mairamkul

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу

 Бул эмгек автордун мурда жарык көргөн «Теңирчилик» (Көчмөн цивилизация тереңин көздөп…Б. 1995) жана «Теңрикут» («Кыргыз Эл мамлекети, Б. 2010) китептери, ар жылдары жазылган ой-толгоолордон түзүлгөн бирдиктүү концепция. Бул китебинде ал көчмөн цивилизациянын көп кырлуу, төтөн руханий мүнөзүнө токтолуп, дүйнөдөгү ээлеген өзгөчө ролун, ордун белгилейт. Өткөндүн өңүтүнөн чыгып азыркы заманды аңдайт, алдыга жол чалат. Руханий эволюциясын сактаган коом гана айтөгөрөктөлгөн төл системине ээ болот, түбөлүгү түз деген жыйынтыкка келет. Ошондой эле батыш жана көчмөн мамлекетүүлүк философиясынын тек-генезисине саресеп салып, аларды салыштыра жана синтездей келип, бүгүнкү кыргыз укукчул мамлекети кандай болушу керектиги тууралуу ой толгойт. Улуттук идеологиянын уңгусун жаңы «КЭЛ» — «Кыргыз Эл» мамлекети концепциясынын өзөгүнө чөгөрүп сунуштайт. Жалпы адамзатка алымдуу идея – «Манас цивилизациясынын манифестин» жарыялайт.

1-БӨЛҮК

ТИЗГИНЖАЯР

ИЛГЕРИ

көчмөн цивилизациянын тереңин көздөп…

Жон-жондон желдей зуулдап,

Жолборстой сүрдүү эр өттү,

Эр өтпөсө ким өттү.

Эчен кылым эл өттү!

Тоо бузулуп сай болду,

Сай козголуп тоо болду.

Аты калып өзү жок

Ар канча деңиз жоголду.

«Манастан»

Ооба, Аккан Дүйнө салтынан жанбай сансыз кылым салаадан чубурду. Сай бузулуп тоо болду, тоо бузулуп коо болду, аты калып жыңы жок албан деңиз эл жоголду. Аккан Дүйнөнүн мыйзамы ошол. Заманга жарыш бара албасаң ал тагдыр сени да ара жолдо акмалап багат. Айкын багытын айра албай көзү жумук, көкүрөгү туюк ээлене келген Эл – Пендени акыры кара аскага согуп тынат. А демек, кай заман болсун, качан болсун Кан Жолду чалмак лаазым. Илгериден бери ушул.

Илгериден…

Айтса, кыргыздын жомокторунун баары ушинтип башталат. «Илгери, илгери»… дейт, өткөн, өткөн бир окуяны санаттайт. Бирок таңгаларлыктай түрдө келээр илгеринин сабагын айтат. Таамай айтат. Залкар заманачылар да ошенткен: «байыркынын тарыгы, деги жакшы нарыгы» дешкен. Аларды өткөндү зарлап көксөп жатышат дешкен. Бирок ошол арман-идеянын экинчи учу айланып келип болочокту боолгоо болгон. Ооба, бул билгенге, бир улуу айланыш Жол экен көрсө. «Илгеринин» философиясы да ушул жакта; анын баш-аягы түпкүчтөй биригип калган, Айтөгөрөк ийрилип калган, демек эки «илгери» туташ калган. Андыктан көчмөндүн көксөгөн идеал зары эч качан көңкү бир заманда кайтпас катылып кете берген эмес, ал ар бир жолу алдынан жаңырып турган, табылып турган. Ушундай болушу мүмкүнбү?

Эгерде болсо, кай заманда, не коомдо? Же дагы; эмне үчүн адамзат тарыхында не бир дүңгүрөгөн албан цивилизациялар улуу мезгилде аңтарылып агып кеткен, куму алдында калган? Ал эми көчмөн цивилизация тирүү келген? (Ооба, канчалык парадоксалдуу угулбасын, көчмөн доор өз саатын кагып бүткөн дешпесин, ал цивилизация али тирүү!) Айтса, дегеле цивилизация дегениңдин өзү эмне? Башкы аныктооч белгиси кайсыл? Соболдон собол туулат…

Көрсө, ал акыры түбүндө, аныктооч белгисинде барып-барып руханий кубулуш экен. Байыркы Египет пирамидалары, же байыркы Шумер жер китеби (глиняные таблички), жаки, ташбака ташын саймалаган Шаң Ин мурасы – «жйагу» жазуу, болбосо эртеги эллиндердин эргиген асем өнөрү өз-өзүнчө турганда канчалык көз жоосун алсын, көөнөрбөс эстелик саналсын, алардын эң башкы баа өлчөмү кайталангыс сырты эмес, балким кайталанган ичи, башкача айтканда, адамзат руханы, анын ажайып мүмкүнчүлүктөрүнүн ар кыл порумда жарыя ачылышы, чагылышы. Соңкулар үчүн өтпөс-өчпөс баасы ошондо – көкүрөк нурдун көңкүдө калып кеткен бир мерчемин көөхар сыныгындай кайра алаарга бир аңсатып-эңсетип идеал калганында чыгаар. Ал цивилизациялардын жашоо поруму өзү жалынын сыртка жагып, шаар салып, эстелик куруп, эсин китеп түйүп, сүрөт чийип, кыскасы рух кудуретин материалдаштыруу багытына басым ооштурупур. Андыктан алардын изи ар-ар жерге мөөр басылып, эстелик орноп, арал чачылып кала берипир. Кечээги менен келечек-отурук элдин тарых-тагдырында арасы ачык жиктел эки айрык абалда калып кеткени ошолдур. Ал эми көчмөндухта дал ошол анык бар, өткөн чак да, келээр чак да жок мисал, же тагыраак айтканда, ал тынымсыз… тынымсыз… кыймылда аккан, аягы-башы бир кошулган-жошулган айтөгөрөк АБАЛ экен. Көчмөн цивилизация жердиги-табияты боюнча мүлдө руханий кубулуш экен. Анын жашоо поруму өзү ошол экен. Дүйнө өзөгүнө өткөн, жашап калган, кайталайм, дайымкы АБАЛ экен ал!

Эгерде отурук цивилизация жалынын сыртка бүркүп басым материалдашса, көчмөн цивилизация керинче жалынын ичке жыйган, руханий жанарланган. Андыктан, айталы, Александрия китепканасы менен кошо канча бир муундун эси кошо өрттөлгөн-өчкөн, түтүндөй житкен. Байыркы гректин не бир аруу айкелдери, асем курулуштары кулаган, бүткөн. Байыркы Египет папирустарынын төл тил ыргагы жоголгон, оңгон. Заманында улуу рух уютуп жыйган санскрит менен латын тил да өлүүгө өткөн. Шаңлар жазуусу болжол окулган. «Идиш» тил жасалма тирилген. Ал эми көчмөндүн аабалкы АСМАН – МАНАС китеби ар бир мезгилдин данын кагып, маңызына канып, сансыз кылымды салаада сапырып, байыркы тейин баймабай сактап, сактап гана эмес, бараткан багытында байытып да жүрөктөн түз жүрөккө алоо табын алып өткөн. Ар бир муун алмустактан берки баба өмүрүн Манасы аркылуу кайра бир жашап алган, аа таяна алдыңкы Жолун чаап, жасап да алган (кечээги жарык, бүгүн күңүрт).

«Жок! – дейт ким бирөө буга каршы, – башка эмес, дал көчмөн цивилизация көрүнөө быдырап чачылып кеткен, – дейт. Байыркы рун, уйгур жазуусун унуттук, эртеги скифтин ааламды жайпаар өнөрү кайда, болбосо ташты ырдаткан таңкалардыктай тере-ең-терең… Теңирге сөнгөн таңгажайып белги сүрөттөр таш кылымга неге житти, сыры жангыс маңги катты» – дейт. Жок, анын бири да өчкөн жок, үзүл өткөн жок. Көчмөн цивилизациянын табияты өзү руханий үчүн анын баары тең үзүлбөй, сүзүлбөй рухта бир чулу уюп калган. Материалий жана руханий өнөрүнүн эволюциясында соолгус тирүү ийип калган. Манас – ошол цивилизациянын Алтын Кору. Бардык Сыр ошондон жанат, бардык учук ошондон табылат. Ал, Манас, алоого айланып дүйнөнү шыркырай каптап Жер – Көккө сыйбай чыкканы ошолдур…

Ушинтип гана жер бетиндеги эң байыркы цивилизация кылым кыйырлап бу күнгө эсен келген. Ушунча узак сапарында ал Теңири тарабынан Асман – Жер арасында рух кулачы сунулар не мүмкүнчүлүк берилсе ошонун өрүнө өскөн, бийигин алган. Соңкулар диалектика атаган улуу таанымын таап кыймылдуу Дүйнөнүн ТЕҢ салмагын кармап, Дүйнөзөктө калган. Жер үстүндө мынча узак үзүлбөй – рухий жашаган башка кайсы цивилизация бар? Андыктан көчмөндүн өзү дагы, бир карасаң, калган дүйнө кайтпас жоготуп алган, улуу мезгилдин улуу тирүү эстелик-күбөсү өңдүү көрүнөт маа. Демек, ал материалдуу дүйнөнүн ириде ички маңыз, руханын асырап баруу Жараткан – Теңирден вазийфатталган өзгөчө цивилизация! Муундан-муунга, тарыхтан-тарыхка, илгериден-илгериге… Учу-Түбүн айтөгөрөк уютуп, кошуп…

Ал ырас, акыркы жүз жылдыктар Батыш арааны жүргөн заман болду. Техника өстү, илим өнүктү. Адам акылы ай чапчыды. Aгaн салават! Бирок да адамзаты, айталы, азыркы күү-шаа агылган кыймыл тээ байыркыда көчмөн Угуз Каандын Канглы (арабалуу) устасы аавал чапкан дөңгөлөк үстүндө зыпылдап тездик арттырып келатканын билер бекен? Демек, өнүгүшүңдүн өзү – абалтан алгы-берги дүйнө экен. Ооба, күлүк күнүндө, тулпар тушунда. Кезинде көчмөндөр улуу өнөр, тааным жараткан. Бир жерден экинчи жерге маданият тараткан. Адамзат тарыхында анын айгине жаратман орду тур. Агэр соңку замандары ал сырттан алып атса, о замандагы бергени кайра оролуп атканы. Адамзат тарыхы али бүтө элек. Бардыгы Адам руханынан башталма алары турган соң, улуу руханий цивилизацияны уңгусунда уютуп калган көчмөндүн да алдыңкы заман бийигинде кайрылып кайра берээри бар. Билим чечээр заманда билги зээни серпилээр. Бирок бир гана шартта, эгерде ал руханий эволюциясын сактай алса…

Айттык, анда улуу мезгилди арыткан улуу руханий эволюция жүргөн. Ошол эволюция эч бир заманда эч качан үзүлбөгөн, сүзүлбөгөн, тагырак айтканда, акыркы жүз ашуун жылга чейин. Акыркы кылым ичинде анын жашоосу оомалуу-төкмөлүү жүрдү. Көчмөн руху заман талабына жараша ыкчам кыймылга өттү. Ыңгайын өзгөрттү. Тагдыры экен, сырткы революцияларды айтпаганда да жалаң этнопсихологияны тамырынан булккан эче бууракан революцияларды башынан кечирди. Айталы, падышалык Россия тушундагы социалдык ар бир реформа орус адамынын өзүн түбүнөн канча титиретти. Бул, демек, этноменталитети таптакыр башка тегиздиктеги көчмөнтагдырда эволюция эселеп бузулуп барды деген кеп. Кайриет, азоо тарыхтын жалында колу карышып, ал уңгутагдыр, руханын алакачып чыкты. Төгүлүп-чачылып чыкты, жоготконун эселеп таап ачыгып чыкты, асылын ашырып чыкты. Ошентип жашоого ийкем рух табияты XIX-XX кылымдын зор катаклизмдеринде сындан өттү.

Азыр да ошол абал, ошол кысталаң… Жок, бу жолку сапар эми алдече катаал, татаал. Сырттан жасалма таңууланган тездик процессти тездетти. Бул тездиктин опуртал жайы мында – окуя агым эми улуттук аң-сезимдин өнүгүүсүн утурлап, озуп барат. Биз анын өзөккү маани-маңызын туюнууга шаабыз келип-келбей турбуз. Адаптацияга үлгүрбөй. Демек, руханий зволюция дагы опурталда. Дамамат артын жыйып, алдыга чалма ыргыткан бая дуудамал серпилген чулу организм эми чуудасын чубап, чың бою бошоп, бир туташ АБАЛЫНА зак алар алды, балким. Бу демек, кечээгиси эми келечегине айтөгөрөк өтө бербейт, күмөн. Тамырдын бойго кубаты кемийт, тарыхтын Жолго жарыгы чаңыйт деген сөз. Эгерде улут өзүнө гана таандык мөл табиятын төл кыртышынан чыгып, кечикпей аңдай албаса! Руханий эволюцияны сактабаса. Демек, кайрадан улут тагдыры улуу сыналаар учур. «Көчмөн цивилизация – АБАЛДЫН» өзгөчө табиятын, философиясын түшүнүү ушун үчүн өткөрө зарыл. «Көчмөн цивилизациянын тереңин көздөп» деген түшүнүк ошол үчүн эки мизинде тең иштейт, эки «илгериге» бирдей умтулат, эки учун бир кошуп айтөгөрөктөлгүсү бар…

«Теңирчиликтин биринчи китебинде ошол Айтөгөрөктүн Жолун чалып, «Замана» бөлүмүн тек шилтем тейинде сунуштагам. Эмики үдөөм – аны улоо. Арийне, Замана жайында айтуу – Дүнүйө жайында айтуу. Экөө эриш-аркак. «Дүнүйө» калк таанымынын ээзелден келген зыл уңгусу, же универсуумдун чагылышы катары көрүнсө, «Замана» анын ар мезгилдеги конкрет жүзү, ыраңы катары чыгат. Болоорго боолгоо ирээти туюлат. Андыктан «Замана» маңызын «Дүнүйөнүн» уңгу удул, контекстинде карамак эп. Эгерде экөөнүн чыныгы ыраатын таба алсак, «эриш-аркак» аталган табигый бир бүтүндүк түзүлөт. «Улуттук философия», «улуттук идея» деген түшүнүк ушунда бир ийге келет, же улуттук философия универсуум аталган мейкинден конкрет мезгилге жанат да, улуттук идеяга байтүп суналып калат. Заман багытына жарык чагат. Маркс айтмакчы, карандай идея ошондо массаны козгоор кара күчкө айланат. АБАЛ сакталат. Ич-Сырт жашоосун идеалына шай улаган төл системи тирилет. Ушунда гана улут Руханий Конституциясына ээ болот! Демек, эгемен болдук деп делбе ээленбей, ириде рухтун өзүн эркиндикке алып чыгууда турат маселе. Эл, коом, менчик, бийлик жана башка түшүнүктөрдү өз кыртышыңдан серпилип, кайра маңыздап чыгышта турат маселе. Адамы азатчыл, өзү укукчул деп ууру кылтыйтпай, улуу тогоол – «мамлекет» деген түшүнүктүн өзүн чытырман жыштан бошотуп, азаттыкка алып чыгышта турат маселе. Эгемен эске ошондо ээ болот эл. Руханий Конституциясын ошондо аңдайт. Расмий Конституциясын ага далдайт. Руханий эволюция үмүт байлайт. Төл системи төгөрөктөлөт!

Систем демекчи, эмгиче Тоораттан аяк ажыратпаган еврейдухтун, протестантизмден наар аткан евродухтун, шариатты шам кармап ислам мамлекетин курмакчы мусулман калктын, Конфуцийге кайра ийрилген Чыгыш элдин, баарын-баарын козгоп, кыймылга алган да идея ушул – улуттун уңгутагдырын улаар, сактаар рухий-фалсафий системаны таануу, табуу, түбөлүгүнө жол алуу. Аал, көчмөн цивилизацияга келсек, анын системи Теңирчил илимдедир.

Теңирчилик… Ал тек карт заманда калып кеткен качанкы ишеним эмес, анда заманды аныктаар кудурет катылган. Жалгыз кыргыз эмес, жамы түрк дүйнөсүн баш коштурар байкыртыш ал.

Көчмөндүк жана көчмөндух… Көчмөндүк жашоо мүнөз болсо, көчмөндух ошол миңдеген жылдар калыптаган дүйнөгө көзкараш, дээр-зээн-уңгутагдырды өзүндө уюткан.

XXI кылымда Дүнүйө диний, рухий, тарыхый, маданий, тил жалпылыктарында ириленээр, иргелээр. Бүткүл Батыш-Чыгыш түркий баш кошуусу эки тепкич аркылуу өтөөр: обол Теңирчиликти ислам менен эптүү элдештирген Баласагундук Жусуп баба баштаган ойчулдар кыркаарында, соңунда андан аргып көчмөн дүйнөнүн көй санатын батырган Манас баштаган көңкү рух ааламында. Көөнө түркий маданияттын көзүндө жаткан көчмөндухтун орошон алып жүрүүчүлөрү ордолу кыргыз, казак, Алтай журттун башка боордоштору алдындагы озуйпасы артыкча. Субконтиненталдык орток маданияттын кут тамган очогун кармап тургандар алар. Демек, бу күндө, бу эл тек керт тагдырынын гана ээси эмес, уңгутагдыр үчүн да жоопкер!

Биз, кыргыздар, ошол жоопкерчиликтин бийигин сездикпи? Башкы багытыбызды кармадыкпы? Же…

I бап

 

rmkbkltetrw

ДҮЙНӨЗӨК

Судьба наций и национальных культур должна свершиться до конца. Принятие истории есть уже принятие борьбы за национальные индивидуальности, за типы культуры.

Н.Бердяев

 Көчмөн ат үстүнөн Дүйнө акканын көрөт.

Автор

ЖИНИККЕН АТТАРДЫ АТЫП САЛЫШАТ!

ЖЕ УЛУТТУН ӨЗҮН АҢДОО ЗАРЫЛДЫГЫ

«Жиниккен аттарды атып салышат, ыраспы, эй?!» Жетимишинчи жылдары америкалык белгилүү режиссер Стэнли Крамердин дүйнөгө дүң түшүргөн фильми ушундайча аталаар эле. Анда «улуу даражалуу капиталдын» бүт бардык нерсени өзүнүн алкагына алып чарк имерген табияты шоу-жарышка түшүп, бир-бирден жиниккен адамдардын трагедиялуу образы аркылуу таңкалаарлыктай таасын ачылган. Биздин азыркы турмушубуз дал ошол адам жиниктирген жарышка окшойт.

Убакыт ушунчалык учкул агат! Биз болуп өткөн окуялардын маани-маңызын аңдап үлгүргөнгө да буямабыз келбей калууда. Кечээги ой бүгүн эскирип, азыркы мыйзам ананкыга жараксыз чыгууда. Каякка баратабыз, кайсы чектебиз, бет алганыбыз эмине? Муну бир ууч саясатчылар, анда-мында аалымдар боолгобосо (алардын да баасы, баамы ар бөлөк), жалпы караламан калкты кой, улут эси делген интеллигенциянын башкы сабы да не болуп, не койгонун аңдай албай эңги-дең.

… Абай салсак, Ай деле өз ордунда тургансыйт, Күн деле өз огунда жылгансыйт. Асман, жылдыз баары абалкыдай. Ала-Тоо да кечээги ордунда. Эшек эскиче бакырып, ит деле илгеркиче жортот. Мамлекетибиз менен дүрр козголуп куюндай чамбирик аткан бир гана бизбиз. Ооба, дүйнөлүк шериктештикке коошкон соң, теңдешсиз жарышка түшкөн соң рыноктун ыркыраган ылдамдыгын кабыл албаска аргаң жок. Алабыз. Ыкшоолук кылсак эми катаал заман шарында көмөлөнүп тынаарбыз. Бул – ак! Бирок да бул чындыктын бир гана жагы, жана биз анын экинчи жагын да кошо моюндашыбыз керек — бул кутургандай темп бизге эми сырттан атайын жасалма түрдө түзүлүп таңууланганы да жашырын эмес. Бокстагы атаандашын эсине келтирбей прессингурга алгандай бир кырдаал… Мындай кырдаалда мамлекет бараар жердин танабы таанылдыбы, токтоор жердин кыяпаты ачылдыбы, бараткан багыт элдин, ириде мамлекетке атын берген кыргыз элдин түпкү муратына канчалык шай, же ар бир жолу улам жаңы реалдуулук сырттан жасалма түзүлүп, өкүм күчтөр өз ыңгайына өжөр баштап барабы деген да собол жанат. Баса, кыргыз эл демекчи, бул өзү эмине эл? Эмне коомдо жашаган? Анын чыныгы руханий, философиялык, социалдык, тарыхый турпаты кандай жана анын ошол чыныгы менталитетине жооп берээр коом кандай болушу мүмкүн? Укуктук мамлекет дегендин өзүн да ар бир улуттук мамлекет өз элинин философиялык, психологиялык ыңгайынан чыгып конкреттүүрөөк түшүнөбү, же ал бир, башкы түшүнүктөрүнүн баарын (Адам, Мамлекет, Менчик, Укук) бирдейлеп, экономика эрежелерин тегиздеп алган дүйнөлүк жаңы космополит мамлекеттердин катарыбы? Ал, андай болсо дүйнөлүк өкүмзор мамлекеттердин көздөгөн акыркы максаты эмине? Анда кичи мамлекет кантиши керек? Кай куралын тутушу керек? Кантип коргонушу керек? Айтса, биз чын эле өзүбүздү өзүбүз билебизби, тааныйбызбы, же кайра эле бая башка жактын окуу, теорияларын башыбызга ширге кийип, калыптарга жанды камап, кыскабызды чоюп, узунубузду кертип, миф үстүнө миф жаратып келебизби? Андай болсо ал миф акыры эмнеге согот? Суроодон суроо… ойлонуп үлгүргүчөң шуу этип заман сызат. Шарына алат. Жинигип келебиз. Эс пештегиче эмкиси даяр. Акыл калчагыча ананкысы даяр…

Өзүнүн ким экенин аңдап билбеген калк эртедир-кечтир тарых айдыңынан жок болот. Ал эми чыныгы аңдап билүү ал өтө терең кубулуш. «Умом Россию не понять» деп орус акыны айткандай, узаакы тарыхы бар улуу элдердин тагдыры-табиятында карандай акылдын чаркы эч качан жете албай турган аркы тереңдиги калат. Мисалы, Манастай улуу Сырды жараткан элдин тереңи түпсүз. Элдин тереңин аңдап билүү ар түрлүү. Бир эл тууралуу экинчи бир элдин ою болот. Элдин өзү тууралуу өз ою бар. Булар бири-бирине дал келе бербейт.

Өкүм зордугун жүргүзүп көнгөн эл, эгерде маданий деңгээли анчейин болсо башка элге кекирейип мамиле этип, аны жапайысынта берет. Өз таанымын таңуулай берет. Ушунун өзү жапайылык экенин элебейт. Ошого тең, такай басынып, бирөөнүн көзүн карап жүргөн эл да чынды жүз жолу калп дей беришсе чын эле калптыгына ишенип алгандай, өзүнө таңууланган «варварлыкты» айныксыз моюндап да алат. Анан Манасына кошулуп миң машайак келсе да, мейли, сыртынан макул, а бирок ичинен мунун баары кандайдыр өзүнө тиешесиз («космоско учкан заманда таш кылымдагы Манастан улуттук идея издеш апендилик» дейт ал), сырткаркы, иши кылып бир себеп-күчтөрдүн натыйжасында иши кылып бир жаралып калган нерседей гана санайт. Маңкуртчулуктун коркунучу ушунда, ал энеси айтса да ишенбейт, анткени элинин тарыхынан, рухунан ажырап калган.

Белгилүү деңгээлде биз – кыйла бөлүгү ошондой акыбалда калган элбиз, андыктан «цивилизованный мирде мындай, андай» деп таптакыр башка кыртышта, өзгөчө социалдык-тарыхый шартта көз жарган, калыптанган элдердин турмушунда болгон-неткен нерсени өзүбүзгө механикалык түрдө көчүрүп түшүнгөнүбүздү койбой келебиз. Ал эми улуттун өзүн-өзү чындап таанышы, өзгөрмөлүү дүйнөнүн бардык кыйды жүрүштөрүнө жараша контр жүрүштөрүнүн запасын карманышы уламдан улам зарылдын зарылына айланып барат. Ал эми бул болсо улут өзүнүн төл философиясына таянганда гана ишке ашар мүмкүндүк. Ушул себептүү биз, өзүбүздү азаттыкка чыктык деп эсептеген эл, айрыкча анын ар-намысы болгон интеллигенция, башыбызга жабылган ширгени сыйырып, «улуттук стратегия», «улуттук мамлекет», «граждандык коом», «жеке менчик кудайдын берген укугу», «ведь носителем высшей суверенности является человек» өңдүү ж.б. ушунчалык күнөөсүз, татына, сулуу, жылма түшүнүктөрдү механикалык түрдө көчүрүп түшүнбөй, жана эң башкысы, анын кайсы убакта чын да, кайсы убакта саясы максат көздөп айтылып жатканын ажыратып билишибиз алдэбак абзел жанган. Белгилүү грузин философу Мамардашвили айткандай, жыйырманчы кылымда саясы айдыңда Сөз, Түшүнүк өзүнүн абалкы биринчилик аруу маанисин жоготуп тынган. Анткени ал эч качан чын маанисинде чыкпай, саясы ниеттерди гана жаап көшөгөлөгөн мүлтүң функция аткарууга өткөн! Сөздөрдүн, Түшүнүктөрдүн, Мыйзамдардын, Эрежелердин мына ушундай чытырман жышында улут үчүн чындыкты ажыратып билүүгө мүмкүндүк ачаар чыныгы критерий акыры бирөө гана калат, ал — улуттун тарыхы, улуттун дүйнө таанымы, улуттун келечек коопсуздугу. Ал эми дүнүйөгө өзүнүн көзү менен кароо деген, ал — стереотип-терден арылуу деген сөз. Абсолют чындык катары калк эсинде кабылданып кеткен кай-кай түшүнүктөрдү кайрадан өз позициясынан аңдоо деген сөз. Жарамсыз калып-теорияларды жарып чыгып, жаңы тарыхый реалияны камтууга кудурети жетик, жан жарыгында жарыткан жаңы методологияны түзүү деген сөз. Антпесек, заман көлдөлөң койгон башкы маселелердин бар тереңин өз позициябыздан аңдай албасак, башкы дөдөмөлүбүздү тактабасак, анда таман алдыбыз дайым тайгак. Демократия — азоо тайдай… Бул жөн эле баарын жерий берген кезектеги нигилизм эмес, эстин эгемен экендигин («суверендүүлүк парадын» рухка ооштуруп) иши кылып эле жар салып коюу да эмес – улуттун келечек тагдырында өз Жүзүн, Жолун түзүүдөгү эң биринчи шарт, зарылдык! Анткени, өзүн тааныбаган, рух философиясын аңдай албаган калк дүйнөлүк тарыхый процесстин тек бир пассивдүү субъектисине айланат да, соңунда андан чийилип тынат. Ушул ыңгайдан чыгып, абалы, эң жалпы мүнөздө болсо да өзүбүздү боолгоп көрөлү, кимбиз, неткен элбиз, соңунда керектүү сөзгө кезек таштаарбыз.

Сөздү Түптүн түгүнөн баштабаса маселенин башы ачылбайт. Сөз отурук Батыш менен Азиялык көчмөн элдин эң жердигиндеги айырма тууралуу. Арийне, тээ аавалда аалымдар айткан бар адамзаты «жайылжурт» («пастушеские племена») жашап турган бир доорду айтпай-ак бери, берээк келгенде, жашоо ыңгайынан улам бирөөлөрү отурук мүнөз күтүп, экинчилери көчмөн жашоого өтүптүр. Алардын жан дүйнөсү ошончо алыстан калыптана баштаптыр. Отурук жашоо ыңгайынан, тарыхый-социалдык да башка себептерден улам жеке менчик институту келип чыккандан тартып Батыш отурук элдерде турмушка керектөөчүл (потребительское отношение) мамиле акырындап биринчи планга чыгат. Ал эми керекчил мамиле табигый түрдө адамда эгоизмди, индивидуализмди калыптандырат. Арий­не, ал чактары Батыш адамында бул сезимдер кийин-кийинки ээ-жаа бербей агылган сурайыл түрүнө өтпөгөн чыгаар. Анткени аны мораль, дин өңдүү коомдук аң-сезимдин да башка түрлөрү кантсе да ооздуктап келген. Бирок ошол диндин өзөгүндө да Батыш адамынын керектөө­чүл маанайы басым чагылып калганын христианчылыкты кенен, терең изилдеген, өзү Батыш адамы Л.Фейербах бир нече ирет баса айтканы бар. «Учение о творении исходит из юдаизма. Лежащий в его основе принцип есть не столько принцип субъективности, сколько эгоизма… Свои особенности евреи сохранили и до настоящего времени. Их принцип, их бог есть самый практический принцип в мире – эгоизм и притом эгоизм в форме религии».

Жогорку айтылган ой иудаизм байтүп болуп берген Батыш христианчылыгын да кыйла мүнөздөйт. Протестантизмдин суурулуп бөлүнүп чыгышынын өзү да Асман-Кудаага эмес, Жер мудаага байланыш жатканы бекер эмес. Менталитети, жашоо образы Батыштыкынан бир топ өзгөчөлүү кең «русская душалуу» орустардын, азыр, төл православие ишенимин, ал аркылуу жанын-дээрин чыркырап калкалап атканынын, коргоп бөлүп айтканынын да бир жөнү бар чыгаар. Ошентип башканы койгондо да адамдын эң бир изги, ички аяр дүнүйөсүнөн арууланып сызылып чыгаар диний сезимдин өзүндө да керектөөчүлүктүн кермек даамы катылып жатса, башканы айтып не кылабыз…

Эми Европанын бүткүл өнүгүш жолуна серп салсак, анда, өндүрүштүк мамилелердин тынымсыз-тынымсыз өркүндөшү, экономикалык түзүлүштөрдүн биринен сала бири өзгөрүшү, социалдык революциялар жүрүп, коом бир формациядан экинчи формацияга өтүп келгенин көрөбүз. Дал ошол «коомдун базиси» деп аталган байтүптү козгоп кый-мылга келтирген эң башкы күчтүн өзөгүндө да рационализмге айкаш практицизмдин, керектөөчүлүктүн күчтүү деми жатканы айкын. Керекчил дух Батыш коому өнүгүүнүн капиталисттик тилкесине кирген ченде баштагыдан алда канча эсе артылып чыкты. Ар бир сословие, ар бир класс, ар башка мамлекеттер өзүнүн кызыкчылыгын, жеке менчигин коргоп, жактап, жан аябай кырчылдашып жатышып акыры Күн алдында чоң, кичине орундарын ар бири алып тынышты.

Демократия, Мамлекет, Адам, Укук, Рынок, Жеке менчик деп аталган фундаменталдуу түшүнүктөрдүн Батыштык өзгөчө мааниси эволюциялуу калыптанды. Адамдын экономикалык кызыкчылыгы (демек, пайдакечтиги да) эң башкы планга аныктооч мүнөз күтүп, жеке кызыкчылыгына кайчы келген мурдагы кай-кай эрежелерди, түшүнүктөрдү, салттарды аеосуз кыйратып, ар бир жолу өзүн башкы планга бөлүп чыгып турган өзгөчө менталитет өөрчүдү. Анын акыры — өткөн кылым соңунда, биздин кылымдын башында Батыш коомун терең руханий деградацияга алып келгени бекер эмес.

Эми, Күн Чыгыштын Жолу өзүнчө болду. Оболу баштагы стереотип боюнча окумуштуулар бир ооздон «чыгыш деспотизми», «чексиз тирания», «варварчылык» деп атап келишкен зылдай түшүнүктөр 30-жылдары Кытай революциясынын мүнөзүн, кыймылдаткыч күчүн териштирүү башталганда байтүбүнөн бир зак берди. Алар мурда өзүлөрүнө тааныш эмес жаңы жагдайга тушугуп, Маркс алда эбак дүңүнөн айтып кеткен Азиялык өндүрүш жолу тууралуу теориясына кайрылууга аргасыз болушту.

Кийин 60-жылдары, дүйнөдө Азиянын добушу улам күчтүү жаңырышы, Африканын ойгонушу менен кайрадан ага кызыгуу күчөп, байыркы Кытай, Индус, Египет, Шумер цивилизацияларынын узаакы тарыхы комплекстүү изилденүүгө өттү. Аалымдардын басым бөлүгү — Күн Чыгыш өзгөчөлүү жол басканын, ал Батыш өңдүү коомдун байтүбүн шымаланып талкалай бербей, Батыш басып өткөн коомдук өнүгүү баскычтарын (жолдорун) сөзсүз эле басып өтпөй, маданий-рухий салттарын аяр сактап өнүгүп отураарын мо-юндашты. «Түбөлүк феодализмдеги» «традициялуу коом» түшүнүгү калыптанды, бирок да ал «Чыгыш деспотизмине гана кызмат кылган» деген бая талаштуу ой кала берди.

Ал эми көчмөн коомго эмне үлүш тийди? «Азиялык өндүрүш жолу»тууралуу ошончо орошон талаштарда дүйнөлүк аалымдардын көңүлү бир гана Чыгыштын отурук калктарынын жашоо турмушуна бурулганын эстесек, анда дүйнөлүк тарыхый процесске, өндүрүшкө, акыл-эске эч бир «экономикалык салым» кошпой, даярга тап жамбаштап жата берген, болбосо жортуул жүрүп байлык карактаган, бүтүлүүнү бүлдүргөн «варварларга» башкалар тарабынан тарыхтан кайсы энчи биротоло ыйгарылганын баамдоо анчалык кыйынчылыкка турбас. Бир гана көчмөн элдин өз өкүлүнөн чыккан аалым, казак Д.Кшибеков «Кочевое общество» (АА.1986) аттуу китеп жазып, ошол бөксөнү кыйла биринчилерден болуп толтуруптур. Бирок да бар маселеге таптык тургудан мамиле этүү, марксизмдин теориясына камалуу, балким, авторго аталган маселенин чыныгы бийигине серпилип чыгууга мүмкүндүк берген эмес шекилденет. Демек, бул маселе дыңдын дыңы бойдон калып келет. Эми Азиянын картасында чыныгы өз боёгу менен боёлуп чыккан Монголия, Казакстан, Кыргызстан өңдүү жана Борбор Азиянын башка эгемен мамлекеттеринин тагдырына чыныгы жүзүн издөө буйрук-милдет болуп жазылып чыкты. Эгерде алар дагы эле буга дейре бирөөлөр каалагандай боёй берген картадагы боек бойдон калбай, чыныгы улуттук жүзүнө ээ мамлекетин курууга белсенишсе, же бирөөлөр көргүсү келген (аныгы — жеңгиси келген!), абстракт демократиялуу мамлекетти көчүрмөлөй бербей, жана эң башкысы, чыны менен калкынын табиятындагы жанар күчкө таянгысы келсе, анда алар өзүлөрүн чындап билиши лаазым, өз башы менен өзүн таанышы лаазым.

Менин жеке баамымда көчмөн цивилизациянын анык маңызын түшүнүш үчүн тээ жердигинде жедеп эске сиңип болгон тарыхый материализмдин башкы теориясын, б.а. базис жана надстройканын бир бирине катышы тууралуу ойду догма тутпай, чыгармачылык менен түшүнүү керек. Эгерде биз ушул байтүптөгү маселени башын ылдый салаңдатпай ордуна коюп карай албасак, анда эч качан өз коомубуздун баскан жолун, ошондон улам бүгүнкүсүн нак түшүнө албайбыз, эртеңки мүдөөбүздү көрө албайбыз. Буга кийинчерээк арналуу токтолобуз. Азырынча көчмөн коомдун жердик табияты тууралуу кептин түбү түшүнүксүз калбасы үчүн жалпы текст алкагында буларды белгилемекпиз.

Жогоруда Батыштын баскан жолунан көрдүк, аякта коомдун базиси дамамат башкы планга чыгып, ар бир жолу надстройкасын өзгөртүп жүрүп отурду. Эгерде материалисттерче, тарыхтын кыймылдаткыч күчүн массанын жай аң да, бейаң да умтулуштарынан жыйылып бириккен күч түзөт деп эсептесек, анда Батыш журту адамзатка бир кез асем грек маданиятын, кайра жаралуу заманын, классицизм, романтизм, реализм, позитивизм, изм… изм… дердин түрлөрүн байма-бай бергенине карабай, акыры бая айткандай терең руханий деградация тилкесине келиши, глобал экологиялык апаатты жакындатышы, анын байыркы ыйык «Осуяты» айткан «ни хлебом единым сыт человек» философиясы да ошол айныгыс практицизмине каршы тараза туруп такаат бере албай калгандыгын кашкайта ачып берет. Жөжө күзүндө саналат.

Ушинтип базистин надстройканы, же орой айтканда кара курсактын, карандай акылдын рухту ар бир жолу айрандап басып кетип турган тараза ташы, соңунда, Адам – Табият – Космостун абалкы гармониясын да ошондойчо ойрондоп бузуп тынды. Ал эми көчмөндөргө келгенде, маселе түп тамырынан өзгөрөт. Албетте, бул айтылгандын баары Батыш жолун жокко чыгарып чийип салыш үчүн керек эмес, «жайлоодо жамбаштап жатсаң сонундага» чакырык салыш үчүн керек эмес, биз келечекке карай керектүү ориентирлерди карманыш үчүн зарыл. Батыш, же калган Чыгыш дүйнөсү сыяктуу эле көчмөндөр цивилизациясынын адамзат тарыхында алган кайталангыс асыл орду бар, жана алдыда айтаар сөзү да бар, ошону аңдаш үчүн зарыл.

Ошентип көчмөндөргө келгенде базис менен надстройканын катышы өзгөрөт. Же ал идеалдуу гармонияга келет. Гармонияга келгени ушу; ал: «ни хлебом единым сыт человек» деп формуланы жерге (хлеб) ийип мүлтүңдөтпөйт. «Человек жив Небом!» деп, аабалкы гармониянын башкы учугун жоготпой көкүрөк керип, түптүз эле айтат. Анткени ал отурук элдей таңдан кечке бүгүлүп, жер чукуп калган эмес. Жүлүнү түз! Жер менен Көк ортосун керилип тиреп турат. А балким аргымагынын боюнча Көккө жакын. Ал Жерден жулайын дебейт, Жер өзү берип турат аган. Андыктан Жердин өзүн да ал Ыйыктап алган. «Ыйык Жер-Суу» деп атап алган. Ээсине табынган (Жеке менчикчил дух жердиги ошон үчүн көз жарбаган). Аны менен толук шайкеш келген. Мундуктан Көк Теңир да далысын салбай ага мээрин ийип турат.

Метафораны жөнөкөйлөтүп айтсак, анда, көчмөн коомдо — «кайра өндүргөн экономика» деген болбогону белгилүү жана бүт аалымдардын найза сындырган жери да ушерде. Алар көчмөн коомду мал азыгы менен даяр оокат кылган, турмуштук биринчи зарылдыкка айланбаган соң, жер чукуса да бир буурсундан башканы ойлоп да таба албаган, бүткөн бир примитив коом деп Батыштын чен өлчөмүнөн чыгат (баса, алардын өзүн «жайылжурт – пастушеские племена» замандан соң табияттан киндик үзбөй, континенттерди чалмакей чалбай, индейлерди кырып тынбай, улуу цивилизациясын сапырып салбай, акыры барып жаратылыштын тең салмагын бузуп, жамы адамзатты улуу апаатка такабай эмне үчүн башка бир гумандуу жолго түшүп кете албадың деп айтканга, эми Гоген жок!). Ошондон улам көчмөндүн чарба жүргүзүү ыкмасын экстенсивдүү (Батыштын интенсивдүү ыкмасына анти) деп табышат. Чынында «экстенсивдуу өнүккөн» дештин өзү да көчмөн коомго ылайыксыз, аны отурук Чыгышка колдонсо эп. Ал эми көчмөндүн тээ байыркы таш замандан берки бар таап алган куралы — бир камчы, бир ээр, бир жүгөн, бир сабаа, бир көнөчөк, бир жаргылчак, бир буурусун, бир балта, бир чот экен болгону. Муну кандайча экстенсивдүү өнүгүш деп айтасың. Ашырып биротолу, стагнация десең жарашпайбы? Стагнация… Тык! Жок, тарыхый процессте сенек каткан же жансерек калган коом болбойт. Эгер ошого чапса эле, бүттү, тарыхтын кан жолунан өзү четке ыргыйт. Урушсуз, согушсуз эле, диалектиканын, өнүгүштүн ички мыйзамы аны ичтен иритип жок кылат. Тарыхый процесс – активдүү, катаал процесс. «Атасынан баласы ашпаса акыр заман болот» дешкен экен кыраа көчмөндөр. Ушунун өзүн алардын бүтүндөй коомуна түз көчүрүп түшүнүү орундуу.

Андай болсо көчмөн коом каякка өнүккөн? Патриархалдык – уруучулдук деп аталган узаакы-узаакы жолдо «түбөлүк примитивизм» түрүндө жыйырманчы кылымдын башына чейин жылмышып куюкка кулабай кантип гана эсен жеткен? Кайда өнүккөн? Кайда-а?..

Ичке өнүккөн! Руханий тилкеде өнүккөн экен көчмөн коом! Тынымсыз… тынымсыз… бир тынымсыз руханий өнүгүштүн улуу жолун баскан экен көчмөн коом! Рух жарыгын уютуп жыйган экен көчмөн коом. Сырты экстенсивдүү, ичи интенсивдүү иримденип аккан экен көчмөн коом!

Марксизмдин классиктери надстройканын пассивдүү калбай айланып келип базиске тийгизип турар таасири тууралуу айтышкан, бирок баары бир барып-келип коомдун өнүгүшүндө базистин чечүүчү ролун белгилешкен. Күн Батыш кыртышынан көз жарган окуу катары марксизм андан башкача айта да алмак эмес жана анын теориясы прагматик Батыш коомунун тарыхый өнүгүшүн туура мүнөздөп берет. Ал эми көчмөн коомдо анын базиси Батыштагыдай эч качан башкы планга бөлүнүп чыкпайт. Көчмөн жашоо мүнөздүн өзү мүмкүнчүлүк бербейт. Кийиктей от кубалап мал ээрчиген ал маңырайып Асманга суурулган, Жерге жуурулган. Мал асыроо дегендин өзү дагы көчмөн үчүн тек жан багуу каражаты эмес, тирүү дүйнө менен киндиктеш өсүү, боорун жерден алганы боорлошуу («мал боор эт менен тең») деген да сөз болгон. Б.а. экономикалык кырдаалдын өзү табиятында рухий кырдаалга жуурулуш, чулу жатат. Кайталайм, чулу! Демек, мында сөз базистин надстройкага үстөм жүрүшү жайында эмес, өзгөчөлүү түзүлгөн тарыхый-социалдык кыртыштын өзгөчөлүү мыйзамына ылайык экөөнүн табигый шайлыкка келгени тууралуу жүрүшү керек. Ошентип, коомдун чыныгы жаратман энергиясы көр оокатты «көр оокат чегине» таштап, көкүрөгүн Көккө керип, жердиги адеп, рух тегиздигине көчкөн. Адамзат тарыхындагы кайталангыс кубулуш — кара жердин бир ыптасын бооруна баскан прагматик, керекчил, жекечил тарабына Тагдыр тарабынан Адамзатка бир тараза салмак катары тынымсыз агылып турган, тазарып турган аккан суудай аяк башы үзүлбөгөн, сүзүлбөгөн, баарына тең ачык, таандык, жамаатчыл, рухий-маданий бир коом ушинтип тамчыдай Жердин жети катмарынан сыгылып, сызылып отуруп узаакы жолдо табигый түзүлгөн экен. Үзүлбөй уланып келген экен!

Ырасын айтсам, руханий-маданий коом деп да мен тек башка отурук Чыгыш элдеринен айырмалаш үчүн гана орусчадан калькалап айтып (духовно-культурное) атканым. Акыйкатта көчмөндүн өз тилинде айтсак, ал Нарк-Салттуу коом делсе туура. Бир аз чечмелейли; Нарк адамдын керт башына – ичке байланышса, Салт – сыртка байланышат. Бирок көчмөн коом бир ордунда жылбай каткан отурук эмес, дайыма кыймылдагы, бар мүчөсү так уюшкан, социалдык бир бүтүн организм болгондуктан бу дагы бир шарттуу бөлүү. Анткени ар адамдын ички наркынан куралып барып эл наркы аныкталат, же салт чегине өтөт. «Нарк билген эл бекен? Нарк билген жер бекен?» делет элде. Ошондой эле салт дагы өз кезегинде сырткар чөйрө түшүнүгүндө кала бербей, сөзсүз ар адамдын керт башында, нарк тегиздигинде уланат, ал салт тутумунда эреже адеп карманып жашайт. Андыктан «Салт бузаар – журт бузаар» деп да айтылат элде. Нарк-Салттуу коом ушинтип ичи-тышы бирдейленет. Ал эми көчмөн коомдо нарктын да, салттын да учугу Көк-Теңирге жалгашат. Демек, бул Теңирнарк – Теңирсалт деген кеп эмес бекен! Жарымы Жер, жармында Асман калкылдаган «Айтөгөрөктүн» белгиси как ушунда. Жалпы Чыгышка тан айтылган «Салттуу коом» («Традиционное общество») деген түшүнүк өзүнүн жердигинде өзгөчөлүгү бар көчмөн коомдун нак маңызын ача албайт дегенибиздин себеби ушул.

Эми көчмөн дүйнөнүн ошол отурук Чыгыш калктарынан айырмалуу жагына азыраак серпсал.

Биринчиден, отурук «Салттуу коом» байыртан келаткан баба салтын, жашоо мүнөзүн бекем карманып, өзүн туруктуу сактайт. Бул анын белгилү деңгээлде оң, консерва-тивдүүлүгүн да шарттайт. Мындай коом сырткы таасирди оңой өткөрбөйт, өткөргөнүн акырындап өзүнө «аш» кылып сиңирип барат да, соңунда өзүнө эритип менчиктеп алат. Ал эми көчмөн коомдун өзүнүн тээ абалтан табият койнунда эриш-аркак ийкемдүү тил табышып, Дүйнө өзөгүнө сүңгүп, камыр-жумур жуурулушуп кетээр табиятынын өзү сырткы таасирге бат коошоор мүнөзүн шарттайт, жаңыны тез кабылдагыч (терс консервативдүү эместигин) табиятын калыптайт. Бирок мындай «өзгөргүчтүк» анын тээ эң түпкү өжөр туруктуулугу менен өзөктөш чырмалышкан, кылымдар бою катмарлап жыйылган «өлүү жүк» эмес, «тирүү дем» болуп жашаган Алтын Кордон (айталы Манастан) азыктанат. Алтын Казыгын айланат («Ат айланып казыгын табат»). Андыктан ал ошончо жаш демократиялуу да, ошончо карт традициялуу. Ал — руханий! Жашоого ийкем! Ийкем, бирок… бир гана шартта! Улут өзүн өзү аңдап турган тушта! Жок, улут башатынан адашып, башына жарым ширге жабылып турса, «менталитет» өңдүү жат түшүнүктөрдүн мээкаңгыт талаасында адашып, «кыргыз табиятынан ачык, кабылдагыч, демократ!» деп делбелене эргий берет да, улуттук иммунитети билинбей иштен чыгат, жакшы-жаманды ылгап ала албай жат таанымга бастырат. Кедерине тартат. Керинче, улут өзүн өзү аңдап эс бийигинде турганда, жаңычыл умтулушу салтынан таман ажыратпай барат да, аны активдүү кыймылга алат, ишке салат. Демек, келечегине тартат.

Отурук Чыгыштан дайыма кыймылдагы Аккан Дүйнө – Көчмөндухтун башкы айырмасы ушунда. Калганы мындан агылып чыгат.

Же, экинчиден, отурук чыгыш элдеринен айырмаланып көчмөн коом бардык матералий-рухий дасмыясын ороо казбай, китеп жазбай, сарай салбай, жыйып-жыйып катмарлабай өзү менен кошо журттан журтка көчүрүп, көкүрөктүн деминде кармап, табын сактап, муундан муунга тирүү берет.

Үчүнчүдөн, Менчик, Укук, Мамлекет, Адам, Дөөлөт ж.б. түбөлүктүү түшүнүктөргө карата көчмөн тирлигине байланыштуу бардык отурук калктарга салыштырмалуу өзгөчө баамы, баасы калыптанат.

Биздин оюбузча көчмөн коомдун отурук Батыш, Чыгыш дүйнөсүнөн дүң айырмаланган өзгөчөлүгү ушундай. Батышта калыптанган методология, теорияларга сыйбай ай чапчый берип жамажайын жарган көчмөндүн (а биз ансайын камай берген) азоо духу ошол руханий-маданий кеңдикте. Ага эрк керек! Б.а. жандуу турмушту жат кыртышта көз жарган теорияларга камай бербей, жандуу турмуштун өзүнүн ырын-сырын укмак зарыл!

Бул тууралуу, кайрылып эле Энгельстин өзүнүн мындан туптуура жүз жыл мурунку бир сөзү менен айтса жарашат: «Исторический идеолог располагает в области каждой науки известным материалом, который образовался самостоятельно из мышления прежних поколений и прошел самостоятельный, свой собственный путь развития в мозгу этих следовавших одно за другим поколений… Но факты эти, как молчаливо предполагается, представляют собой опять-таки просто плоды мыслительного процесса, и таким образом мы все время продолжаем оставаться в сфере чистой мысли»… Демек, маселе көндүм эреже-ойлордун калыбынан суурулуп, өзүбүздү өзүбүз үчүн да, өзгөлөр үчүн да жаңыдан кайра ачып чыгууда турат. Марксты ээрчий айтсак, маселе көчмөн коомду жарамсыз теориялар менен түшүндүрө бергенди токтотуп, эми теориянын өзүн өзгөртүүдө турат.

Арийне, бизди ичтен билбегендерге, же көнүмүштүн күчүндө калгандарга «көчмөн коомдун жаратман энергиясы адеп, рух тегиздигине көчкөн» деген түшүнүк бир кур кыялдай көрүнөөр. Кечээги Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч аталардын соңунан дагы бир кылым кечигип чыккан дагы бир заманачынын кеч жаңырган зар-зарындай сезилээр. Анткени далайдын акыл-эсинде көчмөндүн образы эч качан бийик руханий, асыл адеп, таза аристократ борумда калыптанган эмес, керинче, ал — варвар гана! Сырт тарых гунндардын жүрүшүн, селчоктордун жүрүшүн, Чыңгыз каандын жүрүшүн, Аксак Темирдин жүрүшүн гана билет, анан да бүткүл көчмөн дүйнөнү ичтен ирип, өз-ара « ыркырашкан итарка заман» кечирген деп гана түшүнүшөт. Ошону эң башкы планга алып чыгып айтышат, жазышат, ишендиришет. Тарых чындыгын да өзүнүн күлдөбөсүнөн карап, жарымы төгүн, жарымы чын миф жаратышат. Бул чоң сөз, атайын сөз. Аа дейре жортуулчул замандын жоокер рухунун баасын эч кемитпей туруп бир шилтеп айтаар чындык бул: керек болсо, көчмөн дүйнөнүн ички анык философиясын, мисалы, «Көкөтөйдүн ашы, көп чатактын башы» делген улуу аштан соңку окуя эмес, улуу ашка чейинки окуя, дал ашка чакыруунун фактысынын өзү аныктайт. Теңирдей Наркты, Салтты, Адилдикти туу тутканы аныктайт. Ал эми Адилдик буулганда кылыч суурулган. Көкөтөйдүн ашындагыдай! Көчмөн жанар жана бүркүлгөн — Теңир алдында Теңирдей тең Калыстыкты, Адилдикти, Намысты, Сөздү кайра ордуна коюш үчүн! Тарых ошентип кайрадан чайпалган, чайкалган. Айттык, бул чоң сөз, өзүнчө сөз…

Ошентип, коомдун базиси миңдеген жылдар бою өзгөрүүгө учурабай, коомдук аң-сезим утурумдукка байланбай, аалымдар «мифтик аң-сезим» деп атап салышкан тээ абалкы Дүйнө-Аалам менен чулу жуурулушкан балалык баёолугун, тазалыгын сактай келген, мезгилге жарыш байыта келген көчмөн өзүнүн да, табияттын да, Асмандын да Сырын көкүрөк менен жандыра отуруп, узаакы жолунда керемет, чулу рух илимин жаратып келген экен. Эгерде Күн Батышта экономикалык революциялар жүрүп адамды кара оокат, менчик өз алкагында улам чарк айлантып алса, көчмөн коомдо ар бир чоң согуштардан, табигый алааматтардан, дагы башка түрлүү-түрлүү адам коомун аңтар-теңтер сапырып ийген сабактардан соң, ар бир жолу пейил-куюнда, рухунда зор силкиништер жүрүп турган экен. Мындай өзгөрүштөр Батыш адамын ар бир жолу дагы акылдуураак, дагы эпчилирээк, дагы камбылыраак, өзүмчүлүрөөк кылып барса, көчмөндүн аабалтан келаткан салттарын, көз караш ишенимин, жыйган накылын аеосуз мезгил сынагынан кайра өткөрүп таразалап, жамаатчыл заманга зарылын (боордошчулук, бир туугандык, күйүмдүүлүк, кайрым, ыйман) ылгап алып турган. Теңирге табынып, бардык идеалын Теңирден көрүп, көөнүндө чексиз ошого умтулушу — көчмөндү руханий да, нравалык да жактан тынымсыз, тынымсыз тазалап турган, аруулап турган. Ал өзүн өзү күзгү караган Аккан Суусуна окшоп тунуп барган. Ошентип анын Теңирчилик деп аталган Рухтаанымы акырындап бир системге келип, илимге айланыптыр. Бул таанымдын өтө көөнө, узаак-узак жол басканы ушунчалык, ал көчмөндүн каны-жанына чыккыс сиңген, өзөгүнө өчпөс өскөн, акыры Өзүн түзүп калган! Адам туруму канча тегиздикте өлчөнөөр болсо, ошончо тегиздикте уйуп Теңирчилиги жатканы таң калтырат. Бул уңгу тууралуу мурдагы «Теңирчилик» деп аталган ой толгоомдо кененирээк айткан элем, антсе да сөздун ыраатын бузбай буерде кыскача нускап алгым бар.

Уңгу тууралуу учкай кеп

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *