Электр-араа сатып алган Кыргызбай беш-алты күндөн кийин дүкөнгө кайра келет күңкүлдөп:

— Күнүнө беш кубдан жогору отун араалайт деп мактаганың кана, эки кертим да жыгач араалаганга жарабады мунуң…

Сатуучу электр-арааны текшермек болуп токко саят. Араа зыңк. Сопсонун иштеп атат. Аны көргөн Кыргызбай желкесин кашып:

— Йе-ата, ток менен иштейт деп мурда эле айтпайт белең! — деген экен.

* * *

Дүкөнгө башбаккан Кыргызбай:

— Мага бир килограмм сүт берип коюңузчу.

— Сүттү биз килограммдап сатпайбыз…

— А кокуй де, анда 70 сантиметр сүт берип коюңуз.

* * *

Кыргызбай врачка келет:

— Балам үйдө эт, май, колбаса дегенди жебей калды.

— Эмнеге жебей атат?

— Жок болсо, атасынын башын жейби…

* * *

Европалык эки киши кыргыз айылдарын кыдырып жүрөт дейт. Бир дарбазага келип, такылдатып калышат. Дарбазаны Кыргызбай ачат:

— Эмне керек?

— Үйдө жетимиштен өткөн атаң болсо, сатып алат элек.

— Эй! Акыл-эсиңер ордундабы? Атасын кайсы келесоо сатсын! Бизде атасын саткан элин сатканга, жерин сатканга барабар! Көзгө көрүнбөй жоголгула! – дейт.

Тиги экөө өз ара сүйлөшүп калат:

— Анда жүрү, тиги үйдөгү сексенге чыккан чалды эле сатып алалы.

Аларды уккан Кыргызбай чыдабай кетет:

— Деги, канчадан алат элеңер?

— Эки миң доллардан.

Кыргызбай желкесин кашып:

— Менин атам жаш, жетимишке да чыгалек. Алсаңар алып кеткиле. Эки миңге «Ауди» келет, – дептир.

* * *

Кыргызбай пивоканадан ылжыган мас болуп чыгып, такси токтотот:

— Багажнигиңе бир жащик пиво, бир торт батабы?

Таксист:

— Батат.

— Кыргызбай таксинин багажнигин ачат да, эки манжасын оозуна тыгып:

«Ө-ө-ө-ак!..» – деген экен.

* * *

Кыргызбай эртеси доктурдун кабинетине башбагат:

— Айта бериңиз, угуп атам…

— Мен, өзүм менен өзүм сүйлөшө берчү болдум, эмне кылыш керек?

— Үйбүлөңүзгө зыяныңыз жокпу?

— Мен жалгыз жашайм.

— Андай өзүң менен өзүң сүйлөшө бер да.

— Бирок мен мээни чагып көп сүйлөйм да…

* * *

Кыргызбай коңшусуна:

— Шаардын пивзаводун террористтер басып алыптыр! – дейт.

— Койгон талаптары кандай экен?

— Баарынын тили буруу болгон үчүн талаптары дагы эле белгисиз дейт…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *