Ишенбай АБДУРАЗАКОВ: «Саясат ыплас эмес, аны саясатчылар ыплас кылат»   

 

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун анда көзү тирүү мезгил. Демдүү-күчтүү эле. Даанышман аксакалыбыз ошондо негедир каңырыгы түтөп отуруп, улуттун сапаты, мамлекет түзүмү, адамзат баалуулугу туурасында чечилип сүйлөп берген. Бул маек 2009-жылы алынган. Анда да так бүгүнкү күндөгүдөй саясый кризис басып турган маал эле…

Ишенбай авабыздын ошондо айткандары күнү бүгүнкүдөй эскирбептир! Керээттүү кеп салган экен ыраматылык…

«Аят-пресс» гезити (21-май, 2009-ж.) 

— Асмандагы күнгө караганда жертөлөдөгү шам өзүн-өзү укмуш санагандай, кыргыз да өзүн укмуш деген эл экенбиз. Досуңуз Салижан Жигитов көзү барында кыргызды жеберине жеткирип тилдеген да, сындаган да киши эле. Сиз да ошол кишинин деңгээлиндеги элибиздин эстүү, ардактуу аксакалы катары ачуу сөзүңүз болсо угалы деп келдим. Бирок табиятыңыздагы дипломаттык жумшак мамилеңиз менен эмес, жан ачыткан ойлоруңузду айтсаңыз жакшы болор эле…

— Чоң нерсе күтүп турат окшойсуң, Олжоке, дароо эле демиңди суутуп коеюн. Дегеним – калемпир сөздөрдү тапанчадай айта билген Салижан өзгөчө инсан эмес беле. Ал бекеринен бир немени жебирей берчү эмес, айткандарынын баары болбосо да көбү таразага тартылган ойлордун жыйынтыгы болчу. Угаар кулак болсо ошону угат эле да. Айрымдар сөз төркүнүн дароо сезип, үн кошуп, ойлонуп, дагы тереңирээк түшүнгүсү келсе, айрым кемпайлардын акыл-парасаты ага жетпеди. Ал эмес аны «эл душманы» кылгысы келгендер да чыкпадыбы. Сакемдин сөздөрү күйүттөн чыккан кайрыктар эле да. Элин чын дилинен сүйгөн адам гана «күйдүм чок» болот.

— «Кыргыз интеллигенциясынын көзү кежигесинде» дегенине айрыкча чычалашты го…

— Билими жетиштүүлөр «калети жок сөз» десе, көпчүлүгү чын эле жиндеди. Карама-каршы келген бул эки реакциянын да себеби бар. Бүгүнкүдөй өткөөл мезгилде, эл өз тагдырына эгедер болгондо, келечек жол тандоо маселеси чыгат. Ошондон улам «олуялар» да көбөйөт. Адамзат коомунун өнүгүп өзгөрүүсүндөгү жалпы агымды эске албай туруп, 5-6 китеп окуп алып эле өзүнчө билармандар чыгат. Алар элибиз өнүккөн элдердин тажрыйбасынан бизге ылайыктуу жактарын алып, биз да бакубат, маданияттуу, рухий өзөктүү эл болуш үчүн алга карайлы дегендин ордуна, келечекти өткөн замандан издей баштады. Тарыхтын агымы аккан суудай эмеспи. Же дарыя тескери агат дегенди уктуң беле? Ошондойлорду угуп, көрүп, талашып жүрүп, айласы кеткенде айткан да, кайран Сакем.

— Өткөн заманда кыз-жигиттер селкинчек тээп, акчөлмөк ойноп, айыл кыдырып кымыз ичип, эт жеп, акча-тыйынга зар болбой, оюн-күлкү менен жашашкан экен. Араздашкандарды аксакалдар элдештирип, кыскасы, артыкчылыгы көп эле дешет өткөндү көксөгөндөр.

— Арбир доордун өзүнчө өзгөчөлүгү бар да. Адамга мүнөздүү бир сапат бар: бүгүнкү күндүн түркүн түйшүктөрүнөн чаалыгып, көп нерседен көңүлү калып жүрүп көп адам же келечегине үмүт артып, же «алтын доор» өткөн заманда болгон экен дегендей арман-кусалыкка чөмүлгөндөр көп болот. Бул – психологиялык момент, рефлексия. Патриархалдык коомдогу натуралдык чарба шартында турмуш жөнөкөйрөөк болгону чын. Акча-тыйындын азыркыдай баасы болгон эмес, ал аз, кээде жок болсо да турмуш өтө берген. Көчмөн элдер малдын көзүн карачу, сүт, эт, май болсо тирилик өтө берчү. Тоют жыйнап да кыйналбай, жайыттагы чөптү анча-мынча жыйнап алып, жайкысын ээн жайлоого көчүп жүрө берчү. Отурукташып, дыйканчылык кылып, соодага аралашкан эл (сарттар) жан багыш үчүн көбүрөөк иштөөгө мажбур болгон. Аларды кетмен, соко, балка ж.б. куралдар баккан. Айырмасы бар да. Өсүмдүк менен жан баккан кытайлар жери жетишпегендиктен жашаган кепесинин үстүнө да бирнерсе эккенге аракет кылган. Андай элдер эзелтен эмгекке бышкан, ансыз алар ачкадан өлүп калчу. Көчмөн турмушта адам бекерпоздукка көнүп алган. Ошондуктан «жамбаштап жаткан сонун да». Мындай турмушта гедонизм инстикти күчтүү болот. «Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин» өңдүү турмуштук түшүнүктөр да бекеринен чыккан эмес. Азыркы жаштар муну «жыргализм» идеологиясы деп ирония менен күлүп коюшат. Мейли дейли, чын эле жыргал керемет, идеал болсун. Бирок аттиң-ай, ал заман өттү да кетти.

— Интеллигенциябыздын айрым өкүлдөрү элибизди көкөлөтө мактап, байыркыбыз, улуубуз, таланттуубуз дегенди көп айтат. Сиз чет жактарда көп жүрүп келген адамсыз, деги биз сырттан кандай көрүнөбүз?

— Менимче, арбир эл чүнчүбөй, кемтик комплексине илинбей, өз элине сыймык менен мамиле кылганы жакшы. Себеби, тагдырдын амири экен, ушул элдин перзенти болуп төрөлдүк. Элибиз өргө чаап, башкалардан кем болбосо экен деп тилейбиз, анүчүн күйүп-бышабыз, колдон келишинче анын абрюна салым кошууга умтулабыз. Ошентсе да биз элибиздин тагдырына, бүгүнкү абалына сергек сезим, тунук акыл менен мамиле кылганыбыз оң. Сыртка чыгаарда кээде күзгүгө карайсыңбы, бир жеримден элге күлкү болбоюн деп? Элге деле ошондой караш керек. Байыркы экенибиз чын. Бирок калган эл кечээ асмандан түшүппү? Эзелтен аркайсы эл аралашып, кан жаңыртып, кээде башка элди сиңирип же өздөрү сиңип жүрүп өзгөрүлүп турган. Кээде тилин сактап, кээде унутуп дегендей. Ошого жараша жаш же байыркы эл деп коюшат да. Башка көп элден айырмаланып биздин 2200 жыл мурдагы атыбыз сакталып калыптыр. Тагдырдын тамашасын кара, аны биз кытайдын хроникасынан билдик. Кытайлар өз тилинин фонетикасына жараша булдурттап так эмесирээк жазып калтырган экен. Бир кезде жазуубуз болгон экен, не бир себептер менен аны унутуп коюппуз. Ошондон улам тарыхыбызды башкалар жазып калтырган жазма булактардан биле баштадык. Алигиче толук биле да элекпиз. Элибиздин тарыхы да, рух казынасы да муундан муунга оозеки уланып келиптир. Ошондон улам зор эпостор жаралган, анысына да шүгүрчүлүк.
Эми улуулук жөнүндө оюмду айтайын. Менимче, эл деген көп сандуу, орто же аз сандуу болуп эле шарттуу бөлүнөт. Ошол элдерден кээде санына карабастан, генийлер, улуу инсандар чыгат. Ошондой адамдарга бай, саны арбын, маданияты жогору элди шарттуу түрдө сылыктык кылып улуу эл деп коет. Бирок өзүн өзү улуу дегендер да бар. Менимче, ал башка кеп. Биздин элден да таланттуулар көп чыккан, азыр да уучубуз куру эмес. Бирок адамдын сайсөөгүн сыздаткан өкүнүч бул – ошол элибиз жараткан генийлер, таланттуулар бизге белгисиз болуп, из калтыра албай кете беришкен турбайбы. Башкасын айтпаганда да Сагымбай менен Саякбай чылк гений эмей эмине? Совет бийлигине алкыш, эгер алардын айткандары жазылбай калса, өздөрү менен кошо кетет эле да. Ошондо азыркы сыймыктанып жүргөн «Манасыбыз» кандай шекилде калат эле? Мааниси кем, катардагы эпостордун бири болуп калат эле да. Демек, улуулук, талант деген конкреттүү болуш керек.

— Баатырлык сапатыбызды да мактай кетпейсизби…

— Чымчып сүйлөгөн жагың башбагып келатат ээ? Кайсы өңүттөн карасаң деле баары келип эл тарыхына, өткөн замандагы жашоо шартына такалат. Бабаларыбыз көрбөгөндү көрүп, башка көп эл менен кагылышып жүрүп өзүн сактап калган. Ошол кыйын заманда найза сайган, кылыч чапкан адамдын баркы көтөрүлгөн. Алар чыныгы баатырлар. Мисалы, Манас, кан Кошой, Эртабылды ж.б. Кийинчерээк жылкы тийип келгендер деле баатыр атка коно баштады. Баатырдын баркы тайыздап кетти. Бүгүн баатыр деп кимди айтышыбыз керек? Ойлоно турган маселе.

— Бизде баатырдын эмес, Манастын маанисин деле башкача түшүнүп жүрөт окшойбуз.

— Мунуңа кошулам. Манас — биз демейде ойлогондон терең, кенен түшүнүк. Мисалы, эпостогу сюжет албетте, тарыхтын, болгон окуялардын көлөкөсү. Ошону менен бирге анда элдин көксөгөн максаты, тилеги, арманы, чыныгы инсандык сапаттар жөнүндөгү туюмдары чагылдырылган. Экинчи жагынан карасаң, бир нерсени аңдайсың. Манас кырк чорону, б.а. кырк урууну бириктирип, курамадан эл кылганда кыргызга оомат келип, зоболосу көтөрүлүп, башкаларга айбат кылып, өзүн коргоп, туусун жогору көтөрө баштаган. Бул мезгил кыргыз элинин триумфу салтанаты. Манас акылман жетекчиликтин да үлгүсү. Аркайсы урууну бириктирген. Каныкей энебиз аялзаттын идеалы, бардык жагы төп келген, чырайы менен акылы шайкеш. Кан аралашканда эл да жашарат, жаңыланат. Байкасаң, Каныкей Бухарадан, Айчүрөк Үргөнчүдөн. Бул да бекеринен эмес. Дагы бир жагына көңүл буруш керек: адилеттик издеп, жер кезип жүргөн Алмамбетке энесинин эмчегин эмизип биртууган кылып, анын айлакер сапатын колдонуп, көзүнүн тирүүсүндө тили буруу деп бөлбөй, канатына калкалап жүргөнү анын күчүнө күч кошкон. Кыргызчылык кылып аны жеригендер, тескерисинче, ошол күчтү бошоңдоткон. Манастын көзү өткөн соң кыргыздан да оомат кеткен. Себеби «кулаалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган» Манастын ишин ичинен иритип, Абыке-Көбөштөр элди чагымдык менен бөлүп-жарган. Кулаалы жерине, курама элине кетип, ырк бузулган. Ошондон кийин кыргыздын трагедиясы башталат. Уруучулдук, жерчилдик инстинкт тамырын таратат. Бүгүн биз ошол оорудан айыга элекпиз. Эмгиче улут болуп уюп кеталбай жүрөбүз. Эгемендүү болдук деп күпүлдөгөнүбүз менен мамлекетибиздин пайдубалына катылган «жарылуучу бомба» так ошол уруучулдук экени элибиздин аң-сезимине сиңелек. Улут деп эки мааниде ойлонуу керек. Биринчиси, кыргыздын өзү. Экинчиси, көп улуттуу мамлекет болгонубуз үчүн бизде жашап, укугу да, милдети да бирдей, ушул жерди мекенибиз деп эсептеп, ошонун ысыгына күйүп, суугуна тоңгондордун баары биригип келип Кыргызстан улутун түзөт. Бүгүн болбосо да эртең. Мына, Манастын идеясы өзү эле оболоп, бизди айланып жүрөт.

— Жогоруда баатыр деген түшүнүк жөнүндө жакшы чечмелеп бердиңиз, бирок бизде бүгүн калыс сөз айтып баатыр болгондор чыкса жакшы болбойт беле!

— Кеп калыс сүйлөгөндө эле эмес, муну терең көтөрүш үчүн илимий көзкараш керек. Тар алкактан айтылса, ой чолок болуп, тийиштүү жыйынтык чыкпай калат. Жалпы элдин билим деңгээлин көтөрмөйүнчө 2-3 китеп окуп алып эле өзүнчө «аалым» болуп, аргументсиз талаша бергендер көп. Интеллектуалдык, идеологиялык жактан биз азыр эт менен челдин ортосунда турабыз. Мурдагы анча-мынча болгон баалуулугубуздан четинен кол жууй баштадык. Дүйнөлүк эң мыкты деген жаңы баалуулуктарга жетүүгө аракет кылбай атабыз. Баалуулукка жетүү деген сөздү көбүртө берүү эмес, ал — акылга, билимге, кесипчиликке умтулган мээнетчилдик. Адам ошентип баралына келет. Биз жоктон барды, аздан көптү жаратуу максатын алдыга коймоюн, эл катары алга жылалбайбыз. Адам обу жок кыйынсынып, өзүн өзү курулай мактай бергени жакшы сапат эмес. Адам өзүн сырттан карамайын өзүнө-өзү кыйын туюла берет. Ал качан башкаларга өзүн салыштырганда гана кемчилигин сезет. Мен муну жеке адамга карата айтканым. Ал эми коомго карата айта турган болсок, азыркыдай өткөөл мезгилде өлкөнү жаңы жолго, жаңы бурулушка салабыз десек, өлкө башкарабыз дегендер адамзат курган коомдун жалаң жакшы жактарын өздөштүрүп үлгү кылышы керек. Улут, мамлекет тагдырын ойлогон санаалаштар (единомышленниктер) биригип алып бийик максатка чогуу жетели, бирок кыймылдын ичинде баарыбызды жетелеп кете турган кимибиз бар, баарыбыз эле дуруспуз, ошентсе да милдетти бирөөбүзгө жүктөйлү деген чечимге келиши керек. А бизде кандай? Ар кимиси кыйын, бары эл башкарууга даяр. Бирөө бирөөнө жол берейин дебейт. Лидер деген түбөлүк эмес. Ал эл үчүн жанын аябай өз мөөнөтүндө кызматын кылгандан кийин чекеге чыгып калчу эле адам болушу керек. Эгер лидер өз көмөчүнө күл тартпай, калыс иштеп берсе, элдин алкышы менен сыйына татыса, жыйнап-терген байлык деген ошол. Лидер дегенибиз улам кийинкисине таза нуска болуп, жетекчиликтин үлгүсүн көрсөтүп, асыл мурас калтырганда гана саясый маданиятыбыз өнүгөт. Ошондо гана дүйнөнүн алдыңкы элдерин бучкактан алып жарышка түшкөн улут болобуз. Албетте, бийлик үчүн күрөш болбой койбойт, бирок ал күрөш өзүнүн жеке мансабы үчүн эмес, өлкөнүн өркүндөшү үчүн туура жол таап, ошону ишке ашыруу үчүн күрөш болушу керек. А бизде бул касиеттер жокко эсе.
Барынын эле «мен бийликке келсем жакшы иштеп берем» дегенден башка кеби жок. Кантип жакшы иштеп берет? «Мен калыс болом, элден эч нерсемди аянбайм» деген да кеппи?! Ошентип каргангандар бийликке келгенин деле көрүп атпайбызбы. Бул эми бара-бара ушинтип көнүмүшкө айланат. Мунун эң жаман жери – элдин моралдык соолугуна чоң зыянын тийгизет.

— Моралдык денсоолук жөнүндө жакшы айттыңыз.

— Моралдык соолук деп эле айталычы ушуну. Кыргыз тилине соолук деген сөз такыр эле кирбей койду. Денсоолук деген дененин соолугу. Соолук деген соолук, рухий, моралдык жагын да камтыйт.

— Биздин коом жалган ураан, карандай калпка көмүлүп жашап атат. Чындыкты чагылдырган ММК дээрлик жоюлду. А чындыкты сүйлөгөндөр саясый кысымга алынганын көрүп атабыз. Мындай коомдун тагдыры эмне болушу мүмкүн?

— Жалындап күйгөн жүрөгү бар адамдар чындыкты айталбаса кысылып, жинди (сумасшедший) боло баштайт. Мындай мисалдар дүйнө адабиятында өтө көп. Ар жагында угуту күчтүү адамдар оозу жап болгон кезде эч качан соо калбайт. Чындык — адамга дем берген бирден бир чоң күч. Чындыкка жетпеген адам эрки канчалык бекем болсо да акыры майышат. Биздин коом ага жетпеши керек. Азыр «чындыкты сүйлөсөм, эртең бирөө башымды жарып кетпейт» деп эч ким айталбай турган кырдаалга туш келдик. Бул өтө кооптуу көрүнүш.

— Менимче, жаратылыш ресурсубуздан башка таянар эч нерсебиз калбай баратат окшойт?!

— Биздин негизги таянар ресурсубуз эл болушу керек. Кудай-таала берген ресурсубуз эч кайда качып кетпейт. Биринчи кезекте элдин сапатын көтөргөндү ойлонбосок, жаратылыш ресурсуң да жардам бербейт. Эл сапаты эмнеден турат? Моралдык соолук, билим жана мээнеттен. Андыктан өлкөдө калыс башкаруу системасы менен мыйзам бийлиги орносо, коомдогу жашоого болгон ишеним ошондо жаралат.

— Бизди ошого жеткирер коомдун алдыңкы көзкараштагы абийирдүү азчылык чөйрөсү барбы?

— Жок деп айтпайм, бирок ал критикалык массага өтпөй турат. Бар болсо ушунчалыкка жетет белек? Биз болгону тескери жактарга гана көнүп, жалган ориентир алып жашап атабыз. Кылмыш дүйнөсү менен бийлик чырмалышып алды. Элдин көпчүлүгү динге сокур сезим менен кирип кетти. Ооба, дин өзү жакшы нерсе, бирок динди чала молдолордун айтканы менен ээрчигендер арбып кеткени чочулатат. Мен өзүм динчил эмесмин, ошентсе да диндин асыл жактарын колдойм. Анда коомго пайдалуу көп баалуулуктар бар. Илим-билим аркылуу чындыкка умтул, адилет бол. Ууру кылба, ушак сүйлөбө, бирөөгө жамандык кылба, жакшылык кыл өңдүү. Бирок бизде догматика жагы күчөп баратат. Бизге кереги жок жактарын үгүттөп жүрүшөт. Кеч болуп кетелекте бул жакка көңүл буруп, этиет болушубуз керек.

— Массаны кармап турганга динден өткөн асыл нерсе жок да.

— Дин, менимче, адам баласын айбанат дүйнөсүнө мүнөздүү ыплас инстинктерден куткаруу үчүн ойлонуп табылган. Эмоциялык кудурети күчтүү өзүнчө ролу бар. Рухий соолукка кошумча курал. Мектептерде, жогорку окуу жайларда болсо билим берүү деңгээли өтө төмөн. Албетте эл арасында идиректүү, билимдүү жаштар жок эмес, бирок алар мүмкүн болушунча четөлкөлөргө кетип калып атат. Ошолор кийин кайра келеби, келбейби – белгисиз. Өлкөдө жакшы шарт түзүлмөйүн келбеши да мүмкүн. Себеби бизде тапанча көтөргөндөр көбөйүп кетти. Кооптуулук күчөдү. Бизнес кылалы дегендерин кысымга алып иштетпегендер чекеден чыгат. Иштеп бираз ийгиликке жетишсең, тапканыңдын жарым үлүшүн тооругандар көп үчүн мекенине кайткылары келбейт. Коррупционерлер менен жанжөкөр болуп гана жандарын багышы мүмкүн. Четте жүргөндөр он жолу патриот болгон күндө да, келгенден коркушат.

— Сиз мамлекеттик кызматта иштеп келген киши катары айтсаңыз, бизде кызматтык этика дегенди мамлекетке эмес, бир адамга кызмат кылуу деп түшүнгөн чиновниктер толтура. Дегеле кызматтык этика дегенди сиз кандай түшүнөсүз?

— Көбү муну туура эмес түшүнөт. Кызматтык жөндөмү начарлар жетекчисине эчкачан өз оюн айталбай тайсалдайт. Жетекчиси туура эмес көрсөтмө берсе да кыңк этпей аткара берет. Лидер болом деген адамдарда өзүнчө бир идеал болуш керек да. Куру кыял эмес, дүйнө тажрыйбасынан чыккан конкреттүү эле практика, ыкма, стратегия, тактика, принцип дегендер бар. Анысы жок адам конъюнктурщик, көзкарама, чагымчыл, оома болот.

— Принцип үчүн кызматтан кеткендер эртеси бийликтен запкы жеп атпайбы.

— Принцип үчүн кызматтан кеткендерди мен жакшы эстей албай турам. Сен билсең, эсиме салчы… Көрдүңбү, эчкимисин атай албадың. Ушул жерден бир сөздүн удулу келип калды. «Саясат ыплас» деп коюшат. Саясат деген бечара анча деле ыплас эмес, ыплас адамдар саясатты балит кылат. Бизде, бизде эле эмес, бир кейиштүү нерсе бар. Көп адамдар мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз иш кылышат, коррупцияга малынат. Бийлик менен жакшы мамиледе болсо жүрө берет. Бирок арбиринин артында «куйругу» калат. Мурдагыдай «ляппай» деп жүрө берсе кызматтан кеткенден кийин деле соо калат. Кокус, кызматтан кеткен соң бийлик менен кармашам дегендердин баягы куйруктары капканга түшүп калат: «Унчукпа, болбосо көрөсүң». Ошондуктан коркушат. Ачык сүйлөй албайт. Саясатка таза адам барса, ошондон принцип күтсө болот. Андайлар бар, бирок азыр капчыктын эгоизми күчөп кетпедиби. Ошонүчүн чолок акылга салып принцип үчүн эшикти тарс жаап чыгып кеткен болбойт. Эгер анчалык эле тегерегиңдеги команда менен жуурулуша албасаң, албетте принцибиңди коргоп, кызматыңды таштагандан өтөрү жок. А бизде кайсы бир байлыкты тең бөлүшө албаганы үчүн кызматынан баш тарткандар да чекеден табылат.

— Өлкөбүз ушундай кыйчалыш учурда турганда журт башкарам дегендерден жыйырмага чукул киши президенттикке талапкерлигин койду. Булардын ичинен купулуңузга толору кимиси?

— Купуялуу айтып не кыласың. Мен башка жагына таңгалдым. Президент деген кызматтын ушунчалык баркы кеткенби, айтор, «мен деле иштей алам» дегенсип чыга башташты. Астафуралла, жакаңды кармайсың. Президент деген кызмат өзүнчө бир азап да, ат көтөргүс жоопкерчиликтин жүгү бар, ага жараш үчүн акыл-парасат, терең билим, болоттой эрк болуш керек эмеспи.

— Тарыхта чынында акылы тереңдер жогорку бийликке келүүдөн качып, тескерисинче, акылы тайыздар эл башкарып келгенин дайын. Айрым гана Ли Куан Ю (Сингапур), Махатхир (Малайзия), Дэн Сяопин (Кытай) жана Ататүрк сыяктуу саналуу инсандар бийликке келип, эл ишенимин толук актаганы болбосо, бийликке көп учурда канкорлор менен зөөкүрлөр келет турбайбы…

— Ататүрк да өлкөсү эң оор акыбалда турганда башын сайып, өз өмүрүн элине толук арнап, Туркияны оор өткөөлдөн чыгарып кеткен улуу лидер. Өткөөл кезде ошондой сапат керек. Ал киши саясатка киришкени үчүн аялы менен да ажырашып кеткен. Тууган-туушкандары деле болгон эмес, болгондоруна кайыл болуп, элим деп жүрүп өмүрү өтүптүр. Ал ошонүчүн Ататүрк. Эгемендикке жеттик дейбиз, бирок анын кандай шартта келгенин терең аңдай элекпиз. Эгемендик деген өзүңө эгедер, өзүңө ээ болдуң деген сөз да. Бирок биздин улут бүгүн өзүнө өзү ээби?

— Биздин бийлик эгемендик дегенди пафоско айлантып атса, карапайым элге эмне?

— Эгемендик – өз укугу үчүн, өзүнө өзү ээ болуш үчүн күрөштөн кийин баалуулукка айланат. А биз эгемендик үчүн күрөшкөн эл эмеспиз го.

— Азыркы аракеттерибиздин эч бири күрөш эмеспи?

— Бул күрөш эмес. Совет бийлигинин тушунда эгемендүү эл болгубуз келет деп бизде бир-эки киши чыкты беле? Болгону Нурбеков деген юристибиз чыккан экен, ал кишини мен да жакшы билчү эмесмин. Ошол киши «Советтик Конституция боюнча союздук республикалар мамлекеттин курамынан чыгып кеткенге укугу бар» деген пикирди айтып койгону үчүн бечарага көрбөгөндү көргөзүп, тепкиге алышкан экен. Аны болсо Совет өкмөтүн бөлүнбөс, жарылбас катары түшүнгөндөр тескери кабылдап, укуктук эмес, саясый түшүнүктө «биздин башыбызды улуу орус эли түбөлүккө бириктирип турат» деп Нурбековду душман санашкан. Кийин анан ал киши чүнчүп жүрүп өлүптүр.

— Жүрөгүндө анык жалыны бар кыргыз ошол экен анда.

— Мен бул кишинин тагдырын алыста жүрүп уккам. Ал деле жүрөгү жалындап күрөшкө чыккан эмес. Жүрөгү жалындуулар Прибалтика, Кавказда деле чыккан. Эгемендиктин баркын, баасын мына ошолор билет. А бизде качан гана Горбачев «Кана, жаның барбы? Бирдеңке айт» дегенсип аркасынан түртө баштагандан кийин «баатыр» болуп чыгышпадыбы. Болгону Совет доорунда жалгыз Түгөлбай Сыдыкбеков лауреат, академик даражасына таянып алып кыргыз тили, кыргыз маданиятынын тагдырын айтып чыкканын билебиз. Азыр болсо ал кишини унутуп да койдук. Жадагалса тээ качан Сыдыкбековго эстелик тургузуу жөнүндө идея бар эле, биз бүгүн ошону да аткарууга жарабай отурабыз. Муну а кишинин артында калган балдары да, интеллигенция да козгогон жок. Жеке оюмда улуу инсандардын элеси, айткандары менен жасаган иштери аркылуу элдин көкүрөгүндө сакталышы керек. Сыдыкбеков эстеликке татыктуу инсан эле да.

— Бизде азыр көчөгө, айылга, мектепке орто заар бирөөлөрдүн атын ыйгаруу да өнөкөт ооруга айланды. Ал эмес ааламга таанымал Айтматовго район атын беребиз дегендер а кишини майдалап жибермей болду го?!

— Айтматовго эч нерсе ыйгарбасаң да Айтматов боюнча калат. Кыргыздын жүрөгүндө ушуга чейин кимдер калды? Баягы эле Арстанбек, Калыгул, Жеңижок, Саякбай, Сагынбайлар. Бизде көрсө кадыр-барк дегенге жасаган ориентир таптакыр башка экен.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *