3766

Мурдакы политүйбүлө ылакабы бүттү десек, жок. А.Акаев менен К.Бакиев тушунда политүйбүлө+политбюро ЦК КПСС экөө кудум эгиздей окшош эле. Азыркы бийлик деле жалкы эмес. Бир ууч командага топтолгон шоопур, жансакчылары менен үйбүлөлүк башкаруудан да алда канча опурталдуу, коркунучтуу бийлик жүргүзүү системасы түзүлүүдө. А.Атамбаевдин бийлигин үйбүлөлүк башкаруудан оолак дегенибиз менен оозуна келгенди оттогон, оюна келгендей боктогон жагынан мурдагылардан ашып түштү. Бийликке каршы каш каккандарды баса калуу жагынан да чапаевдик чабуулду күчөттү.

Камачусун камап, коркутчусун коркутуп кирди. Атаандаштарын жаманатка калтыруу максатында жалаа жабуунун да түркүн түстүү жолун тандады. Айтсак, Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы принципти катуу кармангандыгы үчүн «Атамекен» партиясынын айрым мүчөлөрү «Мегаком» компаниясына рейдерчилик жол менен ээлик кылып келген деген миф жаратты. Ал мифке коомчулукту далбастап ишендирүү максатында баландай аталыштагы интернет сайт «атамекенчилердин» рейдерчилик фактыларын ачыкка чыгарды дешти. Маалымат булагы катары шилтеме жасалды ал сайтка. Бирок ал сайт кайра интернет желесинен эртеси табылбай калды. Бар болуп туруп жок болуп кетти. Атаандаштарын ошол жок болуп кеткен сайттагы фактыларга таянып каралоодон кайра тартпаган бийликтин саясый күрөштө мындан бөлөк жөндөмү жокпу?! Же бул ыкма жөн гана суу жүрөк башкалардын сесин алуубу? «Агер бийликке каршы дагы ким каяша кылса ушуну көрөт» таризиндеги эскертүүбү?

Президент өзү элге ынтымак-ырашкерлик, кечиримдүүлүктүү дамамат оозанганы менен, бирок саясый атаандаштарына келгенде өчмөндүү кегин колунан келишинче алып атканын көрүп атабыз. Элге адеп-ахлак ориентирин кеп кылган киши ириде өзү сабырдуу болуп эс пештесе кана…

Ыйык китеп икеясы

Еврейлердин дин уламачысы (рабби) коңшу айылга жыл сайын каттап, насыят ишин жүргүзчү экен. Бардык сыйдан баш тартып, айылдагы бир гана кембагалдын үйүнө токточу дешет. Кадырлуу дин уламачы улагасын аттаганына кудуңдаган үй ээсинин төбөсү көккө жетчү экен буга. Анткени кадырлуу дегендердин эч биринин үйүнө токтобогон рухий лидер кайдагы бир кембагалдын босогосун аттаганына ким сыймыктанбайт. Рабби жыл сайын кембагалдын үйүнө үзбөй каттап жүрөт. Жылдар өткөн соң баягы кембагал төрөпейил мүнөз күтө баштайт. Ал тургай баягы жепирейген үйү да кансарайга айланып заңкайып, баягы кембагал кеңкейип, рабби анын үйүн таппай калат. Издейт. Издесе дарбазасы бек. Тарсылдатып какса, кызматчы бирөө чыгат. Келген мейман өзүнүн чоо-жайын айтат. Кызматчы кожоюнга кабар билдирмекке жойпоңдоп кирип кетет. Бир далайдан кийин келет. «Кирсин» дептир. Кирет. Дарбаза сыртында күткөнү аз келгенсип, далисте да көпкө күтөт. Акыры кожоюн чыгат. Ооз учунан учурашат. «Төркү үйгө жүрү» дегендей ишарат билдирет. Жүзү салкын. Рабби келгенине жетине албачу баягы сыйкорлук, баягы кубанычтын жугу жок. Аны туйган рабби төргө өтөрү менен түз эле текчеде турган күзгүнү алып, күзгүнүн артын кырып, тазалап баштайт.

– Ал эмне кылганың? – дейт үй ээсинин итатайы тутулуп.

– А сен күзгү менен жөн айнектин айырмасын билесиңби? – дейт рабби суроого суроону матап. – Терезени караң…Айнекти караң… Ары-бери өткөн киши айнектен көрүнүп турат бекен?.. Эл көрүнөт бекен?.. А айнектин сыртын күмүш менен жалатып койсоң, андан өзүңдүн гана жүзүңдү көрөсүң. Кептин баары жалатылган күмүштө. Кел, ошол күмүштү кырып салалы, мурдагы көрөгөчтүгүң, көсөмдүгүң калыбына келсин, – дептир рабби…

Муну эмнеге айттым, окурман! Бийлик тагына отурганына беш жыл болгон Атамбаев да айнектен сыртты көрбөй калганы ушу – өлкөбүздүн тышкы карызы 4 млрд. 100 млн. доллар көлөмүнө жетти. Экономикалык карым-катнаш байланыштар үзүлүп баштады. Стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдөн Турция жана Россия менен болгон мамилебиз кескин салкындады. Европа, АКШны айтпай ак койдук. Коңшу өлкөлөр менен мамиле сууду. АША коңшулар тургай 2010-жылкы идеялаштары менен ички саясаттагы мамилелерди ыйкы-тыйкы ырбатып алды. Ансыз да Бажы биримдигине башыбызды тыгып алдык эле, атамекендик жеңил өнөр жайыбыз тушалып турганы жетпей аткансып, соода байланышыбыз тыгыз деген Турцияга Кыргызстандын экспорттук товары тургай, ажобуз күтүүсүздөн «оруп калса» да ооруканаларынын босогосунан аттатпай койду…

2009-жылы президенттик атсалышка чыккан АША ашкере көсөм, ашкере көрөгөчтөнүп, «мен бийликке келсем, Кыргызстан 1,5 жылда дүркүрөп өнүгөт. Жеңил өнөр жайыбыз болуп көрбөгөндөй дүйнөлүк рынокту ээлейт» таризинде шилекейин чачыратканы кана?!

2010-жылкы канбулоондуу окуяда Ата-Бейитке көмүлгөн 7-апрелдин арбактарынын алдында ант бергенде да Бакиев бийлигинин тушундагы аткаминерлерди бийлик курчоосуна жолотпойбуз деген АША бүгүн Курманбек Салиевичтин чачпагын көтөрүп жүргөн Сапар Исаковго кайсы «улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогону» үчүн 2-даражадагы «Манас» сыйлыгын ыйгарып таштады?! Мындай саясат менен «Манас» орденинин кадырын көтөргөнүбү же АША өзүнүн кадр саясатын көтөргөнүбү?!

Кантип эле 2010-жылкы кандуу окуяда Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калууда Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан бирөө-жарымы С.Исаковго ыйгарылган «Манас» сыйлыгына татырлык эмгек кылбады экен?!

Жогорудагы икеяда баяндалгандай: Атамбаевди ушул даражага жеткирген «раббилер» бүгүн бийликке суук тумшук көрүнүп, күмүш жалатылган күзгүнүн аркы бетиндеги карапайм калктын кайнаган турмушун Акүйдүн жетинчи кабатындагылар көрбөй, кежирлер дежүр болор заман кайтып келгенсийт… Буга эң ириде парламентте отурган оппозиция терисин жамынган фракциялар кежирлик кылыш керек эле, тескерисинче дежүрлүк демилгени ошолор колго алып, АШАнын саясый курсуна тилектеш болуп алышты…

Икеяны дагы улантат окшойбуз. Бирок азыр эмес…

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *