Рыза АКДЕМИК

Түрк адабиятынан

 

Биздин мышык

Үйүбүздө сүйкүмдүү ала мышык бар эле. Чычкандарды шап секирип кармаганы, мыймыйларына[1] күйгөнү, аларды тойгузганы өзүнчө бир керемет болчу. Жыл сайын атайы даярдалган себетке бир канча ымыркай мышыктарды тууп, аларды тазалап, эмизгеничи. Биз да аларга атайы ашканадан өзүнчө бурчек бөлүп бергенбиз. Бирок ал баарынан да ашканадагы мештин ичине уктаганды жакшы көрүшчү.

Түндөсү мештин ичинде тизилген таштар муздаган маалда, ага акыры-ын кирип, коңул таап, бүжүрөйүп уктап калышчу.

Үй кызматчы зайыпка биз дагы ар күнү кечинде мештин оозун ачып коюуну эскерткенбиз. Бирок ал бир күнү суранып кеткендиктен, анын ордуна башка ашпозчу аял келип кызмат кылган. Арийне ал чунакка эскертсек да, кечинде мештин оозун ачканды унутуп койгон го, мышыгыбыз анын буттарына сөйкөнүп, мияулагандан кийин гана мештин оозун ачып берип, эс алганы өз бөлмөсүнө кетет. Мышыгыбыз беш татынакай мыймыйы менен меш ичинде оролгон бойдон уктап калат. Дагы жакшы, мешибиздин ичи абыдан чоң болчу. Эртеси унутчаак үй кызматчыбыз кеч туруп, эртең мененки тамакты даярдоо үчүн карбаластап жүрүп, мештин ичинде мышыктар бар экенин унутуп коюптур. Отту тутантмак болуп, адегенде бир тутам тамызгы ыргытып, анан кагаз салып, учкунду жандырып койгондон кийин мешти жаап, бөлмөлөрдү иреттегени кетпейби. Ангыча бир далай убакыт сызат. Бул учурда апам ойгонуп калып, эки жакты каранып, ашканага түшсө, меш жалындап күйүп атыптыр. Кулагына мышыктын мыяулаганы угулган менен бирок үн кайдан чыкканын билалбайт. Мештин түбүнө келсе, үн жакындан угулат. Шашканынан мештин оозун ачып, эмнени көрүптүр дебейсиңерби!

Сүйүктүү мышыгыбыз күйүп аткан мештин ичинде жонуна беш мыймыйын мингизип алып, үрпөйүп коркуп, үмүтсүздүк менен мияулап атыптыр дейт. Мыймыйларга эчнерсе деле болбоптур, бирок эне мышыктын назик алакандары күйүп калыптыр. Өзүңөр билесиңер го, мышыктын таманы кандай назик болорун, күйүктөн калган жарасы көптөн кийин айыкты. Ошентсе да кийин эчкачан чычкан кармоодон кайра тарткан жок.

[1] Мыймый – мышыктын балдары.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *