“Өрнөктүү адам жумшаган мээнет суу менен абага сиңип кетпейт, элге сиңет”.
Мо-Цзы

Узак жыл бою ийиндеш жөлөк, үзөңгү кагыш бирге жүргөн адамдар көп. Алардын арасынан Кыялбек Урманбетовду мен адабияттын астанасын аттаган жылдардан эле тааныдым. Тааныганда да чыгармачылыгы, кулк-мүнөзү, үйбүлөсү, айлана-чөйрөсүндөгү кадырлаштары, алака мамилелеш өнөрпоз достору ким – баары менен тааныштыгым бар. Жаш курагыбыз тең болбогону менен жан курдаштайбыз. Кыялбек байкенин адабияттан чарк айланып алыс кеталбаганы мага да абыдан таасирдүү “азгырык” болду. Анын пайдалуу азгырыктарын учкай сөз кыла кетейин…

Мындан жыйырма жыл мурда Чыгыш жылдыздарын которуп баштаган эмгеги эле мен үчүн өзүнчө бир адабий мектеп. Анда композитор Турдубек Чокиев үчөөбүз “Кербез” музыкалык гезитин чыгарчубуз. Күнүгө гезит түйшүгү менен кыйсыпыр болуп биз жүгүрүп жүрөбүз, а Кыялбек байкебиздин чыгармачылык “толгоосу” так ошондойдо башталат. Кычагансып ыр жазат. Кайсы күнү гезитти типографияга алпарыш керектигин баш редактор күн мурунтан какшайт. Муну уккан Кыялбек байке эртеден-кечке үстөлдөн баш көтөрбөй иштеп отургансыйт… “Ап бали… буюрса ырын токтотуп, өзүнө жүктөлгөн материалды жазып отурган экен” дейсиң. Анан эле гезитти басмаканага жөнөтөргө келгенде “кана” десең, “ана…” деп алдыңа: Омар Хайям, Рудаки, Саади, Фирдоуси, Руми, Жами… ии-й койчу… гезитке кереги жок чыгыш жылдыздарын жерге түшүргөнүн, кыргызга чыгыш жылдыздарынын жарыгын чачкысы келгенин айтканда,– күйөсүң да эй! Кыргыздын сөз берметтерин иргеп, чыгыштын улуу акындарын эне тилибизде шаңшыткан кандай укмуш экенин айтып түгөтө албай жаныбызды кашайтчу. Ордубуздан тегеренип-тегеренип, түтөп кетчүбүз анысына…

Биздин шаштыбыз кетип атса, ал камаарабайт десең. Ага гезиттин иши өрттөнмөктөн, жер астын-үстүн аңтарылып кетсе да барыбир эле. Анысы аз келгенсип, “могуну уксаң” деп бир куплет рубаи окуйт, “о-уу…” деп оозуң жаңы эле жабылганда “эми ушунун эле экинчи варианты…” деп дагы окуй берет, окуй берет… Кыйын болсоң токтотуп көр. А кээде бир эле куплет рубаинин3-4-варианттагы котормосун окуйт. Ошентип отуруп, ал күн да өтүп кетет. Редакцияда түнү менен калып иштейбиз! Бир кишинин азабынан!

Эртеси да ошол: Урманбетов баш көтөрбөй иштеп отургансып, санааңды тынчытып коёт. Чокиев болсо гезит өз убагында типографияга тапшырылбай калганы үчүн штраф төлөп келет…

Кашайып бирок ал күнү да же бир композитору, же бир обончусу Кыялбек байкени айланчыктап, акелеп-жакелеп отуруп ыр жаздырмайын кетпейт. Ошону менен гезит кийинки жумага жылып калган далай күндү өткөргөнбүз. Кээде 3-4 күндөп редакцияда түнөгөн күндөрүбүз болгон. Бирок так ошондой күндөрдө Кыялбек байкенин бир сапаты мени чыгармачылыктан пайда издебегенге, адабиятка ызаат мамиле кылганга, териңди тыпылдатып тамызган мээнеткечтикке, өжөрлүккө, түн күзөтүп адабияттын малайы болгонго үйрөттү. Кыялбек байкебиз чыгыш жылдыздарын которуп жүргөн мезгилден тарта ырдын таасирдүү жазылган сабы бир куплет ырдын кай жерине келиши керектигин ошондон баштап тымызын өздөштүрдүм десем болот.

Котормочулук өнөрдүн ырахатын айтып түгөтө албаган Кыялбек байкенин таасири мен үчүн өзүнчө бир адабий мектепке айланды. Себеби узак жылдар бою чыгыштын улуу акындарынын чыгармачылыгы менен алпурушкан кишинин котормочулуктагы зергерчилиги түрткү бербей коёбу. Өрнөктүү адабияттын үлгүсү кандай болорун К.Урманбетовдун чыгыш акындарын кыргызчага оодарган эмгегинен тааныдым. Ал эми чыгармачылыктан пайда издебегенди Кыялбек байкеден үйрөндүм дегенимдин себеби – ага чыгыш акындарын которууну же балдар үчүн чыгарма жазууну мамлекет да, адабиятка күйгөн бирөө-жарымы да заказ кылган эмес. Бирок ал узак жылдар бою котормо менен алышты, акыбетине эчким эчнерсе берген жок. Арийне ошол эмгегинин баары эртеңки кыргыз адабиятынын казынасы эмей эмине…

Өзгөчө Турдубек Чокиев, Гүлмира Эсенгулова, Кыялбек Урманбетовдун “Бала кербез” аттуу китепке жумшаган эмгеги үчүн азыр ким бирөө тоодой алтын менен акы төлөп берсе да аталган китептин кунунчалык мээнетти кыргызга эчким жасай элек. Айрыкча балдар дүйнөсүн унуткан биздин коомчулукта. Мына ушул эмгекке Кыялбек байкече күч үрөгөн адам жок. Китептеги айрым сүрөттөр да ушул кишинин калемине таандык экенин көбү билбейт дагы. Анткен менен бүгүнкү күнү “Бала кербез” кыргыз тилдүү мектептерде гана эмес, орус тилдүү мектептерде да музыкалык предмет катары колдонулуп жүргөнүн көрүп, көрсө “өрнөктүү адам жумшаган мээнет суу менен абага сиңип кетпей, элге сиңип” кетерине ынанат экенсиң. Өрнөктүү эмгек калтырууга шыктанат экенсиң…

Ал эми обондуу ырларга текст жазганына келсек, ал да өзүнчө “хохма”. Ырчы-чоорчулардын талабын канаттандырыш үчүн Кыялбек байкеникиндей “апендичиликти” кыргыздын бир дагы акынынан көрө элекмин. Өзүнүн эчбир музыкалык жөндөмү жогун билип, нота үйрөнүп алган. Бирок аны үйрөнүп алганы менен ырдаса үнү эки нотанын (өзү айтмакчы – между нотами) ортосунда “адашып” кетет. Үйүндө пианиносу менен гитарасы бар, ошолордун жардамы менен кыңылдап отуруп канчалаган керемет обондорду обого көкөлөтөр чыгармаларды жаратты. Бу жагынан Шайлообек Дүйшеевдин “кыргыздардын ичинен обондуу ырлардын “жүрөгүнө” эң биринчи операция жасаган акын К.Урманбетов” дегенинчелик эле бар…

Эмесе төмөндө Кыялбек байкебиздин котормосундагы Чыгыштын улуу акыны Алишер Навоинин рубаилеринен сунуштайбыз.

Олжобай ШАКИР

7Жашоо үчүн ханга кызмат кылдыкпы,
Сокур болуп, дүлөй болуп тындыкпы.
Бирок ошол тагдыр кандай кылмыштуу,
Тилиң туруп айталбасаң чындыкты.

*  *  *

Зөөкүр канга болсоң эгер табакташ –
Болгондугуң дөбөт менен жамаатташ
Дөдөйлөргө сырың айтсаң ишенип –
Конгондугуң эшектерге канатташ.

*  *  *

Бүтмөйүнчө өзүмчүлүк жандагы,
Бүтмөйүнчө бийлик, мансап жаңжалы,
Бүтмөйүнчө кара күчтөр шарданы,
Бүпөйт элдин кайгы-муңу, арманы.

*  *  *

Каптап келген кайгы-зардын шартында
Капалыктын көшөгөсүн тартынба.
Жашоодогу жөрөлгөнү тумар тут:
Жарык күн бар кара түндүн артында.

* * *

Атак деген шаңшытса да шумкардай,
Акылыңан адаштырат, бул кандай?
Жүгүнбөй да, атак үчүн жүгүрбөй,
Жүрүш керек таажысы жок султандай.

* * *

Ажал келсе жанды сууруп колкодон,
Айтып калгын ыйманаңды ортодон.
Бирок элге карызыңды берип кет,
Кир боюнча кеткенсибей мончодон.

* * *

Бир дардаңкүү жар таштаса ойлонбой,
Караламан дүрбөп калат “ой-бойлой”:
Жер чокулап короз ураан чакырса,
Бок-сак барбы тооктор жебей койгондой?

* * *

Көңдөй элең, көңдөй бойдон турупсуң,
Кошулсаң да катарына улуктун.
Билем, билем: бийлигиңе мас болуп,
Өзгө турбай, өз атаңды унуттуң.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *