imagesОлжобай ШАКИР

Аңгеме

Кантип байыса болот дейсиңби?… Жөжө багат белең? Анда ук мени… Баштан өттү да, эй. Жөжө чоңойтуп көрдүң беле? А мен чоңойтуп көрдүм. Ырчы болом дечү элем, аңгыча турмуш алтек-телтек болуп кетти. Эмне кылсам деп отуруп калдым. Али Варшахидзе, Людмила Валентиновна деген өкүл ата, өкүл энебиз бар. Келинчегим экөөбүз жаңыдан үйлөнөрүбүз менен башыма иш түшкөнүн ошолор көрдү. Батирден батирге көчүп, ишим иришпей жүргөнүнө ошолор кейип, ошолордун ичи сыйрылчу. Бир күнү Жаңы жыл келди. Жаңы жылды жаңы тилек, жаңы кадам менен башта дешти. Өзүм да жакшы ниет менен жаңы кадам, жаңы иштерди баштадым. Бирок бир эмес, эки жолу, эки эмес, үч жолу күйүп, жер муштап отуруп калдым. Жолум 2-3 жыл катар байланды.

Дагы бир Жаңы жылды өкүл ата, өкүл энемдикинде тосуп отуруп, өкүл атам экөөбүз катуу ичкен экенбиз, ошондо бизге соо кишинин башына келбеген идея келди. «Жөжө бак» деди. «Кантип? » Аламүдүн районуна караштуу Бирлик деген айылда илгеркиден калган тоок фабрика бар. Сен ошол фабрикага 5-10 миң жумуртка бастыр» деп, баардык жол-жобосун кобурады. «Ал жакта немистин колунан сатып алган там-ташым калды. Үстүңдө өз үйүң болгонго чейин сага ошол үйдү берип турайын, кирип ал» деди күүлөнүп. Көп өтпөй өкүл атамдын Васильевка деген айылдагы ошол үйүнө көчүп бардым. Үй чынында немистин колунан курулуптур. Ичи да, сырты да укмуш. Үй мончосу, короо-жайы, гаражы менен убактылуу болсо да бекер болгону – жашоомо түрткү берип, алажаздан оокатка тытынып кириштим. Ишти эрте жазда Васильевканы түрө кыдырып, бир сомдон жумуртка жыйнагандан баштадым. Орус айылы болгондуктан күнүгө үймө-үй кыдырып жумуртка жыйнарым орус кемпирлерге тез эле тарады. Бирок мен баарынын эле жумурткасын алчу эмесмин. Себеби үй жаныбарларын өстүрүүнү үйрөткөн адабияттарды кышты-кыштай окуп, жазындагы мээм ырчынын эмес, профессордун мээси болуп калган эле.

Арбир жумуртка инкубацияга жарабасын лабораториясыз, түз эле көчөдөн текшергениме орус кемпирлер мурундарын чүйрүп, күнүгө чунаңдашабыз. Аларды деле түшүнөм, аяйм. А мени ким аяйт? Анткени олчойгон акчаны карызга алгам. Чөнтөгүмдө акчанын калың экенин көргөн кемпирлер «жумурткамдын баарын алып койчу» деп жалдырайт. Жумурткадан кыр издеген киши быякта калсын, азыр ойлосом, инкубация үчүн жумуртка издегенден өткөн убаракерчиликти менчелик эчким көргөн эместир. Кемпирлердин мага кыжыры кайнагандай эле бар болчу. Элестетсең, арбир кемпир үйүнөн 20-30дан жумуртка көтөрүп чыгат, тандап отуруп, жарымын алсам алам. Себеби мага инкубацияга жарачу стандарт  формадагылары гана керек. А стандартка туура келбегендерин «албайм» деп тескери буруларым менен бечара кемпирлер, «пенсиям тигиге жетпей, буга жетпей атты эле, куру дегенде дагы 5 жумурткамды алчы» деп жалдырайт. «Жыйнай бергиле, эртең келем» деп сооротумуш болом. Кээси «мындайыңды билсем, тууп аткан тоокту ордунан тургузбайт элем» деп кейийт. А өзүм өлалбай атып бирөөгө боорумду ачытканда эмне, күнүгө кемпирлердин жалооруганын уккан – мага деле оор. Бирок аларды канчалык аябайын, өзүмдүн жашоом кемпирлердикинен да аянычтуу эле. Себеби алардын аз да болсо пенсиясы бар, короолорунда коркулдаган чочколору, анан күнүгө тууп берген тооктору бар дегендей… Меникичи?

Менин анда үйдөн үрүп чыгар итим деле жок эле да. Ылайыктуу жумуш табылбагандан колоктоп бошмун. Кылаар ишим жоктон, жүктүн түбүндө үңкүйүп отуруп алып ыр жазам. «Мунуңдан эмне» пайда дегенсип, колуктум кээде мурун чүйрүгөнсүгөнүн туям, бирок анын жарпын жазып коюш оңой эле иш болчу: көңүлүн көтөрүп, айрым жакшы жазылган ырлардан окуп берип коём. Жазган ырым курусун, сөздөн алыстап кеттим, жумурткага кайтайын. Жумуртка демекчи, жумуртканын баарыле бири-бирине опокшош болгону менен кээси жегенге эле жарабаса, инкубацияга жарабайт. Кемпирлерге эртеден-кечке ушуну түшүндүрүп куурайм. А кечинде үйгө бутумду сүйрөп келем. Буттун чарчаганы кеп эмес, дүйнөдө тил чарчабасын, тил…

Кечке кемпирлерге «лекция» окуп келген жаным, келинчегим менен кобурашып отурганга да жарабай калчумун. Эсим ооп келген жаным, тырп эле кулачумун. Үйдө кечке зеригип отурган келинчегим, үнүмдү уккусу келеби, «сүйлөсөң боло» дегенин укканда, жаным туталанат десең. Бир килейген айылды түрө кыдырып, анан үймө-үй сагаалап жумуртка издеш жеңил эмес экенин ал түшүнүп коюппу. Ошентип акыры беш миң жумуртканы айыл чоң болсо да 10-15 күндө араң жыйнадым. Беш миң жумуртканы инкубаторго бастырыш үчүн Бирлик деген коңшу айылга барып, арбир жумурткага бир сомдон төлөп, баш-аягы 10 миң сомду «оомийин» кылдым. Жыйынтыгы эмне болот, туура 21 күндөн кийин билинмей болду.

Турмушта канчалык атеист болбоюн, бирок ошол 3 жуманы кудайга жалынып жүрүп өткөрдүм го.

Келинчегиме немистин колу менен курулган татынакай үйдүн килейген 2 бөлмөсүн, ээн турган времянканы 5 миң жөжө үчүн күн мурунтан бошоттурдум. Хлор менен мизилдетип жуудурдум. 21инчи күнү фабрикага келсем, 5 миң жумуртканын 3 миңи сасыткы болгонун укканда, ордуман жинди торпоктой тегеренип, ичимен кан өтүп кетти. Себеби дароо эле 10 миң сомдун, 6 миң сомдон ашыгы күйүп кетип атпайбы. Бирок урушта туруш жок деп, 2 миңдей жөжөнү чыйпылдатып, таксиге жүктөдүм. Машинага отурарымда артыман Пак деген фабриканын башкы ветеринары «эми ушунча жөжөнү жакшы көзөмөл менен баксаң, жок дегенде миңдейи тоок болуп берет» дегенин укканда, андан бетер ындыным өчүп калды.

Чыдамсыз жол карап отурган келинчегим үйгө кошкөңүл келгенимди көрүп, «чыгашасыз киреше болбойт» деп чыйралтып койду. Мына анан алдыда теория эмес, практика турду. Жөжөнү кантип чоңойтуу керек? Эгер ушу калган 2 миң жөжөнү кырып алсам эмне болот?..

Инкубатордон жаңыдан чыккан жөжөлөрдүн түйшүгү башталды. Чыйп-чыйп деп жер жайнаган жөжөлөр жем чокуганды, суу ичкенди билбей кууратса болобу. Сиңимдүү болсун үчүн сууга бышырылган бирнече жумуртканы алакан менен ушалап, майда-майда үбөлөгөндөн кийин үстүнө буудай улпагын жука себеледим да, табактарга салып, алдыларына койдум. Бирок ошол даяр жемди чокуганды билбеген жөжөлөрдүн кээсин чокуга койгулагың келет десең. Көрсө, «тооктун мээсиндей мээси жок» дегенди мага окшоп жөжө багып, түйшүк жеген бирөө чыгарса керек ко. Булардын мээси болбойт экен. Четке бөлүнүп, кекейип жер чокубаган жөжөнү жем жегендерине аралаштыра албай эс ооду. Бир гана күрп тооктун өзүндөй алардын тилинде ишарат билдирген инстинкт колумдан келбегени болбосо, башканын баары колуман келип атты.

Дагы 3 миң жумуртка сасыткы болуп, жарабай калганы абийир болуптур. А эгер 5 миң жөжөнүн баары аман болгондо, өзүм аман калмак эмес экем. Ошончо жөжө эмес, бир эле ымыркай баланын түйшүгү канча. Ал эми 2 миң жөжөнүн азабын элестетип көр… Дегеле дүйнөдө ымыркай баладан өткөн кежир – жөжө экен. Илгеркиче сакмалдын эмчек эмбей кежеңдеген ак козулары быякта калсын. Инкубатордун жөжөлөрү кежеңдегенде, – арбиринин оозуна жемди такап чокулатканга туура келди. Анан калса бирине-бири тамчыдай окшоштугун айт. Кайсынысын азыр эле тойгузуп, колуңда кайсынысын кармап турганыңды билбейсиң. Бирок мен кайсы жөжөнүн жемсөөсү бөрсөйбөсө, ошол жем чокуй элек деген логика менен далай жөжөнүн тамак жеген-жебегенинен өйдө текшерчү болдум. Баарын тегиз тойгузгандан кийин узундугу жарым карыш кызыл түстөгү жипти алдыларына таштап коёрум менен биринин артынан бири тызылдап, кызык башталды. Мага бул идея кантип келди? Бул өзүнчө ачылыш. Бир жөжө жерде соймоңдогон сөөлжыланды таап алды эле, жөжөнүн баары анын артынан түштү да калды. Улам биринин оозунан бири жула качып атып, акыры бирөө жутуп ийгенден кийин жүгүрбөй калышты. Мен дароо келинчегиме айтып, жарым карыштап кыркылган 1-2 кызыл түстөгү жипти жөжөлөргө таштатып койдум эле, талаш кайра башталды. Ойлоп көрсөм, аларды чыбык менен айдасам да мынчалык жүгүрмөк эмес. Энесин ээрчиген жөжөлөр да бул «жетимердей» жүгүрөрүн кудай билет. Демек, жөжөлөр канча көп жүгүрсө, жегени жеңил сиңип, бут жана канат булчуңдары тез өсүп, тез чоңойгонго жардам болот деген түшүнүккө келдим. Жөжөлөргө арбир эки саат сайын жем чокуткандан кийин ортолоруна жип ыргытып коём да, эртеден-кечке анык кызыкка батып карап отурам. Ошондон баштап келинчегим экөөбүзгө кадимки көкбөрүнүн кызыгындай жанга жыргал кумар табылды. Кечке жөжөлөрдүн «көкбөрү» тартышын жыргап отуруп көрөбүз.

Бир курдай жөжөлөрдүн арбиринен көзүмдү албай отурсам, кээси топтон бөлүнө баштады. Демек, андайлар сугалактык кылып, улпакты көп сугунуп алган үчүн ыктытарын унуткан жокмун. Ошол замат жемсөөлөрүн сөөмөй менен укалоо (массаж) керектигин иш жүзүндө баштоого туура келди. Кептөөргө кабылган жөжөнүн жемсөөсүн укалагандан кийин ийнеси жок шприц менен оозуна 1-2 жолу суу (мен муну китептен окугамын) тамчылатып коём. Келинчегим экөөбүз мунун баарын эч кынтыксыз биринчи күндөн эле баштадык. Ансыз кырылып кала турган. Жөжөлөр көп учурда ичөткөктөн, анан да бири-биринин алдында тепсендиде калгандан өлөт экен. Андан кутулуунун бирден-бир жолу – кайсы жөжөнүн ичи өтүп баштаса, тезинен чабырга бөлүү керек. Болбосо анын богун чокуган башка бир нече жөжө да ичөткөккө кабылары турган иш. Андыктан жөжөлөрдүн алдын тез-тез тазалап, анан сууга эзилген левомицетин таблеткасын үзбөй берүү.

Эң кокую: ичөткөктөн шакмар болуп кеткен жөжөнүн бок катып калган көчүгүн марганцовкалап жууп турмай, болбосо; көпчүлүгү ичөткөк эле эмес, ичи көөп кеткенде өлүп калганычы. Ичөткөк болгон жөжөнү көрсөм эле артынан кууп алчумун. Өмүрү баланын көтөнүн жууп көргөн жан эмес элем, бирок ичөткөн жөжөлөрдүн көтөнүн күнүгө марганцовка менен жууган түйшүктөн башым чыкпай калды. Жуумак эмесмин, бирок мындай бир окуя болгон: бир жөжөнүн көтөнү шакмар болуп катып калыптыр. Тартсам, кадимки эле топ жарылгандай «буф-фы» деген үн чыкты. Ичине жел толуп калса керек. Өзү тың жөжө экен. Бирок көчүгүндөгү шакмар менен кошо ичегиси чубалып калса болобу. Колуман секирип кетти эле, жөжөлөр «көкбөрүгө» түшкөнсүп артынан кубалап алышты. Же бир келинчегим экөөбүз кармай алсакчы. Аттап-буттап кубалап жүрүп араң кармадык, мына анан чыйпылдаган үнүнүн ачуусун айт. Же чубалып калган ичегисин шакмарланган көтөнүнөн кайра тыгып, чаптап коёр ылаажы болсочу… Дагы талоонго калбасын деп, өзүнчө капаска бөлүп салганыбыз менен же бир өлүп калып жаны тынбай, керээлден кечке зээнибизди кейиткен. Ошол окуядан кийин чычкак жөжөлөрдүн көтөнүн марганцовкасыз тазалабай калдык.

Тоок жаныбары деле бирине-бири жырткыч экен. Ошол кенедей жөжөлөр бири-биринин кызарган көтөнүн көрүп калса чокулай берип, ичегисин чубап саларын дагы бир күнү байкап калдым. Анан ичегиси чубалып калганын башкалары кузгундай болуп таламайга алганын көрүп ал.

Акыры кеч кирет. Арбирин 20-25тен санап, эртең мененкиге чейин коробкаларга бөлөм. Ансыз 2000 жөжө бири-бирин басырык кылып өлтүрөт, ошондо 2000 жөжөгө канча коробка керек, санай бер. Анча коробканы мен көрүнгөн дүкөнчүдөн жалдырап атып жыйнап келгем. Мына анан ошончо жөжөнү өзүнчө бөлүп чыкканча, түн жарымы да болот. Бешиктин башында ымыркайынын көзү илингенче үргүлөп отурган келинден бетер, жөжөлөрдүн чыйпылдаган үнү басаңдаганга чейин жаздыкка баш койбойм. Койгон менен деле же уктап атканымды, же үргүлөп отурганымды билбейм. Уктасам да, турсам да мээмде «чыйп-чыйп» деген эле үн. Айтор, жөжөлөрүм ирденгенге чейин 15-20 күнчө уйку-соо ортосунда жүрдүм. Үрүл таңда «чыйп-чыйп» деген үндөр хор менен жаңырып башталганда, «тревоганы» сезем. Туруп, баарысын коробкалардан чыгарып, жем-сууларын берем, анан кечке тырп этер алым калбайт. Кирпигимди көтөралбай, кирпигим ирмелген сайын башым шылк деп барып, өзүмө өзүм «тур, уктаба, жөжөлөр кырылып калат!» – дейм. Сөздүн кыскасы, ошондо аргасы жок күндөр баштан өттү…

Эми дагы бир түйшүк жөнүндө сөз, ал сөз инстинкт жөнүндө. Энесиз жөжөнүн энеси электр лампочкасы экенин унутпаш керек. Андыктан түндөсү 3 литрлик банканын ичине электр лампочкасын жандырып, илип койчумун. Жылуулук издеген жөжөлөр энесине ыктагандай, банканын жылуулугун тегеректеп, бири-биринин тебелендисинде калып өлбөйт. Жөжө багуунун толгон-токой түйшүктөрүнүн даа бири – алар 3-4 күн торолуп калгандан кийин сөөлжан казып бере баштадым. Сөөлжанды тоок фабриканын ветеринары эскерткени боюнча: казып аларым менен 1 литрлик банкага суу куюп, жарым күн бою салып коём. Акыры банканын түбүндө кум аралаш ылай бөлүнүп, сөөлжандар жибек жиптей үлбүрөп, ичкерип калган болот. Мына ошондон кийин ал жөжөлөр талап жечү «деликатеске» айланат.

Баса, жөжө багуунун сыры тууралуу төкпөй-чачпай айтып келатып, бир нерсени эстедим. Аларды ичөткөктөн сакташ үчүн күнөстүү жерге көпкө тургузганга болбойт.

Ушундан улам бир окуя: көлөкө жайдагы жөжөлөргө көзсалып отурган күндөрдүн биринде бактын башынан жылан учуп түшүп, соймоңдогон ал балээ жөжөлөрдү аралап жөнөгөнүн көргөндө жүрөгүм шуу дей түштү. Кудум бир короо койдун арасында жортуул кылган карышкырдай туюлду, түгөт. Калдастап калыпмын. Колума кетмен урунган экен, шашкан бойдон артынан жетип, башын кырча чаптым. Мурда-кийин жыланга кезикпеген жаным, жөжөлөрдү бака жуткандай жутуп ийбесин дедим да. Ансыз да ошол күндөрү туш-туштан келемиштер пайда болуп, 20-30 жөжө кырылган. Эми бир жагынан жылан, бир жагынан келемиш, бир жагынан ичөткөк кырса, күздө кайсы жөжөнү санайм деген санаа жанымы жай таптырбас болду. Ансыз да күнүнө 5-10 жөжөнүн өлүгүн жашырам. Эгер мындайын билгенимде Аларча көрүстөнүнө окшотуп, огороддун бир жак четинен жөжөлөргө «көрүстөн» үчүн орун калтырмак экем. Күндө четинен кырылган жөжөлөрдүн жайын казчу жер да калбады.

Эртеден-кечке жөжөлөрдүн түйшүгүн тартканым менен огород түйшүгүнө кол тийбей калды. Бир жагынан келинчегим ана төрөйм, мына төрөйм болуп, чендейип ай-күнү жетип калган. Ал да бир жагынан колуна таяк көтөрүп, келемиштен кайтарышат. Менин айтканым боюнча левомицетин, марганцовканы сууга эзип, мен көрсөткөн рецептерди даярдайт. Мен болсо ара-чолодо огород ишине чуркайм, кайра жөжөлөр. Тамакты болсо үйдө отуруп ичмей жок. Жөжөлөрдүн арасында отуруп жейбиз. Болбосо, көзүң мындай болсо эле келемиштер жойлоп кетет. Жөжөлөргө ансыз да жылан бир эмес, эки жолу кол салды, бирок кырсыкты алдын алганыбыз үчүн кудай ташжалак калтырбады окшойт.

Акыры-акыры жөжөлөрдүн оорудан өлмөйү да токтоду. Тооктордун чума оорусуна каршы вакцинасын өз колум менен жасап, жөжөнүн арбирине ийне сайып чыктым. Бир гана коркунуч – келемиш менен жыланда калды. Келемиштерди кырыш үчүн эмне гана кылбадым. Калп айтпасам, бүт айылдын келемиши менин короомдогу жөжөлөрдүн жытынан улам көбөйдүбү, айтор, мен аларды канча кырсам да, кашабадан бетер күч болуп алышты.

Туш-тушка капкан койдум. Бир күнү ага келемиш эмес, жөжө түшүп калыптыр. Болгондо да жоон санынан. Эмне кылам? Ширеңкенин талдары менен келинчегим экөөбүз өтө дыкаттык менен шакшактап таңдык. Операцияны ушунчалык дыкат жасаган экенбиз, 10-15 күндөн кийин ал жөжө жүгүрүп кетти.

Эми ушул жерден мактанайын. 4 айдан кийин тоок фабриканын ветеринары Пак деген консультантым менин ийгилигимди өз көзү менен көрүп, далыман таптады. «Биздей СССРден калган фабриканын шартында 2 миң жөжөдөн 1 миң жөжөнү аман алып калыштын өзү – фантастика. А сен үй шартында 2 миң жөжөдөн 1,5 миң жөжөнү аман алып калганың – дүйнөдөгү рекорд болушу мүмкүн», – деп таңдайы такылдаган. Бирок Пак досум айткандын канчасы чын, канчасы төгүн экенин билбейм. Кеп, адам байыгысы келсе, жолун табат экен. Мен кийин ошол жөжөлөрүмдүн артынан турмушумду ирдентип алдым…

2006-2011-ж.ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *