Белгилүү драматург, киносценарист, залкар жазуучу Мурза Гапаровдун сүрөтүнө сүртүмдөр

Өң дүйнө

Дүйнөдөгү назик, ыйык, улуу нерселердин баары кыялдан жаралабы дейм. Качан болбосо ошол кол жеткис пакиза сулуулук сенин киндик кан тамган жердей, өткөн өмүрдөй, баскан жолдой сагынтып, аруу сезим, армандуу сүйүүдөй эңсетип, тазартып, жумшартып турганын айт.

Манас да кыялдан жаралган. Кудай да кыялдан жаралган. Мурза аке да… Ичимден ушинтип ойлондум.

* * *

Көз алдыма тоолордун жылга-жабыты түгөнгөн түзөңдө, жайылып-жазылып кеткен түзөңдө бедезарды этектей орногон кыштак тартылды. Кыялымда өрүкзар чүмкөгөн пастек бой тамдардын жүлүнүн аралап агып жаткан жолго түшүп алып, болгондо да Мурза акенин шабдалыдай ширин, маин, бир байлам сокмо жолуна түшүп алып өзүнө жолукканы кетип бараттым.

Акеңер алтымышка чыкты деп агып өткөн шамал, желип өткөн жел айтты. Өзүбүз жакшы көргөн акебиз деп, өзгөлөр жакшы көргөн жазуучубуз деп Көктү карадык, Жерди карадык. Карасак, өрүкзардын гүлүнө окшоп аппак болуп, Айгүл тоодон соккон бир шиңгил жол менен секин түшүп келатыпсыз.

-Мурза Гапаров! Мурза аке!- деп кыйкырып, «Асабадан» чуркап жөнөдүк. 

* * *

Телефон звандап:

— Адресиңизди айтыңыз, өзүм эле таап барам, — дегениме ынабай:

— Үкөм, мен анда шашылып кийине калып аялдамадан тосуп алайын, — деди.

Мурза аке тосуп туруптур.

* * *

Анын 60ка чыкканда араң алган үйү мончонун бет маңдайындагы эски беш кабат тамда экен.

Мурза аке көчөнүн сол тарабын бойлоп кеткен катар жапыз үйлөрдүн эшик алдындагы өрүктөрүн көрсөтүп:

— Өрүк гүлдөп кирди. Ээлери жөн эле тигип койдубу, же жемишин жейлик деген изги тилек-ойлору болдубу, анысын билбейм, бирок пайдасын азыр мен көрүп атам. Таңзаардан туруп өрүктөр менен учурашам. Өрүк гүлдөп киргени кадимкидей эс ала түштүм, — деди.

* * *

Экөөбүз шарап ичип отурдук. Мурза аке эмне тууралуу сөз кылбасын, ошол нерсени көз алдыңа так өзүндөй кылып элестетип жиберген керемети бар. Гүл жөнүндө сөз кылса, теребел гүл жыттанып жадырап кетет. Ал сүйлөгөндө ачуу нерсе да таптаттуу, ширин боло түшөт.

— Шараптан алып отуралы үкө, — деди. Биз шарап ичип, шашпай сүйлөшүп олтурдук. «Миң бир түн» жомогундагы көп азап-тозоктон кийин бактысын тапкан соодагердей сездим өзүмдү.

* * *

— Эски үйдө канча жыл жашадым. Анда Күнчыгышым болгон менен Күнбатышы жок өтүп кетемби дечү элем. Азыр экөө тең бар. Түнкүсүн туруп алып Айды издейм. Бирпастан кийин тоо артынан Ай көрүнөт жапжашыл болуп. Адегенде анын нурлары кырка тоолордун жонунда жаткан ак мөңгүгө чагылышып, тоолордун бетиндеги кара чүмбөтүн сыйрып аларды кашкайта көрсөтүп, улам ылдыйлай баштайт. Мына ушундай кереметтүү тынч түндө өмүрдүн муңдуу кайрыгы жүрөгүмдү туйлатып, өткөн менен кеткенди эстейм. Айга окшоп чыкканымды, толгонумду, эми Айга окшоп батып баратканымды эстейм. Ошол Айлуу түнү мына бул «Кусалык» деген ырды жаздым:

Түшүмдө же өңүмдө…

баратам… кайда?… белгисиз…

мунарык баскан чөлүндө.

Көлөкөң келет жарыша,

көлөкөм менен жанаша,

калың кум калат эшилип,

изиме изиң жараша…

А бирок өзүң көрүнбөй

көңүлдү басат кусалык…

Ушинтип өмүр өтөбү?

Артыман чыккан ай, күнүм

алдымда барат кызарып…

* * *

— Ыр жазган күнүңүз да болгон беле? — дедим.

— Илгери:

Карасын көздү сүйчү элем,

Сүйдүрдүң көгүш көзүңдү.

Кайгыны билбей жүрчү элем,

Кайгыга салдың өзүмдү… — деп жазсам, Байдылда жактырып калып жаштардын «Жалын» деген жыйнагына кийирип ийген. Ырдын артынан түшкөн жокмун. Арстанбап жөнүндө бир түндө балдар үчүн ыр китап жазып бүтүп «Кыргызстан пионерине» алып барсам, Камбаралы Бобулов балкылдап, шалкылдап олтуруп басып берген. Начар ыр жазсаң билинбей, көрүнбөй кала бересиң, ошо менен билинбей, көрүнбөй кала берди окшойт.

* * *

-Мурза аке, биздин адабиятчылар жазуучулар тууралуу жазса эле, «Жантөшевден таасирленген, Сыдыкбековдон үйрөнгөн…» д.у.с. деп жаза бермейи бар эмеспи. Сиз адабиятка кандай келдиңиз?

— Мен орус адабияты аркылуу келдим, үкөм. Адегенде орус классикасын үйрөндүм. Андан дүйнөлүк адабиятка өттүм. Мага Э.Хемингуэй 2-мектеп болду. Орус адабиятынан мен Тургеневден баштадым. Орус классикасы Ю.Казаков, К.Паустовский менен бүтөт.

— Шукшинчи?

— Шукшинге менин табиятым анча тартпайт. Мен кыргыз адабиятынан эч кимди үйрөнө алган жокмун. Ушул жагынан Ашым менен Кеңешти айталбайм. Экөө тең мыкты прозачыларга кирет. Кубат болсо турушу менен дүйнөлүк классикадан түшүп келген өтө оригинальный жазуучу.

— Душмандарыңыз барбы?

— Жок. Мен бирөөгө эч качан душмандык кылган жокмун. Көралбастарым бар.

* * *

— Мурза аке, Жамбыл 80 жашында Грузияга барып 18 жаштагы грузин кызына ашык болуп калган деген сөз бар?

— Петрарканын өзүм которгон бир ырын окуп берейин:

Бетимдин качып кан-сөлү

Кубарды чачым бубактай.

Бирок да сүйүү ышкысы,

Жүрөктө жаштык курактай… Бул ырды «Айгүл тоо» деген аңгемеме кийиргенмин. Ырда 68 жаштагы монах 28 жаштагы монах кызга ашык болуп калат. А монах кыз болсо, анын көзү өткөнчө ага айныбас ашык жар болуп берет.

Сүйдүм. Сүйүп бирине да жеткен жокмун. Университеттен бирөөнө ашык болуп калып, бирок мен ушунчалык уялчаак, ушунчалык гордый элем, «мен сени жакшы көрөм» деген сөздү айта албай койдум. Кийин арманымды «Төкөр кыз» деген аңгемем менен бастым. Чынында кыз төкөр эмес эле.

Сүйүүгө келгенде айылдык бойдон кала бердим. 57-жылы Бишкектемин. Бир кызга ашык болуп калып, бир күнү өбөйүн десем, ал менден: «анда үйлөнөсүңбү?» деп сурады. Ошенткенде эле өбө албай койдум. Анткени мен анда үйлөнө албайт элем да. Мен аялдуу киши эмес, жазуучу болгум келүүчү. Целинанын айлуу түндөрүндө кыздар менен көп ойнодук. Жамандык кылбай ойнодук. Азыр антпей калышпадыбы. Жамандык ойлоп алып ойношот.

* * *

— Сизге аялзаты эмнеси менен жагат?

— Күнсайын көчөдөн канчалаган аялзатын көрөбүз. Баратып да, келатып да ылгайм. Өзүмдүн жаза турган чыгармаларымдын героиналарын көз алдыма тартам, аялзатынан ошолорду издейм. Жакшыларын модель кылып алам. Мага аялдын сулуулугу эмес, «жарк» эткен «жылдызы» жагат. Сулуулуктун да жийиркенткен нерселери көп болот. Сулуулук берип, жылдызын бербей койгон кездер көп болот. Сулуулук убактылуу кубулуш, ал оңот, эскирет, өчөт, а жылдыз өмүрүң менен кошо кетет. Жылдызына эмес, сулуулугуна карап көп адамдар бактылуу болалбай атышат. Ошон үчүн «жылдызы келишпей калыптыр» деп коюшат бизде.

* * *

— Жок болуудан коркосузбу Мурза аке?

— Эгер мен өлө турган болсом, жеңил өлсөм деп ойлойм. Алам десе азыр эле даярмын. Мен таенемдин колунда өстүм. А киши намаз окуп атып: «жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп ала гөр» деп эле айта берчү. Мен да азыр ошентип ойлойм. Анан мен өлөрдө аялдын образы көз алдыма келсе дейм, ошондо колум менен өз көзүмдү өзүм жаап алып кете берет элем…

 

Түш дүйнө

— Түш көрүп аны өңүңүздө жазган учурлар болобу?

— Болот. Бир күнү түш көрсөм поездин купесинде отурупмун. А поезд тоо арасында баратыптыр… Бир маалда ал туннелге шумкуп кирип кетти. Бирок туннель жарык, аппак экен… Көрсө поезд тешкен тоонун ичинде эмес, гүлдөп турган сакураларды аралап келатыптыр… Сакуралардын шактары вагондордун үстүн чийип, ачык турган эшик-терезелерден ичкери башбагып, гүлдөрү коридор-купелерге күбүлүп атты… Бирпаста мен баш аягыма чейин аппак болуп, жаап аткан кардын алдында калгансыдым…Ошондо бул сулуулук менин жүрөгүмдү эритип, көзүмө жаш толтурду. Мен бул күтүлбөгөн кубанычымды бирөө менен бөлүшөйүн десем, жанымда жан жок… А поезд жай жылып кетпаратат… кетпаратат… а сакура-туннель такыр түгөнбөй койду… Канча убакыт өткөнүн билбейм, бир маалда карасам, маңдайыма бир жапан аял олтуруп калыптыр… Кийгени кооз кимоно. Ал дагы ак гүлгө көмүлүп, жүзү араң эле көрүнөт… аял абдан сулуу экен. Ал мага жапанча жылмайып жапанча ийилип койду. Мен да ага ошентип жооп бердим… Анан аял: «Тикамацусан, сиз дагы Киотого баратасызбы?» деп сурап калды. «Ооба, кимако-сан, мен Киотого баратам» дедим… Карасаң, экөөбүздүн тааныш чыгып калганыбызды?…

— Эмне унчукпай калдыңыз?.. Андан ары айтпайсызбы? Ортоңузда бирдеме болдубу анан?

— Жок.

— Ишенбейм Мурза аке? Ошондой периштени кантип колдон «тирүү» чыгардыңыз?

— Мүмкүн, болсо болуп кетмек. Анын үстүнө поездде экөөбүздөн бөлөк жан киши жок эле да, бирок ойготуп ийишпедиби?

— Кимдер?

— Каргалар… Тукумуң кургурлар, куду кулагыма келип куркулдашат…

— Ка-ап!..

* * *

— Мурза аке, жанагы айткан түшүңүз чын эле түшпү же жаңы жазып аткан пьесабы?

— Түш… көптөн бери кирет… Бир эле түштүн кайта, кайта киргенин уктуң беле? Бирок азыр аны пьесага айлантып атам… Мынабу тозоку турмуштан качкым келет… Узак, узак жактарга…

— Анан неге Ноокатты же Арстанбапты эмес, Киотону тандадыңыз?

— Киото – жапандардын байыркы маданий борбору. Эки жолу ошондой болду. Кийин «Эда» деген жерге көчүрүлүп кетип, ал азыр Токио делип калган.

— Себеби эле ушулбу?

— Жок. Андай эмес. Адамдар өлүп, кайра туулуп турат турбайбы. Бирок ар жолу ар башка адам болуп… а кээде ит болуп… куш болуп… Мисалы, мен мурдагы турмушумда жапан болсом керек. Киотодо жашасам керек. Эки кылым илгери Киотодо Мукай Көрай деген атактуу акын жашаган. Мен ошол улуу адамдын тукуму болсом керек. Анын мындай деген ыры бар:

«Бул эмнеси достор?

Адам гүлдөгөн сакураны карап турат…

А белинде узун кылыч бар…»

Анан менин Айдайым айтат:

— Ананайыным… Мен жапан аял болуп калсамчы, Жапанияда жашасамчы… Сени ушул кыргыздарга кор кылбай, эски ата-журтуңа алып кетпейт белем, — деп.

* * *

— Мурза аке, пьесадагы сиздин каарманыңыз: — «Бул эмне деген турмуш… Жүзү курусун ушул турмуштун… Жүзүн көргүм келбейт… Күнү-түнү тереземди жаап, пардасын тартып отурам. Кээде аскада туруп… жерге түшкүм келбей кетет…» — дейт. Сиз буга макулсузбу?

— Пьесадагы каарман менмин.

— Жашаш керек ко Мурза аке?

— А кантип? Улунуп-жулунупбу? Мен андай жашаганды билбейм.

— Биз баарыбыз окшош экенбиз.

* * *

…Мен Мурза акени көрдүм. Жалындаган жаш кезин көрдүм. «Кырды өрдөп кетип баратыптыр. Кыр келип-келип кызыл ала тоого такалды. Тоонун бетин ирик-ирик дарактар, бадалдар каптаган. Тоонун чокусунан чыңк ылдый коюу шактардын арасынан чагылгандай жарк-журк чагылыша калып аппапак шаркыратма сойлоп түшүп жатат. Ылдый жакта, шаркыратманын тушунда, там турат. Там жарбоор жерге салыныптыр, аны эки кабат десе да болчудай, үстүндөгү жалгыз бөлмөдө киши жашайт көрүнөт: бөлмөнүн оозунда түркүктүү кичинекей пашайван бар, түркүктөрдүн бирөөндө эски кыргыз мылтык, экинчисинде чоң капкан илинүү турат: астыңкы кабаттын дубалдары жок, анын бир жагын кетмен менен тегиз кыркылган жар тосуп, калган жактары аңгырап ачык. Анын үстүнкү кабатын болсо, жоон-жоон төрт түркүк гана көтөрүп турат, а эчкилердин бирөөн карыган кемпир саап отурат. Мурза өзүнүн түшүнө кирген эчкилерди жана аларды айдап бараткан кемпирди тааныды.

— Чоң эне! — деди ал жакын келип.

Кемпир аны көрүп, колундагы жыгач кесе менен өйдө болду.

— Энең сенден айлансын, — деди Мурзаны кучагына кысып.

— Мен биротоло сизге келдим, — деди Мурза.

* * *

…Мен Мурза акени көрдүм. Айнектен анын аппапак чачы агыш терезе парданын фонунда кадимкидей бөлүнүп көрүнүп атты. Айнекти карап туруптур. Анын саргыч нурларын ошол беш кабат тамдын ичинен таанышын тапкандай, муңайып, жылмайып, өрүлүп, төгүлүп түз эле Мурза акени көздөй түшүп келаткандай. Ошол түнү ал Ай нурунан алган мындай ырды жаратты. Ыр арман экен.

Жаз түнү тийген

жаш айдай

жаштыгым өттү…

Алкынып аккан

дарыям акпай,

коломтом өчтү.

Ак кыроо басып

башымды эми,

ааламга батпайт,

арманым теңи.

Өзөгүм кургап

какшыган сайдай,

өмүрүм калды

атпаган таңдай…

* * *

Ушул түнү мен түш көрдүм. Гүлдөгөн сакуралар түшүмө кирди. Анан поезд. Жөнөгөн атышыптыр.

— Тикамацу-сан, сиз дагы Киотого барасызбы? — деди кимоночон сулуу келин.

— Ооба, Кимако-сан, мен Киотого барам, — деди Мурза аке.

— Келиңизчи, жолду ката Киотону кеп кылып баралы? — деди келин.

Мурза аке толкунданып кетти. Анан кыялданып: Киотонун байыркы монастыларын… Император жашаган сарайларын… тизилген бактарын… Каада менен чай ичкен чайканаларын… Аттап басчу таш жолдорун… Туманда күйгөн ташпаналарын… Кереметтүү гейшаларын кеп кылып атышты.

— О, гейшалар!.. Мен силер жашаган көчөлөрдө өмүр бою адашаар элем, — деди Мурза аке.

— Анда сиз жаш да, мас да болушуңуз керек, — деди келин.

— Мен жаш болуп кайра жаралам, сиз болсо Киотонун эң сулуу, эң жылдыздуу ханышасы болосуз. Эркектердин баары сизди гана эңсешет, — деди Мурза аке.

— А мен сизди… — деди келин. — Ар түнү таң атканча алдыңызда отуруп, саке куюп берип, сямисенде күү чертип, ырдап, бийлеп, чериңизди жазам. Анан Айдын жарыгында булакка киринебиз…

— Жыпжылаңач болуп алып… Сиздин көкүрөгүңүздөгү кара көпөлөккө окшош кара меңиңизди өбөм…

— Ал көпөлөк эч жакка учуп кете элек, кимоночон келин сакуранын гүлдөрүн кумарлана искеп…

Аңгыча поезд ордунан козголуп, сакуралардын ак шайы туннелине шумкуп кирип баратты. Мурза аке, сиз кандай бактылуу элеңиз. Анткени буга чейин биздин кыргыздардан Киотого эч ким кетелек эмеспи, сиз гана биринчи болуп баратасыз…

Шайлообек Дүйшеев,

«Асаба», 1996-жыл, №16, 26-апрель, 6-б.

(«Сулулууктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» деген Абдыкерим Муратов түзгөн китептен алынды).

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *