Эң коркунучтуу душман эски достордон чыгат

14432

«Ыштанына чычкан киши колун аябайт» дейт кыргыз. 31-августтан кийинки тилинен мүдүрүлгөн А.Атамбаев кудум ошол кейиптенип калды. Булганганын булганды, эми ыштанын тазалоонун мүшкүлү башына түштү. Кантип тазаланат?.. Жытын кантип жашырат?..

Канчалык «тазаланбасын», сүртүнбөсүн… бирок саясый мурду өтө жытчыл, өтө шекчил коомго «андай эмес, мындай» деп актанаар аргасы табылар бекен? Ошо таба албагандан улам атаандаштарына каршы суу кечпеген жалаа жапканы да ишенимсиз болуп турат. Анысы «атамекенчилерге» каршы кечээ баштаган чабуулу: 2010-жылы талашка түшкөн «Мегаком» чуусун эми Ө.Текебаев, А.Салянова жана А.Шыкмаматовдун мойнуна каргы кылып иле албай турган кербези.

Анткен менен бул компаниянын тегерегиндеги чууга мындан үч жыл мурда чекит коюлганы коомчулукка дайын. Биз билгенден, «Мегакомдун» 49% үлүшү улутташтырылып, 51% үлүшү мамлекеттик менчикке өткөндүгү сот аркылуу чечилип, атпай-журтка шардана кылынган. Болгондо да Атамбаевдин бийлигинин оозу менен айтылган. Айтылганда да «Мегаком» мындан кийин суук кол, суук көздөрдөн корголуп, 100% мамлекеттик мүлк болуп саналарын жар салышкан.

Сот чечими чууга чекит койгонуна карабай (!), эми минтип бийликтин кол баласына айланган «Вечерний Бишкек» сайты Текебаевдин келишкис душманына айланган илээшкери Өмүрбек Абдрахмановдун божомол-дөдөмөлүн жарыялап чыкты. Анын айтымында, «Мегакомго» «атамекенчилер» рейдерчилик кылып келаткан имиш…

«Басса-турса кантип кек алууну ойлонгон адамдын жарасы айыкпайт» дегендей, Ө.Абдырахманов менен Ө.Текебаевдин тирешин билебиз. Алардын ортосундагы чатак – экөө бир кезде эбедейи эзилишкен дос болуп жүргөндө Абдрахманов Текебаевге ыроолоп костюм-шым кийгизип койгон экен, бүттү. Ошондон бери тартууга берген костюмун чечтире албай жүргөн Абдырахманов эми минтип «атамекенчилердин» рейдерчилигин айтып чыкты… Мунусун АША бийлиги курал катары колдонуп чыкса, таңгалбагыла…

Узак Өмүрбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *