dusha

Аңгеме 

Келесоону келесоо дебегенде эмне дейин. Ушу Итибай анык келесоо да. Келесоолугунан терезе түбүндөгү дүпүйгөн өрүктү кыярын кыйып, качан дарак карс кулаганда жүрөгү зырылдады. Дүйнөсүнөн бирдеңке кемигендей боло түштү. Кемимек. Атасы Беки колуна быдыр токтобос жан эле. Анын багбандыгы бир айылдын элин тойгузганы менен өзүнүн жалаңтөштүгүнөн дүйнө уучтабай өттү. Өмүрү өткөнчө ачкөздүгү жок жашаган Беки авадай адам болобу. Айылда анын короосунда өскөн жемиштерди уурдап чоңойбогон бала жок.

Алма-өрүгүнө ууруга келгенибизди көрүп да «балдар алдагынысы бышелек, бери кирип мынабул эзилип бышкандарын терсеңер» деп кайра бизди бакчасынын эң ширин алма-өрүктөрүнө аралатчу. Алма-өрүктөр өзүбүздүн короодо деле төгүлүп жайнап, аларды жегенибизче жесек да тишибизге камалып же ичинен курт чыккан үчүн Беки аваныкына качырчубуз.

Анын бакчасында эмне өспөсүн курту жок, анан эзилип бышчу. Күн биздин айылга тегиз тийсе да негедир Беки аванын бакчасындагы мөмө-жемиштер баарыбыздыкынан эрте бышкандай сезилчү. Биз дайыма анын бакчасына качырганыбыздын жөнү: өзүбүздүкүн үйдөгүлөр Ысыккөлгө эсалууга келгендерге сатат. А биздин колубузга алабоор чала бышкандары гана тийчү. Башкалардын ата-энесин билбейм, апам дайыма Беки аванын үйүнө мени ээрчитип барып, жерге төгүлгөн алмаларын терип алганга уруксат сурачу. Ал да бизге «тергиле-тергиле, силерден айайт белем» дегенден башка кеп айтчу эмес. Апам бечара анан Беки аваныкынан терип келген алмаларды чоң жолдун боюндагы алма-өрүк, карагат, кызылгат саткандар менен бирге соодалачу. Атүгүл бир жолу Беки аваныкынан терген алмалардын акчасын чогултуп жүргөн апам мага велосипед сатып берип кубандырган. Өзүбүздүн бакчадан терген жемиштердин акчасына болсо кышкыга көмүр сатып алганбыз. Бул кийин бара-бара апам экөөбүздүн турмуш оокатыбызга айланды. Жыл сайын Беки аванын мөмө-жемиштерин терип, керегибизге жаратып алчубуз. Бир курдай апам Беки аванын колуна «өзүңүздүн алмалардын акчасынан жок дегенде ушуну алып коюңузчу» десе да таптакыр албай койду. Кайра, апамды тилдеп:

– Ушу кантип болсун. Бир эл, бир журтпуз, бирибиз менен бирибиз эсептешкен болбойт, – дегенине апам өзү уялып калган.

Апам үйдө жокто бир күнү тайенем келди.

– Ай, Боку сенин бир милдетиң бар, – дегенинен – Эмне? – дедим.

– Сен эркек бала болгондон кийин атанын колунан тарбия-таалим алышың керек. Атаң өлселе апаң ушинтип жүрө бермек беле. Биздин элде эркек бала уруксат бермейин аял киши башканын босогосун аттаган эмес. Апаң али жаш, турмушка сенин да белиң кателек, бирок эскирип калдың. А Акшам муну жактырабы, жактырбайбы, ага үч жолу «апа, эркинсиң» деп уруксат бериш сенин милдетиң  дегени, – атамдын ашы жакында эле өткөндүктөн мени абыдан ойлондуруп таштады.

Менин күчүм жетпеген, мен али түшүнелек турмуштук чечимдин алдында чайналып отурганымды сезген тайенем маңдайымдан сылаганда үнүмдү ичиме катып, сүлкүлдөп ыйлап жибердим. Кары кишинин айтканын угуп, бирок өз чечимиме келалбай, көзүмөн жаш кылгыртып, тунжурап отура бердим. Негедир атамдын ашын өткөргөн күнү көзүмөн чыкпаган жаш тайенемдин ушул айткан сөзүнөн кийин сызылып берди. Жаш көзүмөн эмес, бүтүндөй тулку боюман сыгылгансып токтободу. Же үн чыгарбай төккөн жаш токтобос болобу? Тулку боюм сүлкүлдөп, тайенемдин эки тизеси, өзүмдүн эки жеңим куюлган жашка сууланып чыкканынан көзүмдү тайенемдин жеңине сүрттүм. Анын да эки жеңи чылкылдайт… Алакандары маңдайымды сылаган тайенемди кайраттуу деп жүрсөм, ал да үн чыгарбай ыйлап отурган экен. Карыган кишилер ыйлап атканда алардын тулку бою сүлкүлдөбөгөнүн ошондо туйдум…

Кийин бирок тайенемдин мага айткан ошол кебин апама таптакыр айталбадым. Айтайын дегем, апамдын бир чечимди кесе кабыл алган мүнөзүнөн чочуладым. Ал «жок» деген бир кепти оозангандан кийин, тайенем айткандай, көктүгү жанда жок. Мен ага тайенем үйрөткөндөй «апа, эркинсиң» демекмин. Ал эмес түз эле «Беки аваны мага ата кылып берчи» дейт элем. Бирок «жок» деп койсо эмне кылам, ыгы келген күнү айтармын деп жүрө бердим, жүрө бердим. Мага Беки авадан башка бирөөнүн ата болгонун каалачу эмесмин. Эмнеге дейсиңби, өзүм менен парталаш Касендин апасы бир күйөөдөн бир күйөөгө тийип, ырайымдуу бир да эркекке туш болбой жүргөнүн айылдын баары билчү. Ал эмес Касендин өгөй атасына кекенип, «апамды уруп койду, үйгө мас болуп келди» деп арызданганын көп уккам. Мүмкүн Касендин тагдырындай тагдыр мени да күтүп атпасын деп, апамдын ырайымсыз бирөөгө туш болгонун каалабадым.

Атамдан кийин апамды бактылуу кыла турган адам бир гана Беки ава деген оюмдан кайтчу эмесмин. А башка эркектер катынын сабаган зөөкүрдөй сезилчү мага. Биздин айылда катынын сабабаган эркек жок. Атам ыраматылык апама кол көтөргөнүн көрбөдүм, бирок анын достору бири калбай катындарын сабай турганын билчүмүн. Алар биздикине келгенде, мактанышчу: «Камчы катуу болсо катын ыймандуу болот деп, кечээ аяшыңды домдоп койдум…» Досторунун мындай кебине атам «эр экенсиң» деп какшык ыргытып тим болор эле. Бирок атам катынга кол көтөргөн досторун жактырчу эмес. Ошонүчүн атамдан кийин апамды бактылуу кылар эркек бир гана Беки ава дечүмүн өзүмчө. Айылдыктар да Беки аванын эчкачан аялын урганын же сөккөнүн көрбөгөнүн узак кеп кылып, буга кадимкидей таңгалышчу. Ал эмес аялы өлгөнүнө канча жыл өтсө да жалгыз уулун өзү чоңойтуп, өзү тарбиялаганы үчүн жемелешчү.

Кызыгы, эркектердин эле башы кошулган жерде эмес, кээде апам менен сырдашканы үйгө келип-кеткен аялдар катынын сабабаган эркектерге мурун чүйрүп, андай эркектерди жамандашкандарын кулагым көп чалды. А эмнеге жамандашчу, – түшүнбөйм…

Беки аванын көчөгө чыкканын анда-санда бир көрбөсөм, дегеле көрчү эмесмин. Бир күнү ал биздин көчөгө келип калыптыр. Негедир мага ошондо Беки ава биздин көчөгө биринчи жолу келгендей туюлду. Ал түз эле биздин үйдүн тушунан бурулуп, эшиктин алдындагы апам экөөбүзгө токтоду:

– Э Акшам, уулуң экөөңдү келип, алма-өрүктөрдү терип кетеби десем, жоксуңар. Өзүм терип келдим. Жата берсе чирип кетеби, дагы калды. Колуңар тийсе терип кеткиле, – дегенинен апам экөөбүз ээрчишип үйүнө бардык.

Жер жайнаган жемиш. Эми ойлосом, мени жалгыз бой чоңойткон апама ымала санап, башкаларга тердирген эмес го. Тергенден кийинки көтөрүнчөгүбүз абыдан оор болуп калганда «мен жеткизишейин» деп болбой койду. Дарбазадан чыга берерибизде эшигинин алдында дододой үйүлгөн кийимдер жатыптыр. Апам алардын баарын бир мешокко салып, мага көтөртүп койду. Беки ава алдыга кеткен үчүн апам анын дододой кир кийимдерин мага көтөртүп койгонун көргөн жок. Көрсө да колубуздан жулуп алат беле…

Беки ава биздин көтөрүнчөктөрдү жеткизишип коюп эле кайтты. Апам ошол күнү бир далайга кир жууду. Жатаар маалда кермедеги кургаган кийимдердин баарын жыйып, четинен үтүктөп, биринин үстүнө бирин дыкаттуу ирээттеген апам бир убакта Беки аванын көйнөктөрүн жыттап атканын көрдүм. Мен анда жөн гана тазалыкты катуу карманган апам өзүнөн өзү шектенип «чала жууп койдумбу» деген үчүн жыттагандай түшүнгөм. Азыр ойлосом, апамдын ошондогу жуулган кийимдерди жыттаганында таптакыр башка маани бар окшойт…

Эртеси апам жууп, үтүктөп койгон Беки аванын кийимдерин көтөрүп барсам, бизге абыдан ыраазы болду. Апам экөөбүздү улам-улам алкап, апама берип жиберер оокатын таппай «силерге эмне берсем» деп шаштысы кетип калды. Мен ошондо «сиз мага ата эле болуп бериңизчи» деп айтайын деп, чекилик иш жасагым келген жок. Балдардын айтканына чоңдор кулагын салбастыгын ойлондум. Мүмкүн бул үйгө дагы көбүрөк келсек, Беки аванын кийимдерин дайым ушинтип апам жууп берип турса, экөө менин муратымды түшүнөр деп ойлодум.

Үйгө кайтып, Беки аванын абыдан ыраазы болгонун айттым да, апама берип жиберген сырты гүлдүү кутучаны карматтым. Кутучанын ичинде эмне бар экенин апам өзү эле көрбөсө, мага көрсөтпөй, үйгө жыла басып кирип кетти. Ошол күнү кечке, ал эмес кийин да тайенем үйрөткөн сөздү апама айтайын деп, оозум барбады. Кээде тайенем келгенде «апаңа мен айтканды айттыңбы» десе, «өзүңүз айтпайсызбы» деп чунаңдап калсам, тайенем тилдегенин койбочу. А мен: «Айтам бир күнү» дегенимди койбойм. Ай ошондогу эси жоктугум… Кийин-кийин тайенем үйрөткөн сөздү апама айттым. Бир эмес, бир нече жолу. Бирок апам менин ал айтканымды тамашадай көрүп, күлүп коёр эле. Бир да жолу «жок» деп кесе айтпады, ойлонгонсуп калчу…

Итибайды азыр келесоо дегеним, кичинесинде укмуш бала болгон. Мектепте да жакшы окуучулардан эле. Мүнөзү жоош, бир калыпта жүргөнүнөн – мен аны жөн адам болбойт деп ойлочумун. Беки ава өлгөндөн кийин эле бузулду. Анын азан чакырылып коюлган аты Итибай эмес, Мырза. Бирок азыр айылда эчким аны Мырза эмес, Итибай дешет. Мурда аны Итибай деп бир гана Беки ава эркелетчү. Итти жанындай көргөн баласы аркимден эле күчүк суранып басып жүрчү. Атасы тилдеп, «итти эмне кыласың, короо толтура бияктагыларыңды багалбай атып» деп да койдура албады. Анан да иттерине башкалар таппаган атты таап, арбирин өз-өзүнчө атачу. Менин эсимде калган: Тайбас, Дос, Сакбол, Сугалак деген иттери Итибайдын артынан калчу эмес. Мен деле итти жакшы көрчүмүн, бирок аларга ат койсом, ойлонбостон эле башкалар сыяктуу Актөш, Короочу же Жолборс деген аттарды тандачумун. Итибай болсо арбир итине эл таппаган аттарды койгону үчүн мен анын мындай артыкчылыгына чындап таң берчүмүн. Кээбир күчүктөрдүн мүнөзүнө карап да ат ойлоп тапчу. Аны мен ошонүчүн жөн адам болбойт дечүмүн. Бир курдай «сары итиңдин аты эмне үчүн Дос» дедим. «Ит адамдын досу дейбиз, бирок ага эмнеге Дос деген ат койбойбуз» деп «дос» дегендин маанисин мага көпкө чечмелеген. Ошондогу акылдуу баланын азыр киши болгондогу кейпин көрсөң, анык кем акыл болуп чыга келди.

Айылга жакшылык же жаманчылыкта каттабасам, шаардан кол кайдан бошойт. Бу саам жөн гана көптөн берки айылга болгон кусалыкты таркатканы баргам. Апамдын колундагы бойсунуп келаткан тун уулум да кенедейинен чоң энесиникинде өсүп, ал экөөбүздүн ортобузда ата-бала сыяктуу сезим жок. Мен мындан кийинчерек чындап чочулачу болдум. Тун уулумду апама караан болсун деп, кенедейинен айылда калтырып таштап, азыр минтип аны менен мамиленин учугун уланталбай жүрбөймбү. Айылга көп каттаганга шылтоо издеп, кезегинде чаап барам. Бу жолу апамдын ал-абалын сурап отурсам, Итибай жөнүндө кеп болуп калды.

– Ал эмне кылып жүрөт? – десем, – Ошо кара жерге кирсин, катын-балдары менен ажырашып, кетирип жиберген. Баягы Беки ава асырап жүрүп өстүргөн бакчанын баарын кыйратып, түбүнө жетти. Анын баарын отунга деп кыйып, элге сатат, а акчасын жалаң ичкиликтен башкага коротпойт. Илгери сен экөөбүз мөмө-жемиштерин терчү бир да дарак калган жок, – деп Итибайдын кылыктарын айтып бүтө албаган апам өз баласынын тагдырына кейигендей үшкүрүндү.

Муну угуп, Беки аванын үйүнө жөнөдүм. Чын эле бир да жемиш дарак калбаптыр. Короого башбагарым менен Беки аванын үйү көзүмө суук көрүндү. Мен бала кездеги дүпүйгөн дарактар түбүнөн кыйылып жок болгонун көргөндө, бир нерсе издей баштадым. Ал менин балалыгым болсо керек. Дал ушул короонун ичинде ширин даамдуу алмаларды, өрүктөрдү терген колум менен жүрөк тушумду мыкчыдым.

Апапакай жибек жоолук салынган апам менен Беки ава бакчалардын түбүндө жемиш терип атканы көз алдыма элестеп туруп алды. Мен муну дайыма балалык кыялым менен элестетип жүрүп чоңойдум. Бул элести кыялым эмес, түшүмдө да көп ирет көргөмүн. Эстеп, ичим сыйрылгандан ыйлап ийгим келди. Үйдүн сырты кепенин сыртындай тозуп, бир кезде заңгыраган чамгарак жылдан жылга жерге чөгүп бараткандай жапырайа түшүптүр. Жер чөккөнбү же үй өзү чөккөнбү, жалпак кепени көрдүм. Мен ошондо тээ бир кезде тайенем үйрөткөн сөздү апама айтпай жүрө бергеним үчүн Беки аванын чамгарагы минтип ээн кепеге айлангандай туюлду. Мүмкүн апам менен Беки аванын Итибай экөөбүздөн башка эс учу бар балдары болмоктур. Мүмкүн ошолор Беки аванын жемиштүү бакчаларын асырап калар беле. Балким азыр мен шаардан келгенде көзүмө кепедей көрүнгөн ушул үйдөн биртууган бөбөктөрүм чурулдап чуркап чыгып, алдымдан тосуп алат беле…

Айланамды карадым. Тирүү жан көрүнбөйт. Бир гана тирүү жан көрдүм: кепенин терезе тушундагы жаңы кыйылып, тарбайып жаткан дарактын жанында колундагы балтаны жаңы эле жерге койгон Итибай экен. Балтанын башындай мурду жерге сайылчудай болгон ал акмак эң акыркы кыйылган жалгыз даракты мелтейип тиктеп отуруптур.

Олжобай ШАКИР

2009-ж. Октябрь.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *