12

Алик Акималиевдин жарылганы

Ыраматылык акын Алик Акималиев гезиттерге ырын көтөрүп барса эле, «орун жок» дей беришкенинен, бир күнү ачуусу келип:

– Дүйнөгө баткан поэзия гезиттин бир бурчуна батпай калдыбы? – деп эшикти тарс жаап чыгып кеткен экен.

Тоголок баштын оюнан топ кетпейт

Илимпоз Болот Акматов университеттин студенттерине адабият теориясы боюнча сабак өтүп атканда башы топтой тоголок, өзү да топ ойногонду жакшы көргөн бир студент адабияттын маанисине таптакыр түшүнбөй коёт…Ошондо Б. Акматов сабакты жөнөкөйлөтүш үчүн мамындай деген экен:

– Адабият деле топ сыяктуу. Болгону эле аны да тоголотуп ойногонду билиш керек.

Ошондон бери тиги неме каалагандай ыр жазып баштаптыр…

Артисттер эмне үчүн театрдан кетпейт?

talgarjОпера ырчысы, КР эл артисти Талгар Жакшылыковдон бирөө сураптыр:

– Театрдан кетем деп жүрдүң эле. Эмнеге кетелексиң?

– Театр деген балакетиң так эле ысык ойношуң сыяктуу экен. Кетейин дейм, кыйбайм. Кетпейин дейм, кумарым жазылалек…

Ыраке чылым чекпейт

Салижан Жигитов чылымды анда-санда чеккен киши эле. Бир күнү Рамис Рыскуловго жолугуп калып:

– Ыраке, чылымыңдан берчи, – десе:

– Мен чылым чекпейм. Менин чылымым – турмуш! – деген экен.

Мамасалы Апышевдин дарегин ким билет?

klassicheskaya-vodka-iz-spirta«Жетимен» адабий журналы тушоо кесүү аземин өткөрмөй болуп, той башталганга чейин эле жазуучу Мамасалы Апышев алагүү абалында келет. Той ортолоп калганда анын шылкыйып калганын көргөн калемдештеринин бири:

– Мамасалы, үйүңдүн дареги кандай? – деп кабатырланса:

– Атпа-айм, айтпайм… Андале үйгө жеткирип саласыңар! – деген экен.

Күмөндөрдүн дүжүр чалдарды аяганы

54Акаев заманында бир журналист Күмөндөр Абыловго собол узатат:

– Кыргызстанда эмне үчүн дежүр чалдар көп деп ойлойсуз?

– Эй, койгулачы ушунуңарды! Журналисттер менен саясатчылар «дежүр чал» деп жүрүп, чалдардын баарын жалтак кылып бүтүрмөй болдуңар! – деген экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *