Токтосун САМУДИНОВ

КАСИЕТТҮҮ ЭНЕ ТИЛ

ris1

Карылардын оозунда –
Шекер, шербет, бал болгон.
Эр жигиттин оозунда –
Намыс менен ар болгон.

Касиеттүү эне тил
Аруу, назик сезимдей.
Кылым бойлоп келесиң
Кыргыз атын өчүрбөй.

Бой тумардай санайбыз
Кадыр тутуп өзүңдү.
Көп колдонбос буюмдай
Чаң баспасын сөзүңдү.

КАЙЧЫphoto

Уста темир эритип,
Жасады эки бычакты.
Бир туугандар көрүшүп,
Жайышты анан кучакты.

Ошол күндөн бөлүнбөй,
Бир максатка бет алды.
Эки бычак дедирбей,
Кайчы делип аталды.

ЛИФТ lift

Токтоткондо – «куп» деген,
Эшик ачып – «чык» деген,
Кабаттардан кабатка
Бир заматта «лып» деген.
Күнү-түнү талыкпай
Киши ташып жүздөгөн,
Бийик-бийик үйлөрдө
Сонун экен лифт деген.

БӨДӨНӨperepel

Жашынып бедеге,
Сайрайт бөдөнө:
– Чөп чөмөлө!
Чөп чөмөлө!

КАРА КАЙСЫ, АК КАЙСЫ?

Аппак карга yqinbmvx
Конду карга.
Аппак тамга
Түштү тамга.

Кайсынысын ак кылам? – деп
Сүрөтчүнүн катты баш.
Кандай боёк кайда керек?
Кана, балдар, тапкылачы?..

БИР СӨЗДӨГҮ ҮЧ СӨЗ

«Төртөө» деген жазуунун abazhur1-2
Тапсаң сыры ачылар.
Кичинекей бул сөздө
Үч нерсенин аты бар.

Сөз чыгарган кишиден
Мүмкүн кеткен айыптыр…
ТӨРТ, ӨРТ жана ТӨӨ болуп,
Аралашып калыптыр.

Жаңылдым деп ойлосоң,
Санап көрчү кайтадан.
Ар биринин эсеби d0ceb30cd2ca11fcafb1b316b1d61fd3
Чыгар экен канчадан.

ОКШОШТУК

Эки «оо» койсоң бир жерге,
Велосипед мингенге.
Кулакка илгич жасасаң,
Ал – көз айнек кийгенге.
Жиптен куйрук байласаң,
Анда эки шар – үйлөнмө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *