9

Султан РАЕВ

А ң г е м е

Ириң. Улуу сөздө уят жок. Как эле жоон куйрукка чыкты. Чыкканына канча болду, эч ким билбейт. Ириң чыккандан бери жоон куйругу да бир жерге орун басып, жартытарлык отура элек. Отурса эле жини когу аралашып, теринин алдында жайгашкан жеринен атылып чыкчудай. Тери алдында дененин бир учунан бир учуна ылдамдык менен жүрүп турган кан да ушерге келгенде, тушалган күлүктөй тык токтойт. Ириңдин кыйындыгын көр, агып келген таза кандын жолун бууп, ак кочкул ириңге айлантат. Көрсөң, ириңдер да чогулуп алып, тери алдында канча сайраң курса, жоон куйрук да ошончо сыздап ооруйт.

Жоон куйруктун ээси да, уяттуу жерине чыккандан уламбы, ириңдин көзүн жардырып, доктурга да көрүнгөн жок. Уялды. Сыздаткан азабына да чыдады. Бири-бирине машташкан ириң, эми бармак басым жерди гана эмес, дененин баарын ириңге айлантмак болду. Жолунан чыккан таза кандын баарын өзүнө имерди. Жаманга шып жабышкан бу илдет да, колунда көөрү, тилинде мөөрү бардай, баарын ушул бармак басым жерге жыйнап, бу дененин тамырын түбүнөн кыркып, таптакыр эле жок кылып салса. Ушу анын оюу.

А, жоон куйрук болсо, эки нерседен коркот, биринчиси отургандан, экинчиси доктурга барып, кестирип салгандан… Жоон куйрук ээси да күн алыс дагырадай болгон жамбашын күзгүгө келип, түнкүсүн жатар алдында карап коет… Ириң да жөн жатпайт. Оорутканы аз келгенсип, барган сайын дене бойго кулачын жайып калды… Бу киши жатканда чалкасынан эмес, көмкөрөсүнөн жатып калды. Ага баары эле көмкөрөсүнөн жатып, көмкөрөсүнөн түш көрүп калгандай сезилди… Көзү көрбөсө болду, артын  ит тиштесе да кайыл. Сыздатканын айтпа. Ириң барган сайын чоңоюп баратты… «Коңулу жарашса, суур деле жолборс үркүтөт» дегендей, ириңдин азабын айтпа…

Кишини кеч кирээри менен катыны тилдеп кирет. Ириң деп эле иштин баарын токтотуп салмак болду. Аялына да табити жок. Кочкул кан бузулуп, кир кокко аралашат. Ириңдер барган сайын дене алдындагы бийликти колго алып, килтейген адамды алып тыналы деп, каршы-терши ызыгып калды. Жоон куйруктагы көк баш ириң, бармактай шүштүйүп, парсанагы мына-ана жарылчудай… Киши жумушка барса да, чооң-чоң чогулуштарда сүйлөсө да, түк отурбай трибунадан түшпөй калды. Оозунан жалындуу сөздөр түшпөй, ажыдаардай азынаганы менен, баягы көчүктөгү ириңи маал-маалы менен сыздатып кирет…

Чиновниктин жоон куйругу гана ириңдебей, көчө да ириңдеп, котологон эл аянтка толуп кетти… Күндө “Кетсин! Кетсин! Кетсин!” деген үндөр терезе алдынан угулуп, жаалы кармаган элдин кара жини кайнап турду. Көчөдөгү “Ириңдин көзүн тазалабаса болбойт!” деген сөздү укса эле, бу жоон куйругун ойлойт. Ириң деген сөздү укса, мунун денеси титиреп кетет.

Бүгүн да эл кара тумандай үйүлдү.

Терезеден караса, тим эле кара таандай быкпыраган эл. Айрымдары темир тосмодон ашып түшө баштады. Эл темир тосмого уйгактай жармашты. Ушинтип турганда тосмонун темир дарбазасы ачылып кетти… Калдайган караан селдей агылып, ичкери кире баштады. Жүрөгүнө суу сепкендей чочуду. Коридорго чыгып,”Кирип келишти!”деп айтайын десе бир жан жок. Баары качып кетиптир. Жогорку кабаттагылар да бири калбай качып кетиптир. Качканда да жөн качпай, вертолет менен качыпыптыр… Сороюп эле өзү калганбы, лам деген киши жок.

Бу деле качып кетейин деген. Басса эле жоон куйругу оорутат. Басайын дейт, баса албайт, качайын дейт кача албайт. Айласы куруду. Эмнеси болсо да ичкериден эшигин бекетип, демин чыгарбай жашынып калмак болду. Селдей кара таан булар турган кабатка чагылгандай атырылып жетип келди. Дуулдаган үндөр. “Тарс”, “Тарс” тебилген эшиктер. Мунун эшигине да жетип калды. Ошо тушка келген биртоп, шукшурулуп өйдөкү кабатка атырылды.

Аны бир кудай сактагандай болду. Ичинен менин бөлмөмө кирбесе экен деп тобо келтирет. Бир маалда дагы бир чоң топтун үнү угулду. Кайрадан тарса-турс эткен үндөр жакындап келатты. Аңгыча болбой эле эшиги “тарс” тебилип, ондой жулкунган немелер, көздөрүнөн чаары учуп кирип келди. Ал эмне кыларын билбей дубалга жабыша түштү. Жүзүндө зили кайнаган биринчи киши аны моюндан алды. Аны ушунчалык каттуу кысты эле… аба жетпей энтигип кетти. Дубалга жабышкан немени катуу жулка тартканда, бирөө артынан келиштире так эле ириңдеген жерге талыштыра тепти. Бут жоон куйрукка тийди… Көзүнөн от атып кетти. Уюлгуган ириң бырс эле жарылгандай болду. Дагы тепти… тепкен сайын ириңи атылып жатты… Как эле каканактаган ириңге тепти…  дагы бир ирет. “Көчүгүңөн ириңиңи да чыгара тебейинби!” деди бирөө. Ушу эле жетишпей жаткансып дагы бирөөсү жоон куйрук аралаш тээп калды…

Жерге жыгып алып, башын ылдый ныгырган неме айкырды.

– Сен ким мененсиң? – деди ал.

– Мен…мен… кичинекей кишимин… мен… – деп оозунан сөзү учту.

– Эл мененмин!.. Эл мененмин де! – Башын ныгыра жерге такаган неме айкырды.

– Эл мененмин! Эл менен!.. – Жан далбас кайталады ал.

Жерге сулап калган неменин үстүнөн тебелеп өтүшүп, булар да өйдө жөнөдү. Бөлмөсү жылан жалагандай тып-тынч. Жанында тытылган портрет жатат. Ал бир кыйла жатты да, өзүн жеңилдей түшкөндөй сезди. Колу менен жоон аркасын кармаса, алакан толо ириң чыкты. Кара кочкул ириң чыкты. Аны көптөн бери кыйнап келген ириң тим эле атып чыгыптыр. Эки-үч жолу жеген тепкиси да, так эле ушу тушка тийбедиби. Кыңкайып диванга көчүгүнүн жартысын басты. Колу толо ириң. Ал өйдө туруп терезенин алдына келсе, котологон эл баш кийимин өйдө ыргытып, төбөсү булоолоп турду:

– Жашасын!..  Жашасын!.. – деп кыйкырып жатты.

Эл быкпырдай кайнайт.

Ал да ичинен:

– Жашасын!.. Жашасын!.. – деп ооз учунан кайталады.

– Үхх!… – деп ириңи жарылып, өзүн кыйнаган азаптан кутулгандай сезди…

Ушунчадан бери азапка салган ириңин жара тээп чыгаргандай, ага бунун кереги бар беле?..

Дагы эле ичинен кайрыйт…

– Жашасын эл! Жашасын эл!..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *