23253-ffb24ccb8bc7b256fd8f7f240f644a5a

Жаңгак дегенди сыртынан карасаң, эч билинбейт. Качан гана колуңа алганда баамдайсың: данектүүсүнүн салмагы болот. Ичи көңдөйү «карс» дей түшөт. Кудум ошондой болуп парламенттеги 120 депутаттын сапатын караң. Баары шагырайт. Ичтери көңдөй. Жеңил…

Тагдыр чечер маселеге келгенде данектүүлөрү өтө аз болуп чыкты. Баш мыйзамды кайрадан будамайлоо амалын таңуулаган президенттин курчоосундагылардын басым-кысымы астында жер карама депутаттар мыйзам арибин таанымак тургай, жөн гана эрктүүлүк көрсөткөнгө жарабай отурушат. Биринин артынан бири карсылдап сынган жаңгактай: А.Атамбаевдин айланасындагы бир ууч топтун каруусуна туруштук берер түрлөрү жок. Себеби көбүнүн артында калбыры, көбүнүн бизнеси бар базаркомдор. Алар үчүн өздөрүнүн кара жанынан бийик тутар идея жок. Көбү саясый күрөш үчүн келген эмес парламентке. Себеби башынан эле саясый группировка ошондой түзүлгөн. Мунун баары шоопурдун кылганы. Илмиянов дегеним.

Өзгөчө «Кыргызстан» партиясы былтыркы шайлоо алдында эле КСДП клону экени көрүнүп калган. Саясый альянстын шоопурча вариантын көшөгө артында ошондой уюштурушкан. Аталган партиянын «биз эч кандай бийлик партиясы эмеспиз» дегени – көшөгөгө жаңы кирген келиндин «мен кыз бойдонмун» деген актануусундай туюлган. Бирок ал жубан болчу. Жубан болгондо да саясый оюндарда торпедо милдетин «билип-билбей» аткарышмак. Колдонулуп атышат эми. Булар эл керегине жарабаса да, КСДП керегине жарагыдай. Молодцы! Шоопурдун ишенимин актап атышат. Дагы канчага?.. Процесстер көрсөтөт…

Муну өздөрү аңдабаса керек. Алардын башкы максаты – мандат алуу гана болгон. Арийне, мандат алышканы менен парламенттик башкаруунун табиятын түшүнбөгөн немелер эми минтип көңдөй жаңгактай жеңил, морт болуп, президент аппаратынын таасири астында конституциялык реформа жасоо «демилгесин» көтөргөн болуп чыгышты.

Парламенттик башкаруу системасын жеткиликтүү түшүнбөгөнү ушул: КСДПнын саясый торпедосу болор озуйпаны аткаруу мүшкүлү жүктөлгөн Канат Исаевди айрым кесипкөй депутаттар өткөндө ЖК трибунасында жылан көргөн бакадай титиретти. Мыктыбек Абдылдаев, Аида Салянова, Чолпон Жакупова, Алманбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев өңдүү мыйзамчылардын (А.Салянова айтмакчы – «э-э-эң жөнөкөй») суроолоруна ойдолоктоп жооп таппай, «мени эмне талоонго салып карап отурасыңар» тарисинде акүйдүн акалакчы юристерин жалжал тиктеп мукактанып туруп берди. Канатбек Кедейкановичтин кандай жаңгак экенин жамы журт ошондо көрдү. Дагы далай көрөт… Четинен «карс-карс» сынчулары чыга берет. КСДП жаңгактын ичи көңдөйлөрүн ылгап, «Кыргызстан» партиясынын акыбетин ошентип көрмөк…

Ушул жерден сөз удулун бираз башка жакка бургум бар. «Кыргызстан» партиясы эмне үчүн былтыркы шайлоо алдында шашылыш түзүлө калып, саясый атаандаштыкта алдыга озуп чыкты?! Башында «Замандаш» партиясына көз ымдап, бул партиянын бийлик менен ымаласы бекемдеп бараткансыган. «Замандаш» курамында таза десе таза, бузула элек жаңы күчтөр арбын эле. Бирок ага карабай, бийлик ойт берди бул командадан. Турмугун көрсөттү «мэ» деп.

pw_83woid34

Себеби улутчул көзкараш, улуттук принципти сатпоо идеясын бул партия бекем карманары бийликтегилерди алдын ала чочулатты белем, ошондон кийин «Кыргызстан» аттуу партия көз жарды. Кудум «мен кызмын» деп босого аттаган жубандан бетер чыга келди… «Биз бийликчил партия эмеспиз» дешти. Анысы шектүү туюлган… Шайлоо атаандаштыгынан утуп чыкканы да ошол шектенүүлөрдү биротоло бышыктап койду.

Аныгында бийликтегилерге принципти бекем тутунган команданын кереги жок болчу. Саясый элитанын канын жаңыртуу идеясы менен түптөгөн жок «Кыргызстан» партиясын. Агер андай жаңы генерациядагы күчтөр керек болсо, «Замандаш», «Мекен ынтымагы» сыяктуу саясат айдыңында алда канча булгана элек партиялардын тушоосун кесишмек былтыр. Башка күчтөргө караганда бул эки партия саясый мүдөө, саясый идеология көздөп, партиялык ишмердүүлүк менен алектенип, 2-3 катар парламенттик шайлоодон жыдыса болбой, далай сыноолорду башынан кечирип келатканы дайын. Ал эми буларга салыштырмалуу «Республика-Атажурт», «Бир бол» жана ошол эле «Кыргызстан» партияларынын идеологиялык табиятын салыштырууга мүмкүнбү? Жок! Буларды классикалык терминдин маанисинде саясый партия атоого болбойт. Тек гана кызыл кулак саясый соодагерлердин группировкасы экенине карабай, шайлоо атаандаштыгында мандатка ээ болуп тынгандар. Булардыкын «саясый жеңиш» деш оозуңуздан айлансын. Болгону көшөгө артындагы «брачный контракт» болчу.

Оноре де Бальзактын «Брачный контракт» чыгармасын окугандар билет, негизги оюнчулар актёрлор. Алар сценадан бири-бирин бычактап өлтүрөбү же ит жебеген бокту жешип урушабы – бери жактагы байкуш көрүүчүлөр сценадагы каармандар үчүн жүрөктөрүн оорутат, кейип-кепчип ыйлашат. А оюн аяктагандан кийин көшөгө артындагы актёрлор бири-бирин куттуктап, «кел, сонун ойнодуң!» деп тарап кетишет. Себеби алар эл көзүнчө гана чатакташууга чыгышкан…

Ошол сыңары бизде да «брачный контракт» менен парламентке келип мандат алгандан кийинки оппозициялык блок түзүүчүлөр «Республика-Атажурт» менен «Бир бол» фракцияларын көрүп атабыз. Үчүнчү жолку кароодогусун айтпаганда, Башмыйзамды өзгөртүү сунушуна моюн толгоп коюшкан жок. Кудум бир кездеги К.Бакиев бийлигинин «Акжол» партиясынан ашып түшүп, бул эки партия парламенттеги оппозиция милдетин аткарууну унутту. «Бир бол» фракциясынан Ч.Жакупова менен М.Абдылдаевди айтпаганда, ушул фракция менен «Республика-Атажурт» депутаттары «акжолчуларды» алдыга салар эместей.

Жаңгактай морт, камгактай жеңил мындай оппозициялык фракциялар менен АША бийлиги да каалаган мүдөөсүнө жетерине ишеними бекем үчүн Башмыйзамды өзгөртүү демилгесинен кайтпай, догурунуп турган кербези…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *