images

КЕЙ-КАВУС (Аль-Маали)

(1021-1098), перс жазуучусу

Өзүн илимпоз санаган дөдөйдөн алыс бол.

* * *

Акмактарга берчү жооп – үндөбөстүк.

* * *

Душмандарыңдын арасында жүргөн достон кол жууй бер.

* * *

Сүйүүгө кабылбаган жан адам эмес.

* * *

Карганда сүйүүгө кабылгандан сактан.

* * *

Кимдир бирөөнүн ажаатын ачаар иш кылсаң, ошол жакшылык көргөн адам сага кандай ыраазы болсо, ал жакшылыктан өзүң да ырахат алаарыңды бил.

* * *

Кумарга баш-оту менен берилүү – эссиздердин жосуну. Эсиң болсо бир нерсе үйрөнүп ал, арийне билимсиз акыл – адамды жылаңач көрсөтөт. «Билим – адамдын жүзү» деген кеп ошол.

* * *

Безенген чечен бол, бирок куру чечен боло көрбө, аныгында – тили сайрагандардан акыл чыкпайт.

* * *

Калптын калп экенин билип туруп, аны чындыктай далилдегенден өткөн абийирсиздик болбойт.

 

* * *

Жатындашың болбосо, жалгыздатпас дос күт.

* * *

Жоро-жолдош, досчулукту сүйсөң, кекчил болбо.

* * *

Чөйчөк кагышкандын баарын дос санаба, алар сага караганда чөйчөгүңдү көбүрөк сүйгөндөр болушу мүмкүн.

* * *

Жаман жолдош күткөнчө жалгыз жүргөн артык.

* * *

Жакшы зайып – турмушуңдун туткасы.

* * *

Өзүң жек көргөн адамдын жардамына муктаж болгондон өткөн бактысыздык жок.

* * *

Бирөөлөрдүн көзүнчө бирөөгө акыл айтуу опуза көрсөткөндөй туюларын унутпа.

* * *

Башыңа азап үйгүң келбесе, көзкарандылыктан кач.

* * *

Жети баштуу желмогуздан эмес, ача тилдүү адамдан сак бол.

* * *

Ачууң келген убакта өзүңдү өзүң тыйууга милдеткер бол.

* * *

Эки кулпендеден сак бол: биринчиси – каардуу касың, экинчиси – митайым досуң.

* * *

Тили таттуу адамдан жакшылык күткөндөр көп болот.

* * *

Ченемин билбесең, ууга каршы дарынын өзү да коркунучтуу.

* * *

Канча акылдуу болсо да сени жек көргөн душмандарыңдын миңи кылбаган жамандыкты бир кемпай досуң кылып коёт.

* * *

Сократ айткан экен: билимден артык мурас жок, жаман адамдан өткөн душман жок, билимден ашкан урматтуу сый жок, жана да уяттан кызарган беттей сулуулук жок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *