4Олжобай ШАКИР

СССР ыдырап, завод-фабрикаларыбыздын станоктору шак токтогон сыяктуу эле рухий жааттагы кризистик абалдан чыгуунун жолунда кыргыз кино өнөрүнөн башка чыгармачыл тармактар өмгөктөп келди. Азыр деле өмгөктөп жатат. Албетте, кино өнөрүнө деле өкмөттөн чеке жылытарлык колдоолор болуп келген жок, бирок адабият, театр жаатындагыларга салыштырмалуу жетим өз киндигин кескендей болуп үркөр топ киночуларыбыз кол куушуруп отуруп калбады. Алар кандайдыр жолун таап, каражат издөө менен жараткан көркөм тасмалары эларалык кинофестивалдардагы ийгиликтери менен «кыргыз керемети» атанган көчтү улап келет. Арийне кандай көркөм табылга, көркөм шөкөттөр менен эларалык абыройлуу кино фестивалдарда ийгиликтерге жетишип келишти, — бул туурасында ооз ачкан кино адистерибиз болгон жок. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарында жаңылык деңгээлинен ашпаган гана кептер уланып келет. Андан ашса, артисттер же режиссерлор тарткан түйшүктөр туурасында гана маек, макалалар жарыяланганы болбосо, бизде искусство тармагы боюнча «бөдөнөнү сойчуу» касапчылар дегеле жок экен. Жок үчүн бүгүн кино «сынчылар» массалык түрдө жайнап кетти. Ошол сынчыларыбыздын коргогону эле бүгүн улуттук намыс. Эмнеге мынча улут үчүн намыскөйбүз? Эмнеге биз муштаган жер силкинип кетпейт?

Айрыкча Актан Арым Кубаттын соңку фильмдеринин бири «Свет акедеги» «элибизди шылдыңдаган», «маскаралаган» делген төө чечмей «улуттук намысыбызды» негедир катуу козгоду. Кээси белгилүү кинорежиссерубуз Батыштын акчасына кино тартып кыргызды түздөн-түз шылдыңдоодо деген эмоцияга алдыргандан мурда: аталган фильмге тереңден үңүлгөн болсо, автор ал жерде эмнени айткысы келгенин аңдоого анчалык деле терең акылдын кереги жок. Тескерисинче, режиссер бу жерде улуттук намысты бийлик өкүлдөрү тебелеп, аны карапайым элдин өкүлү Свет аке коргогон үчүн өзү акыры кордук көрөт.

Фильмде улуттук каада-салттын деталы аркылуу кыргыз коомундагы саясый элитанын жүзү көрсөтүлгөн тасмадагы чындык – бул бүгүнкү реалдуулук. Төө чечмейде кытай инвесторлоруна салынып берилген кыргыз кызын мен метафора ыкмасындагы Жер Эне деп түшүндүм. Үзөңгү-Куушту эстечи, кыргыз! Же болбосо бүгүн тоо-таштарыбыздын арасындагы кен байлыктарга жортуулдап жүрбөгөн четөлкөлүктөр жокпу?! Же бүгүн кыздарыбызды эле эмес, жерибиздин кен байлыктарын жең ичинен соодалаган саясатчы-бизнесмендерибиз жокпу?!2

Бул жерде болгону публицистиканын курч тили менен да дадил жеткире албас ойду режиссер кино искусствосунун тили аркылуу берип отурат. Башка кеп: эгерде төө чечмейди кытай бизнесмендерине шоу катары тартуулаган картинада Свет аке мансап үчүн баарына даяр каармандар менен кошо көңүл ачып отурса. Жок, антпейт. Протест көрсөтүп, ал кайра «силер эмне кылып атасыңар» деп эротикалык сценаны кытай бизнесмендерине тартуулаган аткаминер эрендерибиздин жосунуна каршылык көрсөткөнү чагылдырылган.

Ушул сюжеттеги окуяга келсек, көчөнүн бир башын чаңызгытып эшектер оонап жатса, көчөнүн бир башын чаңызгытып айыл өкмөтүнүн жетекчиси «Нива» менен келип Свет акени кытай инвесторлоруна апарат. Окуянын түйүнү эми ушул жерде. Татынакай бозүй ичи. Анда шарактаган аткаминерлер төрдөгү меймандарга кошомат кылып жүргөнүн көргөн Свет аке босогодо башын жерге салып отурат. Ыңгайсыз абалда кайсалактайт. Бир убакта төө чечмей оюну көрсөтүлмөй болгондо Свет аке безге сайгандай ордунан секирип туруп, тигил эрендер көрсөтөр шоуну бузуп таштаганы үчүн ур-токмокко кабылат.

Ушул окуядан кийин режиссер эмне себептен караңгы түндөгү эшектердин бири бирине секиргенин көрсөткүсү келди? Бул ошол жогорку эшелондогу чоңдорубуздун айбан сыяктуу каратүнөк иштерин чагылдыргандагысы болуп жүрбөсүн… Мүмкүн биз искусство арсеналдарынан түшүнүгүбүз жок калк үчүн баарын эле улуттук менталитетке такап, режиссердун адам менен айбан мүнөзүн окшоштуруу (антропоморфизм) ыкмасын кабыл алууга даяр эместирбиз… Бүгүнкү саясый элитабыздын бетпардасын айбандардын кумары аркылуу ассоциациялаштарып аткан жокпу?..11

Дегеле фильмдин аталышы эмнеге «Свет аке» экенине келсек, тасманын башкы каарманы Свет аке – акыркы жыйырма жылдагы коомдогу көрүнүштөрдүн бирден-бир символу. Свет аке – Акаев, Бакиев доорундагы элдин электр жарыгы гана эмес, керек болсо бүтүндөй бир улуттун аң-сезиминдеги, көөдөнүндөгү жарык да өчүп калбасын үчүн далбастаган бир бечара! Колунан жаратмандык келет, бирок колдоочусу жок. Акыры аны колдой турган, түшүнө турган колунда бар бирөөсү чыгат, арийне анысы да шайлоо учурунда эптеп эл сүймөнчүлүгүнө айланыш үчүн эле далбастаган шылуун экени көрүнөт. Муруту майланышкан ал саясатчы жадагалса шайлоо учурунда бирөө өлүп калган жерден элге дасторкон жайып, элдин көңүлүн алгысы келгенин түшүнгөн Свет акенин кекиртегине сөөк же боорсок такалып калгандай кадрды режиссёр кокусунан тарткан деп ойлобойм.

Режиссёрдун эрдиги – эл башындагылардын жосунун кинонун «дудук» тили менен жеткиргени… Фильмдин бул жерин миң сөз менен да туюнтуп бералгыс кадр аркылуу чечкен. Дал ушул картина аталган тасманын көркөмдүк коэффиценти жогору фильм экенинен кабар берет. Себеби дасторкон тегерегинде жайдары мүнөздө отургандарды бийликтин дүжүр чалдары деп да кабыл алууга болот. Алар сырттан келген шылуунга төр бошотуп, сыйлуу устакан саналган койдун башын тилип жээр аны көргөн Свет аке же чыгып кеталбай, же кирерге жер таппай ойдолоктоп турганы – көкүрөктө уяты ойгоо, намысы бар адамдын ишаратын туюндурат.

Свет акени бүгүнкүнүн символу дегенимдин даа бир себеби – ал өтө тартынчаак, мокок, жалтак мүнөздүү каарман, бирок колунан иш келген адам. Эгер Свет аке болбосо элдин жарыксыз каларын баары жакшы билет. Арийне Свет аке мунусуна эч качан көкүрөк муштабаган, жулкунбаган жан. Чын-чынында бүгүн министр же депутат болгондун баары элдин ичи-койнуна заматта кирип чыгар шылуундар. Алардын сөзү элге да өтүмдүү, алар элден эч бир тартынганды, уялганды билбейт. Ал эми билимдүүлөр Свет акеге окшоп өтүмсүз, тилдери кыска, чечкинсиз болгон үчүн бийлик, байлык данкеселердин колунда!

Аталган фильмдин көркөм эстетикалык өзгөчөлүктөрүнө мындан да терең үңүлүп, сценарийдин авторлошу Талип Ибраимов менен Актан Арым Кубат кыргыз коомуна эмне айткылары келгенин аталган фильмди көргөндө кунт коюп гана түшүнүү керек…

Тек гана биз бүгүн чындыктын тили менен сүйлөгөндү үйрөнбөгөн эл болдук. Мейли дейли, кинорежиссерлорубуз Батыштын акчасына нарктуу элибизди шылдыңдаткан фильмдерди жаратып атыптыр. Ал эми Кыргызстан өз эгемендигине ээ болгондон бери журт башыларыбыз кайдан гана акча алган жок, мамлекет жерпайын түптөө үчүн? Биз бүгүн чындыктын тили менен сүйлөгөндү гана эмес, кас-кас туруп келаткан жакшы саамалыктарды да тай-тайлаганга үйрөнбөдүк…

Метафора, символдордун артында катылган ойлор

Коомдогу бүгүнкү болуп жаткан рухий жакырчылык эмнеге алып келгенин «Свет аке» тасмасындагы сюжеттердин чечмеленүүсү аркылуу көрүүгө болот. Бул чыгарма өлкөбүз эгемендикке жеткен жылдырдын – күзгүсү, тарыхы. Көркөм фильмдин концепциясы бекеринен «Свет аке» аталган эмес, бекеринен андагы башкы каарман мансаптуу адамдардын жан-жөкөрлөрүнүн колунан көкбөрү сыяктуу мерт болгон жок: фильмдин финалы алдуу-күчтүүлөр башкарган коом тагдырын эмне күтүп турганын эскертет. Ар ким коомдогу өз ордун билбей калган моралдык деградацияны Эсен аттуу каарманды көрүстөнгө көмүп келгенден кийинки дасторкон четиндеги көрүнүштөн түшүнсөк болот.

Айтсак, төргө аксакалдар жайгашып болду, баары чайга отурду. Бир убакта депутаттыкка талапкерлигин койгон Бекзат (актер Аскат Сулайманов) келди эле, төрдөгү аксакалдар жапырт тура калат. Демек бүгүн аксакалдык нарк, касиет кайда калды деген суроо жаткан жокпу бул жерде? Ошончо аксакалды жөөлөп төргө чыккыдай Бекзат ким өзү? Андагы аксакалдардын турмуштук тажрыйбасы, эмгеги, жашап өткөн өмүрү менен жашы 30-35тердеги Бекзаттыкын теңөөгө болобу?! Мына, ушунун өзү «пулуң болсо кулуңмун» деген замандагы бөжөңдөгөн карылардан да касет кетип, дүжүр атка конгонун туюндурат… Башында Бекзаттын депутаттыкка аттанганы колхоздун клубунда кеп болгондо эл кыжы-кужу болуп, ага чейин айылдаштарына кыпындай да кызмат кылбаган анын дарегине нааразычылыктар туулат.

Анан эле Бекзатың айылды чаңызгытып көкбөрү оюнун уюштуруп, айылдын ээн калган жерлерин менчикке сатып алып, клуб ремонтун жүргүзүп баштаганда анын тегерегинде чарк айлангандар көбөйөт. Мына ошол даңкесеге аксакалдар төр бошотуп отурат кийин…

Ал эмес башында айылдын маданият үйүн жетектеген аял Бекзаттын депутаттыкка атсалышууга чыкканына абыдан нааразы эле, а кийин Бекзаттын алдында жойпоңдоп кызмат кылып, чай ташып калганын көргөн Свет аке эмнеге ордунан секирип кетчүдөй чочуйт? Байманасы ашып-ташкандардын алдында айыл интеллигенциясынын уят, намыстан ажырап калганын күтпөгөн үчүн!

Свет акени эмне үчүн бүгүнкү күндүн моралдык символу атагым келет? Көрүүчүлөрдүн эсинде болсо, тасманын бир жеринде баарыбызды жылмайтаар эпизод бар. Анын идея менен жашаган «апендилигин» Бекзаттай шылуундар пайдаланбай коёбу, ошонүчүн бир күнү Свет акени клубга чакыртат. Келсе, ал жерде жүргөндүн баары өз иши менен алек. Свет аке үстөлдөгү жакшынакай конфеттерди көрүп, 3-4төөсүн чөнтөгүнө сала коёт. Анысын бирөө байкап калды эле, «кыздарыма…» деп жалтактаган Свет аке ыңгайсыз абалда калат. Ангыча сырттан Бекзат кирип (бул жерде психологиялык мотив абыдан кылдат берилген. О.Ш) электр жарыгын уурдагандарды каарып, «ушинтип ар ким эле өлкөнү талап-тоноп, уурдай берсек эмне болот?» — дегенин уккан Свет аке чөнтөгүнө салып алган момпосуйларды акыры-ын кайра ордуна коёт. Аттиң ай… ушул жерден өлкө казынасын уурдап, тоноп аткандарда Свет акеникиндей уят, напси болсо дейсиң! Режиссер бу жерде гумандуулуктун эки бетин тигиндейинен да, мындайынан да көрсөтөт, демек, кайсынысы бизди нысаптуулукка үйрөтөт?..

Бүгүн биз «өлкөнү талоонго алып бүттүк» деген Бекзатка окшогон чоңдордун канчаларына ырыскыбызды жедирип отурабыз. Ал эми Свет аке бир ууч момпосуйду кайра ордуна коё салган кадрдан кудайдын боору ооруй турган бечара элдин образын көрөбүз. Көрсө, уяты бар адам бирөөнүн оокатын алууга дидаары барбайт экен да. Алса да, кайтарат тура. Мүмкүн фильмдин автору бул жерде бир ууч момпосуй аркылуу жүрөгүбүзгө ыйман киргизгиси келгендир, а мүмкүн ыймандуулукту өзүбүздөн баштоону кыйытты бекен?..

Айтор, аталган фильмдеги айрым эпизоддук табылгаларды философиялык түрдүүчө аспектиде талкуулоого болот, бирок чыгарманы толук бойдон кенен диапазондогу чыгарма деп айтуудан алысмын. Тек гана тасмадагы айрым символдордун, метафоралардын колдонулушунда катмар-катмар ойлор жашынып жатканы көңүл бурууга арзыйт. Арийне ошол эле учурда фильмдин көркөм эстетикалык деңгээлин түшүрүп турган да картиналар бар. Айтсак, эшектер тууралуу кайталанган лейтмотивдердин биринде режиссер адам менен айбан мүнөзүн окшоштуруу (антропоморфизм) ыкмасын колдонууда одоно бир чоң кемчиликке көз жумуп койгондой… Ал айгыр эшектин ургаачысына секирген жери. Ал жери кадрда ачык көрсөтүлбөй, тек гана айгыры уургаачысына күүлөнүп калган ишааратты билдирсе деле окуянын андан аркы жагына көрүүчүнүн фантазиясы ансыз деле жетмек.

Тасманын ийгиликтүү жактарына кайрадан келсек, башында Свет акенин жакыр элге болгон жапакечтиги үйүндө чай кайната албай отурган чалга электр жарыгын жашыруун туташтырып берип аткан жеринен башталат. Көп өтпөй колхоздун кеңсесинде элге электр жарыгынын тартыштыгы сөз болуп, ишти териштире келгенде: кеп Свет акеде экенине түшүнөбүз. Көрсө ал «колунда жокторго бурап берип» жүргөн үчүн электр акысын төлөгөндөр аз экен. Свет аке ошонүчүн камалып чыгат. Бирок камалып чыккандан кийин элди ушундай жакырчылыкка кандай адамдар жеткиргени Бекзат, Мансурга (айыл өкмөтүнүн башчысы) окшогондордун мүнөздөрү аркылуу ачылат. Бекзаттын тааныштыгы, колдоосу менен айыл өкмөтүн башкарган Мансурдун карапайым калкка ороңдогон мүнөзү так эле азыркы жергиликтүү бийликтегилердин эл менен иш алып барууга жөндөмсүз образы. Ал Бекзаттай таянар тоосунун алдында гана бөжөңдөп кызмат кылбаса, ал эми Свет акеге келгенде «…эмне, магале керек бекен?!» — деп томаяктар менен тил табыша албаган үчүн бүгүнкү карапайым элдин итке минген турмушу көз алдыбызга тартылат.

Жылаңач образга жылаңач түшүнгөндөр үчүн…

Буга чейинки «Селкинчек», «Бешкемпир», «Маймыл» аттуу үчилтик тасмалары аркылуу Актан Арым Кубат өзүнө энчилүү авторлук стилин аныктап алган режиссер экени белгилүү. Бул жолу да так ошол өз почеркине мүнөздүү дасыккан ыкмалардын жардамы аркылуу көрүүчүгө жеткирер оюн тереңдеткенин байкоого болот. Айтсак, аялы (актриса Таалайкан Абазова) Свет акени чоң чылапчынга отургузуп алып жуунтуп аткан картина башталганда эле режиссер адамдын татаал жандүйнөсүн изилдеген машакатын дале улантып, дале авторлук көзкарашындагы ракурстардын биз аңдабаган горизонтторун ачып берүүгө белсенгенин түшүнгөнүбүз ийги.

Башкага кандай билбейм, жеке мени ошондой таасирге жетеледи. Себеби буга чейинки үчилтик фильмдеринде ал мени адамдын табиятына, жандүйнөсүнө сүңгүй билген чебер сүрөткер катары суктандырган. Ал эми «Свет акедеги» аялы күйөөсүн жуунтуп аткан жери мүмкүн курнамыскөй эркектерге эрөөн көрүнүп, куйкасын куруштурса куюштургандыр (бул боюнча ЖМК аркылуу көптөгөн терс пикирлер жазылды, айтылды. – О.Ш.), а мен бул жерин эң мыкты поэтикалуу штрих катары кабыл алдым.

кыргыз кино 2014

Режиссер фильмдин башында эле бир үйбүлөнүн гармониялык жашоосуна көрүүчүнүн көңүлүн бурат. Светтин кымбаттыгынан колунда жокторго электр зымын жашыруун туташтырып бергени үчүн жаңы эле камактан чыгып келген бала мүнөз күйөөсүн жуунтуп, сылап-тараган аялдын образында бири-биринин ысык-суугуна бекем турган бактылуу эрди-катындын турмушу чагылдырылган. Адатта көп фильмдерде аял-эркектин ысык мамилесин төшөк аркылуу көрсөткөн режиссерлор толтура, ал эми «Свет акеде» оригиналдуу чечмеленген. Жароокер, мээримдүү аялы Свет акени жөн гана жуунтуп аткан жок, ал өзү да күйөөсүнө окшогон таза адам үчүн күйөөсүнүн көңүлүн жууп-чайкап, жылуу сөзүн айтып отурат. Суунун өзү да тазалыктын символу экенин унутпайлы. Аялы да күйөөсү колунда жок элге кайрымдуу болгонуна сыймыктанган жан экенин туябыз. Жароокер колуктусу көроокат дебеген касиетке эгедер үчүн Свет аке жулунганды билбейт. Ач көз коомдун агымына түшүп кетпеген бул үйбүлө канчалык жакыр турмуш кечирсе да баарына токпейил. Чылапчында отурган күйөөсү «жумушу жок калдым», — деп кайышса да ага күч-кубат, колдоо көрсөтүп турган бир гана адам бар, ал – аялы. Эгерде үйүндөгү аялынын мамилеси андай болбогондо Свет аке таптакыр башкача каарман болмок.

Фильм соңунда көкбөрү тартып жүргөндөр ошол бактылуу үйбүлөнүн ээсин улактай сүйрөтүп өлтүрөт. Бул демек, режиссердун коомдогу жарык чачып турган моралдык ориентир болор адамдарга өктөмдүк күч алып, улкунган-жулкунгандардын заманы келгенин эскерткени. Бул бүгүнкү турмушубузда болуп жаткан трагедия. Улуу трагедия!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *