%d1%80%d0%b0%d0%b9-%d0%b8-%d0%b0%d0%b4_2

Турсунбек Акундун түшү

Түшүндө Турсунбек Акун одүйнөнүн эшигин тоскондордун арасына кошулуп калат. Бир убакта босогодон Курманбек Бакиев кирсе, эшик тоскондор аны түз эле бейиштин бөлмөсүнө жетелейт. Анын артынан Алмазбек Атамбаев башбагып кирсе, эшик тоскондор аны тозоктун бөлмөсүнө жетелеп баратканын көргөн экс-акыйкатчы чыркырап жиберет: «Эй, силерде акыйкаттык деген барбы?! Бейишке кирчү кишини тозокко, тозокко барчу кишини бейишке апаратасыңар» десе, эшик тоскондор:

– 2010-жылы, 7-апрелде баатырлык менен бейишке чыккан кырчындай жигиттер Бакиевдин жазасын өзүбүз колуна беребиз деп бейишке чакыртып атышат. Ал эми Атамбаевди тозокко алып баратканыбыздын себеби: аныңар «баатырлык» наамды оңду-солду таратты, андан да кокую – Азиз Батукаевди өзү бошоттурган деген кеп бар; андан да кокую – Максим Бакиевдин жерине өзү үй курдуруп атканы үчүн тозокко алпарабыз, – деген экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *