2995

Рамис РЫСКУЛОВ

Адам канчалык улуу болсо, ошончолук улуу бактысыздыктарга кабылат.

* * *

Жакшы жолду табыш үчүн канча кыйын жолдордо адашабыз.

* * *

Өз кайгымдан да, бөтөн кайгы жанымды катуу мыкчыйт.

* * *

Ким канчалык ак жеринен күйсө же тубаса кемчилиги болсо: ал элден башкача, катуу жаңыртат, себеби алардын үнү өзөктөн чыгат.

* * *

Турмуштан баш калкалаган адам артында из калтырбайт.

* * *

Китеп унчукпай сүйлөшкөн акылгөй.

* * *

Котормого окшобой түпнуска бол!

* * *

“Культура” бар жерде, халтура да бар.

* * *

Мага акча, ручка, анан катын токтобой койду.

* * *

Мен шашпай шашып, көппөй көптүм.

* * *

Нобелге жетем деп жүрүп, мебелге да жетпедим.

* * *

Генийлер нечен кабат маска кийип, бир гений бир генийге окшобой келгендиктен, замандаштарына далайга чейин таанылбайт.

* * *

Өзүн гений санагандардын таруудай да таланты болбойт.

* * *

Гений менен женьшень көлөкөдө өсөт.

* * *

Жаман акындын ыр жазбай койгону – адабиятка кошкон чоң салымы.

* * *

Маяковский назик жүрөгүн одонолуктун артына каткан акын болгон.

* * *

Пешка түз жүрөт, кыйшык чабат.

* * *

Топурак алтындан да кымбат.

* * *

Унчукпай коюу – миң айкырыктан күчтүү.

* * *

Аялым бир жолу “…ушундан көрө үйдөн кетип кал!” – дегенде, “Кетпейм, мен сени менен бирге жашап кыйнайм” дедим.

* * *

Адамдардын көздөрүн китеп сыяктуу окуйм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *