6-09-05

Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров Болот Шер А.Атамбаевге кантип жоолук таштаганын билдирери менен анысы маалымат каражаттары менен соцсеттерде жайылып кетти. Ооба, мындай окуя болгон. Бул окуянын кандай өңүттөн, кандай себептен жаралганына өзүм да аралашып калган жайым бар. Эмесе сөз башынан болсун…

О анда 2009-жыл. Бакиевдердин арааны жүрүп турган кезең. Бирдиктүү оппозиция кыймылы (БОК) деген аталышты бакиевчил күчтөрдүн да таппаганы жок: БОК деп аташчу. Ошо БОК кийин БЭК (Бириккен элдик кыймыл) болуп өзгөрүлдү. Алмазбек Атамбаевди президенттик шайлоодо жалгыз талапкер катары алдыга сүрөп чыгышкан. Оппозициянын шайлоо штабы жер-жерлерде эл менен жолугушууларды уюштуруп, А.Атамбаев алты дубандын баарын аралап келген соң, аягында Талас облусунун шайлоочулары менен жолугушуу планы түзүлөт. Анткени баардык электораттын ичинен Атамбаев үчүн эң опурталдуусу Талас облусу болгон.

Анын себеби, 2007-жылы А.Атамбаев К.Бакиевдин өкмөт башчысы болуп турган учурда Таластагы Жерүй алтын кенин казуу маселеси мамлекеттин аргасын кетирген. А.Атамбаев өкмөттүн расмий иш сапары менен алтын кенин казуу боюнча таластыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзү барганда, жергиликтүү эл өкмөт башчынын оозун ачтырбай, кайра аны ташбараңга алып, ал тургай кызматтык машинесин оодарып ташташканы атпай-журтка маалым. А эки жылдан кийин эле президенттикке талапкерлигин койгон А.Атамбаевди таластыктар дагы кандай күтүлбөгөн маанайда тосуп алуусу ошондогу оппозициянын чоң баш оорусуна айланат. Бир жагынан Бакиевдердин бийлиги түрдүү провокацияларды уюштуруусу да толук мүмкүн эле. Шайлоо үгүтүн жүргүзүү мөөнөтү бүтөрүнө бир жумача гана убакыт калган.

Оппозиция ортомчулукка кимди саларын билбейт. Жыйын курушат. Талас облусунун шайлоочулары менен Атамбаевдин жолугушуусун кантип уюштурабыз? Кимдер барышы керек?! Бул суроо кабыргасынан коюлуп, акыры таластык шайлоочулар менен болгон жолугушууну уюштурууну жалпы оппозиция Болот Шерден өтүнөт. Ал макулдук берип, ошону менен бул маселе чечилет. Бирок экинчи маселе чыгат. Атамбаевди коштоп кимдер барганы ылайыктуу? Таластагы электоратка кимдердин сөзү өтүмдүү?! Буга келгенде, төркүнү Талас болгондон кийин Р.Отунбаева барсын дешет. Айтор, бул аймактын шайлоочулары менен Атамбаевдин шайлоо үгүтү ар кандай үзгүлтүккө учурап калуусунан кооптонгон оппозиция чоң талкуу куруп, жоон топ саясый лидерлерди жөнөтүү чечимине токтолушат. Акыры Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, Т.Тургуналиев, А.Бекназаров, Б.Шерниязов оппозиция намысы үчүн А.Атамбаевди жандап бармай болушат. Бул чечимден кийин Болот Шер бир күн эрте жолго чыкмай болуп, жанына мени кошуп алды.

Ал учурда А.Атамбаевдин шайлоо штабынын маалымат борборун Фарид Ниязов жетектеп, мен болсо ал киши менен бир кабинетте чогуу отуруп иштөөгө туура келген. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бүткөнгө чейин Ф.Ниязов экөөбүз бир кабинетте чайды чогуу ичип, чогуу кеңешип-кесип иштегендиктен, баардык маалыматтан сыртта калганым жок…

… Сөздүн ток этер жерине жакындап жылайын, окурман. Ал учурда Бакиевдердин телефондук тыңшоолору күчөп, бийликке каршы каш каккандардын жанын тындым кылып коюу, журналисттерди уруп-сабоо сыяктуу жосундардан баарынын үрөйү үркүп калган. Ошондон улам түн катып, Болот Шер менен чогуу Таласка жөнөдүм. Жаныбызда бөлөк-бөтөн жан болгон жок.

Жолдо катар Медет Садыркуловдун өлүмү оюма кылт эте коёт. Кайсы бир туштан алды-артыбызды камалап токтотчулар кезикчүдөй коркунуч коштоп баратты. Бирок сыртыман сыр билдирбей тымпыйам. Бокебиз болсо беттегенинен кайра кайтпас, саясатта канжыгага башын байлап койгон киши эмеспи, ордунан былк этеби…

Түн жарымында оппозициянын Таластагы шайлоо штабына жеттик. Баары уйкуда экен. Ал жердеги көпчүлүккө баш-көз болуп жүргөндөрдүн бир-экөөсү чала уйкудан ойгонуп «а-а» деп ооздорун ачканда эле: «Бекер келдиңер, Боке – дешти. – Иш чатак… Таластын башпрокурору, облустун кызыл жакачан ачандиктери өздөрү келип катуу эскертүү берип кетишти».

Муну укканда Болот Шердин ындыны өчүп калабы дедим эле, жок. «Оппозицияны эл менен жолугуштурбоого Бакиевдердин кандай акысы бар экен?!» деди күрүлдөп. «Уктай турган кез эмес, штабдагылардын баарын ойготкула».

Көрсө, Акүй командасын илгиртпей аткарган жергиликтүү аткаминерлер Талас өрөөнүн үймө үй кыдырып, элдин баарын Атамбаевдин жыйынына катышпоону катуу эскерткен экен. А бирок Бокенин командасы таластыктардын далайын түн уйкусунан козгоп, баарын дүрбөтө турган болду. Бул туурасында учурунда «Айат-пресс» гезитинин №42 (45), 19-ноябрь, 2009-ж.; №43 (46) 26-ноябрь, 2009-ж… сандарына «ЭКИНИН БИРИ» аттуу макалам жарыяланган. Андыктан «кайталагандан келме бузулбайт» деп ошондогу макаламдан айрым фактылардын чып-чыргасын калтырбай мисал келтирейин…

Канткен менен элде намыс бар экен, ошол күнү таң атпай штабга келгендер «Боке, өзүң келгениңди угуп, уялганыбыздан кайратыбызды жыйдык» дегендер бир заматта аарынын уюгундай чогулду. Сөздүн кыскасы, таластыктар саат 14-00дө Атамбаев баштаган БЭКтин өкүлдөрүн Өтмөктүн белинен нан менен тосуп алышты. Оппозиция лидерлерин жүзгө чукул түрдүү авто-унаалардын чубалжыган колоннасы коштоп алганын көргөн милийсалар дабдырап калышты. МАИ кызматындагылар колоннанын алдын токтотууга аракеттенип, ала таяктарын көтөрдү эле, бир да шоопур тормуз тээп койбоду. Мындай тоотпостукту бийликтин айдакчылары күтпөсө керек, жол боюндагы милийсалардын баштары салбырай түштү. Арбир айылдын көчөсүндө «Атамекен», КСДП желеги желбиреп, элдин көптүгүнөн бийлик тарап чагым уюштурууга мүмкүн болбой калды.

Атамбаевдин эл менен жолугушуусу башталды.

«Айат-пресс» №42 (45) «Экинин бири» макаламдан үзүндү: «БЭК өкүлдөрү эл менен жолугушуу учурунда көбү «эмнеге президенттик жарышкан чыккан жоксуз?» деп, адегенде Текебаевди «суракка» алып баштады. Эл Текебаев менен Отунбаеваны көбүрөк курчап, «президенттикке экөөң бирге чыкпайт белең» деп жабыла берди эле – Атамбаев кызарып-татарып четтеп калды. Ошол сааттан тартып Текебаев, Отунбаева, Шерниязовду жанына жуутпай обочологон Атамбаевдин жүрүш-туруштарын кыя кетирбей байкасам, кийинки күндөн тарта Атамбаев жанындагыларга ачык эле тултуюп жүрдү. БЭК курамындагыларга кошулбай, өзүнчө четтеген Алмаз мырза Роза айым менен Өмүкенин эл алдына чыгып сүйлөгөнүн каалабай атканын бир убакта А.Бекназаров айтып келип, оозубузду ачты. Буга ачууланган беркилери: «Атамбаев президент боло электе эле кимибиз эл алдына чыгып сүйлөөр, сүйлөбөсүбүздү чечип калса, биз кантип бир команда болобуз?!» деген кыйгыл кептерин айта баштады. Отургандардын арасындагылардан А.Атамбаев, Т.Тургуналиев, А.Бекназаровдун гана жакындыгы бар экенин байкоо – бөлөк «үйүрдүн» арасында жүргөн мага анча кыйынга турган жок. Себеби эл астына чыгып узакка сүйлөгөндөр ушул учөө болуп атты. Ошентсе да жыйын арасынан суурулуп келгендин көбү: «Эмнеге Отунбаева төркүнүнө келип сөз сүйлөбөйт? Эмнеге ачуу сөзү бар Шерниязов менен Текебаев үндөбөйт?» деген нааразычылыктарын дамамат кайталап, үчөөнүн «ич күптүсүн» түшүнө алышпады

Эртеси эл менен жолугушуу пландалганда, Атамбаевдин «Текебаев эки мүнөттөн ашык сүйлөбөсүн жана Отунбаева менен Шерниязовго сөз берилбейт» деген көрсөтмөсүн жансакчылары айтып келди эле, муну уккан БЭКтин калган мүчөлөрү да дароо чалкасынан кетти.»

* * *

Ошондогу президенттикке талапкер А.Атамбаевдин таластык шайлоочулардын алдында айткан сөзү: «Эгерде бийлик бул шайлоодо көз боёмочулукка бара турган болсо, мен жүз миң адам алып чыгам. Атышса атышам, сайышса сайышам. Кана, мени колдочулар барбы-ы?! Эркексиңерби?.. Намысыңар барбы-ыы?.. Баарыңарга айтарым, 23-июнда добуш салууга келгенде колуңарда айры, күрөк, кетмен болсун! Бийликти чатынан илебиз!»

«Айат-пресс» – №42 (45), 19-ноябрь, 2009-ж.

* * *

«Ушундан улам кийинки жолугушууларга бирге баруудан заарканган БЭКтин өкүлдөрү: «Жыйында эмнени сүйлөгөн маанилүү; эл ишенимин кантип алуу керек?» деп болочок президент менен маңдай-тескей жолугуша албай жүрүштү. Лидерлер өз ара акыл калчашкан менен, бирок андай кеңештерди Атамбаевге жеткирчү киши табылбады. Аны көбүрөк жандап жүргөн аксакал Т.Тургуналиев менен А.Бекназаров да «баарыбир Алмаз биздин айтканды укпайт» деп четтеп жүрүштү».  

* * *

Урматтуу окурман, жогорудагы макаламда келтирилген кыстырмадан байкагандырсыз: А.Атамбаев 2009-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн учурунда эле жанындагы тилектештерине далысын салганын. Ошондо эле эл менен жолугушуу болор алдына БЭК мүчөлөрү Атамбаев менен көзмө-көз кеңеш кура албай коюшкан. АШАга ошондо эле жансакчылары менен шопурлары киши жолотпой, «шеф азыр эч бириң менен жолугуша албайт. Эс алып жатат» дегенин уккан Отунбаева туталанганынан: «Атамбаевиңер азыртан эле өзүн хан сезип алды» дегени бүгүнкү күнү Бекназаров, Шерниязов, Тургуналиев, Текебаев — баарынын эсинде деп ойлойм…

438-700Баары бир команда катары бириге албашы ошондо эки күн катар эл менен болгон жолугушууда эле көрүнгөн. Жолугушуу жыйынтыкталган күнү гана Атамбаевдин кан кудасы Алимбай Султанов өз үйүндө тай союп, Бишкекке жол тартаар алдында гана бир дасторкон четинде маңдай-тескей чогулушкан эле. Ошол отурушта мен сыяктуу журналисттер Атамбаевдин шоопурлары, жансакчылары менен бир бөлмөдө отурдук эле, сырттан А.Бекназаров башбагып калды: «Э Олжоке, сен эмне бул жактасың? Жүрү… биз менен бир дасторконго» деп мени БЭК мүчөлөрү отурган төркү бөлмөгө ээрчитип жөнөдү. Менин босогодон аттаганымды көргөн төрдөгү Атамбаев оозу учунан: «Кел, иним… Биз менен бирге. Баятан кайда жүрдүң?» деди эле, тилим кычышып: «Хан менен калтырап отурганча, кул менен кутурайын деп оозго бөлмөдө элем» дегениме отургандардын кээси бүлкүлдөп күлүп алышты…

…Эртеси Бишкекке келдик. Шайлоонун үгүт иштери аяктады. Шайлоочулар добуш берчү күн башталды. Бирдиктүү оппозиция кыймылынын атынан президенттикке жалгыз талапкер катары чыккан Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын добушу жыйынтыкталарына саналуу сааттар калганда, тегерегиндеги санаалаштары менен кеп-келеңге келишпей туруп, бир заматта «Форумдун» имаратына журналисттерди жыйып, шашылыш түрдө маалымат жыйынын курганы көпчүлүк үчүн таптакыр күтүүсүз окуя болгон. Шайлоо штабында Бакиевдерге каршы дем менен жыйылган коомдук катмар күтүүсүздөн Атамбаевдин шайлоодон баш тарткандыгын укканда, дуу боло түштү. Эл термелип калды. «Себеби эмне?! Себеби эмне?!» – удургуган көпчүлүк биринен бири сурап селейип катты.

БЭК мүчөлөрү таандай чуулдап, оппозиция жыйын курмай болду. Баары кирип кетти. Жыйын башталып, баштала электе Болот Шер «Форумдан» чыгып келаткан жерден карпа-күрп кезигишип калдык.

Боке, эмне болду? – дедим – Жыйында сүйлөбөйсүзбү?..

– Эмнени сүйлөйм?! – деди күрүлдөп. – Сүйлөй турган сөз барбы, иш бүткөндөн кийин! Сүйлөй турган сөзүмдү айттым. Ал сөз – таластыктар Атамбаевге берип жиберген жоолук болчу. Ошону Алмаздын алдына таштап чыктым.

А.Бекназаров коомчулукка айтып чыккан жоолуктун жайы ушундай, окурман. АША таластыктардын намысын сурап эмне кылат ошондо?.. Бул окуяны ошондон бери тар чөйрө гана билчү. Тек гана муну Бокебиз эч кимге, эч жерде айтпады көрүнөт. Себеби Таластын мыкты чыкма жигиттерине жоолуктун залакасы тийбесин деп келди окшойт… Канткен менен А.Атамбаевдин кекчил мүнөзүн жакшы билет эмеспи… Эстүү киши да: Таластын бычакка саптуу жигиттерине Атамбаевдин бийлиги өчөгүшүп калбасын дегени да…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *