Ибрагим АЛЬ ХУСРИ

(болжолу 9901022 ж.ж.) араб акыны

 Жалганчынын уурудан айырмасы жок. Бирөөсү – мүлк; бирөөсү – акыл уурдайт.

* * *

Жүрөктөн жаралган сөз жүрөктөрдөн түнөк табат, тил учунан айтылган сөз кулактан ары өрдөбөйт.

* * *

Өлүм – сага мээленген жаанын жебеси, а өмүр – мээленген ок сага жеткенге чейинки аралык.

Аухад Ад-Дин АНВАРИ

(…?-1191), перс акыны

 Бирөөнүн таманын жалаган саткынды адам дебе.

* * *

Чыныгы достон артык күзгү болбойт.

* * *

Өз абийриңден кечирим сурабайын десең, бирөөгө жалаа жаппа.

Али-Иби АБИ-ТАЛИБ

(600-661), араб акыны 

Эң оор жакырчылык – билимсиздик.

* * *

Эң зор байлык – билим.

* * *

Эң мыкты мурас – тарбия-таалим.

Баязид БИСТАМИ

(804—874), перс даанышманы

Жер үстүн күнөөлүүлөр да, күнөөсүздөр да тебелеп жүрү. Адам да кара жердей көтөрүмдүү болуш үчүн өзүн өзү таанууга тийиш.

* * *

Кеменгер адам булутка окшоп баардык затка шарапатын тийгизет, жамгыр болуп баарын тегиз сугарат.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *