Тепкичтен тепкичке өсөлү, окурман!

Урматтуу окурман, «РухЭш» сайты маани-маңуздуу сапаттагы Интернет айдыңынан өз ордун табуу максатында эсеп ачты. Аталган сайт дил агартуу максатын көздөйт. Мураты – Улуттун Рух кенчин байытуу; өрнөктүү асыл ойлорду жана адабий көркөм чыгармаларды кыргыз окурмандарына жеткирүү.

Эң башкы мүдөөбүз – келечек муунду туура тарбиялоо багыты; жаштарыбыз жана өспүрүм курагындагы балдарыбыз өз ЭНЕ тилинде ою жетик, тили жатык тарбиялануусуна камылга көрүү; үйбүлө баалуулуктарын унутта калтырбоо…

Заман шары миңдеген мекендештерибизди бөтөн жер, бөлөк элдердин арасында тирилик улоого мажбурлаган эгемен жылдарыбыздын аралыгында нечендеген көчөт балдарыбыз өз ЭНЕ тилинде ыр жаттап, жомок, тамсил угуу энчисинен айрылып келди. Аларга дөөлөттүү адамзат мурасын ЭНЕ тилибизде даңазалоо максатында «РухЭш» сайтын негиздедик.

Арийне, Интернет айдыңындагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн баары бир гана финансылык көзкарандылыкка байлангандыктан – «РухЭш» сайты да чектелүү деңгээлде гана иш алып барууда. Эң жөнөкөй техникалык мүчүлүштүктөрдү жолго коюу жагы да финансы маселесине көзкаранды болгондуктан жигердүү окурмандардын финансылык колдоосуна муктаж экендигибизди жашырбайбыз. Каалоочулар 0558 08 08 60 номуруна (ЭЛСОМ) жана 987912 банк эсебине  (РСК) которо аласыздар…О.э. 1290043490000078 эсеби ачылган.

One Reply to “Акция: «РухЭш» сайтына кайдыгер караба!”

  1. Эмгегинерге таазим олжоке омуру узун сайт болсо экен чыгармаларга тойбой ач жургон жаным кичине тоюна баштадым окшойт деп озумду сооротконум менен куюндуу доорду окуй албай оорулуу болдум турмуштан коп жаман адаттарды таштасам да китеп рокууга болгон ач коздугум калбай койду сизге ийгилик каалайм

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *