Сагын АКМАТБЕКОВАнын котормосундагы Кытайдын улуу акыны Ли Байдын ырлары

unnamed

Беш Чал тоосун карап

Басылып калың булутка
Баштары түшкөң кошула,
Калдайган түштүк чыгышта
Караймын Беш Чал тоосуна.

Короолош гүлү, карлары
Кошулуп жолум жолуна,
Кош дүйнө болбос арманым
Коюлса сөөгүм бооруна.

Кошунамдын короосундагы анарды даңктайм

Кошуна жубан жашаган,
Короосу гүлдүү кашаадан,

Күрөң боз тамдын жанында,
Күн чыгыш айнек жагында,

Ар кимдер сугун салар бар,
Артыкча бышкан анар бар.

Күн чайкап кызыл, чатырайт,
Ай ыргап буурул, чачырайт.

Бариктүү, жашыл бутагы,
Башкача жылуу кучагы.

Атайын арзып туш болот,
Ар түркүн көркөм куш конот.

Асманга жылдыз толсочу,
Ал мен да бутак болсомчу,

Көйкөлтө шамал урсачы,
Көйнөгүн сылап турсамчы.

Караймын ичтен жабыга,
Каалгасы жабык дайыма.

Аптыгып жүрөк дирилдей,
Айнегин тиктейм билинбей.

“Үмүтүң үз!” – деп айтылуу
Үлпүлдөк парда тартылуу.

 

Досум менен түндү өткөрдүм

Кесеге шарап толтурдук,
Кеп уруп шашпай олтурдук.

Уюган буктар тарады,
Унуттук эски жараны.

Теребел жарык, ай жарык,
Термелген терек, сай жарык.

Жамынган жууркан көк болуп,
Салынган төшөк чөп болуп.

Отурган жерге оогончо,
Күн чыгып, шашке болгончо.

Арактан куйдук кайталай,
Аңгеме курдук чарчабай.

 

Ичип олтуруп ай тууралуу ойлондум

Айланган кезден ай көктөн,
Ким айтат канча доор өткөн.

Шарына буурул чайканып,
Шарабым туру чайпалып.

Ал чыгат, качат караңгы,
Ак шоокум оройт ааламды.

Көгөргөн чексиз көгүнөн,
Күн батаар менен көрүнөт.

Тунарган элес кезинде,
Тунарат дале бетинде.

Агарып таңдын атканы,
Сустайып анын батканы.

Кыш келет, жерди кар басат,
Жаз келет, сан кез алмашат.

Ал болсо дайым асманда,
Сен жүрбө кайсыл жактарда.

Жүргөнү жүргөн, сен жүргөн,
Кыска да, узун жол менен.

Ободо жанат, көрөсүң,
Обдулуп жетпей келесиң.

Калкылдайт көктө жай гана,
Карайсың жердей арбала.

Жарыгын чачкан ал жана,
Байыркы өткөн бабага.

Кармалбай учу жээктери,
Камыккан чыгар көптөрү.

Байыркылар көргөн, биз,
Бирок байыркы өңүн көрбөйбүз.

Чөйчөктө толкуп шарабым,
Жорголоп колдо каламын.

Жаадырып көктөн турду нур
Жатканда жазып ырды ушул.

 

Дайтан тоосун мекендеген кечилди издеп, таппай турам

Айбаты жүрөк түшүрөт
Арсылдап чоочун ит үрөт.

Жоодурай тиктеп, бурула
Жолуман чыкты бугулар.

Жармаша өскөн дарак-тал
Жалтырайт аска-тараптар.

Сапырылып уюлгуй
Сайылат суулар тик ылдый.

Көк арал, кургак жар ана,
Көрүнбөйт жалгыз ал гана.

Данданат башы куурайдын,
Дайынын кимден сураймын.

 

“Куу баш чал” гүлүн көргөндө

Айылдан узап баратып
Албай жүк, жайдак, жалаңгат,
Куурай сап, “куу баш чал” аты
Гүл көрдүм өскөн салаңдап.

Үшүкчөөл, жүдөө түр, өңү
Улгайган окшоп өзүмө,
Жаралуу сыздап жүрөгүм,
Жаш толо түштү көзүмө.

 

Ду Фуну тамашаладым

Алышпай такыр жолуга
Арадан далай кез өтүп,
Арчалуу тоонун боорунан
Абайсыз калдык беттешип.

Катыгүн! Досум сен белең,
Каржайып, кантет ырайың?
Түн уйку, күн тынч бербеген
Ырларга жетсин убалың.

 

Улу аймагынын чыгышынан, Шимен тоосунун этегинен Ду Фуну узаттым

Катыган жибип, кан ысып
Капаны, зарды унутуп,
Күн эчен жүрдүк, күмүш ээк
Кумгандан шарап сунушуп.

Аскасы, зоосу көк челген
Алыстан күлгүн, көктөнгөн,
Күнүгө чыктык тоолорго
Гүлдөрүн жыттап кез келген.

Аңгырап ой, кыр, келип күз,
Айрылар жолдор азыр биз,
Ашташат качан, каяктан?
Мага да, сага белгисиз.

Таалайы таштан, куюндан
Тагдырды ким деп туюнган,
Акыркы серптик чөйчөктү
Кырынан аша куюлган.

 

Күтүп отурам

Күн батып, кокту, тоолору
Күүгүмгө тегиз оронду.
Апкел деп шарап, кыштакка
Жумшаган кишим жоголду.

Буурул бүр, ичке сабактуу
Буралтат шамал даракты.
Кап! Эмес беле ушул чак
Кайталап алчу шарапты.

Бакалар чардап, түн камап
Бабырган, сүтак үн салат.
Чыйпыйым чыгып күтөмүн,
Отуруп, туруп жол карап.

 

Атактуу шарап ачыткыч, ардактуу Цзи абышканы жоктодум

Эңиште бакчаң түр эле,
Эшигиң алды гүл эле,
Кайтартып кара кулпуга
Каргыдың аркы дүйнөгө.
Ал жагың тынчпы, тозоңбу,
Аткарган ишиң ошолбу,
Топураган эл жыйып
Ли Бай жок, ичкен той кылып,
Кимдерге сатып жатасың
Кайран чал, күчтүү бозоңду?

 

Ташталган сулуу арманы

Ай чырайлуу пери элем,
Алтын эшик ордого
Он бешимде келди элем.
Күн чырайлуу пери элем,
Күмүш чатыр ордого
Гүлдөйүмдө келди элем.
Колун албай мойнуман
Көп түнү жатты чыга албай
Көшөгөлүү койнуман.
Жабылуу ачты бетими,
Апамдан башка көрбөгөн
Аймалады бетими.
Кара тоо башы желдеди,
Кайрылмайын өтпөгөн
Карааны бачым сээлдеди.
Ойнума көрсө, каныптыр
Менден да аруу сулууга
Мээрими түшүп калыптыр.
Түртүлүп ары мен калдым,
Түбү жок муңга чырмалдым.
Ал кийгизген суусар тон
Арзанга сатып, вино алдым.
Жүрүшпөс менен жүрүштүм,
Иришпес менен ириштим
Мойнумдагы кымбат баа
Мончокту сатып, вино ичтим.
Таза жолдон тайыдым,
Далымдагы шай көйнөк
Дал-далынан айрыдым.
Сабылып ылдый жаш башым
Салаалап беттен көз жашым,
Күйүттүү мендей чыгарган
Күңгүрөп муңдуу ырлардан,
Кыйырды тиктеп айнектен
Кырына батып ай кеткен,
Кыш түнү муздак колго алып
Кылкыяк тартам ыргалып.

 

Тоодогу үйгө кайтканда

Дайын, из жок тааныш жолдон бир аяк,
Дайра муздап, жерлерге тоң түшүптүр.
Сулап жатат, сууда чирип зор дарак
Шыбагы урап, үй эскирип бүтүптүр.

Кыштак жактан ичип-жеп бир ит үрүп,
Карган маймыл какшайт жыртык чатырдан.
Күбө жеген түштү бети күбүлүп
Ача койсом, китепти чаң басылган.

Ашканадан улар жалт деп тышка атып,
Төшөгүмдөн чычкан качты булт этип,
Койсом окшойт минтип иштеп, жашашты
Конок сымал бир кайрылып, бир кетип.

Өкүтү көп, өтөгөн иш көрүнбөй,
Өткөн изсиз жылдарымды ойлодум.
Эми кетпейм. Кетсем кетип өлүмгө
Жакшы чыгар жер менен жер болгонум.

Чечип,чечпей чиновниктик чапанды
Сүртүп, сүртпөй аккан жашты бетимен,
Жыш чайлаган оруп камыш, бакалды
Жыйнап кирдим чачылганды четинен.

 

Дербиш дос менен олтуруп

Шар аккан суу, шамалдуу тоо койнунда
Шарап ичтик тилешип соо-эсендик.
Жети чөйчөк бошоп келбей ай-буйга
Кийинкисин санабастан көтөрдүк.

Калган түбүн таңда алалы, муздап жер,
Каш карайды, талыктык, кой, тарайлы,
Чертишели алмак-салмак, жазып чер
Чертмегиңди колтуктай кел, жарайбы.

 

Каалоо

Аңсабайм, жок, жок! Айлуунун
Атагын, даңкын, байлыгын
Кездерди учкул токтотуп
Кеткенди келет кайрыгым.

 

Экспромт

Ансайын толкуп шар акты,
Кылычым сууну кескен жок.
Аяктап жуттум аракты
Асылган муңум кеткен жок

 

Шарап жана өмүр тууралуу

Термелген коштоп терегин,
Желпинткен гүлдөр желегин,
Күнүндө жаздын асман көк,
Күнөөдүр, ичпейм дегениң.

Дүйнөнүн төрт бурч түзүлгөн
Түркүгү болгон ким экен,
Туусудур чексиз бакыттын
Турганың азыр соо, эсен.

Туруксуз жаштык, турмуш чаар,
Тушунда ойноп, күлүп ал.
Көрчү ана, бала кечээги
Көк ала сакал бүгүн чал.

Бекишкен шертте ача бар
Бенде жок болбос казадар,
Антпесе тирүү биз менен
Олтурмак кайран аталар.

Сапырык, күлү чаңдаган
Салаабыз кармай албаган,
Кан ордо чептүү канакей,
Кан кана анда чардаган ?

Айдарым согуп улам тез
Агын суу ташып, кирген кеч
Астында көктүн жылдыздуу
Айыптыр, досум ичпейм деш.

 

Көңүл көтөрүү

Ак чөйчөк улам толтуруп
Аз-аздан ууртап олтуруп
Желбүүрү түшүп гүлдөрдүн,
Жер бетин тегиз жайпап Ай
Калыңдап түндүн киргенин
Калыпмын такыр байкабай,
Айланып башым ич кызып,
Асмандап сейрек куш учуп,
Жан аттуу беймаал жүрбөгөн
Илкиймин эндей жол менен.

 

Чыгыш тоолорун карап

Көрө элекмин кезден бери бир далай
Көйкөлгөн чөп, дүйүм жемиш, түр гүлүн.
Толкуп чыгыш тоолорунан чыккан ай
Токтоор экен чатырына кайсы үйдүн.

 

Түнкү чоор

Аралап түнкү Лойанды
Айдарым соккон оңду, сол,
“Сынган тал” жаңдап баянын
Сызылтып бирөө тартат чоор.

Тыңшаймын кирпик жаштанып,
Көөдөндү кысып куса, чер,
Көйкөлгөн кырка бактары
Көзүмдөн учуп тууган жер.

 

Бут чайкаар кудук жанында досум менен коштоштум

Келин-кыз чайкап кол, бутун
Керүүсү салкын желдеген.
Тушунда эски кудуктун,
Тунжурайм, досум, сен менен.

Жомоктуу канча доор көчүп,
Жон тердеп кимдер казды экен.
Гушуга карай жол кетип,
Курчаган тышын таш бекем.

Көрүнөт даана бул жерден,
Көк арал, буурул камышы.
Карайган боору жармы дөң,
Каз-өрдөк сүзгөн жармы суу.

Кайратым жетпей үн буулуп
Кайыр кош кебин айтканга.
Карамыш болом бурулуп
Калп эле ошол жактарга.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *