вторгаться» этип кирип бардым. Аялым «сен эми милийса болосуңбу, эч барба, үйү жок эле жүрөбүз, КГБны элдин баары жаман көрөт» деп бууракандап ыйлап, аябай убара кылды. Болор иш болду, эмне кылам?!

Баргандан кийин эле айткан үйүн беришти. Чын эле архивден басмачылардын, согуш маалындагы кыргыз чекисттеринин, элүүнчү жылдардын аягында жүргүзүлгөн «фабриканттар» операциясынын материалдарын карап чыгып, басмага даярдадым. Басмачылар боюнча кийинчерек Т.Касымбеков «Ак кызмат» деген документалдуу повесть жазды. «Фабриканттар» боюнча «Известиянын» ошо кездеги Кыргызстандагы кабарчысы В.Олиянчук жазчумун деп, көп убакыт материалдарын окуп жатты, бирок жазган жок, башка жакка которулуп кетти. Ошо кездеги «подпольный бизнес» жөнүндө толук кабар берген дело, эми да жазса болот. Жүзгө жакын адам суралып, көбү кесилип, 7-8 адам атууга кеткен, өтө оор иш. Бул эмнеден башталып, кандайча болгонун жазам дегенге материалдары турат.

РЯБОКОНЬ МЕНЕН СУЛТАНОВ КАНТИП ЧАТАКТАШТЫ?

— Рябоконь менен Султановдун чатагы элге негедир түшүнүксүз бойдон калды. Сиз эмнелерди кошумчалай аласыз?

— А, Рябоконь жогоруда жөн эле бутка чалына калды эле. Төрагалардан Ломов дурус киши, жакшы жетекчи болчу. Келип эле айтты го, улутчул-мулутчул дегенди угузбагыла, кыргыздын бир чачын түшүрбөгүлө деди. Тынч жашаш керек деди. Араңарда советтик адамдар диссидент болуп чыкса, душман болуп чыкса, биринчи кезекте силер күнөөлүү болосуңар дечү. Аны чет өлкөдөн ыргытып жиберген жок да, ушу силердин эле жаныңарда болчу, анда каякта жүрдүңөр эле деп, талапты катуу коер эле. Рябоконь келди, балээ басты, анын чет жакасын жана айтпадымбы.

Рябоконь келип, улутчулдук деген жалаа менен жабылган иштерди бүт көтөрттү. Инспекцияны өзү ишенген башка кызматкерлерден түздү. Көтөрткөндө эле профессор Аттокуровдун иши чыкты. Аны биз 1982-жылы жаап салганбыз. Ушундай ашынган улутчулдукту жашырган кандай акмактар деп, ар бирибизге бирден сөгүш такты, партчогулуш сайын, оперативдүү кеңеш сайын бизди тепкилеп эле жатып калды. Бир жылы оозунан түшүрбөй ыр кылып ырдады. Чогула калганда эле ойлойм, баягысын ырдайт деп, айткандай эле ошентет, деги оозунан түшпөйбүз.

Мынабу, ооруп жүрбөйүмбү, канымдын басымы ошондон көтөрүлбөдүбү. Ушундан улам Рябоконду жаман көрүп калдык, бул акмак акыры улутчул деп жатып өлтүрөт экен деп. Аңгыча эле БК пленумунда Султанов Рябоконду талкалап сүйлөп калды. Аз жерден самолетторду авария кылып кое жаздаган, кызмат абалын кыянат пайдаланат, бул кандайча бюро мүчө болуп жүрөт дегендей. Султанов өзү партиялык кызматкер, нечен жооптуу кызматтарда иштеген, куда кааласа, мында материал толтура, эми Рябоконду соет экен деп, ачык эле сүйлөшүп калдык комитетте. Рябоконь да шалпая түштү, картөшкөсүн төгүп таштаган каптай болуп. Баягыдай чамгарактабай калды. Аңгыча КПСС БКдан, СССР КГБсынан, анан биздин биердеги комитеттен (бирөө кирди окшойт, У. Мукамбаев биринчи орунбасар болчу, ошо кирди) комиссия түзүлдү. Ошонун астында мен У. Мукамбаевге кирип айттым: «Айланайын Усуп Мукамбаевич, ушуну аныктап текшере көргүлө, муногу минтип олтурса, биздин түбүбүзгө жетчүдөй» — деп.

Бир күнү Мукамбаевге кирсем, таза нааразы: «Султановдун колунда алгылыктуу эчнерсе жок экен» дейт. Эми койгон күнөөсүнүн эң эле чоңу — аялын Киевге акысыз учурган дейт, экинчиси, Киевден самолет менен жүк тартып келген, ал видеоаппаратуралар, видеокассеталар, ушунун өзү эле канча кил, дейт. Ушу экөө. Экөөнү биз жакшы билебиз. Рябоконь генерал катары үй-бүлөсүнө, аялына орун алышка укугу бар. Муну воинское требование деп коет. Анын ортосунда Чернобылдын чуусу болуп калды да. Киевде Рябокондун туугандары, балдары турчу, окууларын бүтүп аткан. Аялы балдарыбыз эмне болду деп, учуп жатпайбы. Тез учайын десе, воинское требование менен билет алып отурабызбы, баары бир самолетто бош орун турат, бир тыйын төлөнбөйт, ошо менен кете бер дешет да. Аны самолеттун командири акырын блокнотуна жазып коет, Рябокондун аялы акы төлөбөй кетти деп. Болгону ушул. Экинчиси жүк. Ошо кезде самолет айдай качмайлар күчөп кетпедиби. Ага каршы иш кылыш керек да. Аны ойлогон эчким жок, эчнерсе да жок. А Украинада болсо таалим бере турган фильм тартышыптыр. «Набат» деген. Аны биздин ЦКга, КГБга көрсөттү, мыкты фильм экен, самолет айдай качкан учурда КГБ кандай кыймылдаш керек деген таалим-тарбиясы бар экен. Рябоконь ошону Киевден самолет менен алдырыптыр. Ушу да фактыбы? Алымовдун арыздары, билеттерин кошкондо да, башка далилдүү, илинчектүү эчнерсе жок. А элде «Султанов ак жерден күйүп кетти!» деген өкүнүчтүү ой калды. Мен билгенден Султановду баштай бер, айта бер, далилдерин биз беребиз, материал бизде толтура деген кишилер апкелип бералбай күйгүзүп жиберди.

ЖАЗУУЧУЛАР БИРИНИН ҮСТҮНӨН БИРИ ЧАГЫМ ТАШЫЧУ

— Кыргыз адабиятынын көптөгөн өкүлдөрү, чыгаан сүрөткерлери репрессияга кабылды, айдалды, камалды, атылып жок болду. Мында НКВДнын ролу чоң болгону баарыбызга белгилүү. Сиз иштеп турган мезгилде кыргыз жазуучулары тууралуу КГБга кандай маалыматтар түшүп, кимдердин иши көзөмөлдө турду?

— Мен иштеп турган маалда кыргыз жазуучуларынын бирине да, айталы, «улутчул» же «антисоветчик» деген жарлык жармаштырылган жок. Жазуучулар биринин үстүнөн бири арыз жазып жибермейлери бар, аты-жөнүн көрсөтпөй, «окуучулардын атынан» деп, мына ошолор боюнча гана териштирүүгө туура келди. Маселен, маркум Т. Кожомбердиевдин «Күн чыгышым» деген ыры «бизди күн чыгыштагы Кытайга кошулууга үндөп жатат, мунун көмүскөдө саясый мааниси өтө жаман» деген арыз түшүп, мен ал ырда андай балакет жок экендигин далилдеп, үзүктөй справка жазып, акыры маселе БКнын ошол кездеги экинчи секретары Пугачевдон зорго чечилгени эсимде. Турардын көңүлү кирдебесин деп, мен бул ыплас кат жөнүндө ага айткан да эмесмин. Мына ушинтип бирин бири чукулай бермей биздин интеллигенцияда көп эле, ушу жакындан бери, КГБ баягы КГБ болбой калгандан кийин тыйылгандыр. 1974-жылы мен ишке алынганда Эрнис Турсунов менен Кубатбек Жусубалиев жөнүндө түшкөн материалдар толуп кетиптир. Адабиятты түшүнбөгөн, талант эмне экенинен кабары жок, жөн эле турган ырдан же аңгемеден саясый же идеологиялык ката таба салганга уста чекисттер экөө жөнүндө ушу жазуучулардын эле өзүнөн «агентуралык билдирүү» ала бериптир. Э. Турсуновдун материалдарын шак эле жаап, өрттөп жибердик. К. Жусубалиев жөнүндө ошо кездеги председателдин орунбасары В. Демидевге кирип, «Жөн жүргөн эле кишиден эмне диссидент чыгара албай жатабыз, качантан бери китеби чыкпайт, андан көрө жардам бербейлиби, ЦКга айтсаңыз, чыгарышсын» десек, а киши «акүйгө» барып, бул маселени чечип келди. «Толубай сынчы» китебине ошентип жол ачылган. Натыйжада КГБ бир күчтүү диссиденттен айрылды, окурмандар бир укмуш жазылган китепке ээ болду. Мына ушу сыяктуу эле мисалдар. Москва, Ленинграддагыдай бирөөлөрдү куугунтукка алуу, камоо, үйүн тинтүү сыяктуу балээ-бастен бизде болгон жок. Москвалык чекисттердин жолуна салса биздин деле бирин-экин адамды идеологиялык душман кыла коюуга болмок (мисалы, А. Солженицындын китебин, же колжазмасын алып жүргөндүгү үчүн эле кылмыш иши козголо берчү а кезде), бирок андай карамүртөздүк ишке жол берилген жок.

— Казыбек казалчынын адабий мурасы менен да байланышып калдыңыз көрүнөт?

— Анын жөн-жайын «Ала-Тоо» журналында, Казыбек мурастарына жазган баш сөзүмдө айтпадымбы. КГБда Казыбектин кең-кесири эчнерсеси жок. Бир кезде БК жыйнаткан. Мен жыйнап келип, колжазмаларды КГБнын архивине аралашып жок болбосун деп, Илимдер академиясына, Тил-адабият институтунун ошол кездеги директору А. Садыковго өткөзгөм. «Ала-Тоо» алып чыгарып жатпайбы.

— Салижан Жигитов Казыбек жөнүндө макала жазбады беле. Аны КГБ жаздырган деген ушак бар адабий чөйрөдө.

Ал карандай калп. ЦКнын тапшырмасы да. Анын жазган, жазбаган оюна койбой жаздырышкан. Макала менимче, жаман макала эмес, объективдүү жазылган. Маселе мындай да, Казыбек ашкан бай болсо, мал-мүлкүн бүт Совет бийлиги тартып алса, өзүн эл-жеринен бөлүп, Орунборго айдаса, анан айланайын Совет бийлиги, ырас кылдың деп ырдайбы. Көрүңдө өкүргөн Совет бийлиги дейт да… Сакем ошону жазып жатпайбы.

ЭМНЕ ҮЧҮН ДЕМОКРАТ БОЛДУ?

ГКЧП бийликке келсе коомдо, жеке турмушуңузда эмне өзгөрүү болот эле деп ойлойсуз?Демократия жеңди деп кыйкырып жатабыз, ошол жеңиштин реалдуу турмушка кандай таасири тийди?

А дейбиз, бу дейбиз, кудай бир сактады. ГКЧП бийликке келгенде баягы партиялык-бюрократиялык тоталитардык система кайра орноп, өлкө кайрадан концлагерге айланары айдан ачык иш эле. Президентибиз баш болуп, КыДыКелер бүт — кандай тагдырга туш болот эле, бир кудайдын өзү билет. Мен Колымага айдалышым үчүн «Майданды» чыгарып жатканым эле жетиштүү болмок. Чекист туугандарымдын сыры, башкага болбосо да, мага маалим го, мындайда «партия айтты, Крючков буйрук берди» деп туруп, баа­рыбызды күргүштөтө айдап кетмек. Бирок ГКЧП аркасы менен Горбачев кутула албай жүргөн компартиясынан бир күндө кутулуп, жыргап калды.

Эми реалдуу турмушта эмне өзгөрүү бар? Горбачев адамдардын оозундагы кулпуну алып таштап, сөз эркиндигине жакшы эле жол ачты. Азыр Горбачевдун өзүн өкүртө сөгүп, эмне десе, «Гласность!» деп, мурдун шамалга тосуп турган эле киши. Бул жагы түзүк. Демократия акырындап болсо да өнүккөнсүп баратат. А да жакшы. Укуктук мамлекет курабыз деп кыйкырып атабыз, аныбыз азырынча утопия боюнча турат.

Бирок, эң жаман жери — эл өтө оор абалда. Шылуундар небак миллионер болуп алган, аларга кайгы жок. Партияга, социализмге ишенип, ушулар аман турса өлтүрбөстүр деп, капитализм менен иши жок, момурап тынч иштебаткан кылкылдаган калың элге абдан кыйын болду. Эми мына, капитализмге киребиз деп ачык жарыялай башташты. Анысы көчөнүн бу четинен тиги четине өтүп кеткендей жеңил болсо бир жөн эле. Канча жылда бүтчү оокат? Эч ким билбейт. Экономикалык байланыштардын баары кыйрап, баалар асманга чыгып, андан жалаң гана шылуундар күрөктөп акча таап, калган эл итке минип олтурат. Граждандык согуш чыгып кетпесе эле болду.

Дүйнөнү дүрбөлөң кылган үч күндө сизге «жогортон» көрсөтмөлөр берилип, телефон жаагын жанып турган жокпу?

Жок. ВААП жагынан алганда, үч күндө тынч эле иштедик. «Майдан» жагынан айтсак, кадимкидей дүрбөлөңгө түштүк. Мен редакция кызматкерлерин чогултуп: «ГКЧП ушу менен жеңип кетсе, баарыбыз шыйрагыбыздан асылабыз — андан күмөн санабагыла. Бирок кармашып жатып өлүш керек. Листовка чыгарып, ГКЧПга каршы элди үндөбөсөк болбойт» дедим. Бир ооздон макул болушту. КДК штабында да муну тез жасаш керек деп чечишти. «Эркин-Тоо» басмаканасынын директоруна Казат Акматов телефон чалды, биз өзүбүз бардык. «Листовка чыгарабыз, цехке айтыңыз» десек, алгач секирип кетти. «Жогор жактан көрсөтмө керек» дейт. Акыры көндүрдүк. «График бузулбасын, бир күндөн кийин листовкаңарды күнүгө басып берип туралы» деди. Бирок 21-августта Горбачев аман-эсен Москвага келип калды, биздин да көңүлүбүз тынчый түштү, даярдаган листовкаларыбызды басуунун кажаты болбой калды.

Партиялуулук буга чейин адабиятыбыздын акыл ээси, чабыт баштоочусу саналып келди. Азыр өлкөдө партиядан көп эме жок. Биздин республика да кудай буюрса, андан кур калчудай эмес. Мына, сиз келечектеги бир партиянын, азырынча КДК гезитин жетектеп келесиз. Ырас, партия болгондон кийин, алардын мүчөлөрүнүн ой-мүдөөлөрүн жактаган жазуучусу да болуш керек го. КДК сизди ошондой жазуучуларыбыздан болот деп үмүт эте алабы?

«Майдан» — кыргыз демократтарынын гезити. Мен демократияга чын дилимен кызмат кылсам дейм, а демократия деген чоң түшүнүк, ал бир партия, же бир уюм энчисине басып алган нерсе эмес. КДКнын чоң эрдик менен аткарган иштери көп, бирок жеке мен өзүм туура көрбөгөн жактары да аз эмес. Бизди демократияга, адилеттикке, айкындуулукка кызмат кылуу милдети бириктирип турат.

Ал эми «КДКнын жазуучусу», «Президенттик аппараттын жазуучусу», «Министрлер кабинетинин жазуучусу» деген жазуучу болбош керектигин, жазуучу бийликтен, партиялардан, коомдук кыймылдардан колдон келсе бир кулач өйдө туруусу зарыл экендигин, саясы, идеологиялык чектерге өзүн камап албашы лаазымдыгын айтып отуруунун кажаты жок го дейм.

Гете Эккерманга айткан экен: «Жаш кезде, өзүбүздө эчнерсе жок кезде, же болгон нерсебизди баалай албай, же ага астейдил каниет кылалбай калган кезде баарыбыз эле демократ болуп чыга келебиз» деп. Буга кандай дейсиз?

Гете көргөн демократия менен биздеги демократиянын асман-жердей айырмасы бар. Салыштырып болбойт. Биз кулчулук психологиядан эми гана бошоно баштадык, аң-сезимибизге нашаадай сиңип калган коммунисттик идеялар, коммунисттик мораль (же коммунизмди куруучулардын моралдык кодекси), төрөпейил-буйрукчул жашоого жедеп көнгөндүк каныбызда дале жүгүрүп жүрөт. Аны мончого кирип, самындап жууп салышка болбойт, бычак менен кырып кетире албайсың. Бул аз-аздап, зорго жоголчу нерсе. Мына ушул себептерден улам бизде адилетсиздик, зордук, адамдын ар-намысын тебелеп-тепсөө, жок жерден кор кылуу сыяктуу социалдык кеселдер али жер-жерлерде тумандай уюп жатат. Буларды көрүп туруп, кантип демократ болбойсуң. Мен «Майданды» чыгарып жатканымдын да бирден бир себеби ушунда.

СЫНЧЫ ЭМНЕ ҮЧҮН АКЫН БОЛОТ?

-«Айтар сөзүң жок болсо, ыр жаз, анткени сөздөн сөз чыгып отуруп, бирдеме жаралып калышы мүмкүн». Бу дагы Гетенин баамы. Сиз адегенде сынчы катары, котормочу катары элге таанылдыңыз эле. Кийин эки ыр жыйнак чыгардыңыз. Муну Аман Токтогуловдун «айтар сөзү калбай калгандан…» деп түшүнсөк болобу?

Бул абдан олуттуу маселе. Бизде карасөз же сын жазып жүргөн бирөө ыр жазса, «а бүттү, бул эми ырга өттү» деп бүтүм чыгара салмайыбыз бар. Чыгармачылыкка, искусствонун табиятына минтип жеңил-желпи мамиле жасоо акылсыз кишинин иши.

Философияда «эстетическое освоение действительности» («дүйнөнү эстетикалык жактан өздөштүрүү») деген түшүнүк бар. Чыгармачыл адам ыр да жазышы, сүрөт да тартышы, же ал эки өнөрдү токтото туруп, музыка чыгарышы да мүмкүн — мунун бардыгы ошол адамдын дүйнөгө эстетикалык мамилесинен, көзкарашынан, принциптеринен табыгый түрдө келип чыгат. (Өткөн замандардагы Аристотель, Микеланжело, Леонардо да Винчи, Авиценна сыяктуу титандардын көп кырдуу өнөрлүү болгонуна дайыма үлгү катары карашыбыз керек эмеспи, алардай боло албаган күндө да). Ыр жазган адам аңгемеге өтөм дейби, өтсүн, сын жазабы — жазсын. Биз ал адамдын көркөм дүйнөсүн бир бүтүн чыгармачылык көрүнүш деп кабыл алып, ал жазган ырды, аңгемени, сынды ошол бир бүтүн дүйнөнүн эстетикалык аркандай формаларда, жанрларда чагылышы катары карашыбыз керек. Ушул эки жерде эки төрт дегендей жөнөкөй чындыкка да түркөй, обывателдик мамиле жасоого болобу?

Сиз Гетени бираз кызуу кандуулук кылып насыя тилдеп жибердиңиз көрүнөт. Кыязы, ал чыгармачылык адамдын ошол кездеги абалын жана ырдын табиятын айтып жатса керек. Болбосо, ал өзү да искусствонун бардык жанрларында, формаларында иштегендиги жана улуу чыгармаларды жаратканы кимге болбосун белгилүү го! Сөзүбүздүн акырында салттуу суроого өтөлү: чыгармачылык тилегиңиз, мүдөөңүз, пландарыңыз кандай?

-«Кул жесем дейт куйрукту, кудай билет буйрукту» дейт. Он жети жыл аскер кызматында жүрүп, эми кичине эркинирээк дем алгансып калдым, буюрса адабиятка кайрадан активдүү аралашсам деген оюм бар. Калганын көрө жатарбыз.

-Ыракмат, чечилип сүйлөп бергениңизге. Окурмандарыңыздын атынан ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Алым ТОКТОМУШЕВ, Уран БОТОБЕКОВ,

“Алас”, 01.12.2005-ж. –12.01.2006-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *