gandex-ru-26_7337_sunset-love

Эсенбай НУРУШЕВ

(ӨЗҮМ ҮЧҮН ЖАЗЫЛГАН ЛИРИКАЛЫК АҢГЕМЕ)

Маркум Салижан Жигитовдун арбайына

Жарылган бомбадай болуп жатаканага кечке жуук жаман кабар дүң дей түштү: кокустук болгонбу, ким бирөө түртүп ийгенби, айтор, жогорку курстагы бир жигит үстүңкү кабаттан кулап кетиптир. Таштак жерге төбөсү менен тийген экен, мээси чачырап, ошо жерде мүрт кетиптир дешти бирөөлөр. Жо-ок, антпей эле аман калыптыр, болгону омурткасы сыныптыр, байкуш эми алты-жети айсыз адам боло албайт ко дешти башкалары.

Бу жаңылыкты биздин жигит эң акырында укту. Китепканадан келсе бөлмөлөш балдар ушул окуяны узун сабак кеп кылып отурушса керек, адатынча баарынан озунуп муну Алтыбай кабарлап калды.

– Уктуңбу, байкеси, бир баатыр үчүнчү кабаттан секирип, мерт болуп кала жаздаптыр.

– Койсоңчу,ким экен ал?- Биздин жигит кызыга түштү.

– Билесиңби, былтыр биз менен ушу бөлмөдө жашаган. Ошол эргул.

– Жинди болгон неме го?! –Биздин жигит чындап эле таң калды.

– Кайдагы жин дейсиң, — деди Алтыбай иштин баарын иликтеп-жиликтеп келген билермандан бетер. – Бу эрен бир кызды жактырып калбайбы, ага дагы бирөө сөз айтып жүргөн экен, ишти чечип алалы, кыз кимди тандаса, ал ошонуку болсун деп макулдашыптыр. Тиги кудай аткыр азыткы болсо беркини тандап атпайбы, ошо, сенсиз мага жашоо жок деп алиги баатыр терезеден ары боюн таштап жибериптир.

– Ырас болуптур, -деди керебетте китеп тиктеп жаткан Сарпбек ачуусу келгендей. – Акылы болбосо ошо да. Ага эмне, кыз кырылып калыппы бу кыргызда. Эми аны кыз эмес, кемпир да карабайт. Жарым жан неменин кимге кереги бар дейсиң.

– Ээ, балдар, сүйүүдө акыл болмок беле,- үстөлдүн төрүндө конспект жазып жаткан Абдылда аксакал дептеринен башын көтөрбөй, күңгүрөнүп койду. – Акыл болсо ал сүйүү болбой калат.

Бу бөлмөдө жаткандар – төртөө. Баары тең бир кырдуу, армияда болуп, заводдо иштеп, кагылып-согулуп дегендей, “картайып” баратканда университетке өтүшкөн. Улуусу –Абдылда, беркилерден үч-төрт көйнөк мурда жырткан,  баары “аксакал” дешет.

Кийин Алтыбайдын айтканы чын чыкты. Баары ошондой болгон экен. Эртеси бүт факультет дүрбөп, деканат жыйын куруп, партиялык чогулуш чакыртылып, обо-добо кеп болду. Ары кетип, бери келип жатышып, акыры комсомол уюмуна студенттер арасында тарбия-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү табышталды.

* * *

Ошондон көп өтпөй эмки жумада сүйүү темасында талкуу болот экен деп жатакана дүрбөп калды. Кире беришке бакыйта жазылган жарыя да илинди. Анан жума күнү кечинде жатаканада жан калтырбай баарын ылдыйдагы чакан залга айдап түшүштү. Ага биздин жигит да барды, адатынча арткы орундуктардын бирине көчүк басып, кармай келген китебин барактап коюп отурду. Аңгыча залга студкеңештин активисттерин баштап Сарпбек кирип келди. Сарпбек университетте комсомол комитетинин мүчөсү эле, бул ишти ага жүктөшкөн окшойт, өгүнү өзү да кулак кагыш кылгандай болгон ушундай диспут өткөрө турган болуп жатабыз деп.

Диспутту ачып, Сарпбек жатаканада болгон ишти оозанбады, тек гана сүйүү деген эмне, аны азыркы жаштар кандай түшүнөт, ушулардын тегерегинде талашып-таңашып көрөлү деп сунуш кылды. Бирок кептин оролу дароо эле ошол окуяга бурулуп кетти.

– Азыркы кыздарга бир жигит жетпейт экен, буларың жүрсө эле эки-үчөө менен жүрөт турбайбы, — терезе тарапта олтурган, чачын желкесине чейин койо берген жигит кызуулана кетти.- Баланы ушуга жеткирген жаңкы кыздын да жоопкерчилигин караш керек!

– Туура, — деди бери жактан дагы бирөө.- Ойлоп көрсөңөр: адабиятта да, кинодо да, турмушта да сүйүү үчүн жалаң жигиттер өлөт экен. Эмне үчүн кыздар өлбөйт?

– Кыздар деле өлүп атпайбы! — Орто ченден бир кыз чебелектеп кетти. – Анна Каренинаны эмне кыласыңар?!

– Аннаңызды айтпаңызчы, — ар жактан жапалдаш бойлуу бир бала чепеңдеп чыкты. –Аныңыз ойношу таштап кетип, абийири ачылып каларда пойузга боюн таштап өлүп атпайбы.

– Ошондо жигиттер терезеден секирсе кыздар кошо секирсин дегени турасыңарбы силер? –Ортодон дагы бир кыз тура калды чыйпылыктап.

Капталдан чыккан бир жигит аны жарга такамакчы болуп, каяша суроо коюп тапанданды:

– Аял-эркек тең болсун деп өзүңөр айтып жатпайсыңарбы. Туурабы?

– Туура, -деди жаңкы кыз.

– Анда баары тең болсун да!

Зал дуулдап күлүп калды. Ага болбой орун жетпей сол ыптада котолошуп турган балдардан бирөө окумалдыгын көрсөтөйүн дедиби, колундагы “Литературная газетаны” ары-бери булгалап, бак-бак сүйлөдү:

– Мына мобу жерде “Берегите мужчин” деп жазып атат. Жолон акын да: “Эй, достор, аяштардын койнуна жатпагыла” деп атпайбы .

– Ай бала, сен бакылдабай койо турчу, -деди көз айнекчен шыңга бойлуу, жогорку курста окуган бир кыз ордунан туруп. – Анда эмне, силер кыздарга үйлөнбөй эле күлгө оонап бала таап аласыңарбы? Же сен, бала , жигиттердин баарын гомосексуалист болгула деп үгүттөгүң келип турабы?

Зал кыраан-каткы түшүп күлүп калды. Кыздар кол чаап жиберишти.

– Ушуну укмаксың, -деди жаңкы окумал жигиттин жанында турган теңтушу аны далыга чапкылап күлкүсүн тыя албай жатып. – Куп кана жайлады сени.

Сөз кыябы башка тарапка ооп баратканын байкаган Сарпбек залга кайрылды.

– Жолдоштор, темага кайрылып келели. Мына арабызда биринчи курстун кыздары отурат, булар кечээ эле мектеп партасынан чыгып, чоң турмушка жаңы гана аралашты, ушулардан да сөз угуп көрөлү,- деди да алды тараптан ким бирөөнү көрсөткөндөй болду. —  Кана, чоң кыз,сиз сүйлөйсүзбү?!

– Руссо айтыптыр: акылсыз сезим –алжыган сезим деп. Менимче, сүйүүдө деле ушундай го, -деди тиги кыз сыпаа, жагымдуу үнү менен. Биринчи курста эле Руссону окуган ким экен бул дегендей биздин жигит башын көтөрүп, ошол жакка карап койду. Бирок кыздын өңүн көрө алган жок. Аңгыча эрмек таппай турган балдар ага да жабылып калышты.

– Ай, чоң кыз, -деди бер жакта отурган обурлуу бир жигит. – Сен өзүң чындап ким бирөөнү сүйүп көрдүң беле?

– Жок, анте элекмин,- деди алиги кыз кулак учуна чейин кызарып.

– Шашпа, -деди жаңкы жигит ак каптал адамдан бетер акыл айтып. – Шайтан сүйүү сага да келет бир күнү, көрөбүз ошондо Руссо экөөңдү.

Кызды талоонго салып талатпайын дедиби, Сарпбек биздин жигит тарапка кол жаңсай берди.

– Бу жерде менин досум отурат, философияны көбүңөрдөн кем билбейт, анда ушу жигитке сөз берели, -деп, эки ооз бирдеме айтып кой дегендей ишаара кылды. Биздин жигит саал эрингендей ордунан турду да:

– Мен жаңкы кыздын оюна толук кошулам, туура айтты,- деп койду кыска гана.

Талкуу-талаш дагы бир топко уланды. Биздин жигит этегине чейин отура албады, ыңтайын таап акырын жыла басып залдан чыгып кетти.

* * *

Кайсы бир күнү Сарпбек биздин жигиттен сурап калды.

– Салижан акындын китеби чыгыптыр дейт, окудуңбу?

– Окудум, -деди биздин жигит. – “Ыймандай сырым менин” деп аталат.

– Анда сен бизге бир доклад жасап бер, байкебай,талкуу уюштуралы. Аерде да жанагы сүйүү темасы бар дешет го, бизге отчетко керек болуп атат.

– Жарайт, -деди биздин жигит. – Улуу комсомол башыңды кичүү кылып суранып атсаң, жок деген болбос.

Биздин жигит Салижан акынды пириндей көрөт эле. Анын ар бир жазганын кыя кетирбей, гезитте болсо кыркып алып, журналга чыккандарын жыйнап койот. Салижан акын өзү чоң адабиятчы, илимпоз киши. Көңкү журт билет. Мурда ушу филологияда дарс окучу экен, кийин өкмөттөгүлөр атайы чакыртып, кыргыз энциклопедиясын даярдаганга кол кабыш кылсын деп ошо жакка жетекчилердин бири кылып дайындап коюшуптур.

Университетке келгиче биздин жигит да акын болом деп жүргөн, жазгандары деле жаман эмес эле, бирок соңку бир жылда көп нерсе окуп, кыйла көзү ачылгансыды, поэзия деген оңой оокат эместигин  чындап аңдагандай болду. Ошондон улам ыр жазбай калды. Акын боло албаган адабиятчы болот дегендей, ал акырындап адабий сынга ышкысы артылып, эки-үч курдай макала жазып, “Кыргызстан маданияты” гезитине апарса, алары жаккан окшойт,  жарыялап жиберишти. Мунун аркасы менен курсташтарына эле эмес, жалпы факультетке жаш адабий сынчы катары тааныла түштү.

Салижан акындын жаңы китебин эки жумадай мурда сатып алган. Ошондон бери үзүлө түшүп, эки-үч курдай окуду. Анда деле моокуму тарабай, ара-чолодо кайра барактап кирет. Жадесе дарс угуп жатып да арт жакта жашырынып окуп отурган учурлары болду. Ошентип жүрүп китептеги ырлардын баарын жаттап алгансыды.

“Ыр жазсаң ушундай жаз, ата!”-деп койот ал ар бир ирет ичинен маашырлана. Китептеги “Муңдуу баян” поэмасы айрыкча таасирлентти. Икаянын кыскача мазмуну мындай эле: акындын каарманы чүрөктөй бир сулуу кызга ашык болуп калат, анысын айта албай, азап чегет. Өзү жандап бара албайт, жанына келсе дудуктан бетер тили буулуп, сүйлөй албай апкаарып калат, тек гана жолун алыстан акмалап, караанын көрүп, ошого жалынып, жалбырттап жүрөт. Бар ызасын ырга чыгарат. Ошентип жүргөндө кызды ала качып кетишет. Муну акын муңдуу тарых деп атаган.

* * *

Биздин жигит докладын бүтөр замат зал дүүлдөп, талаш-тартыш тутанды.

– Болгону бир кишинин арманы экен, мунун эмнеси муңдуу тарых?! — Университетти быйыл бүтүргөнү жаткан Бекбосун деген бала кербездене сүйлөдү.  Ал анча-мынча ыр жазып, аларын өзү жаңычыл поэзиядай көрөт эле.

Ага жаш акын аталып калган кыздардын бири каршы болду.

– Сүйүү деген ар көчөнүн бурчунда туруп алып, көрүнгөнгө айтып, ташбыйкат же реклама кыла турган товар эмес. Эгер ал ушундай купуялуу, сырлуу,  аялуу болбосо сүйүү делинбейт эле. Поэзия ар бир кишинин жеке арманынан жалпы махабат арманын жасайт, сүйүүнү ошол аркылуу даңазалайт.

Сөзгө биздин жигиттин бөлмөлөшү Абдылда “аксакал” аралашты.

– Мындайды корунчаак сүйүү деп койот. Акындын каарманы корунчаактыгынан жаңкы кызды тарттырып ийип отурбайбы.

Ортодон бир кыз кол көтөргөндөй болду. Биздин жигит караса, баягы Руссону окуган биринчи курстагы кыз окшойт.

– Байке, бирдеме сурасам болобу? –деди ал иймеңкиреп.

– Сура, сурай гой.

– Докладчы катары сиз өзүңүз ушундай сүйүүгө кандай аныктама бере алат элеңиз?

Биздин жигит кандай десем дегендей биртке буйдала калып, мындай деди:

– Менимче, муну “жабык махаббат”, жок, туурасы – “туюк сүйүү” десе болчудай. Ал туюк жарадай эле жаман болот. Адамды ичтен жеп, түтөтүп, түгөтүп салат. Туюк сүйүү, Жолон акын жазгандай, “жоолук булгап, дүйнө бойлоп ат чаппайт, мээде жүрүп, мээде чирип өлөт”. Ал эки, көбүнчө бир адамдын ичинде калат, өмүр бою эстей турган арманга айланат. Салижан акын ушуну айтып жатпайбы.

– Туюк сүйүүдөн кантип чыкса болот? – Тиги кыз тикенектей дагы бир собол койду.

– Мен эми махаббат академиясын бүткөн эмесмин, -деди буга биздин жигит тамашалап. Эл күлүп калды. Кыз да жымыйып койду. – Ар ким өзүнчө жол табыш керек го дейм.

Биздин жигит да өнөгүн өткөргүсү келген жок.

– Сен өзүң кандай ойдосуң бул жөнүндө, чоң кыз?

– Менимче, — деди кыз ордунан тура жылаажындай жагымдуу үнү менен, — мындай окуялар негизинен психологиялык ыңтайда жазылган чыгармаларда жолугат. Мисалы, Джейн Остиндин романдарында жакшы сүрөттөлгөн. Ал эми реалдуу турмушта баары башкачараак болсо керек.

“Балакет экен, -деп койду биздин жигит ичинен. – Руссону окуганы чын көрүнөт мунун”.

Буга удаалаш кандайдыр бир үн: “Өзү да татынакай неме экен, байкадыңбы?!”- деп кулагына шыбырагандай болду. Кызды чын эле, акындар айткандай, “карегиң талып калгыча карап отурса” болот  эле. Бирок биздин жигиттин буга баамы жете бербеди. Анын үстүнө ал сүйчү болсоң башыңды сайып, бүт дилиңди берип сүй, болбосо сокур сезим кимге келбейт,  андайда сойкулар да периштедей көрүнүп кетет деген принципти тутунат эле. Муну да ал Салижан акындан окуган.

* * *

Жаз арып, жай жакындап келатты. Университетте кезектеги семестр башталды. Биздин жигит бу күнү саясий экономикадан экзамен тапшырып, конспект жазган дептерлерин колтугуна кысып, бир колундагы китепти үңүлө тиктеп, бир колундагы узун батондон улам-улам үздүгө тиштеп коюп,  Рамис акынчасынан “булчуңдап булучка жеп” келаткан. Бир оокумда жандап өтүп бараткан бир кыз:

– Саламатсызбы, байке! –деп калды. Карай салса, баягы Руссону окуган кызга окшоп кетти.

– Аа-а, чоң кыз, сен белең…- оозундагы нанын жута албай биртке күрмөлө түштү биздин жигит.   Тигини аз жерден какатып сала жаздаганы үчүн айыбын жуугусу келдиби, жаңкы кыз:

– Мен сизди тааныйм,байке, — деди жымыйып.

– Аа, жакшы… — деди биздин жигит дале китеби менен булучкасына алыксып.

– Сизди Чилистен дешет экен го…

Жигит таң кала түштү. Каапыр кыз какшыктап атат деп ойлоду.

– Кандайча Чилистен? Эмне үчүн Чилистен? – Жигит токтой калып, кызга бурулду.

Эми кыз оңтойсуздана түштү.

– Мыкты окуйт экенсиз, эрудит экенсиз,Марксты жатка билет экенсиз. Баары ушинтет экен го сизди…

– Баары деген кимдер?

– Кыздар…

– О-оо, оңбогурлар,- жигит иштин жөнүн эми түшүнгөндөй башын чайкап койду. – Эмнени гана ойлоп табышпайт. Маркс жазгандарын өзү жатка билбесе, мен кайдан жатка билет элем аларды.

Кыз анардай болуп кызарып чыкты.

– Мен сизди капа кылып койдум окшойт, кечирип коюңуз,байке. – Кыз жорто чуркап, алдыга узап кетти.

“Чычым, карасаң тим эле, шакаба кылгысы бар…” – Биздин жигит аны узата карап калды.

Бөлмөгө жаңы эле баш бакканда артынан күйүгө Алтыбай кирип келди.

– Абышка, ашыгып жатам, эки-үч күнгө жоголом, чолом тийбей калса, эмдиги экзаменде конспектиңди пайдаланам, мен үчүн да даярданып кой, — деди иштиктүү таризде китеп-дептерин керебетинин башына иреттеп койуп жатып. Жолго алар көр-шөрүн арыдан-бери салыштырып бүтүп, коштошуп сыртка чыгып баратып, бирдемесин унуткандай кайрылып басып келди.

– Даткайымды жандап калыпсың, абышка, эми колдон чыгарба, Даткайым дегидей эле бар ал кыз, — деди биздин жигитти ийининен таптагылап.

– Кайсы Даткайым? – Биздин жигит түшүнгөн жок.

– Эмеле сүйлөшүп турбадыңбы жолдо?

– Атын деле айткандай болгон жок ал…

– Билем, — деди Алтыбай биздин жигиттин маңыроолугуна мыйыгынан жылмайып. – Балдардын баары аны Даткайым дешет. Бүт факультет ак эткенден так этип жүрбөйбү. Жолукканда жакшылап бир карап көрсөң,байкеси, шумдук кыз.

Биздин жигиттин баамына ошондон кийин бирдеме жеткенсиди: жатаканада балдар жаткан бөлмөлөрдөн чын эле ыр түгөнүп калгансып жалаң ушу “Даткайымды” созолонто беришет эле. Жадаткыдай деле болду. “Аз эле ойноп, көп күлгөн, о-ой, а-ай, э-эй, Даткайым сенден айрылдым…”

Биздин жигит ушул саптарды уккан сайын Даткайым дегени сулуу эмей эле, шарактап күлө берген шайкелең кыз болсо керек деп ойлоп койчу.

* * *

Үч-төрт күндөн кийин биздин жигит менен Руссону окуган жаңкы кыздын университеттен жатаканага чейинки жолу кайрадан бир болуп калды. Өткөндөгү осолураактай көрүнгөнсүгөн иш дале эсинде жүргөн экен, кыз айыптуудай башын жерге сала:

– Мага таарынып калган окшойсуз, байке, дагы бир жолу кечирип коюңуз, -деди жароокер үн менен.

– Эмнеге таарынат элем, -биздин жигит кайдыгер мыкчыйды. –Таарыныч жакын адамдар арасында болот.

Кыз ичинен өзүн зекип алды. “Дагы сөзүмөн чалындым. Эмнеге айта койдум ушуну”.

Аңгыча биздин жигит Алтыбайдан укканын эстей калып:

– Ии, баса, мен сени мындан ары Даткайым дей турган болдум, — деди чоң бир жаңылык угузгандай. Кыз көзүн бакырайтып,тигиле тиктеп калды.

– Эмнеге?

– Сени баары Даткайым дешет турбайбы.

Кыз биртке күймөлө түшүп:

– Өчүңүздү алайын деген экенсиз да, -деди сустайыңкы. Анан алдыга озуп баратып:

– Мейли, байке, кандай айтсаңыз ошондой айтыңыз, каршылыгым жок, бирок мен сизге баары бир Даткайым боло албайм го, — деди үнү чечкиндүүрөөк чыгып. Айтарын айтып алып, кыз дагы өкүнө түштү. “Муну тиги башкача түшүндү. Эми дагы бирдеме дебесе экен”.

“Кара, кара, капыялаганга да кыйын экен бу каапыр кыз”,-деп ойлоду биздин жигит. Өз кашыгын өзүнө салып койгусу келди.

– Мага Даткайым бол деген жерим жок, элдин баары сага ушинтип ат коюп алыптыр, болгону ошону айттым, — деди жигит кыз кыйтыйа түшкөнүн сезип тамашалагандай.

Кыз тек сумсая карап коюп, жөнөй берди.  Ошо маалда Алтыбайдын шумдук кыз дегени биздин жигиттин эсине келе калды.

– Чоң кыз, биртке койо турчу.

Дагы эмне дейсиң дегенсип кыз кылчайып, токтоп калды. Биздин жигит жакын басып келди да, бирдеме айтчудай болуп, кызды бир саамга тигиле тиктеп турду. Кыз кызара түштү.

– Эмне болду, байке?

Биздин жигит эсине келгендей көзүн ала качып:

– А-аа, жөн эле, бирдеме дейин дедим эле, эсимен чыгып кетти, — деди кайпалактап. Кыз шарт бурулуп, басып кетти.

“Кудай у-ур, — деди жигит ичинен, — анык периште турбайсыңбы каапыр кыз”. Белгисиз бир жылуулук ичегесин аралап өтүп, жүрөк учуна барып уюп калгансыды.

“Менде мээ жок,-деди жигит анан өзүн жемелеп. – Өңү-башын жандай басып баратып деле жакшылап байкап-багып алсам болот эле да. Карап көр десе эле сөзсүз маңдайына барып, нес болгонсуп тигилип, тирмийип калышым керек беле.  Куурчак эмес да ал минткидей. Өтө одонолук кылдым. Жаш кыздын жаман шагын сындырдым. Анык келесоо экенмин”.

“Мыкыр неме турбайбы, -деп ойлоду кыз жолдо баратып. – Тилим кычышып кайдан сурай койдум десең, таарынмактан тарс жарылып кетпейби. Сөзүңө жабышып эле сөдөрлүк издеп турат экен. Булар биздин курстагы сары түгү түшө элек балапандар эмес. Көрбөгөнү калбай, алчы-таасын жеп бүтүп, анан окууга өткөн немелер да. Мага Даткайым бол деген жерим жок деп койот дагы, тим эле менин көзүм катып өлөйүн деп тургансып. Чилистен болмоктон пайгамбардын баласы бол, сага Даткайым болчу мен эмесмин. Дегеле экинчи ушу неме менен сүйлөшсөм элеби, эрим Майнаке болсун!”

Ошол ошо болду, биздин жигит менен Руссону окуган кыз көпкө чейин көрүшпөй калды.

* * *

Октябрдын башында студенттер курулуш отряддарынан, айыл чарба жумуштарынан, аларга барбагандар үйлөрүнөн кайтып келе башташты. Жатакана куштардын уясындай кайрадан чуру-чуу түшүп, аудиторияларда сабактар жанданып, көп өтпөй окуу процесси кадимкидей нугуна кирди, студенттер турмушу кыйгас жүрүп калды. Быйыл жатаканага муктаж болгондор көп окшойт, ар бир бөлмөгө бештен керебет коюлду. Биздин жигит жашаган бөлмөгө да жаңы эки тууган келип кошулду. Экөө тең бир курс жогору окугандар.

Бир күнү Алтыбай айтып калды:

– Билесиңби, бу экөө, — ал бөлмөнүн сол ыптасындагы катарлаш эки керебетке ээк кагып койду, — Даткайымды бөлүшө албай жүрүшөт. Үчөө тең бир отрядда иштептир, кыз буларга ашпозчу болгон экен. Иши кылып, бу эки эрен ошо жактан ооруп келди. Ошондон бери жомоктору бүтө элек. Бир күнү жакалаша кетпесе көргө…

– Өздөрү билсин,-деп койду биздин жигит көңүл кош.

Арадан көп күн өтпөй биздин жигит сыртка шашып чыгып баратып, биринчи кабаттагы кууш эшиктен Даткайым менен карп-курп сүзүшө кала жаздады. Кыз ого бетер чырайына чыгып, бир татына болуп кетиптир. Жигит оозунан келмесин алдыргандай эмнегедир саламдашканга да үлгүрбөй калды. Тек гана кетенчиктеп,  тигиге жол бошото берди. Кыз да кирпигин өйдө көтөрүп, алдында турган немени бир карап алып, бети биртке албыра түшкөндөй болуп унчукпастан жер караган бойдон тыпылдап жогору чыгып кетти.

“Таза таарынган экен, бечара кыз,”- деди жигит ичинен жай башындагы баягы чекилик кылганын капыстан эстей калып. Барып кечирим сурап койсомбу деп да ойлоп кетти. Алты айдан кийин акылына келген экен дейт ко анда. Мейли эми, болору болду.

“Баш ийкеп койгонго да жарабады”, -деп ойлоду кыз өйдө көтөрүлүп баратып. Эмнегедир ичи ачышып, ызалана түшкөндөй болду. Анан өзүн жоошутмакка: “Саламдашпаса саткай сарым, ким эле ал мага, ушуга да баш оорутуп жүрөмбү”,-деп койду.

* * *

Кайсы бир ишембиде бөлмөдө биздин жигит жалгыз калды. Жаңкы жаңы эки тууган кечке кайдадыр жүрүп, эл жатарда келишти. Экөө эки жактан жаалап, бир түнгө бизди бөлмөдө калтыра тур, байке, ортобузда тыкыр маселебиз  бар эле, ошону ээн-эркин сүйлөшүп, чечип алалы деп асылып калышты. Биздин жигит маңдайкы бөлмөдөгү курсташтарына барып, ошо жерде түнөп калды. Ал билди тиги экөө чече албай жаткан эмне маселе экенин.

Эки эрендин жомогу кандай бүткөнүн биздин жигит жаңы жылга чукул кайра эле Алтыбайдан укту.

– Экөөнүн тең катыгын бериптир, -деди ал маашырлана.- Кызга барып, бирибизди тандап ал дешсе керек. Анткидей силер мага бирдеме өткөрүп койдуңар беле, мени сыртыман тон бычып, бөлүшүп алгыдай силерге аюунун талпагы же өтөгөндүн териси эмесмин дептир. Эрге тийишти ойлонуу мага али эрте, болгону экинчи курска келдим. Ошончо эле эр керек болуп калса, силерсиз эле таап алам деп тигилердин талпагын ташка жайыптыр кайран Датка.

– Жаалы катуу неме го анда бу Даткаң, — деп койду биздин жигит.

– Андай эмес, абдан эстүү, сылык кыз, мен сага көркөмдөп айтып айтпаймынбы.

– Берки экөө терезеден алыс кетебиз дешпептирби.

– Кайдан дейсиң,- Алтыбай карсылдап калды. – Бири дароо эле башка кыз тааптыр, жазда үйлөнөт имиш. Экинчиси болсо акыры ушу кызга жетем деп көгөрүп жүрөт дейт.

* * *

Март этектеп калса да күн табына келе албай, жаз кечеңдеп жатты. Биздин жигит эмнегедир жүрөгү түпөйүл тартып, ичинде бир туюк сезим тышка чыга албай тумчугуп, туйлап  жаткансып, бук боло берди. Көңүлү эмнегедир бирдеме күсөп, ал эмне экенин өзү да түшүнө албай жүрдү.

Кайсы бир күнү терезенин түбүндөгү  керебетине  жатып алып, көптөн бери кармабай калган Салижан акындын китебин барактай баштады. Ырларын бүтүп, акырында “Муңдуу баянга” жетти. Аны сыдыра окуп баратып, капилеттен эле өзүнүн азыркы абалын түшүнгөндөй болуп кетти. Кайталап дагы окуду эле, лупа менен карагандай мурдагыдан да айкыныраак боло түшкөнсүдү көңүлүндө дүпүйгөн кусалыгы. “Капырай де, тим эле ичиме кирип чыккандай айтып жатканын көр акындын!”- Таң кала, тамшанып алды жигит. “Кылаң эткен кайгы жок ой-эсинде,келечекке жадырап күлүмсүрөп, жашоо күчү чатырап денесинде, туюк черге думукчу сүйүү тилеп”.

Эмне эле мынча ичим бышат, буулугам десе, көрсө, сүйүү күсөп калган окшобойбузбу сен экөөбүз, байкуш жүрөк! – Жигит ахыбалын түшүнгөндөй жеңил улутунуп алды.

“Азгырылып ышкыга улам-улам, ашык жигит жалындап күйө берет, реалдуу кызды эмес, кыялынан жаратканын жалбарып сүйө берет”.

Акындын бу сөзү да чын эле. Биздин жигит кыялында кынтыксыз кылып жасап алган ошондой бир кыялый гөзөл бар болчу. Бирок ал таасын сүрөткө айлана албай, такай бүлбүл тартып турар эле. “Жүзүндөгү албырган кызылынан нур таралып жарык күн шооласындай, кийип чыкса көйнөгүн кызыл ыраң, кылактаган кырдагы жоогазындай, көздөрү бар күнөөсүз бакыракай, кылыгы жок кыздардай миң амалдуу, болсо дагы бойтойгон татынакай, бир кыз эле жөнөкөй реалдуу”.

Ушу жерге келгенде жигит тык токтой калды. Акындын кызын ал өзү көрүп, билип жүргөн кыздардын арасынан издеп көргөнү кыялдана кетти. “Ушуга окшош бирөө-жарым барбы?” Шак эле Руссону окуган кыз эсине келди эмнегедир. Анан барып кыялында бүдөмүктөнүп жүргөн баягы сүрөт Руссону окуган реалдуу кызга айланып чыга келди!

Жаткан жеринен шарт ыргып турду жигит. Эки колун артына алып, жинди болгон немедей ээн бөлмөдө ары-бери баса баштады.

* * *

Сабактан келген соң беш кыз бөлмөдө чөжөлөрдөй чөбүрөшүп чай ичип отурушту. Аңгыча сары чийкил кыз:

– Ай-ий, билесиңерби, -деп калды кызык бир жаңылык айтчудай болуп. Баары анын оозун тиктеп калышты.

– Кечээ чай кайнасын деп күтүп, күхненин эшигинде турат элем. Бир маалда төмөндөн Чилистен чыга келди. Аны көрө сала каридордун тиги тарабында кожурашып турган үч-төрт кыздын бири: “Чилис-те-ен, мени сени сүйө-өм!”-деп кыйкырып калса болобу.

– А тигичи,- деп сурап жиберди кыздардын бири чыдамы жетпей бараткансып.

– Тиги байкең кылчайып да койгон жок, сүмбөдөй түптүз басып барып, бөлмөсүнө кирип кетти.

“Көйнөк жууганга” шылтоо табылганына шыңкылдашып, кыздар муну бир топко сөз кылып, эрмектешти. Биздин кыз болсо буга анын таптакыр кызыгы жоктой тымпыйып отурду.

Ошо күнү Чилистен кыздын түшүнө кирди.

Ал тээ алыста баратат, кыз артынан кыйкырат: “Мен сени сүйө-өм, Чилисте-ен!” Жигит кайрылып карайт да, кызды көздөй жөнөйт. Так маңдайына келип, бир топко тигилип тиктеп турат. Бир кезде калтыраган колдору менен кыздын саамайын акырын сылайт, анан мойнунан жыттап, жумшак кучактап: “Мага Даткайым болчу, сени сагындым!”-деп кулагына назик шыбырайт. Кыздын денеси көлкүлдөп ээрип, көзү сүзүлүп, магдырап баратат. Аңгыча ар жактан жер жарылгандай бирдеме тарс дей түшөт…

Кыз чочуп ойгонуп кетти. Сырт алай-дүлөй түшүп, жамгыр терезенин айнегин талкалап салчудай тарсылдап чаба жаап, күн күркүрөп, чагылган чартылдап жаткан экен. Бу быйылкы жаздын биринчи нөшөрү эле.

Кыздын жүрөгү дикилдеп согуп, өпкөсү капкасына батпай көөп, денеси көл-шал тердеп, ич көйнөгү сыгып алма суу болуп кетиптир. Ошо калыбында былк этпей жата берди биздин кыз. Түк көзү илинбей койду. “Эстебейм дебедим беле, эмнеге түшүмө кирет? Кудайым, а-ай, жакшы көрүп калбасам экен. Анда эле шорум катат. Ылайым ушу түш түлкүнүн богу болсо экен…”

* * *

Биздин жигит филфактын төртүнчү кабатындагы дарсканада терезе тушта, профессордун сөзүнө анда-санда кулак учун агыта коюп, алда бирдемелерди ойлонуп отурган. Терезеден ар жакта жаз жадырап, май толукшуп турган эле. Тээ жатаканадан убап-чубап, окуу корпусун көздөй агылып студенттер келатышты. Бир аздан соң түштөн кийинки сабактар башталмак. Бир оокумда биздин жигит кырга чыккан кызгалдактай кылакташкан топ кыздын ичинен Даткайымды даана тааныды. Үр кызындай болуп бир укмуш көрүндү. Көңүлдөрү шай окшойт, шатыра-шатман түшүп, баары шайдоот, каткырып күлгөндөй да болушту. Кыздын үнү угулар бекен деп, кулагын төшөп, тыңшай калды. Чоң жолдо аркы-терки куюндап каттап жаткан машинелердин, троллейбустун дуулдагы эчтеме угузгудай эмес.

Даткайым топ кыздар менен машине жолдон өтүп, корпустун чатырына кирип, карааны көрүнбөй калгыча көз албай карап турду биздин жигит. Эмнегедир ыр жазгысы келип кетти. Ушуну эле күтүп дапдаяр тургансып, кайдан-жайдан келгени белгисиз, төрт сап куюла түштү көңүлдөн.

Бук болом. Күндөр такыр өтпөс болду.

Турналар кечигишти жол тостуруп.

Жүрөгүм башкаларга жанбай койду,

Кыргызда сенден башка кыз жоксунуп.

Бу саптар жигиттин өзүнө жаккандай болду.” Ушуну сен жаздырдың, Руссону окуган кыз”,-деп койду жигит, анан ичи жылып, өзүнчө эле жыргап кетти.

Аңгыча жанаша отурган Макен аны чыканагы менен түртүп калды. Жалт караса, кафедрада лекция окуп жаткан профессор көз айнегин мурдунун учуна түшүрүп, биздин жигитти көзүнүн төбөсү менен тиктеп турган экен.

– Кээ бир жолдоштор бу жерге лекция уккандын ордуна терезени карап кыялданганы келет окшойт, — деп күбүрөнүп алды да, профессор сөзүн андан ары улап кетти.

* * *

Биздин кыз китепканадан кеч кайтты. Ишемби күн эле, кыздар кинолоп же театрлап кеткенби, бөлмөдө эч ким жок экен. Чечинип, жайланып, анан чай кайнатканы чайнегин алып, каридорго чыкты эле, беш-алты кадам ар жакта китеп-дептерин колтуктап, Чилистен келатыптыр. Эмне болду, билбейт, биздин кыз алдастай түшүп, шарт бурулуп, бөлмөсүнө кире качты.Тиги артынан келип кармап калчудан бетер эшиктин илмегин иле салып, каалгага жөлөнүп туруп калды. Жүрөгү дүкүлдөп, муундары титиреп, деми кыстыгып, энтигип кетти. Аптыкканы басылбай, өзүнө келалбай жатты.

Мындайды өмүрүндө башынан өткөрө элек кыз дендароо болуп көпкө отурду. Кудай жалгап, бөлмөдө жалгыз болуп калганын карачы. Кыздардан бирөө-жарым көрсө эмне болот эле?

Бирөөнү чындап жакшы көрүп калат деген ушул болот турбайбы. “Эми өлдүм, -деди ичинен.- Өткөнкү түш соо түш эмес экен да”. Бирок жакшы көрсө эмнеге мынча сүрдүгөт? Же көрбөй жүрдү беле аны? Болгону эки ирет сүйлөшө койом деп шаабайы сууп, шагы сынды го. Адамды көзүнө илбеген керсеймелиги да бар көрүнөт. Чилистен деп эле оозунан түшүрбөй суусап жүргөн жанагы кыздар анын мындайын кайдан билсин. Же биздин кыз ошолордон кызганып жатабы аны? Сүйсө ошолор сүйө бербейби да, артынан сүйрөлсө ошолор сүйрөлө бербейби. Биздин кызга эмне жок…

Жо-жоок, бу чыныгы сезим эмес, башка болуу керек. Бир болсо бу секелек сезим, эселек сезим. Ал өткүндөй бат өтөт, дүйнөнү астын-үстүн кылып аңтарып таштачудай болуп капсалаңдап катуу каптап келет да, анан тез эле басылып, соолугуп калат. Көбү ушундан жаңылат.

Мындай сезимдин бир гана дабаасы бар: аны эстебеш керек, көрбөш керек, көзүнө чалдыкпай, оолак жүрүш керек. Ошондо ал өзүнөн өзү жоголот.

Биздин кыз да ушундай кылмак болду. Алдыда үч айлык жайкы каникул турат. Буйруса, күздө биздин кыз Чилистенди таптакыр унутуп келет.

– Быйылкы жай биздин жигитке бүтпөчүдөй болуп өтө узарып кетти. Кой-Ташка келишкенден бери бир айдай болуп баратат, бирок күн өтпөгөндөй болуп туруп алды. Бу жерде аскер бөлүгү бар, шаардагы бардык жогорку окуу жайлардан төртүнчү курска өткөн балдарды жыл сайын бир жарым ай ушу жерге жыйнап, аскерий даярдыктан өткөрүшөт. Биздин жигитке жоокерчилик турмуш жаңылык эмес, армияда болуп, баарын көргөн кезинде.

Бир күнү айылда бирге өскөн классташ курбусуна жолугуп калды. Анысы айыл чарба институтунда окуйт, зоотехник болом деп жүргөн неме. Көптөн бери көрүшпөй калгандан болсо керек, сөгөт талдын ала көлөкөсүндө экөө эзилишип бир далай сүйлөштү. Жакында эле үйлөнгөн экен, ошону айтып тиги сөзүн түгөтө албай жатты.

– Майдын башында келинчегимди алып, айылга бардым,-деди ал.-Билесиң да, бу маалда биздин айыл бир керемет болуп калат эмеспи. Кош-Талды да көрсөттүм, келинчегиме абдан жакты.

Бала кезде өскөн жерлери эсине түшүп, биздин жигит кусалана түштү.

– Эми сен качан келиндүү кыласың биздин айылды?

– Окууну бүтөлүчү, анан көрө жатармын, -деди биздин жигит шалкы бош.

– Ага чейин карып кетесиң, дундугум, -деди тиги тажрыйбасы ашып, акылы толо түшкөн немеден бетер. – Жаш кыздар карабай калат, кара далыларга күнүң түшүп калбасын. Эртерээк кыймылда. Эмдиги жылы сен алып бар бир келинди айылга.

Студенттердин аскер лагери жайгашкан коктунун ичи казандай какшып чыкты. Түш оогондо чатырдын төрт жагын көтөрүп ачып таштап, он чакты бала ахалап, охолоп соолуп жатышты. Биздин жигит ар кайсы жактан каалгып жылып келип, тоонун бийик чокусуна топтолуп жаткан булуттарды карап отуруп, таттуу кыялга батып кетти…

Руссону окуган кызды жигит айылына апкелет. Адатынча эле алыстан көрүп, кагылып-согулуп апасы чуркап чыгат. Уулун кучактап, өөп-жыттап алат да, анан жанында турган бейтааныш кызды бу ким эле дегенчелик кылып таңыркап карап калат. Ийменип турган кыз ийиле калып, жүгүнөт. “Кагылай-ын, кагылай-ын, ушу мени кудай алсачы. Колума периштем конгон турбайбы!” Апасы кызды эки бетинен өөп, анан карбаластап артын көздөй шашып жөнөйт. Ар жактан уулун көрүп барбайып, утурлап басып келаткан атасына кол шилтеп апасы: “Абышка, сен койо тур, кокуй, уулуң менен анан учурашасың, күтүп жүргөн периштебиз келген турбайбы бүгүн!”-деп үйгө кирип кетет. Бокчосун жая салып, камдап жүргөн ак шайы жоолугун алып, кайра чыгат да, өпкө-жүрөгүн чаап, кыздын башына салат. Бетинен кайра айлантып өөп: “Кудай этегиңден жалгасын, периштем! Көшөгөң көгөрсүн!”-деп бата кылып, кубангандан эмне кыларын билбей, карбаластай берет. Жанатан бери оозун ачып аңырайып турган чыт курсактар аңгыча: “Сүйүнчү! Сүйүнчү! Келин келди! Байкем бизге жеңе апкелди!”-деп айылды аралап, тыз коюп жөнөшөт. Алеки саатта урук-тууган, коңшу-колоң чогулуп, топурап калышат.

Эки-үч күндөн кийин жигит кызды Кош-Талга алып барат. Апай бетте алма, алча дебей,  долоно, чычырканак калбай, баары текши чечек атып, апаппак, мала, кызыл түскө бөлөнүп, көк жайыкта болсо илгери бала кезде көлөкөсүнө келип ойногон жалгыз түп чоң жаңгакта сүтак сайрап, теребел бир ажайып болуп турат. “Бейиштей сонун жер турбайбы!”-дейт кыз суктана. “Эми бу жер сенин да жериң!” -дейт жигит. Кыз эркелеп жигиттин кучагына жыгылат…

– Рота! Подьём! – Чатырга жакын жерден майордун үнү заңк эте түштү.- Через пять минут построение!

Ай ушунуку өттү деп биздин жигит тилденип алды да, өтүгүн, чулгоосун издеп, ыкшоо кийине баштады.

* * *

Руссону окуган кыз бу кезде алыскы Токтогулда Караган-Жайык жайлоосунда студенттер менен чөп чабыкта жүрдү. Ал быйыл да балдарга ашпозчу болду.

Көп өтпөй жогорку курста окуган бир бала эмнегедир эле  ашкана тарапты айланчыктап, тоорулуп жүрдү. Кээде отун жага койот, кээде төмөндө сайдагы булактан суу ташыша калат. Анан калса өтө эле сылык, жеткен сыпаа неме экен. Сүйлөгөнү да орундуу. Бейчеки жагы жоктой. Иши кылып, бу жигиттин ашканада иштеген кыздардын бирине ыкыласы түшүп, ышкысы жанып калганы анык эле. Бирок бара-бара биздин кызга көп имерчиктей баштады. Анан бир күнү булакка суу алышканы түшүп,  жарылып сырын айтты.

– Мен сизди бир көргөндө эле жактырып калдым, чоң кыз, -деди радиодон жаңылык айтып жаткансып. Биздин кыз эки жылдан бери мындай сөздөрдү көбүнөн угуп, бышы кулак болуп бүткөн эле.

– Жактырып калганыңыз жакшы экен, бирок менин жигитим бар да, — деди кашкайып. Тигинин оозунан сөзү түшүп, абдаарып калды. Анан бир топто барып:

– Ал ким экенин билсек болобу? –деди дале сыпайылыгынан жазбай.

– Анын сизге кандай кажети бар?

Кыз чакадагы сууну алып, төштүн боорунда жыландай ийрилип жаткан сокмо жол менен өйдөлөп чыгып кетти.

“Ушу эркектер кызык эле эл болот, -деп ойлоду кыз түндө чатырда ооналактап уктай албай жатып. – Баарын эле бир көргөндө жактырып, сүйүп калышат. Романдарда жолуккан ушундай нерселерге бөркүндөй ишенип алышат окшойт. Турмушта мындай болору күмөн да”.

Эмнегедир баягы адабий талкуу эсине түштү. Чилистенди ошондо биринчи көрүшү. Доклады, сүйлөгөнү, тамашасы кыздын жүрөгүн жылытып койгон эле. Ошондон болдубу, өзү да шүк отура бербей, бирдеме сурасам болобу деп калбадыбы. Жообу да көңүлүнө ынай түшкөн. Туюк сүйүү жаман болот, жоолук булгап ат чаппайт, мээде жүрүп, мээде чирип өлөт дебеди беле.

Аты-жөнүн да жөндөп билип албаптыр ошондо. Кыздар Чилистен десе эле, аты Чилистен экен деп жүрбөйбү. Муну укканда, байкуш, какап кете жаздады го. – Кыз жыргай түшкөнсүп,ичинен жымыйып алды. – Сизди тааныйм деп айттырган да, таарынган жоксузбу деп сураткан да ошол сезим болду да.

Кийин деле жигит кыздын кыялынан кетпей жүрдү. Анан калса өчөшкөнсүп кайда барса эле  анын атын уга берди. Кыздар бир жактан, профессорлор андан. “У него трезвый ум, сильное аналитическое мышление”, -деп мактабадыбы орус адабиятынан берген профессор  эжей өзүнүн мыкты студенттерин биринчи курстагыларга ташбыйкат кылып.

Ушундай күбүр-күдүң сөздөрдүн баары кыздын жүрөгүндө жүргөн баягы жылуу сезимди күчөтүп, быкшып турган немени үйлөп, отко айлантып салган эле.

“Биз деле кызык эл болобуз, — деп ойлоду кыз. – Бирөөнү жакшы көрүп, жарылып кетчүдөй болуп турсак да тымпыйып баарын ичке ката беребиз. Өзү сезсин, өзү байкасын деп кыйтыйып жүрө беребиз. Далыбызга карап, ичибиздегини билип алгыдай алар жорунчу, же батыны ачык олуя эмес да. Анан өктөөбүздү ошолорго коюп, өпкөлөйбүз”.

Өз сезимин ачык айткандан тартынбаган кыздар деле бар, бирок көпчүлүгү мындайды кылмыштай көрөт. Кудай бизди эркектер тандап алсын деп жараткан, кимди алат, кимди койот, ошолордун эрки, бизге андай укук берилген эмес деп ойлошот. “Чын эле, тагдырдын базарына коюлган товар окшойбуз, кардарлар – жигиттер экен да”,- кыз да ушу ойго муюгандай болду.

Балдарга эмне, алар аларман, келип карап көрөт, өз баасын айтат, жок десе басып кетет. Жанагы жигит деле ошентпедиби. Тим калбай, анан жигитиңди билсем болобу деп сурап атканын карабайсыңбы. “Көк мээ”,- кыздын кыжыры келе түштү.

Ары оонап, бери оонап чабалактап, көпкө чейин көзү илинбей койду. “Кудайым а-ай, кыз болуп жаралбай калсам эмне?!”- Жеңил улутунуп, күрсүнүп да алды.

Түйшөлүп жатып, уктап кетти эле, түшүнө кайра Чилистен кирди.

* * *

Ошо жылдын күз эле. Окуу башталганына эки-үч аптадай болгон. Адатынча Алтыбай дагы бир суук кабар айтып келди.

– Уктуңарбы, Даткайымды ала качып кетишиптир…

Керебетте китеп окуп жаткан жеринен биздин жигит ок жыландай атылып кетти.

– Койсоңчу?!

– Койбой –этпей эле, баатыр. Ала качып кетишиптир. Политехтен окуган бала экен, кийинки күндөрү ат тезегин кургатпай каттап калган эле дешет.

– Көздүү мончок жерде калба-айт, балдар, — китебин бетине кармап, үргүлөп бараткан Абдылда аксакал адатынча философтонуп койду керебетинде ары оодарыла берип. — Озунган ушинтип шарт илип кетет.

Биздин жигитке жер айлангөчөк атып кеткендей болду.Керебеттин четинде шалдайып отуруп калды.

– Менин да ичим ачышып калды, -деди Алтыбай. – Жакшы кыз эле, бечара, мына эми, жат бирөөгө бүлө болуп кетти.

Биздин жигит кайсалап эмне кыларын билбей жатты. Ичи туз куйгандай ачышып, өзөгү өрттөнүп баратты. Алаксыйын деп жатакананын узун каридоруна чыкты. Кыздын бөлмөсү тарапты кайра кайра карай берди. Чайнегин алып чыга калса экен, мени көрүп баягыдай кайра кире качса экен деп тиледи жигит. Демейде тапырап жатчу каридор бозоргон талаадай бопбош болуп, кунарсыз тунжурап турду. Жылан сыйпап кеткенсип жан адам жок. Жигиттин ичи сызылып, жүрөгү сыздап кетти.

Бөлмөгө кирип, керебетине үстөмөнүнөн түшүп жата кетти. “Муңдуу тарых” оюна келди. Анда да ушинтип кызды капыстан бирөө ала качып кетет эмеспи. “Кур үмүткө алданып улам-улам, бакыт жолун басканбы кыйшыгыраак, биздин жигит сүйүүнүн мунарынан, кара жерге күп этип түштү кулап.”

Биздин жигит да тээ бала кезде айылда бир бассаң борп этип балтырга чейин бутуң бата түшкөн жолдун боз топурагына көмкөрөсүнөн көмүлүп, чаң жутуп, жер кучактап жаткандай сезди өзүн.

Мунун баары биздин жигиттин жан дүйнөсүн козгоп, көңүлүнүн түпкүрүндө элдир-селдир гана туюлуп, эмне экенин өзү так ажырата албай жүргөн сезимдерин ойготуп салган поэманын таасири сыяктанды. Болбосо мынчалык күйгүлтүккө түшкүдөй Руссону окуган кыз ким эле ага? Эки ирет жолунан жолукту, болгону ошо. Башкалардай аны киного чакырбады, театрга жүр дебеди, эртели-кеч жандай басып, сырдашпады. Же колунан кармап койсочу жок дегенде. Анткендин ордуна кайра байкуш кыздын шагын сындырды.

Ошондон кийин кызды жигит көбүнчө китепканадан көрүп жүрдү. Чоң залдын күн батыш ыптасында терезени каратып коюлган  үч-төрт үстөл бар. Биринчи үстөл биздин жигит “энчилеп” алган чоң залдагы бешинчи катардан көрүнүп турат. Кыз такай ошол үстөлгө келип отурат. Анын бир адаты бар эле: биздин жигит тарапты жалт-жалт карай берчү. Эмнеге антти экен? Эми мунун мааниси жок эле.

Жигит өзүн акынга салыштырды. Ал кыйналып, көңүлдө кайнап, чычаладай кызарып чыккан ырларды жазып, акыры аларын бир дептерге көчүрүп, кыздын курбусунан берип жибергенге жараган экен. Биздин жигит анте да албады. Жадесе ушу Руссону окуган кызга ышкым жанып калды окшойт деп жан адамга, атүгүл жакын досу Сарпбекке деле айткан жок. Тек гана кыздын караанын көрсө, ошого ичинен көңүлү тоюп, акынды туурап, кызга арнап ыр жаза коюп жүрдү.

Биздин жигит менен Руссону окуган кыздын бар болгон тарыхы ушул эле. Болгону жигит кызды кыялында өзү кыйкымсыз кылып жасап алган баягы кыялый кызга окшотуп, ошого алмаштырып алып, буга абдан көнүп калган шекилденет. Эми аны ала качып кетти деп укканда кыялында куруп алган ошол отон дүйнөсү кыйрап кеткендей көрүнүп, ушуга ичи күйүп жатат окшойт. Мунун баары эртең эле бир көргөн түштөй унутулуп, таңдагы буурул мунарыктай тарап кетет болуу керек.

Бирок эмнегедир андай болбоду.  Өтө бир кымбат, аялуу нерсесин жоготкондой, эгизинен ажырап, элең-элең этип улам мекирене берген улактан бетер биздин жигит кызды басса-турса эстей берди. Эч кимге билгизбей, анын караанын бардык жерден издей берди. Жатаканадан көрөмбү деди, дарсканалардан жолугуп каламбы деди. Жок, эч жерден көзүнө илинбеди. Анткен сайын жигит бир капталы эңшерилип калгандай коңултуктап, ичи эзиле берди.

Байкуш жигит, ай, жалаң китептегилерге гана ишенип, издегенин, идеалдарын ошолордон гана таап, кыялында жалаң ошол дүйнөдө гана жашап жүрүп жаңкы Руссону окуган кызды чындап жакшы көрүп калганын өзү билбей, өзү аңдабай калган тура. Туюк сүйүү жаман болот, сыртка чыкпай ичте өлөт деп билимдүүсүнүп, акылдуусунуп атып аны өз башына өзү тилеп алганын карабайсыңбы, каран күн!

Кыз чынында эле кыялдагы периште эмес, реалдуу кыз эле да. Кыйкууласа колуна конгудай куш эле да, алыста эмес, кол сунса жеткидей жакын жерде эле жүрдү эле да. Кантип ушуну билбей, байкабай калды экен, арман күн, ай! Эми минтип кайрылгыс болуп колдон чыгып кеткенде гана бу кызды кыялында өзү ойлоп, өзү күтүп жүргөндөй, баш-оту менен берилип, акылынан таңгыдай болуп жакшы көрүп калганын кечигип сезип отурбайбы. Биздин жигит үчүн тагдырдын анык тамашасы ушунда эле!

Мунун баарын акылында аңдап түшүнүп, көзү жетип ишенген сайын биздин жигит дүйнөгө каран күн түшүп калгансып түнөрүп, айласы куруп, жаман болот.  Китеп окуйт, башына эчтеме кирбейт, бөлмөдөгү достору менен сөзү бүтпөй, болбогон эле бирдемелерди бажаңдашып-кажаңдашып жатышчу эле, ага да баштагыдай көңүлү чаппайт. Эки-үч күн сабакка да барган жок, үйдө отура албай, шаар аралап кетип, баягы кыздын караанын көрүп жүрчү көчөлөрдү акмалап, каңгып жүрүп, кайра келет.

“Каапыр кыз, ай, каапыр кыз! – деп үшкүрөт. — Эки ирет гана жолугуп, өзөгүмө өмүр бою айыккыс дарт таштап кетериңди кайдан билдим, каапыр кыз!” – Келмеден бетер ичинен күңгүрөнүп ушуну көп айтып, айткан сайын жигиттин заманасы куурулуп, жанын койор жер таппай калат.

Акындар даңазалап, мактап ырдаган махаббат мажнундары да сенчелик ушинтип өзөгү өрттөнүп, сенчелик ушинтип жүрөгү күйүп, күйүт тартты бекен, бечера жигит, ай!

* * *

Арадан бир жарым жумадай убакыт өтүп кетти. Биздин жигит жекшемби күнү эртелеп туруп, уктап жаткан балдарга шырп алдырбай, бөлмөдөн чыгып, китепканага жөнөдү. Жолду ката кыялында акын менен сүйлөшүп келди.  “Муңдуу тарых кетти өтүп күн астында. Муңдуу баян. Мен айттым болгон чынын. Баарынан да муңдуусу турат мында: багы тайкы а жигит мен болчумун…”

“Жо-ок, акыным, ошо жигит мен болом, -деди ичинен жүрөгү өрттөнгөн жигит оор күрсүнө. – Сен так мени жазыптырсың, олуям! Мен сага тен бердим. Өзүң айткандай, баары бүттү. Эми эмне кылам, күйүтүмдү кантип басам, акыным? Кеңеш бер эми мага!” Ушуну ойлоп жигиттин ичи эңшерилип, ичегеси куйкаланып кетти.

Кулагына акындын саптары жаңырыктады: “Бейгам адам аны да, муну сүйүп, көп нерсени кур бекер ыйык кылат. Башка түшсө түйшүктүү тиричилик, сүйүү эмес, үмүттү унуттурат!”

“Туура, акыным,  — жигит кайра күңгүрөндү. – Мен деле эптеп күн көрөм дечи. Бактыма бирөө тургандыр, бу күндөр да унутулар. Бирок ошого чейин кайгымды кантип басам, кимге барып зарымды айтып, бугумду жазам, акыным! Ушуну айтчы!” Жигиттин ичинен кан өтүп кеткенсиди.

Поэмада махаббат мунарынан кара жерге күп этип кулап түшкөн жигиттин абалы көз алдына келе калды: “Жерде жатып караса айланасын, калган экен дүйнөнүн көркү качып… Турду дагы… көтөрдү өйдө башын… ыйлаган жок… өлгөн жок… кетти басып!”

Биздин жигит чыйрала түштү. “Мен да ошентем, акыным, -деди ал ичинен. – Унутам баарын. Башымды көтөрүп басам”.

Өзүн-өзү ушинтип жубатып, китепканага кирди да көндүм болуп калган эки кишилик үстөлгө келип отурду. Китеп-дептерин алдына жайып, баарын белендеп алган соң эки жаагын таянып, көзүн жумуп, бир саамга тунжурап калды. Бир оокумда жигиттин мойну өзүнөн өзү эле баягы кыз отурчу тарапка бурулуп кетти. Көзү кантип ачылып кеткенин да байкабай калды, караса баягы ордунда… Даткайым отурат! Жаңылып жатамбы деп көзүн бардап-бардап алды. Жок, дал өзү. Даткайым өзү. Ак жибек көйнөгү гүлкайырдай кулпуруп, маралдай аппак мойну койкойуп, баягыдай эле Үр кызындай үлбүрөп Даткайым отурат. Жигиттин жүрөгү болк эте түштү. Аңгыча кыз да адатынча жигит тарапка жалт бурула бир карап алды.

Жигиттин жүрөгү эми жарылып кетчүдөн бетер түрсүлдөп чыкты. Көңүлү алеп-желеп болуп, ордунан тура калып, кайра отурду. Ою бир жерге токтобой, чабалактай баштады.

“Алактабай койо тур,байкуш жүрөк, — жигит ичинен кыңкыстап жиберди, — бир аз эсти жыйнап, аңгарып алалычы, койо турчу. Ошондо бу эмне болуп кеткени? Күйөөгө тийди дегени жөн эле кайбат кеппи? Ушак болсо эмнеге жатаканадан көрүнбөй калды? Караанын издей берип, көзүм тешилбедиби? Же мени ойнотуп жатканыбы? А бирок бу каапыр кыз менин минтип кыйналып жүргөнүмү кайдан билет? “

Капыстан бир ой мээсине октой кадала түштү. Барган жери жакшы кишилер болсо керек, окуусу өксүбөсүн деп шаарга алып келишти да. “Туура, -деди ичтен бир үн күңгүрөнүп, — эрге тийсе эле окуусу бүтүп калмак беле?”

Эми эле дүйнөсү түгөл тартып келаткан жигиттин көңүлү суу сепкендей муздай түштү. “Болуптур, -деди ичинен ал акыры,- кандай болсо андай болсун. Жок дегенде эми караанын көрүп жүрөт экем. Мага ушу да каниет”.

Ушу маалда периштедей болуп Сарпбек келип калды. Аны көргөндө биздин жигит жөлөк болор кишиси келгендей демдене түштү. Дептер-септерин үстөлгө коюп жатып, Сарпбек эңиле берди да:

– Ии, адирейин, эртелеп келген экенсиң, -деди акырын шыбырап.

– Антпесем сага орун тийбей калмак, сени келет деп коруп отурам! – Биздин жигит кара күчкө тамашаламыш болду. Аңгыча Сарпбек бет алды жагын карап алып, делдее түштү.

– Ай, тетиги Даткабы,ыя? – Кыз тараптан көзүн албай, эңиле берип сурады. Биздин жигит билбейм дегендей ийнин кысып койду.

– Ван мамент, адирейин. Азыр билебиз.

Сарпбек түз эле кыз отурган үстөлдү көздөй жөнөдү. Тиги да аны жакынын көргөндөй кабагы жаркылдап, ордунан тура калып, кол сунуп учурашты. Анан экөө жанаша олтура калып, күбүрөп-шыбырашып калышты. Кыз улам чачын артка серпип, колу менен саамайын түздөй калып, биздин жигит тарапты кайра-кайра карап коюп жатты. Он мүнөттөй болгондо сөздөрү бүттү окшойт, Сарпбек ордунан туруп, кыздын далысынан таптап, чачынан сылап койду да, алдыда жаткан бир китебин алып, кайра тартты. Келип отурар замат биздин жигитке эңиле берип, билип келгенин шыбырады.

– Кыскасы мындай,адирейин, ала качкан балдар түшүнүктүү немелер көрүнөт, Датка  жигитим бар деген экен, убалыңарга калбайлы анда деп, кечирим сурап, ошол эле күнү түн бир оокумда кайра жатаканага жеткирип коюшуптур. Коркуп калган байкуш кыз эртеси ата-энесине чү коюптур. Кечээ келдим дейт. Калган-катканын анан билебиз, мага бүгүн эртерээк кетиш керек болуп турат, байкеси. Жумушумду жасай салайын да, жөнөй берейин. Сен өзүң бил, болгону мени алагды кылбай бир саатча шүк отуруп бер. – Сарпбек адатынча кашка тишин көрсөтүп күлүп койду.

Биздин жигитке бул жакшы кабар эле. Ошол эле учурда бул тагдырдын дагы бир тамашасы да эле. “Дүйнөнүн түркүгү кулап кеткендей болдуң эле, минтип баарын өз ордуна кайра койдум, кана, эми кантет экенсиң, көрөйүн” дегендей такмазасы эле.

Жигиттин акырындап көңүлү жайланып, анан көктөмдөгү көк жайыкта туйлаган кулун болуп кетти. Кыялы дүйнөнү кыдырып, кайкып учуп жүрдү. Үстүлгө чалкалай берип, эки колун башына кайчылаштырып, залдын бийик шыбын тиктеп, көпкө ойлонуп калды.

“Жигитим бар дептир, анысы ким болду экен. Уйгактай жабышып, жандап жүргөн бирөө-жарым деле көзгө чалдыккандай болгон жок эле. Балким, тыштан келип жүргөн бирөөдүр”.

Капыстан баягы диспуттагы сөздөр эсине түштү. Ким айтты эле, бирөө айткан сүйүү үчүн күрөшүү керек деп. Күрөшкөндө кантип күрөшөт? Кыздын жигитин эрөөлгө чакырабы илгерки Пушкиндин тушундагыдай? Же түз эле барып сүйөм деп айтсабы азыр? Сүйбөйм деп койсочу тиги чунак кыз? Ошондо анык өлбөдүбү!

“Баары бир минтип эжигейдей ичтен эзилип жүргөнүм болбойт. Бир күнү мээме кан куйулуп кетпесин. Же ары, же бери болуу керек. Эптеп бир шоорат-шобуртумду чыгарайын. Калганын өзү билсин!” –деп ойлоду жигит кайратына келип. Кана анда, мунун кандай айласы бар?

Жигиттин оюна бир амал келе калды. Азыр эле кат жазып, алдагы китепке салып койсочу? Аны Сарпбек сөзсүз кызга тапшырып кетет, кыз китепти ачат, окуйт, билет анан ким жазганын.

Биздин жигит алдыда жаткан чакмак дептерди шарт алды да, ортосунан бир баракты абайлап айрый салды. Уручкесин алып, бирдеме жазайын деп барып, кайра айный түштү. Жакшысы ыр жазайын деп ойлоду. Көңүлүндө жүргөн, кызга арнап жазган ырларынан ылгап отуруп, акыры бир төрт сапты купулуна толтурду.

Көздөрүмдөн агат сага жылуулук,

Көрүнбөгөн дүйнө менен байкалбай.

Өмүр бою өтөт окшойм ушинтип,

Сени жакшы көрөрүмдү айталбай.

Этегине атын жазгысы келип баратып токтоп калды. Биздин жигитке ушу деле чоң бир эрдиктей көрүндү.

Баракты эки бүктөп, дептеринин алдына бастырып койду. Ортодон эки сааттай убакыт өткөнсүдү. Бир оокумда Сарпбек:

– Мага болду, абышка. Бүгүнкүгө жетишет. Буйруса, эртең деле күн бар, мен жөнөйүн, -деп үстөл үстүн жыйнаштырып кирди. Алган китептерин көтөрүп, өткөргөнү кетти. Биздин жигит каткан барагын бая Сарыпбек кыздан ала келген китепке шарт сала койду. Колдору жеңил калтырап, жүрөгү түрсүл кагып чыкты.

Сарпбек бат эле кайтып келди. Колбаштыгына дептер-уручкесин салып, берки китепти алды да:

– Муну Даткага бере кетейин,жарым саатка сурап алдым эле, ага да керек болуп жаткандыр, сен экөөбүз болсо үйдөн жолугабыз, адирейин, -деп биздин жигитти ийнинен сылап койду.

Жигит андан аркы окуя кандай болор экен деп апкаарып, демин ичине алып, аңдып калды. Сарыпбек кызга китебин тапшырып, аны дагы бир жолу далысынан таптап, чачынан сылап, кол алып коштошуп, чыгып кетти. Кыз китепти бир топко караган жок. Акыры колуна алды эле, эки бүктөм барак булак дей түштү. Кыз аны ачып окуду да, бирөө карап тургандай, элтеңдеп эки жагын каранып, жылан көргөндөн бетер китепти шарт жаба салды.

“Билбей калды, каран күн, билбей калды, — жигит ичинен онтоп жиберди. – Билген жок ким жазганын, билген жок”. Ордунан ыргып туруп, бүт залга угулгудай кылып, аны сага мен жаздым деп кыйкыргысы келди. Жүрөгү күйүп турса да ага жетер батым биздин жигитте жок эле.

Бир оокумда караса, кыз ордунда жок экен. Үстөл үстүндө сумкеси турат, өзү жок. Көрсө, китептерин тапшырганы кеткен экен, кайра пайда болду. Келди да сумкесин алып, бутунун учу менен жыла басып сыртка жөнөдү. Каалгага жеткенде жалт эте биздин жигит жакты бир карап алып, шып эте чыгып кетти.

Жигит шаабайы сууп, шылкыйып, каалга кайра ачылып, кыз кайтып кирчүдөн бетер ошол жактан көзү өтүп көпкө отурду.

* * *

Китепканадан чыккан соң биздин кыз тар көчөгө салып, жатаканага жөнөдү. Ээнирээк жерге келгенде чөнтөгүнө ката койгон жаңкы эки бүктөм баракты акырын сууруп чыкты да, көңүл төшөп кайра окуду. Төрт сап ыр кыздын жан дүйнөсүн кадимкидей алай-дүлөйгө салып, сапырып жибергенге жарады.

“Кудай, а-ай, ушул ырды мага сен жазган болсоң кана, Чилистен, — кыздын ичи күйүп, муңканып кетти.  – Сен жазсаң кана, сага мен өзүм барат элем анда, мойнуңа асылып, буркурап ыйлап, ичиме батпай жүргөн бугумду бүт айтат элем, өлөйүн, ошентет элем. Бирок муну жазган сен эмессиң, сен эмессиң, Чилистен. Эгер сен болсоң эмнеге атыңды жазбадың? Кимден билем муну эми? Сарпбектен сураймбы ушуну мага сен жаздыңбы деп?

Адам эмес экенсиң сен Чилистен. Мерез экенсиң, сезим деген сенде жок экен. Мойнум үзүлгүдөй болуп, карегим агып кеткидей болуп сен жакты жалдырап карай бергеними кантип байкабайсың, макоо? Жигитим бар деп коем дагы, кайдан мага жигитсиң сен. Сен жинсиң мага келген. Жек көрөм сени, акмак”.

Кыз не туталанганын, не ичи күйгөнүн билбей, көкүрөгүн бир ачуу сезим аймап, каканактап көзүнө жаш толуп, ичи бышып, айласы түгөнгөндөй түнөрүп, жатаканага жеткиче буулукканы тарабай койду. Бөлмөгө кирер менен курбу кыздарын көрүп, жарылганы араң турган жаны ого бетер эреркеп кетти, буркан-шаркан болуп, ичте кайнап аткан ызасы чымчый буулган буудай каптын оозу чечилгендей шар этип сыртка төгүлүп кеткенсиди. Өзүн-өзү кармана албай, бетин басып буркурап ыйлап жиберди.

– Кудай, а-ай, эми эмне кылам, эми кантем!

Ээн-жайкын, көңүлү чак отурган эки кыз элейе түшүп, анан эсине келгендей чыйпылыктап калышты.

– Бема, эмне болду сага? Деги тынччылыкпы?

Биздин кыз алардын сөзүн уккан жок, керебетке барып күп эте көмкөрөсүнөн түшүп, жаздыкка бетин басып, өксөп-өксөп алды. Анан эмне кыларын билбей элейип турган эки курбусуна:

– Кыздар, мени биртке жайыма койгулачы, көкшүнүмдү суутуп алайын, -деди өпкөсүн кага. Эки кыз муну эп көрдү. Мейли, ыйлап алсын, ичтегиси чыгып, жеңилдене түшөт дешти.

Экөө жыла басып, ээн каридорго чыгышты.

– Мунуң соо эмес, -деди биринчи кыз. – Өткөнкү иштен бери чүнчүп, жүдөп кетти.

– Ошо шүмшүктөр бир балээ кылган жокпу, ыя? – Экинчи кыз ушинтип айтып алып, кайра өзү чок баскандай чочуп кетти бул оюнан.

– Жаман апазыңды койчу, — деди беркиси. – Андай деле зөөкүр немелер эмес экен го. Кайра жигити бар экен, бактылуу болушсун деп, дембе-дем кечирим сурап атып кетишпедиби.

– Мында кайдагы жигит дейсиң, — деди экинчиси биртке тырчыгансып. — Болсо билет элек да. Далайын жолго салбадыбы.

– Анда буга жин тийген, -деди биринчи кыз тапкырлана. – Сүйүү деген жин тийген. Бирөөнү өлгүдөй жакшы көрүп калган окшойт, анысы билбесе керек, ошого бугу толуп, айласы куруп жүрөт мунуңдун.

– Ким ошол жин, айтчы, жылбас кылып биротоло байлап салалы жылас алгырды?

– Ким экенин кайдан билем. Бу көкбетиң мелтейип эчтеме айтпайт. Ичин жарсаң да таппайсың анын ким экенин.

Эки кыз эбиреп-жебиреп, жатаканада, жалпы эле факультетте бычакка сап болчулардын баарын санап чыккандай болушту.

– Биздин Беманын бир тамчы жашына татыгыдай бирөө жок бу чөлкөмдө. –Экинчи кыз ушинтип тыянак чыгарды.

– Тапсам барбы, көзүң кашайгырдын эки карегин чукуп, колуна салып берет элем, — деди беркиси.

* * *

Ишемби күн эле. Түштөн кийин бөлмөдө биздин жигит менен Сарпбек калды. Экөө эки жерде көпкө чейин китеп окуп, ара чолодо куш уйку сала койгонго да жетишти. Бешим ченде Сарпбек керебеттен тура берип:

– Ээ, адирейин, үңкүйүп отура беребизби экөөбүз? –деп калды.

– Эмне кылабыз? Же бир ойлогонуң барбы?

– Жүрү, тиги Даткайымды рестаранга чакырабыз. Биресе кыздын көңүлүн көтөрөбүз, ага шылтоолоп  өзүбүз да тарса-турса бийлеп, бир чер жазып алабыз.

– Барабы..? – биздин жигит саал ыргылжың боло калды.

– Ал жагын мага кой.

Сарпбек чыгып кетип, чай кайнам убактан кийин келди.

– Кеттик, — деди ал биздин жигитти шаштыра. — Үч кыз бармай болду, экөөбүз жетишебиз аларга.

Кечинде бешөө ресторанда отурушту. Сарпбек адегенде көбүртүп-жабыртып шампан ачты. Музыка жаңырып, бий башталды, биздин балдар-кыздар бош келбеди, эркин бийлердин түзүк эле сазайын колуна бергендей болушту. Твистти да катырышты. Бир топтон кийин вальс башталды. Биздин жигит эки кызды ортого жетелеп чыкты.

– Үчөөбүз кантип бийлейбиз, байке? – деп калды сары кыз кыткылыктап.

– Бийлейбиз, кантүү керектигин үйрөтөм азыр, — деди да биздин жигит эки колу менен эки кызды белинен алып, музыканын ыргагына карай жеңил айлантып кирди. Кыздар да тигинин ыкмасын түшүнүп, ыгына бат эле көнө түшүштү. Улам бири жигиттин колунан суурулуп чыгып, эркин каалгып тегеренип келет да, экинчисине кезек берет. Анысы да ушуну кайталайт. Жаштарга айла жок дешкениби, бийлеп жүргөндөр жарайсыңар дегенсип баш ийкеп, жылмайып коюп жатышты. Жаңы вальс эки кызга жага түштү. Кийинки жолкусунда өздөрү эле анын көркүн чыгара, моокуму кана бийлешти.

– Эми алмашып бийлейбиз, -деди кезектеги тыныгуу маалында Сарпбек. – Эки кыз менен мен чыгам. Силер экөөңөр бийлейсиңер. – Ал биздин жигит менен кызга ээк кагып койду.

Аңгыча Хачатуряндын айтылуу сюитасы жаңырды. Биздин каармандар ортого чыгышты. Жигит кыздын белинен аяр кучактап, кебездей жумшак колун абайлап кармай калды эле ток ургандай өнө бою дүрүлдөп кетти. Сол колун акырын жигиттин ийнине арта берип, кыз да анардай болуп албырып чыкты. Экөө тең денелерин жеңил калтырак басып чыкканын сезишти. Кабынан чыгып кетердей дүкүлдөгөн жүрөктөрдүн добушу да бир бирине таасын угулуп жаткансыды. Кыздын наристе баланын деминдей аруу илеби, аңкыган кермет жыты жигитти эңги-деңги кылып ийди. Экөө тең бир бирин тике карай албай, жай гана термеле беришти.

Бир топтон кийин биртке эсин жыйгандай болдубу, кантсе да биздин кыз чыйрактык кылды:

– Жакшы бийлейт турбайсызбы, байке,- деди акырын үнү дирилдеп. Жигит ошондо кыздын абазын абдан сагынып калганын сезди. Дагы сүйлөсө экен деди. Бирок жооп катары бирдеме деш керек эле.

– Кайда-ан, -деди жигит тамагына бирдеме туруп калгандай үнү кардыгып. – Бутуңду басып албайын деп калтырап жатпаймбы.

Кыз бирдеме түшүнгөндөй болду, ошентти да көңүлү көшүлүп, бир укмуштай көөлбүп кетти.

Андан кийин ооз ачып, эчтеме сүйлөшкөн жок. Ар бири өз кыялы менен алаксып, кайдадыр каалгып учуп жүрүшкөнсүп, ажайып бир дүйнөгө кирип кетишти…

* * *

Кыштын апкыт-сапкыт алты күнү аяктап, мүйүз аяздын мизи кайтып баратты. Жыйналышта отуруп, бир күнү Сарпбек жатаканага кеч кайтты. Бөлмөлөштөрү менен аркы-теркини кобурашып жатып сөз арасында сегизинчи мартта жатаканада оюн-шоок уюштурганы жатышканын, ыр-бий болорун айтып калды.

– Биз да чогуу-чаран барып койсок жакшы болот эле, — деди ал беркилерден колдоосуна үмүт кылгандай.

– Майрам келе берсинчи, көрөбүз, -деп койду староста Макен көңүлү ток кишидей.

Айт-буйт дегиче айткан күн да кирип келди. Досу Сарпбектин көңүлү үчүн көз көрсөтүп койойун дегендей ойдо биздин жигит кечигибирээк болсо да кечеге келди.

Жатакананын биринчи кабатындагы чакан залга бир топ эле эл чогулуп калган экен, ортодо  чимирилип он чактыдай беш-алты жигит-кыз бийлеп жатат, калгандары алардын кызыгына батып, казганактап карап турушат. Биздин жигит кызды издеп, көзүнүн кыйыгы менен элдин ыдырын сыдыра карап чыкты. Биздин кыз ортодо бир жигит менен бийлеп жүргөн эле.

Бир оокумда баягы ресторанда бийлеген эки кыз биздин жигитти көрө сала, экөө эки колунан жетелеп, ортого тартып чыгышты.

– Өзүбүздүн валсты бийлейбиз, байке,-дешти экөө жарышкандай.

– Бийлесе бийлейли, -деди биздин жигит да тартынчыктабай.

Үчөө кудум ресторандагыдай болуп бийлешти. Кыздардын бири жигиттин колунан чыгып, өзүнчө эки-үч каалгып айланып келет да, беркисине кезек берет. Экинчиси да ушинтет. Үчөөнүн бийи баарына башкача, жаңы чыккан бий болуп көрүнгөнсүдү. Аларды коштоп, кубаттагандай Сарпбек менен биздин кыз да эки-үч ирет кылактап, жай ыргалып, айланып өтүштү. Ошентип, биздин жигит эки кыздын жакшы эле жарпын жазгандай болду.

Бир кезде тыкылдаган комсорг кыз – оюнду ошо башкарып жаткан окшойт – алаканын тарс-тарс чаап, элдин көңүлүн өзүнө бурдуруп:

– Бийге биртке танапис жарыялайлы, эмки кезек -ыр кеседе,- деди да, оюндун эрежесин жарыялады. –Ар бир бөлмөдөн бирден жигит ырдайт.

Ыр кесени студкеңештин балдары баштап берди. Кезек андан ары уланып, ар ким чыгып, алына жараша нөөмөтүн өткөрүп атышты. Билгендери комуз чертти, дагы бирөөлөрү аккордеон тартты, айрымдары чогуу ырдады, кээ бирлери ыр окушту. Таң-тамаша улана берди айтору.

Бир кезекте ыр кесе тийген бирөө өмүрү ырдаган эмесмин деп кежектеп, ыргыштап калды. Анда уйча мөөрөп бер дешти, итче уулуп бер дешти. Ага да болбой ынжыктай берди эле, кызып калган оюндун кылоосун суутпайын дегенсип жаңкы тыкылдаган комсорг кыз кыйын неме экен, сармерден айтышып жаткандан бетер:

– Сай боюнда тегир –мээн, тегирмен,

Тегирмени темирден.

Ырда-абаган балдардын, ай, балдардын,

Оозун чычкан кемирген,- деп шаңкылдап сала берди. Залда тургандар дуулдап, күлүп калышты, кол чапкандар да болду. Комсорг кыз аңгыча Сарпбекти алдыга тартып:

– Кезекти анда сиз улантасыз,- деди тыкылдап буйрук бере.

Сарпбек ырга жок эле. Ырдамак тургай анын мурдунан кыңылдай калганын деле төрт жылдан бери бирге окуп, бир бөлмөдө жашап жүргөн курсташтары угуп көргөн эмес.

Сарпбек ырдай албайм деп кыжыктангысы келип барып, анан тиги шакылдаган шайтан комсорг кыз дагы бирдемени айтып шакабалап жибербесин деп чочулап, жардам сурагандай жалдырай залдагыларга карады. Бөлмөлөш балдардан эч ким көрүнө бербеди, айласы куруп, биздин жигитти ортого чакырып чыкты.

– Бир балээден куткар, байкебай, — деди Сарпбек айыбын сезгендей элге угузбай акырын шыбырап. Өзү түшкөн орго мени түрткүсү келет деп биздин жигит биртке ачуулана түштү. Анан бу жерде конкурс же сынак өтүп жатты беле, элчилеп эптеп бирдеме ырдап кутулайын деп ойлоду.  Эмнени ырдасам деп бир азга ойлоно түшүп, анан тамагын таптап, жеңил жөтөлүмүш болуп, ырын баштады.

– Жолукканда салкын тартса ка-абагың… –жигиттин үнү кысылып чыкты. Бул кадимки Рысбайдын көңкү журтка алынып, кеңири тарап кеткен ыры эле. Биздин жигит толкунданып атып, куплеттерин алмаштырып алды.

– Жүрөктөгү жакшы учурду жан-дан-тып,

Жок дегенде таанышыңдай кара -агын.

Рысбайдын бул ырында жүрөктүн үлбүрөгөн кылдарын дирилдетип, уккан адамдын кырк тамырынан бери сыздатып жиберген кермет бир кайрыктар бар эле. Биздин жигит аларды экинчи ирет кайрыганда жумурунун тереңинде катылып жаткан бардык арман-бугу, кусалык-күйүтү түбүнөн бери козголуп, көкүрөгүнө көтөрүлүп, көлкүлдөп кеткенсиди сезди. Үнү да ачылып, жонунда кумурскалар жыбырап жайнап жүргөнсүп, денеси дүрүлдөп, бир укмуштай толкуп кетти.

– Эркин өскөн гүлү сенсиң та-ала-анын,

Бирде жакын, бирде алыстайт ка-арааның…

Андар ары кандай болуп кетти, өзү да билбей калды, арманың болсо, бала, эми ушерде айтып ал, ичиңде жараң болсо ушерде жарылып кал дегенсип сыйкырлуу бир күч жигитти кыз турган тарапка жетелеп кетти. Курбуларынын далысына кылтыйып жашынып, биздин жигитти уурдана карап турган кыздын бети албырып, жүрөгү лакылдап согуп кирди. Жигит ырын уланта берди.

– Жүрөгүмдү гүл ордуна су –ун-айын, алып кой деп сүйгөнүңдүн беле-егин…

Жигит эми чын эле дүкүлдөгөн жүрөгүн алаканына салып, кызга сунуп жаткансып анын так маңдайына келип калды. Ага жарданып карап турган эл да көрүнбөй, бу дүйнөдө өзү, анан биздин кыз гана калгансыды. Ырдын ушул керемет кайрыктары аркылуу ичинде жаткандын баарын аңтарып, кыздын алдына жайып салгансып ырдап атты.

– Жүрөктү өрттөп, жүлүнүмдү сен ку-уйкалап,

Түрттүң мени түпкүрүнө сана-аанын.

Маңдайына чукул келип калган жигиттин өзөгү өрттөнүп, жүрөгү күйүп турганын, жалбырттап анын табы уруп жатканын сезгендей болуп биздин кыз кыпкызыл чоктой алоолонуп, бирөө тушап салгандан бетер былк эткенге алы жетпей, башын жерге салып, бир ордунда кыймылсыз туруп калды. Ыр кимге арналып жатканын аңдаган кыйды кыздар акырын биздин кыздан оолактай берип, аны жалгыз калтырып, карап турушту.

– Айтчы гүлүм, айтчы сүйгөн жа-ан эркем,

Күйгүзөсүң мени дагы канча уба-ак?!

Ушу сөздөрдүн баары, ушу кайрыктардын баары Рысбай ырчыныкы эмей эле, биздин жигиттин өзүнүкүнө окшоп, муну ал атайылап ага арнап жаткандай сезилди кызга. Жигитке да бардык арман-муңу, ичин өрттөгөн бүт күйүтү акыркы ушул эки сапка топтолуп калгандан бетер бу кайрыкты дагы бир кайталап коймокчу болду.

– Айтчы гүлүм, айтчы сүйгөн жа-ан эркем,

Күйгүзөсүң…

Магнитофондун үн тасмасы чорт үзүлгөндөй жигиттин үнү тып басылды. Күйүгө түшкөн демин баса албай, саал энтиге, калтыраган колдору менен кыздын саамайынан коомай сылады. Ушу маалда кыз башын жерден алып, узун кирпиктерин акырын өйдө көтөрө берди эле каканактап калган жашы эки көзүнөн ылдый мөлтүлдөп кетти. Жигит дале калтырап турган колдору менен шашкалактап кыздын эки көзүндөгү жашты абайлап аарчыды, анан мойнунан жумшак кучактап, өзүнө имере тартып, оң колун кармап алга жетелеп, кызды топтон сууруп чыгып кетти.

Жанатан бери чакан бир лирикалык драмага күбө болуп жаткандай тымтырс боло түшкөн залдагылар эл көзүнчө кызга арзуусун айткандан тартынбаган биздин жигиттин батылдыгына тен бериштиби, же башкасы болдубу, эсине келгендей бир оокумда дүркүрөтө кол чаап жиберишти.

* * *

Ошентип, күн астында бул тарых да өтүп кетти. Биздин жигит менен кызды мен азыр деле көрүп калам. Козулардай чөбүрөшкөн неберелерин ээрчитип, эртели-кеч биз турган үйгө жакын булварда сейилдеп көп басышат. Эркелеткен аты болсо керек, бир небересин Чилистен дешет экен. Дагы бирөөсүн Даткайым деп чакырышат.

Биздин жигит менен кыз Салижан акындын “Муңдуу баянын” азыр эстейби, жокпу, билбейм, мен болсом аларды көргөн сайын ошол поэманы кайталап окугандай боло берем. Ошентем да, ылайым акындын арбайы ыраазы болсун, биздин жигит менен кыз аман болсун деп койом!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *