57oroesgdqw

Фото мелдеш

«Коом жанан Мен» сайты дагы бирдин ичинен чыгалы дедик. Кудайга шүгүр, техника заманында жашап атабыз. Азыр катардагы ар бир адамдын колунда мобилдик телефондун түрдүүсү бар. Агер адаттан тыш көрүнүшкө кабылып калсаңыз, чыркылдатып эле сүрөт тарта бериңиз. Мейли, өзүңүздүн үйбүлөдө, мейли, башка чөйрөдө болсун, айтор кызыктуу, күлкүлүү көз ирмемдерди көзжаздымда калтырбаңыз!

Шумдуктуунун баарын фантазиялап кереги жок: наристелердин күлкүсү, оңкочук-тоңкочук болуп ойноп атканын, ыр-чыр салып ыйлап атканын, кыйнап атканын же болбосо кермеде жайылган кийимдерди бурдап жеп аткан уйдун, күлгө оонап аткан тооктун; а мүмкүн күлгө оонап жаткан мастын сүрөтү болор, а мүмкүн, белгилүү инсандардын биз көрбөгөн жерде бир балээ кылып аткан сүрөтүн тартып алышыңыз да мүмкүн. Кыскасы, биздин oljobai.shakir@mail.ru электрондук почтабызга жөнөтүп жиберген сүрөткө окурмандарыбыз боорун тырмап күлгүдөй же аңырайып таңгалгыдай болсун.

Анан биз мыктыларын аныктап, ар бир айдын соңунда «фантазер» фотографтарыбызга Олжобай Шакирдин «Куюн доор» романын белекке тартуулайбыз…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *