sh_dyisheev6

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Аңгеме

Анын азан чакырып койгон аты Мати болучу. Ал бу жалган дүйнөдө аз гана жашады, шордуу. Эгер молдокелер айткан тиги дүйнөдө жашоо бар экени чын болсо, Мати ал жакта да сөзсүз тыйын чогултуп жүрсө керек деп ойлой берем.

Өмүр бою жарыбай келген бул үйбүлө эгемендикке ээ болгон күндү эле күтүп тургансып туш келди чачылып кетти. Тагдыр Матини базардан чыгарды. Ошондон ушул күнгө чейин ал базарда тачкист эле.

– Тачкистмин, — дейт бирди-жарым шериктери жолуга калганда. «Тачкист» дегендин акыркы «с» ысын тим эле жеберине жеткире-жеткире айтат, анысы өз кулагына «таксист» дегендей угулат.

Омурткасы оюнга каталек он эки жашында көр-жер менен укум-тукуму көрбөгөн шаарга агып келген Мати азыр жыйырма төрт кар басып, кадыресе кагылып-согулуп, катаал күндүн кан-жинине аралашып, аны эми андан шагыратып сөөгүн эле алып чыкпаса, кайра чыккыс болуп биротоло ашташып да, машташып да бүткөн. Арак десе аттан үзөңгү теппей кулап түшчү атасын да, жыл сайын, ай сайын, күн сайын чубуртуп тууй берип, о кудурет, жок дегенде өз гөчүгүн өзү аябай, же көпкө эс албай, же азга эс албай, качан көрсөң бала басты болуп, албаалап-салбаалап, чиркин өмүр тургай чимкиригин арчыганга алы жетпей жүрүп жүдөп бүткөн апасын да унутту. Адепки кездери баладай болуп эңсеп, дегдеп, сагынып, кусаланып, акыры жарык дүйнө өзү менен туулуп, өзү менен өлөрүнө көзү жеткенсип, бара-бара киндик каны тамган жери да, кирин жууган эли да эстен чыгып, алкеш атасы менен алсыз апасы карегинен, эсинен, жанынан экинчи кайрылгыс болуп өчтү…

Мати бу жалганда эчкимге алмашкыс энеден да, атадан да, жатындаш тууганынан да, баарынан да, а балким кудуреттүү Теңирден да кымбат, ыйык алдуу-күчтүү бир нерсе тапты. Табары менен кулк-мүнөзү ансыз да башкаларга түшүнүксүз, түнт, мерес көрүнгөн неме андан бешбетер өзгөрдү. Канча жылдан бери өзүндөй жанбактылар менен өз үй, өлөң төшөк кылып келген «тепло трассадагы» квартирин таштап, өзүнчө түтүн булатып кетти. Матиге бул жердеги коллективизм: күнүмдүк каракурсак үчүн чогулуп тыйын чыгармай, чогулуп жашамай, бирин-экин маселени чогулуп чечмей жаккан жок. Алгачкы күндөрү «кайда жашап жүрөсүң?» деген суроолорго күңк-мыңк деп оңдуу жооп бербей койгондон соң тигилердин Мати менен иши болбоду. Анын үстүнө бу кымгуут түшкөн дүйнөдө ким менен кимдин иши бар.

Тачки түртүп жүрүп ирденип кеткен жандимилер тууралуу жомокту булар кардар такыр сээлдеп, үй-үйлөрүнө кайтар учурда угушчу. Жомокто так ушуларга окшогон эле бир көкжетим көп-көп акча жыйнап жүрүп университеттин юристтик дипломун, анан ага кошуп майлуу кызмат сатып алганы, шаардын четине хан сарай салдырып, бир жума бир аялы, бир жума бир аялы менен жыргап-куунап жашап жатканы жөнүндөгү таттуу баян айтылар эле.

Мати тачки түрткөндөр менен кошулуп тамак ичкенин да таштады. Койнундагы бир байлам жоолугуна оролгон сарт нанын ал күндүк оокатына жеткирип шам-шум этип алмайга жедеп көнүп алган болучу. Алгач өзөгү карарып, оозуна кара суу келип жүрүп анан көнүп кетти. Алтургай айтоголок бир нанды эки күнгө жеткире үнөмдөп жеген эрдигине тан берген кездерин айт. Суу болсо кудая шүгүр, колонкада агыл-төгүл, бөтөлкөгө каалашыңча куюп ал да иче бер. Матинин куйкасын куруштурган бир гана нерсе – токоч баасы. Жалгыз токоч үчүн беш сомун сууруп атканда колтук тушунан сом чыкпай эле жаны кошо чыгып бараткансып кетер эле. Бирди-  жарым пулу корогон сайын кан өткөн ичин тазалап алыш үчүн ороктон качкан сартка окшоп алыс, алыс барып алып, желп эткен желге да көрүнбөй, каткан акчасын кайра-кайра санап чыгып эс алчу. Анын «тепло трассадагы» үйүн таштап кеткенден берки үч жылын өзү жалгыз мүрзөдө жашап келатканын жан адам билчү эмес…

Ошол Мати чаламандын чак түшүндө, тачкисин түртүп келатып, жол үстүнө кулап түшүп жан берди. Эмне болуп кеткенин түшүналбай калган адамдар карбаластап, жөн эле жазып-тайып жыгылып кетти го деп, көтөрүп ала коебуз деп тургузмакчы болуп далбасташты. Анан Матинин жалаңкат көйнөгүнүн ичиндеги денесинин эбак таштай катып жок болгонун, ак жайдын чилдесине карабай эти муздай тоңуп баратканын көрүп чуу түшүп калышты.

Бул ээси жок өлүктү кызыл-жаян кылып союшту эле, ичинен ийрип алар бүдүр чыкпады. Медициналык экспертиза маркумдун үч күндөн бери наар албаганын, ашказанынан карандай суудан башка эч нерсе чыкпаганын кагазга толтуруп жатса, кийим-кечелерин аңтарып-теңтерип аткан милийсанын колуна Матинин бит баскан жыртык турсийинин ычкыр кашатынан томпойгон бир нерсе урунду. Бычак менен тигишин сөгүп жиберип карады эле, жамаачы салынып тигилген жердеги бүктөлгөн акча көзгө көрүндү.

Туптуура он беш миң сом экен, анан кадимки эле бит. Эки-үч күндөн бери ээсин жоготуп, жылуу кандан ажыраганын түшүналбай башы маң бит милийсанын жеңи көздөй жөрмөлөп кирип баратты…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *