251550

Серб жомогу

Илгери Ай өзүнө бир кооз көйнөк тиктирмек болот.

Тикмечи анын бели-башын өлчөп, иштегени отурат. Биртоп күн өткөндөн кийин тикмечи чакырган күнү Ай келет. Кийсе, көйнөк тар да, кыска да болуп калыптыр.

– Мен жаңылып калгамын го, – деп тикмечи кайра тигип кирет.

Биртоп күндөн кийин Ай көйнөгүн алганы кайра келет.

Көйнөк анда да тар болуп калат.

– Мен дале жаңылган турбаймынбы, – деген тикмечи кайра тиге баштайт.

Арадан биртоп күн өтүп, Ай үчүнчү жолу тикмечиге келет. Келатканда тикмечи караса, Ай мурдагыдан да толуп, топтоголок болуп калыптыр. Жаңы эле тиккен көйнөгүнө да батчудай эмес. Айласы кеткен тикмечи ошону менен качып кеткен экен.

Ай аны издеп, издеп таппай коюп, ошентип көйнөгү жок калыптыр.

Кыргызчалаган Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *