34

Кытай эл жомогу 

Кытайда качандыр бир убакта Ми аттуу чөнтөгүндө сокур тыйыны жок бала жашаптыр. Жадагалса анын бир чыны чайдын акысын төлөөгө да кудурети жетчү эмес экен. Эгерде чайканалардын биринин ыймандуу кожоюну болбогондо, Ми балким ачкадан кесээрип өлмөк.

Күндөрдүн биринде Ми кожоюндун алдына келип:

– Мен кетип атам. Колуңуздан жеп-ичкен тамак-аштын эч бирине канчадан бери акча төлөгөнүм жок. Бирок мен сизге ыраазычылык билдирмейин кетпейм. Мына, карап туруңуз! – деп чөнтөгүнөн сары түстөгү борду алып чыгат. Аны менен дубалдын бетине сары кунастын сүрөтүн чиет.

– Бул – сары кунас – деди, Ми. – Эми ал сизге мен бекер ичип-жеген чыгымдан да он эсе көп киреше алып келип берет. Чайканаңызга эл көп келген учурда алаканыңызды үч жолу чабыңыз. Ошондо ал дубалдан секирип чыгып, бийлеп берет. Бирок унутпаңыз: сиз эч качан аны жалгыз адам үчүн бийлеп берүүгө мажбурлабаңыз. Эмесе, жакшы калыңыз… – деп узап кетет.

Таң калган кожоюн, көрөйүнчү деп эртеси чайканага эл көп чогулган убакта меймандардын үч жолу алакан чабуусун өтүнөт. Кол чабуулар угулары менен сары кунас дубал бетинен секирип түшөт. Анан ал дароо бир нече укмуштуу бийлерди аткарып берип, кайра дубалдагы ордуна катып калат. Чогулгандар көргөн көздөрүнө ишенип-ишенбей таңыркап суктанышат. Бул окуя күндөн күнгө узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына жетип, чайканага меймандар көп келчү болот. Кожоюн тез байып кеткен менен, бирок Ми айткан нерсе кулагынын сыртынан кеткен эле…

Күндөрдүн биринде анын босогосунан бай адам кирет. Тегерегинде жалаң карапайым адамдар менен өнөрпоздор отурганына байдын ачуусу келет. Анан ал жанындагы желдеттерге башкаларды кубалап чыгууга буйрук берет. Курчоосундагы кошоматчылары элди таяктап кубалап чыккан соң өзү калып, чайкана ээсине чөнтөгүндө тултуйган акчасынын баарын сууруп чыгып:

– Сары кунасыңдын өнөрүн көргөз! – дейт.

Алдында толтура акча жатканын көргөн тиги бечара баарын унутат да, үч жолу алакан чабат. Сары кунас негедир бул жолу сыркоо немедей, дубалдан көңүлсүз секирип түшөт. Болгону бир гана бий аткарат да, ордуна кайра барып катып калат. Байдын буга ачуусу кайнап, кыйкырык-өкүрүк салып да сары кунасты бийлете алышпайт.

Ошол түнү чайкананын эшиги катуу такылдайт. Кожоюн каалганы ачса, алдында бир кездеги Ми турат. Ал эч нерсе айтпастан, чөнтөгүнөн алып чыккан чоорун сыбызгытып, кайра артына бурулат. Чоор үнүн уккан сары кунас ордунан силкинип, Минин артынан жөнөйт.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин Ми менен сыйкырдуу сары кунасты көргөн жан болбоптур. Кары адамдардын айтымында, эгерде мындай керемет дагы бир жолу кайдан-жайдан учурап калса, демек ал бир адамдын эмес, баарыбыздын энчибиз болушу керек экен. Кокус, аны бир эле адам энчилеп алгысы келсе, дароо көздөн кайым болот имиш.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *