1. АМАЛ 1

 Чоң кабат үйдүн алдында чүкө ойноп аткан Эш менен Шерге жаңы эле келген боз уландар үстөмдүк көрсөтүп баштады. Алар адегенде өздөрүнөн кичинекей Шер менен Эштин чүкөлөрүн тартып алышты.

– Бер менин чүкөмдү, – Шерди тигилердин бири көкүрөккө түртүп жиберди:

– Бербейм, бар ары.

– Чүкө силердики эмес, биздики… – деп Шерге кошулган Эшти боз уландардын экинчиси кекетип баштады:

– Азыр экөөңөрдү тең төбөгө чаап, чүкөңөрдү тартып алсак эмне кылып аласыңар?

– Тартып алалбайсыңар, – деди Шер да, Эш да.

– Эмнеге алалбайбыз? – Боз уландардын үчүнчүсү корсулдады.

– Алалбайсыңар! – Жарыша сүйлөгөн Эш менен Шер каршылык көрсөтмөй болду эле, адилетсиз боз уландар кичинекейлерди тоотушкан жок.

Бул учурда балдарды жакын жерде көрүп турган үч адам да арачыга жарабады. Алар кайдыгер гана карап отурушту.

Боз уландар эми чындап үстөмдүк көрсөтмөй болду эле, Эштин башына амалдуу ой келип, короо жаңырта кыйкырды:

– Ата-а… Ата-ааа…

Кабат үйдүн балкондорунан аталардын баары сырттагыларга баш баккан кезде – боз уландар дыргаяктап качып жоголду. Бирок балкондо карап тургандардын эч кимиси Эштин да, Шердин да атасы эмес эле. Алар сыртта ойноп жүргөн өздөрүнүн балдарынан коопсузданып балконго чыгышкан.

2

  1. ҮЧ КУЛАК

Эш менен Шердин агайы окуучуларды үч түргө бөлүп тамашалайт. Албетте, Эш менен Шер зээндүү окуучулардан болгондуктан, куйма кулактарга кирет. Ал эми сабакты орточо окуган балдарды «акма кулактарым» десе, эң начар окуучуларын «таш кулактарым» деп тамашалайт.

Эмнеге дегенде, алар дайым эле мугалимдин айтканын толук аткарышпайт. Маселен, үйгө берилген тапшырманы сурай келгенде «унутуп калыптырмын» же «кечээ сабакка түшүнбөдүм эле» деп шылтоо айткандарды «силер акма кулаксыңар» дейт. Жана да диктант жазууга келгенде агай канча кайталаса болбой, «2», «3» деген баа алган окуучулар бар. Мугалим класс ичи толук уккудай бийик добуш менен окуса да, алар баарыбир «4», «5» деген баага диктант жазган күндөрү боло элек. Ошонүчүн аргасы кеткен агайыбыз начар окуучуларды «таш кулактарым» же болбосо «акма кулактарым» дейт.

А куйма кулак окуучулары аз эле.

  1. ДОСТУК

Мектептин спорттук аянтында футбол ойноп аткан балдар топ теберде шымы айрылып калган Эшти шылдыңдап каткырып атышканда эмне болду дебейсиңерби… Эшти шылдың болгон абалдан куткарууну ойлогон Шер өзүнүн шымын чечип берип, досуна кийгизмек болду. Бирок Эш балдардын шылдыңдаганынан канчалык уялып турса да Шердин шымын кийбей койду. Балдар ансайын каткырып, эми Эш менен Шерди кошо шылдыңдай баштаганда Шер өзүнүн шымынын аласын айрып ийип, кийип алды. Шымы айрык экөөнүн түрүн көргөн балдардын баары кыраан каткырыкты салды…

3– Ха-ха-ха… Ха-ха-ха-ха-аа…

Алардын күлкүлөрү бирок тез эле токтоду. Бирин-бири шылдыңдан куткарууну ойлогон тиги экөөнүн достугун сезген үчүн күлкүлөрү тып басылды. Баятан Шер менен Эшти шылдыңдаган балдар эми достук жөнүндө ойлонуп калышты…

Олжобай ШАКИР

0 Replies to “Балдарга кечки аңгеме”

  1. Менин неберем 6га эми толду, 1-класста окуп жатат. Жомок айтып берин дей берет, кээде жомок таппай калам, жакшы болбодубу, окуп берейин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *