БАШЫ БУЛ ЖЕРДЕ

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу

Бири биринде оошуп бөлүнбөй чулу жаткан ал дүйнөнү элестүүрөөк болсун үчүн бир аз жиктеп айталы.

  1. Теңирчилиги – рухунда

Көктүн, Жердин, Адамдын жаралышы, байланышы жайында космогониялык миф уламыштарынан тартып, түтөгөн оозеки чыгармачылыгынын бардык түрүндө байма-бай жатат. Жан, арбак, Жер-Суу ээси, колдоор жылоосу тууралуу ишенимдеринде тунат. Рухтун Сырын уга-туя билген, кармай-башкара алган касиетинде жатат. Аалымдардын буга дейре «шаманизм», «тотемизм» «анимизм» деп бир чулу ишенимди бөлөк-салак жиктеп караганы эскирген мамиле катары каралыш керек мындан ары.

  1. Теңирчилик–асем дүйнөсүндө (эстетикасында).

Байыркы таштарга чегилген сырлуу белгилерден тартып, Көк чапчыган табышмактуу сүрөттөр, татаал сюжеттер, жандуу табият, скиф – айбанат стили, жасалга-колдонмо өнөрү, оймо-чийме, ала кийиз, шырдакка чейин жөнөкөй мазмуундан татаал символикага өсүп бир үзүлүп-сүзүлбөй ырааттуу эволюциялуу өнүгүп келген, асем өнөр эле эмес, дүйнөнүн ички сырын өздөштүрүп өрлөгөн материалий таанымында уюп жатат.

  1. Теңирчилик – ыйман, адеп-ахлак, пейил-куюнда (этика, мораль, нрава).

«Үстүдө Көк Теңири жаралганда, астыда буурул Жер жаралганда, ортосунда Киши уулу жаралды». Көчмөн бүткүл жашоо гөйүн, өмүр тирлигин өзү ыйыктап ташка чегип салган ушу ыраатка ылайык курган.

Анын ишениминде Теңир – ата, Жер – эне, ортосунда – уулу адамзат. Үчыйык. Комуздун үч кылындай бир биримдик. Жан — Көктөн бүткөн, Ден — Жерден бүткөн. Көк – руханий, Жер – материалий. Теңир – бийик, Жер – жапыз. Бийикти Жапыз ээрчимек шарт. Бирок Бийиктин да Жапыз алдында улуудай милдети, бар. Атанын Бала алдында милдети бар. Эрдин Аял алдында милдети бар. Кандын Кара – (мамлекет – эл) милдети бар. Теңир ийип багат, Жер сүйүп канат. Адамзаты Көктүн – Жердин кулуну катары өзүнүн Жолун ушул улуу Ыйык Жолго удул кармашы шарт. Ата менен Баланын, Эркек менен Аялдын, Улуу менен Кичүүнүн, Кан менен Каранын мамилеси Теңир менен Жердин катышында түзүлүшү лаазым. Ошондо гана Теңир алдында бүткүл жашоо, адам коому ыраатталат. Теңирге табынган көчмөн өзүнүн жашоо-тирлигин ушул уңгуга кармаган. Улуу, Кичүүнүн Ордун тактап, мамилесин идеалдуу Жолго салган. Же муну азыркы тилде айтканда «жарандын укугу менен милдети» десе жарашаар. Тек, бир айырмасы, эмики керектөөчүл замандай, же укукчул мамлекетте дегендей, ал сырт мыйзамга байланган эмес, ички моралдык бек императивге негизделген. Нарк-Салттуу коомдо мындан башкача да болууга мүмкүн эмес эле. Бул тууралуу сөз кийин. Ошентип табияттан киндиги түк үзүлбөй калган көчмөндүн пейил куйу чексиз тазара барып, адеп-ахлак маданиятынын шыңгыр үлгүсүн жараткан экен.

  1. Теңирчилик – укукта.

Элдин алгаачы уютку-башаты – үй бүлөө. Үй-бүлөө ичинде атаны – Оң жараткан, энени – Сол жараткан, ортосунда данакер ТЕҢ – Бала. Бала да кезегинде тамырлап, көктөп чайлап өнүп, үй бүлөө курап, кези келгенде ал да же Оңго (Эр), же Солго (Үр) айлана, ортосунан Балада как жарылган! Кайра-кайра, кайра-кайра… Үй бүлөө, Чоң үй, Ата уулу, Жети ата, тууган, урук, уруу, тайпа, Канат, Эл — көчмөн мамлекет! Көчмөн мамлекеттин өзү аабалкы теңирчил салтта Оң канат, Сол канатта чалгын керип, Ордо-Ичкиликте бир уюган. Көчмөн мамлекеттер куралган. Ушул эле салттуу нукта, ал кезинде, улуу каганатка кеңиген…

Да кайталап айтам, биз ачыгыраак түшүнүп алуу максатында гана ар салаага бөлүп, жиктеп айткан Теңиртааным өз табиятында бөлүнбөй чулу жатат. Мындай бардыгы бир ийкемге келген, бир системге келген, бир тоомдон табышкан кубулуш көчмөн коомдо гана болушу мүмкүн, ишке ашышы мүмкүн. Себеби, анын баарын ал өзү менен кошо тирүү алып жүрөт. Манасына жууруп ойдон ойго, бойдон бойго тирүү өткөрүп отурат. Теңирчилиги чулу сыйган ушунча улуу мухиттин бөксөрбөй жандуу сакталып келгендигинин себеби да ушунда – ал бир эле убакта элдин эң байыркы тарых-таанымы да болгон, ошол эле кезде Эл өзү жашап турган дайымкы турмуш абалы да болгон. Манасты жаратып келген кыртыш же коомдун байтүбү кебелбей сакталган. Ошол байтүптү кармаган Манасчы бир эле учурда көкүрөгүн Көк даарыган Жайсаң катары чыкса, ошол эле учурда аягы түбөлүк кыртышынан ажырабай калган Антей сыңары көрүнгөн. Бир карасаң ал тээ байыркы замандын сыпатын санаттап жаткандай сезилсе, ошол эле учурда өзү күндө көрүп, аралаш жүргөн коомдун нарк-насилин, ыраатын ырдап, күпүлдөп күүгө салып турган. Манасчынын жан тереңи Аң Тереңден бөлүнгөн эмес, Жомокчунун ой тереңи гөй Тереңден төгүлгөн элес болгон. Теңирчилик уюган Манастын философиялык генезиси ушул жерде!

Ошентип базиси надстройканын мүнөзүн өзгөртпөй, балким, узаакы жолунда надстройка – Наркы-Салтынын артылып барышы, күзгүдөй жаркып тунушу бүтүндөй коомун гумандаштырып отурган. Батыштагыдай базисти надстройкага үстөм алып чыкпай, керинче, эч үзүлбөгөн эволюция коомдун философиялык, моралдык, нравалык кыртышын асылдандырып барган.

Улам жыйылып, көрөңгөлөнүп уюган рух нурунда (духовность), артылып барган;

Асем өнөрдүн (эстетика) миң кырында тазарып барган;

Таалим-тарбия пейил-куюнда (этика) бир бирине үналыш (синхрон) жаңырып, азбас-тозбос алтын корго айланып барган;

Анан мүлдө ушул көөрлүү тартибин мамлекетинде (укук) так мөөрлөп алган.

Кыскасы, руханий-материалдашкан. Гумандашкан!

Антей демекчи, Европаны байыркы Илиаданын акчайыт духунан алыстатып, Гомердин тукумун үзгөн да Батыш өзү, прагматик коому. Ырас, Батыш өзү да алтын заманын дамамат кусаланып эңсей келди. Улам артка барам деп кайра алдынан ренессанс тапты, классицизм, романтизмди тапты… Илим өнүктү.. Улам динамикалуу өсүп барган коомун түшүнүп туруу үчүн өз койнунан титандарын күрдөөл бөлдү. Вольтерди, Руссону, Кантты, Гегелди, Фейербахты, Контту… Бирок нетесиң, рационализм – кара акылдын да челегине калтылдап, калтылдап толуп барышы экинчи бир нерсенин уламдан улам кемип, кемип кедерине кетип барганы менен да коштолгону жашырын эмес. Б.а. бая көчмөн коомдо улам-улам жыйылып Рух көрөңгөлөнүп, соңунда азбас-тозбос түзүлүп калган Алтын Корго антикубулуш – камбыл керектөөчүлүктүн Кара Туюгу да (черная дыра) ошончо уюлдады. Эң “алгачкы” аталган капитализм заманында араанын айрыкча ачып чыкты. Ал эми бул болсо, Батышта тарыхты жылдырган кыймылдаткыч күчтүн өзү-көзүнө айланып, улам арааны ачылгандан ачылып, ажаан түр күтүп, ал Өзүн оболу кошунанын, анан айылдын, анан Элдин, Жердин, акыры Кудайдын да үстүнө алып чыгып, бөлүп чыгып, Мефистофель духу басып кеткенин тастыктайт. Сөздүн өтмө да, түз да маанисинде. Атасынын (Көктүн), Энесинин (Жердин) үстүнө калкып чыккан эгосун кийин «адам укугу» деп аталган жалбырак менен сыйда жаап алганын каңкуулайт. Ага ал өзүнүн балалык сүйүүсүн аттап (“библейская любовь»), “эдип комплексинде” курман чалып барганын айтат. Сыягы, айып Фрейдде же Дарвинде деле эмес (ал кезде социал дарвинизм капарында да жок), дарт чалган кыртыштын дал өзүндө жатса керек. Руссо да, Вольтер да, Монтескье да, ошол түбүн зак чалган нравалык кыртышты кайра асылдаш үчүн кажынып кык ташып жүрүшкөн Мезгилдин бир ак ниет дыйкандары гана сыңар…

Дыйкан, Кожоюн, Укук жана… Жеке менчик… Айтса, Батыштын бардык замандагы, бардык чоң-кичине ойчулдарын өз орбитасында айланткан башкы маселе, акыры ушул. Коомдун өзүндө, тарыхтын көзүндө жаткан маселе ушул. «Адам укугу» деп биз бүгүнкү күндө идеал тутуп аңыздаган Батыш үлгүдөгү башкы кооз түшүнүктүн экинчи көмүскө бети да бир гана «жеке менчик» деген түшүнүктөн турат. «Жеке менчикке укук» деген маңыз тунат.

Америкалык колонист уулдары өзүлөрүнүн киндиктеш жери Англиядан кол үзүшүп согушуп чыкканда, аабал мурда араларын аңырдай ачкан себеп – ошол Жеке Менчик эле.

Америка адеп Кошмо Штаттарга биригип, көз каранды эместик Декларациясын жарыялап, «адамзаты дүйнөгө акысы бирдей туулат» деп жар салып чыгышканда да, ошол айыпсыз ураанды артынан кара дөөдөй кайтарып жаткан сакчы түшүнүк – Жеке Менчик эле.

Атактуу француз революциясынан соң Улуттук Жыйын Адам Укугунун Декларациясын дүйнөдө алгач жарыялап чыкканда да жар салынган бардык ыйык укуктары байланып жаткан козголгус мамы да ушул — Жеке Менчик эле.

Ал тургай азыр Батыш дүйнө башка дүйнөгө азгырыктуу сонундаткан «Адам укугунун» да башкы маңызы дал ушул «адам укугу жеке менчиктен ажырагыс» деп жар салынган көзүр принцибинде катылган.

Батыштын бүткүл философиясы барып келип ушул башкы айлампада айланат. Тээ Платондон тартып Маркска чейин ар бири Жеке Менчикке байланган Адамдын укугун тактап, эркиндигин нускап, коомдун идеалын чуктап, ар бири өз-өзүнчө изденген экен, бир-бир Жол издешкен экен. Мына ошондуктан да Батыштын ар философу тарткан дүйнө сүрөтү өзүнчө, этикасы өзүнчө, эстетикасы өзүнчө, идеалы өзүнчө. Аабалкы чулу бүтүндүктү акылда экчеп, ар бири карандай башы менен кажынып казып, ар бири өз-өз тегиздигинде бир бирине кайчы кайып, кантесиң, баары бир «чаты айрык бараткан» (раздвоение личности, разложение индивида) адамды аман сактап калышка кудурет шаалары жетпей кала беришкен экен. Жетмек да эмес экен! Анткени, эми анын – Батыш адамынын таман алдынан таканчыгы тайып, Жер өзү кайып бараткан эле. Түптүз маанисинде да, философиялык маанисинде да! «Колуңду ишке арна, көкүрөгүңдү Көккө арна» деп жердиги көчмөн коомдо Адамды бөлбөй-жиктебей чулу сактаган кубулуштун Күн Батышта — «экономика материалдуу, нрава рухий» деп ажырым саналып, соңунда ошол жиктин коркунучтуу жаракага айланышы, жүрүп отуруп катардагы адамды эми ошол өзү тырмышып тутунган акыркы арга – экономикалык эркинен да ажыратып тынды. Ажыратып гана тынбай, аны Тагдырдын, Кудайдын бардык функциясын энчилеп бир өзүндө топтоп алган Улуу Кудуреттин – Жеке Менчиктин кулдур кулуна айлантып салганы да калп эмес. «Самоубийство – это господство человека над законами природы». Фихтенин ушу айтканы Жанды да Денди да, Асманды да Жерди да аттап, бардык Ыйыкты тепсеп салган керектөөчүл коомдогу Абийирдин аскадан боюн таштаар алдындагы акыркы жанчыңырыгынын апофеозундай угулат. Аны дүрр коштоп: «воля к смерти», «воля к жизни», «воля к войне», «экзистенция» өңдүү түрдүү, түрдүү «волялардын» жамырап чыгышы ага жаңырыктуу үч илеп (!!!) нокот коет. Ушундай улуу деградациядан соң гана аабалкы алтын заман — коммунизм идеясын башка эмес, дал ошол коммунизмди тып-тыйпыл кыйратып тынган кыртыш гана кайра өзү аңсамак, жандандырмак! Ал ыйык вазийфат кийин дүйнөлүк биринчи коммунисттер Маркстын, Энгельстин тагдырына жазылып чыкты. Ал эми көчмөнгө келсек, ал тек, эзелтен эмкиге дейре дээрлик өзгөрбөй келген өз кыртышында таман ажыратпай жашап жатты…

Байыркы Кронос заманында деп Платон айткан коом ушул.

Эртеги Ирокездер деп Энгельс эңсеген коом ушул.

«Алтын заман» деп Руссо, Гегель аңcаган да заман ушул.

Ал тургай Лао, Куң даанышмандар Дүйнө өзөгүнө өтсөк деп тамшанышып, Лао кетип тынган, Куң жетип тынган да коом ушул эле!

Ошол коом өзүнүн өзөгүн жарып тапкан таанымын аркалап, алмустактан аликүнгө маңызын сактап, «төп төгөрөк» тегеренип, бирине бири сүйөк-жөлөк оошуп-коошуп, биз жашаган кылымга бүтүн чулу келген экен. Батыш, Чыгыш арасын жаадай керип жаткан экен. «И что за чудесная организация этот родовой строй во всей его наивности и простоте! Без солдат, жандармов и полицейских, без дворян, королей, наместников, префектов или судей, без тюрем, без судебных процессов – все идет своим установленным порядком. Всякие споры и распри разрешаются сообща теми, кого они касаются – родом или племенем, или отдельными родами между собой…»3*

Бир ооз айткан СӨЗ эле,

Чектен чыккан тентегин

Сот, милийса жок эле

Аксакалдар чогулуп

Тескеп койчу өзү эле…

Эй, дүнүйө-эй! Кимиси Казыбек да, кимиси Энгельс! Алыскы индейлердин континент артындагы алы-жайы, турмушу, коом куруму, салт-санаасы бабаларыбыз баштан кечирген жашоо гөйүнө канчалык бап жаңырганы таң калтырат! Байыркы Алтайрухка киндиктеш жайын да бир ирет кашкайта айтат! Болбосо, Азия тереңинен жаңырган доош да эмне үчүн эле дамамат байыркы бир баеолукка чакырат да, Түпкө үндөйт: «Прогоните мудрецов и отрекитесь от знания, и только тогда крупный разбой прекратится, выкиньте яшму и уничтожьте жемчуг, тогда мелкие воришки переведутся, сожгите все грамоты и разбейте яшмовые печати, и народ станет простым и бесхитростным, уничтожьте мерки и сломайте весы, и прекратятся раздоры среди людей, отмените в Поднебесной все законы мудрецов и совершенномудрых, и тогда с народом можно будет разговаривать».4*

Табияттан улам ажырап барган агедил Адамды кайрадан аа кайтара албай, табыштыра албай, тазарта албай, анын бар айласын байыркыдан гана көрүп, аа кайтууга чакырык салып кардыккан качанкы карт Чжуаң зыга кайра эле дулдул Казыбек туура эки миң жыл кийин кардыкпаган үн менен, сүрдүкпөгөн тил менен дүбүрт улап, көңкү дүйнөдөн көөнөрбөй келген көч жайын үналыш минтип сайрайт:

Көчмөндүү кыргыз калкы бар,
Көрөөргө түрлүү салты бар.

Алы келген үйлөрдө
Алмач өркөч алты нар.
Жабдык салып төөсүнө,
Жапса килем жаркыраар.
Жаштары ойноп күлүүгө
Жарашыктуу наркы бар.
Ар боруму келишкен,
Am жабдыгы күмүштөн.
Булгаары тердик кундуздап,
Бурчунда чеге жылдыздап,
Буластаган келин кыз,
Бурала басып ыргыштап.
Кымбат баа кийгени,
Кылыктуу жoрго мингени,
Кыз-келиндер аралаш
Кызыл-тазыл көч ошол.
Суулуктап күлүк am минип

Суктанып жүргөн кез ошол.

Ак Сай, Арпа конушка,
Айылы консо жадырап.

Карыялар
ы чогулуп,
Кашатка чыгып бабырап.

Кырка наспай тартуучу,
Кызыктуу сөздөн айтуучу.
Кымызды чайкап ичишип
Кызымтал болуп кайтуучу.

Кемселчен басып кыйгачтап
Келеңкoр чачпак бош таштап
Келиндер үйгө кирбеген,
Келберсип ачык күлбөгөн,
Кесирди көзгө илбеген.
Ken айтууга ошого
Кээ жигиттер сүрдөгөн,
Кезеги келген күндөрдө
Келинди кимдер сүйбөгөн.

Күмүштөй тиши кашкайып,
Күлө багып сүйлөгөн.
Күлүктү кимдер минбеген,
Күүлөнүп кимдер жүрбөгөн,
Дөөлөтү болco башында
Дооронду кимдер сүрбөгөн.
Кадырлап ошол баркыңды

Каталык бизден билбеген…5*

Арийне, көчмөн коомдун ошол абалкы коммунизм экендигин Батыш аалымдарынан баштап биздин марксисттерге чейин баары эле моюндашкан. Бирок Казыбек акын өзөгүн как жарып айткан көчмөндү ичтен билишпеген соң бир кичинекей нерсени «унутуп» (т.а. элебей) калышкан. Ал бая Толстой чал айткан «кеңдик менен кемдиктиктин» арасында жаткан «чуть-чуть». Мына ушул «чуть-чуть” — көчмөн коомду алар айткан «примитивдүү общиналык коммунизм» менен чектеп, биз айткан биздин заманга жеткен бийик руханий-маданий, же нарк-салттуу коом арасын бөлүп турат.

Марко Полодон тартып кечээги орус ориенталисттерине чейин «жапайылардын» нравалык жактан ушунчалык бир бийик, мөл тазалыкка жетишкенин таң калып да, суктанып да жазышканы бекер эмес! Кийин Радлов да кыргыз сүйлөсө эле куюлуштуруп ырдаарын айткан!! Затаевич жазып алган «казактын беш жүз ан-күйүн» Чыгыш маданиятынын билерманы Ромен Роллан угуп отуруп, эрксизден эрээркеп ыйлаган!!! Ал эми Нарк-Салттуу коомдун уңгу табиятын, башкы мүнөз удулун аныктап калган Сөз, Музыка, бул — «частная собственность», же экономикалык категория эмес, рухий мейкин. Б.а. коомдун аныктооч мүнөзүн түзгөн башкы көрсөткүч экөөндө эки башка. Көчмөн коомдун мына ушул өзгөчөлүгүн билбей, материалисттик таанымдагы «бытие определяет сознание» дегенди түздөн-түз өндүрүшкө көчүрүп түшүнүү, демек, көчмөндүн дүйнөтааным, акыл-эсин тээ ташкылымдан бир аз эле берээк чектен көрүү — анын чыныгы жүзүн билбестик болгон. Орой айтканда ошону ойлоп тапкан аң-сезимдин өзүнүн жармачтыгы болгон. Коомдук аң-сезимдин деңгээли сөзсүз эле өндүрүштүн деңгээли менен өлчөнбөйт. Керек болсо, белгилүү бир шартта, коомдун базиси «каткан» кезде — коомдук аң-сезим күчтүү өнүгөт! Төтөн, эгерде ал көчмөн коомдой эч качан жандуу табияттан ажырабай киндиктеш калса! Ушунда гана аң-сезим табияттын жан Сырын тартат. Теңир менен түз байланышка чыгат. Дүйнө өзөгүнө сапар алат. Чыгыштын улуу устаттарынын – даостордун, бутпарас кечилдердин, сопулардын, дервиштердин аска учундагы кечилканаларда, болбосо жылдыздуу мейкин тепчиген учсуз Жолдо жылжып-куюлуп Дүйнө өзөгүнө кошулганы-жошулганы бекер бекен! Отурук Чыгышта айрым-айрым Дааналар коомдон бөлүнүп, буга атайлап умтулушса, көчмөн Чыгыш бүтүндөй Коому менен ал абалда табигый жашаган. Көчмөн коомдун байыркы примитив эмес, мезгилге адымдаш дайымкы замандын бийигиндеги чыныгы ушул ордун Евроордо (Евроцентризм) апологеттери эч качан көрө алган эмес. Көрө да алмак эмес!

Мына ушундан соң мыйзамдуу бир суроо туулат. Деги ал, философия дегениң эмине өзү? Биздин элде Батыш менен Чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүндөгүдөй бир системге салынган классикалык философиясы иштелип чыккан эмес деген сөздүн канчасы чын? Дегеле көчмөн философиянын формасы кандайча көрүнөт? Философия дегениң ал ар бир титаны жогоркудай, м: Батыштагыдай, ар башка салаа-тегиздиктерде табышпай, адашкан талашкан акылдардын тирешкен плюрализми элеби, же Дүйнө-Болмуштун чулу бүтүндүгүн сактап келген эспи, сактап эле эмес дирилл жашап калган тирүү дилби? Бүтүндөй бир Элди өз Жолунда адаштырбай баштап барган турмуштук Дааныш да Жолбу? Андай болсо Калк Жолун, Мамлекет курумун кайдан чалыш керек? «Сифилизованный элдерден» эле издей бериш керекпи, же…

Ооба, Нарктын, Салттын бийиктигине өскөн элдин философиясы түзүлбөй калмак эмес. Түзүлмөк! Бирок, көчмөн түр алмак. Ошол философия-илимдин аты-ысмы – Теңирчилик. Бардык эле эл Дүйнө-Болмуштун сырын тартмакка белсенет, бирок баары эле анын бийигине жанаша бербейт. Эгер элдин Дүйнө түшүнүгү толук, терең бир системге келсе, ыраатталса, жашоо турмушунун бар жагын камтып жайылып калса, ичин да, тышын да бирдейлеп салса, сарай, сарайга толуп жыйыла бербей баскан Жолуна жарыгын тийгизип кызмат кылса, кыяматтын эчен бир кыл көпүрөсүнөн эсен-аман өткөрүп келсе, өбөк-жөлөк болуп берсе, акыры барып кийген кийими, ичкен ашына айланып кетсе, рухун гүлдөтсө, ошол – философия! Же мындай учурда философиясын жашоо, жашоосун философия аныктап шарттап калат. Экөө бөлүнүп жиктелбей жашоонун философиясы деген чулу, нак маанисине келет.

Мындай тааным өтө узаакы руханий Жол басып, Дүйнө өзөгүнөн тамырын үзбөй жашаган улуу элдердин гана ыкыбалына туш. Көчмөндөр — ошол сапта! Кыргыз бир территорияда отурук жашаган эмес, бирдиктүү экономикалык системи түзүлгөн эмес, өнүгүүнүн капиталисттик тилкесине жеткен эмес деп сыртын чапчыган отурук стереотип миф кишени ушул жерден кыйрайт. Анткени Улут, Эл деген нак маанисинде — массаны билдирген материалдык түшүнүк эмес, Дүйнө Болмушка өзүнүн ички мамилесин иштеп чыккан, иштеп гана чыкпай, аны менен дем алып жашаган эгемен эс, маданий-рухий кубулуш! Улуттук мүнөз, улуттук психология, улуттук дүйнөтааным ушинтип өтө терең-тереңден калыптанат. Ал өзгөчөлүктөрүн барк албай, аа таянбай, тааныбай туруп чыныгы улут мамлекетин курам деш, бекер кеп.

Батыш менен көчмөн коомдун эң түпкү айырмачылыктары ушунча алыстыктарда. Ошол айырмачылыктардан улам келип чыгаар баам-баасы, дүйнөтааным өзгөчөлүктөрү ушунча тереңдиктерде. Демократия, Адам, Мамлекет, Жеке менчик, Жер өңдүү улуттун тагдыры байланышкан башкы маселеде чыныгы өзүнүн философиясынан чыга албай, стратегиясы ошондон такталбай, Батыш өзүнчө өзгөчөлүү өнүгүү Жолун басып өткөнүн элес албай, Монтескье минткен, Гоббс анткен, “как сказал Медисон»(Акаев ыкма) деп карыш четке чыксаң каңк эттире АКШнын Конституциясы ме­нен башка чаппай, чет элдик эксперттерди чакыра коем деп коркутпай, таптакыр башка тарыхый-социалдык шартта жашаган башка элдин психология-философиясынан жаралган туундуларга историзм принцибинен мамиле эткен оң. Бир элде реалдуу быгышып кеткен нерсе, экинчи кыртышта фарска айланат. Орус атка минсе өпөңдөбөй койбойт. Ал эми азыр айла-амалы ашынган бу куу заманда ар бир эл жантабиятында не күчтүү жагы болсо, ошону көтөрүп чыгып күрөшөт, коргонот, башканы иритээр не күчү болсо, ошону башкы планга алып чыгат, таңуулайт. Бул эзелтен сыналган жол. Жинди ылдамдыктын жиниктирген философиясынын тамыры да так ушерде!

ТАП ТУУРАЛУУ

Ким билет, кынтыкчыл окурманга, биз тарткан көчмөн коом сүрөтү мурда ал көнгөндөй эмес, кыйла идеалдуу, тапсыз коом, бир сөз менен айтканда бир тузу кем коммунизмдей сезилип мыйыгына күлкү чакыраар. Жок, мен деле ал сыңары реалист болгум бар, өткөндү өжөр мактагым жок, тек, көңкүдөн келген дүйнөнү өзгө эмес, көчмөн тургудан түшүнүп көрүү ниетимде тур. Арийне, көчмөн деле Ай алдында Күн алдында ыйы-күлкүсү аралаш бардык эле адамзатындай реалдуу өмүр сүргөн.

Бирок анын Батыш адамынан башкы айырмачылыгы, жантабияты башка тегиздикте жатаарын атайылап нускадым. Көчмөн жашоо мүнөздүн өзү керекчил коомдун табиятында калыптанаар эгоизм, индивидуализмден сырт тураарын, керинче, жамаатчылык-жашоосунун башкы шартын аныктап калгандыктан жалпыга алымдуу эрежелер милдетке айланаарын, соңунда барып коом Нарк-Салттын бийигине өсөөрүн белгиледим. Акыйкатта, кандай гана эл болбосун анын элдик куну, касиети, өзгөчөлүк-артыкчылыгы да биринчи ирээтте анын рухий-нравалык бийиги, гуманисттик салттары менен өлчөнүүгө тийиш. Ал эми анын тапсыздыгына келсек, биякта чыны менен тактап алаар жагдай бар. «Көчмөн социализм» деген түшүнүк көз жарганга чейин далай башты карытып, далай акылды талытканы бекер эмес чыгаар…

«Тап» деген түшүнүккө келээр алдын дегеле бу атаманын түркү тилиндеги түпкү маанисин тактап алалы. Билишибизче, ал «тайпа» деген аталыштын эле экинчи бир угуму. Бизде пассивдүү тарткан. Кээ бир тектеш тилдерде, активдүү колдонулган, мисалы татарларда. Менимче, айрым авторлордун «тап» деген түшүнүктү К.Тыныстанов ала кийизге салынган эки карама-каршы оюунун ортосуна кармалган жик-милтенин аталышынан алып, «класс» маанисиндеги жаңы терминди жаратып салган деши натуура кеп. Окумал Касым ага деле бу атаманы татар тилинен алып, аны «класс» маанисине которуп неологизмге айлантып салган шекилди.

Эми атынан затына барсак, анда «тап-класс» түшүнүгү жеке менчиктин келип чыгышы менен классикалык антагонисттик маанисине өтөт. Энгельстин айтуунча Европада тарых тастыкталып катка алына баштаган заманда эле жерге жеке менчик орноп калган чагы экен. Байыркы Афина мамлекетинин тарых аренасына келиши менен уруучул тартип ургаалдуу кыйрап, соодагерлик, дыйканчылык, кол өнөрчү атанып эмгектин өз ара бөлүштүрүлүшү баштагыдан өркүндөптүр. Акчанын жүгүртүлүүгө өтүшү натуралдык чарба жүргүзүп жашаган айыл коомдорун «ичтен кислотадай иритип» бир эле уруу ичиндеги жер ээлеринин ортосунда аңырдай ажырым чыгыптыр. Сүткорлук гүлдөптүр. Жер мурда уруу ээлигиндеги кезде анын сатылышы, колдон колго өтүшү мүмкүн болбосо, жеке менчикке айланышы менен жеке мүмкүнчүлүк гана эмес ага ээлик кылууга, мыйзамдуу тартып алууга тарыхта биринчи ирээт шарт түзүлүпүр. Ал — ипотека ыкма. Бул ыкманын ишке кириши — жерди массадан тартып, соңунда аны азганакай бир ууч жер ээлеринин бутуна жыккан. Малын саттырган, баласын саттырган, аялын саттырган. Акыры өзүн «сатса пулсуз, өлтүрсө кунсуз» чулук кулга айлантып тынган. Ошентип уруу ичиндеги ынтымак кыйрап, коом колунда бар бардарларга жана жону ачылган жокторго жиктелген. Кулдан өз байлыгын коргош үчүн да, аны иштетип байлыгын арттырыш үчүн да эзген тап Мамлекет аталган аппарат тапкан. «Классовый антагонизм, на котором покоились теперь общественные и политические учреждения, был уже не антагонизмом между знатью и простым народом, а антагонизмом между рабами и свободными». Тарыхта каршылаш таптар ушундайча чыккан. Марксизм ошондон соңку дүйнөлүк тарыхый өнүгүштү жалаң антагонисттик таптар арасындагы бир туташ күрөш катары сүрөттөйт. Ал кулчулук, феодализм, капитализм аталган коомдук-экономикалык формацияларын басып, бирде ич ара айыгышкан тажаал түр күтсө, бирде сырткы кысталаң шарттан улам улуттук ынтымакка келип тымызын басмырт тарткан, бирок эч качан үзүлбөй-сүзүлбөй уланып келген. Батыш коомуна толук мүнөздүү болгон бул көрүнүш бая байкалгандай көчмөн коомдун табиятына дал түшө бербейт. Анын уруучул-жамаатчыл мүнөзү социалдык жиктелүүнү эч качан таптык антагонисттик деңгээлге өстүрүп чыгарбайт. Көчмөн коомдогу катыш-мамиле тээ түптөн келаткан уруучул, жамаатчыл вертикал түрүн солк этпей сактайт, Батыштагыдай жекечил мамилеге негизденген горизонталь түргө ооп кетпейт. Көчмөн жашоонун өзү ага мүмкүнчүлүк бербейт. Элестүү айтканда, жалкынын (кул ээсинин, помещиктин, капиталисттин) байлыгына эмес, жалпынын маакул (жамааттын, уруунун, элдин) бийлигине негизденет.

Арийне, бул көчмөн коомдо социалдык теңсиздик такыр эле болгон эмес деген түшүнүктү билдирбейт (социалдык теңсиздик, албетте, болгон, бирок ал тапчыл коомдогудай биротоло өзгөрбөс калган, аягына че аныкталган, бүткөн, каткан, түшүнүк эмес, көчмөн коомдун өзүндөй кыймылдуу, конкреттүү тарыхый кырдаалга, жалпы нравалык климатка жараша өзгөрмө түшүнүк, демек «таптык антагонизм» эмес, «социалдык ажырым» дешибиз эп), ал башка күчтүү башталышка, же уруу, эл ынтымагына баш ийдирилген. Мында коомдук орун-озуйпанын, функциянын өз ара бөлүштүрүлүшү айрыкча так, ырааттуу, күчтүү. Ар социумдун ээлеген иерархиялык орду ар башка болсо да, баары бир нерседе – уруунун, (уруу боюндагы ар биринин) кызыкчылыгында, жашоо коопсуздугунда кесилишип, тил табышат. Ушул коопсуздук уруунун ар бир мүчөсүн-механизмин өз-өз ордуна коет, так иштетет. Койчунун кой артында, мырзанын журт башында, баатырдын эл четинде, дыйкандын жер четинде болушун талаптайт. Кезинде, бул — ич ара кактыгыш, каршылыкты эмес, керинче Наркка-Салтка, б.а. бийик адепке негизделген уруу ынтымагын, намысын башкы планга алып чыгат. Ушунун эле өзү жекелик планда ала келгенде да ар кимдин түбүндө ууру буккан индивидуализм менен эгону дамамат ооздуктап, бир тилектеш, пикирлеш жамаатчыл сезимди жар салат. Демек, Батыштык маанидеги антагонисттик тапчыл жиктелүүнүн келип чыгышына эң түпкү даректин-данектин өзүндө уюп каршылык жатат. Көчмөн коомдун негизги табиятын, социалдык-психологиялык жагдайын аныктаган, тапчыл маанай эмес «журт ынтымагы» деген фалсафий түшүнүк ушундайча келип чыгат. Балким муну кыргыз эмес, орус баласы айтканы оңдур. Ошондо ал ишенимдүүрөөк угулаар. Эмесе казак турмушун революцияга чейин кеңири изилдеген этнограф А.И.Левшиндин бир сөзүнө кулак кагалы. «Образ внутреннего управления киргизов представляет глазам наблюдателя явление странное и совсем необыкновенное, анархическую смесь деспотизма с неограниченной свободою каждого частного лица. И поэтому в одно и то же время видим здесь полномочного властелина, который вешает своего подданного за покражу барана или лошади, а возле него толпу подвластных ему же, которая торжественно отказывается от повиновения и объявляет, что она переходит от него под власть другого повелителя за то, что он из нее какого-нибудь хищника выдал русскому пограничному начальству».

Жагдайдын ички себебин анча кармай албай дел калган жазгычтын бул пикиринде, билгенге, көчмөн коомдун мүнөздүү бир учуру дүңүнөн таамай чагылдырылып турат. Оторчул замандын оор запкысынан бели майышкан, пейил-куйун зак чалган элдин аянычтуу абалы канчалык айкын турса да келтирилген ушул мисалда тапчыл тилектештиктен мурда жамаатчыл тилектештик башкы планда байкалат. Арийне, эл эл болгону соң журт боюнда жалаң Теңирий жаратман нук гана эмес, малсезим кыйратман жук да жашайт. Ал да жыйылат, ал да катмарланат, жанарланат… Ал дагы конкрет-кырдаалга, тарыхый өткөн-кеткен себептерге, болбосо, алдыдан күтүлгөн кооп болжолго байланышат. Ошондой чактары да көчмөн дүйнө өзөгүнө жыйыла келген өрт бир күнү өзүн өтүнөн жарып чыгаарын туйгандай өрөпкүп өзү сыртка алгач чыгарган. Болбосо, тарых сапары кайталанма экенин кадиксиз билген ал мезгил ырайын кыраа туюп, эртеңки кооптун алдын алган: «кезек бир келет!» «келме кезек – терме тезек», «чабылбайм десең чаап тын!» деп чагылгандай кубатын жыйган. Эзелки эгешкен жоосун беттеп жортуул жүргөн. Урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай, Жер-Көккө сыйбай калганда көчмөн дүйнөнүн күтүүсүз бир бүркүлүп жанардай жарылып чыккан себеби да ушул жакта чыгаар.

Же дагы, баатыр жигиттер зеригип болду, кыз күлкү, келин шыңкы боюн матап, катын сыяк муунун качырып барат дешип, же дагы, урунаарга тоо жок, же урушаарга жоо жок, ошондо жоктуктан эмес бардыктан, сараңдык эмес эрдиктен бир биринин жылкысын тийип, күч эле сынашпай ар намыс, Нарк сынашып, кадыр билишкен Барк сынашып, чатырап дуулдап, соңунда Салт Жолунда жыгып же жыгылып келген, ушинетип да көчмөн дүйнө өз жашоо ыраатын, Нарк-Салт Жолун сергек туткан. Ортодо жүйөө жүргөн. Коом өнүгүүсү жапан стихия эркинде калбай кадимкидей эле башбилги башталган, башкарылган. «Турмуштун туткасы – Адам» деген туу чындыктын түбү ушуякта. Демек, эгешкен тапчылдыкка табиятында орун калбай калган. Сырт көзгө анын бу ички мыйзамы дайым эле дайын болгон эмес. Далдаа калган. Эсеби, «аскерий демократия» аталган аксиомага айланган көз караштын да бир жаңылыштыгы ушул жерде. Алдуусу алсызын баскан, күчтүүсү күчсүзүн чапкан тартипти даң кылган бу теория өткөн тарыхыбызды түшүндүрүүдө кай бир калпыстыктардын келип чыгышына да жол ачкан. Өз өткөнүбүздүн кай-кай жактарын өзүбүздөн көшөгөлөп салган. Андыктан ушерден бир келки мисал келтире кетүү орундуу: «Богатство соседей возбуждают жадность народов, у которых приобретение богатства оказывается уже одной из важнейших жизненных целей. Они варвары: грабеж им кажется более легким и даже более почетным, чем созидательный труд. Война, которую раньше вели только для того чтобы отомстить за нападения… ведется теперь только ради грабежа, становится постоянным промыслом.

… То же самое происходит и внутри общества. Грабительские войны усиливают власть верховного военачальника… родовой строй превращается в свою противоположность: из организации племен для свободного регулирования своих собственных дел он превращается в организацию для грабежа и угнетения соседей, а соответственно этому его органы из орудий народной воли превращаются в самостоятельные органы господства и угнетения, направленные против собственного народа. Но этого никогда не могло бы случиться, если бы алчное стремление к богатству не раскололо членов рода на богатых и бедных, если бы имущественные различия внутри одного и того же рода не превратили общность интересов в антагонизм между членами рода».8*

Байкагандырсыз, Батыш адамынын бардыгын ыйып-жыйып бооруна баскан отурук психологиясынан жаралган материалий баам-бычым мында да башкы орунга чыккан. Ал эми байлык жана менчикке келсек анын эки руханий континенттеги-менталитеттеги мазмуну ар башка. Анын жөнү өзүнчө. Дүйнөлүк тарыхый өнүгүштү жалаң антагонистик таптардын күрөшүндө көргөн марксизмдин башкы теориясы ушинтип өз кучагына Азиялык көчмөндөрдүн да тарыхын натуура тартып алган.

Ырас, ар кандай коомдук өнүгүүдө кыймыл булагы — карама каршылыктардын өз ара аракетине байланышат. Бирок бул императив чындык эмес. Төтөн, көчмөн дүйнө үчүн! Арийне, уруучул көчмөн коомдо да түмөн түрлүү ачык-анык каршылыктар болбой койбойт, бирок ал мында социалдык катмарлардын эмес, айрым-айрым уруулардын, элдердин арасына оошот, жана да эч качан таптык антагонисттик түр күтпөйт. Уруулар аралык мамиле чегинде калат. Же чабыша келет, же табыша келет… Коом канчалык Нарк-Салттын бийигине көтөрүлүп барса уруктун, уруунун, андан барып Элдин ынтымагы артылат. Эл биримдиги келип чыгат. Керинче, Нарк-Салттан канчалык тайып барса, Ынтымагы ошончо ыдырайт. Каршылык күчөйт. Алтоо ала болуп алдындагыны алдырат. Журт бузулат, чабылып чачылат. Нравалык башат аныктооч ролду ойногон Нарк-Салттуу коомдун башкы мыйзамы ушундай. Узаакы, узаакы кылым кечкен тажрыйбасынан чыгып көчмөндөр бул кубулушту «Кел-Кел» жана «Кет-Кет» заман деп дүң мүнөздөп салышкан. Улуу баян Манастан тартып кенже делген эпосторго чейин, таш жазуудан тартып санжыра сабагына чейин эски накылдын данегине катылган Сыр шыбырга баам салсак, анда, кайран бабалар самырдай какшап кайра-кайра келээр муунга эки гана башкы осуятын эриш-аркак санаттап салганын көрөбүз. Ал дал ушул «Кел-Кел» жана «Кет-Кет» заман чындыгы. Кайсы учурда Теңир көчмөнгө ыбаа карап, кай кездери андан тетир жүз бураары, ал бир тарап – Теңир эркинен гана агылбастан (Ал – улуу айкөл, тегиз, теңиз, кечиримдүү), адам, коом өз пейил куйунан да табаары, баары, баары Теңирчийинге байланышаары, Ыйык Чийинден («Төп Төгөрөк») чыкканды анын кыйыктаары жайындагы зор чындык. Карт тарых кай заманда көчмөн өз эркин Теңир эркине шай жалгап, демек Адилдик, Калыстык, Биримдик, Намыс, Ынтымакты ТЕҢ жарлап «Кел-Кели» келип жылдызы жанганын, кай кездери элдик намысын тепсеп Каралыгынан (эл) Караламанга (аламан) тайыганын, кедерине кеткенден Теңир да тетир бурулуп, соңунда эл бузулуп, журт ирип «Кет-Кеттин» кээри басканын, баарын, баарын билет. Анын бар билген, баскан-кечкен төл «формациясы» ушул. Диалектикалык байланыштагы эриш-аркак эки Абал. Кыймылдуу көчмөн коом бирде толуп жайнап «Кел-Кели» жанса, бирде чөгүп, дымып «Кет-Кети» баскан. Б.а. ал бирде Нарк-Салттын бийигине көтөрүлсө, бирде кедерине тарткан. Ошого тең, коом мүчөлөрүнүн өз ара алакасы, менчикке мамилеси да өзгөрмөлүү-кыймылдуу болгон. «Өлүү дүйнөнүн» өлөрманы, не «тири Дүйнөнүн» билерманына өткөн. Эриши бирде жумшак, бирде катуу, Аркагы бирде чыйрак, бирде бошоң…

Энгельс белгилүү эмгегинде мындай бир айткан жери бар: «На средней ступени варварства у пастушеских народов мы находим уже имущество в виде скота, которое при известной величине стада регулярно доставляет некоторый излишек над собственной потребностью...» Ушул сүйлөм, билгенге, көп нерсеге ачкыч.

Бул көчмөн коомдун сырт жоого бастырбай, ыңгай-табиятына табышып, толук бойдон ички мыйзамынын чегинде жашап турган бир бейпил, бакыбат чагын мүнөздөйт. «Аш көп болсо — каада көп» дейт кыргыз. «Адеп — бардарчылыкта калыптанат, жетпеген турмушта – бузулат» дейт Гуаң зы9*. Башкача айтканда, бардар заманы элдин пейил-куйун оңоп, эзелтен келаткан Нарк-Салттын бийигине үндөп турган чагы бул.

Биз бая, узаакы тарыхында Нарк Салттуу коом өзүнүн оюлбас да ноюбас Алтын Корун түзөт, алгы сапарында ал ошол соолгус мүрөгүнөн наар татып, байытып барат деген элек. Арууланат, гумандашат, Теңир Жолунда өрлөп-төрлөп руху ургаал өнөт деген элек. Ошол чен-өлчөм – Алтын Кор, көчмөн үчүн нагыз дөөлөт эмине, жалган дөөлөт эмине экенин айныксыз айтып нускап турат. Элдин байлыкка да, бийликке да, утурум майдалыкка да, түбөлүк бийикке да карата классикалык баа-бычымы түзүлөт. Ал эми «бүгүн бар да эртең жок, ушундай экен Дүйнө бок» деп бар утурумдуктан, өтөөр-кетээрден өзүн тазалап арылган-арууланган, табияттан киндик үзбөй бир жумуруланган, Улуу Теңирдин мээр-каары алдында жыпжылаңач даң салган, ал гармония – ыраатка алган, руху үзүлгүс туташ калган көчмөн үчүн эң башкы өлчөм саналып эмне байлык, эмне бийлик калат акыр? Улам Асмандай түбүнөн тазарган, мөлл кристалдашкан улуу гуманизми гана калат! Көчмөн коомдун түпкү умтулган бийиги Теңирдей Нарк-Салт калат! Бардык заманга баа өлчөмү, идеалы — классикалык «Баарзаман» калат. Кай заман болсун ага анти, баары тик туруп каршы уюшаар «Каарзаман» калат. Кайталайм, көчмөн доордун мүлдө тарых-тагдыры диалектикалык байланышта термелген ушул эки гана Абалды билет. Анын төл формациясы ушул.

Арийне, коомдун «Кел-Кел» же «Кет-Кет» түр алышы бир гана ички мыйзамдан агылып чыкпайт, ал жалпы тарыхый процесске, сырткы окуялардын да эбине байланышат.

Демек, көчмөн коом Батыш басып өткөн коомдук-экономикалык формациялардын капитализмге чейинки тепкичтерин да ырааттуу басып өтпөгөн соң болбой эле аны алдын ала түзүлгөн калыптарга камап, «таптык коомдун келип чыгышы, эртеги феодализм, кеч феодализм, капиталисттик мамилелердин түзүлө башташы” ж.б. ж.б. деп, эң эле болбой калганда: «таптык жиктелүү анча айкын формада көрүнгөн эмес» деп жумшарта айтып, айтоор түп фактынын түбүндө калпыс интерпретацияланышы уламдан улам чындыктын көзүнө чым бастырып, көчмөн табиятын так аныктап алууга болгон мүмкүндүктү тарытып, миф үстүндө миф жаратып бара берген, бара берген, бара да берет, эгерде…

Акыйкатта, факт жана анын интерпретацияланышы диалектикалык байланышта. Аксиомага айланып алган эски интерпретация ар бир жолу жаңы фактыны болбой эле өзүнүн айлампасына ийирип ала берет. Жаңылыш ойго чала берет. Андыктан биз да калк тарыхын акыры барып анын өзүнүн төл таанымынан чыгып жоруптабасак, эч качан объективдүү чындыкка келе албайбыз. Ал бирөөлөргө ылайыкталган, бирөөлөр көргүсү келген гана тенденциялуу мүнөз күтүп кала берет. Ушул тургудан алганда марксизмдин бая айтылган «дүйнөлүк тарых жалаң антагонисттик таптардын күрөшүнүн гана тарыхы» деген Батышка дал белгилүү жобосу бизге анчейин алгылыксыз чыгат. Бул теория, менимче, эки жерден айласыз зак берет.

Биринчи, бул, керекчил маанайды башкы планга алып чыккан (базис, надстройканын катышын эстеңиз) Батыш коомдун позициясынан туулган көз караш.

Экинчи, мүмкүн тарыхый өнүгүштүн белгилүү бир этабында белгилүү бир элдер үчүн (м. Европа алкагы үчүн) ал акыйкат бүтүм чыгаар. Бирок да ал этапты конкрет бир мезгил тепкичтеринде басып өтүп кеткен коом менен (Батыш), өтүп кетпей ошол тилкеде түбөлүк өркүндөп (!) калган коомдун (көчмөн) ортосунда бая айтылган руханий-тарыхый улуу айырма аралык жатат. Демек, алиги «уруу мүчөлөрүнүн арасына оошкон антагонизм» теориялык планда алганда, көчмөнгө, тек сырттан таңууланган жасалма антагонизмге окшойт. Андыктан бул учурду марксизм булагы аркылуу эмес, Манас, Эл булагы аркылуу үйрөнүү биз үчүн аавал зарыл.

Ырас, өз өткөн тарыхыбызга тапчыл тургудан айныбай мамиле этип калышыбызга марксизмдин официал идеологиясы гана эмес, ага чейинки элибиз башынан кечирген «кош эзүү» аталган оторчул оор кезең да олуттуу таасир тийгизгени анык. Арийне, акыркы үч жүз, төрт жүз жыл — камбыл Батыштын заманы болду. Ооматы келип тарыхый өнүгүшкө активдүү таасир этишти алар. Көчмөндөрдүн басым бөлүгү зор Российдин кол астында калды. Буржуазиялык коомдун кыйла тартиби көчмөн коомдун традициялуу ыраатына аздыр-көптүр өз тартибин, ритмин киргизди, чарба ыкмасына гана эмес жан дүйнөсүнө да өз таасирин тийгизди. Бирок бул ички эмес, сырткы фактор болду, же келип чыккан капиталисттик эң адепки мамиле элементи да анын өз табиятынан табигый өнүп чыкпады. Марксизм белгилегендей өндүрүштүк мамилелердин өзгөрүшү эволюциялуу, өзүнө чейинки өкүм сүрүп турган коомдук мамиленин өнө боюнда ичкериден бышып табигый жетилет. Ошого тең, анын кыймылдаткыч күчүн түзгөн таптар суурулуп башкы планга чыгат. Көчмөн коом муну билбейт. Андыктан оторчулдук заманда да мурдагы таптык жиктелүү тереңдей берди деген бүтүм бир жактуу, калпыс. Анын ордуна сырткы эзүүнүн күч алганы, Нарк-Салттын тебелендиде калганы, жерин, суусун тартып алуу, кысталаң шартта бирин экинчисине шилтеп эптүү башкаруу, социалдык теңсиздиктин тез тереңдеши, айла-амалын ашырып урууларды араздаштырып трайбализмге аңырдай жол ачуу, акыры журттун суканы качып кедерине кетиши, же элдин өз сөзү менен айтканда «Кет-Кет» заман баскан кезең болгонун айтуу чындыктын көзүнө чыгарат. (өйдөкү А.И.Левшин айткан мисалды эстеңиз).

«Кет-Кет» заман караңгы-ы, караңгы замандардан бери калк башына канча жолу каран түндөй жабылды экен, ким билсин, бирок эл да өлтүргөн сайын өөрчүп, өжөр тирилип ички кудурет-дем эсебинен өзүн сактап отурган экен. Анткени, мейли бир учур — ичтен ирип, Теңири каарласын, экинчи учур — сыртынан калмак алсын, манжуу чалсын, эң башкысы, кылымдар бою калыптанган жашоо мүнөзүнүн өзү, чарба жүргүзүү ыкмасы, түп кыртышы, психологий ыңгайы, эмкиче айтканда этноменталитети бир солк этпей, өзгөрбөй сакталып турган экен. Ыңгай-табияты ирибей фалсафий кыртышы сакталган калк эч качан маңкуртка айланбайт. Уңгутагдырын (самоидентификация) улайт. Ошол зылдай өзөк кайран эл орус оторчулугунда калганда бир күчтүү солк эткен экен! Жанга зак алган экен кыргыз. Акыйкатта, Калыгул олуя баштаган кылымдардын тажрыйбасына канык кыраа салт сакчыларынын замана ырлары тапчыл аалымдар айткандай мезгил тамырын кармай албай тек өткөндү бир жактуу көксөгөн арман эмес, керинче, Нарк-Салттуу коомдун байтүбүн баккан (же идеалын мураска алып жүргөн) даанышмандардын Батыш эмес көчмөн тургудан, башканын эмес өз көзү менен карап замандын реализмге канык тарыхый-философиялык зор полотносун таасын тартып бериши катары каралмагы эп.

«Кет-Кет» замандан соңку эл тагдыры эки гана түрлүү. Же ал узаакы кор замандан соң биротоло кедерине кетип тагдырын трагедиялуу аяктайт, дүйнөлүк тарыхтан чийилет. Жок болот. Же, «Кел-Кели» жанат. Тарыхый тагдырыбыз экен, акыркы бир жарым кылым ичиндеги замандын «Кет-Кет» каары да, «Кел-Кел» баары да Россия мамлекетинин тарыхый жолу менен байланышта болду.

Эгерде эл кылымдап калыптанган табигый жашоо ыңгайына карандай кайчы, терс жолго күргүштөп күчтөп салынса, анда аны эмне тагдыр күтөт? Буга анык жоопту орус оторчулдугуна байланышкан жөн эле экономикалык эзүү эмес («журт аркасы темир талкуу», чыдайт ал, бул али акыркы опуртал эмес), андан жаманы – этнопсихологиялык эзүүдө калган абалы берет. Улуттук дүйнөтааным негиздин ургаал талкаланып кириши менен шартталган трагедиялуу сабак ушуну айтат. Же керинче, замандын күр жаңылыгы, сырт жаңырыгы канчалык күчтүү жаңырбасын ал дал ошол этноменталитет өзгөчөлүгүнө эптүү жуурулуш өткөндө — Ич менен Сырт илинчек кетет. Көчмөн социализмге табияты эң көп жеринде айкаш түшкөн, жылдызын кайра бир жандырып кеткен кечээги Кеңеш доор тушундагы «Кел-Кел» замандын сабагы да ушуну айтат. Эки сабак эми алдыга ой калчатат…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *