Мусулман санаттарынан

Бир курдай Омор халиф бекерчиликтен эч нерсе кылбай отурган адамдарды көрүп, собол узатат:

– Силер ким болосуңар?

– Биз Алланын кудуретине ишенип, Алладан үмүт үзбөй отурган адамдарбыз, – дейт баары.

– Жок, силер адашкан пендесиңер, – дейт Омор халиф. – Силер белен ашты аңдыган эле бекерпозсуңар. Кудайга үмүт арткан адамдар жерге дандын үрөнүн сээп, андан соң гана Кудайдын кудуретине үмүт артат! – деген экен.

Ибн Араби

Ажылык маалында эки дервиш жолугуп калып, бири сураптыр:

— Эмне үчүн бу жерге келип калганыбызды билесиңби?

— Күнөөгө батканыбыз үчүн, — деп ыйлап жибериптир экинчиси.

Сопулардын накылынан

Сопу (суфий) Кудайдын кылганынын баарына ток пейил, Кудай да сопунун кылгандарынын баарына ыраазы.

Абу Сайд ибн Аби-л-Хэйр

Эгер жүрөгүң жибектей жумшак, жибектей жылуу болсо, сен – сопусуң.

Салттуу санаттан

Сопулар – Кудайдын тизесине алып отурган балдары.

Шибли

Эгер Кудайга жакындоого ак эткенден так этсең, Кудайды адамдардын жүрөгүнөн изде.

Абу Саид Аби-л-Хэйр

Билимдүү адам – пайгамбардын мураскери.

Хадис

Билимге жеткендер менен билим артынан түшкөндөр гана жалпы адамзатка пайда алып келет.

Хадис

Билимдин жолуна түшкөн адам кайра кайтып келгенге чейин Кудайдын жолун ээрчип жүрөт.

Хадис

Суроону туура коё билүү – билимдин жарым-жарты белгиси.

Хадис 

Эгер адамга төөнүн кыгынан шорпо кылба десең, тескерисинче так ошону кылат. Анткени төөнүн кыгында жакшы бир нерсе болбогондо тыюу салмак эмес деп ойлойт.

Пайгамбар сөзү 

Какшыган чөлдөгү зергерлердин арасында жашаган бир арапка кезиксем, ошол адам мага: «Бир курдай чөлдө адашып калдым, – дейт. – Жанымда болгон оокатым түгөгөн. Анан ачкадан өлөр көздөнүп калдым. Чөл кезип жүрө бердим, бир убакта кездемеден токулган кап жатат. Оюмда – ичи толо шыкалган дан экен деп, чечекейим чеч болуп сүйүнгөнүмдөн басып жыгылдым. Бирок ал дан эмес, бермет шуруларга шыкалган кап экенин көргөндө шаабайым сууп күйүнгөнүмдү өмүрү унутпастырмын», – деген эле.

Саади

Жунайга бирөө айтат: «Биздин заманда чыныгы тилектештер азайды. Мен Кудайга барчу жолдо санаалаш адамды кантип таба алам?»

Жунай жооп бериптир: «Эгерде жүгүңдү көтөрүшүүгө кол кабыш кылар адамды издеген болсоң, андайлар сейрек кездешет. Арийне сапарда жүгүн көтөрүшүп, кайгысына тең орток болом десең, санааңды бөлүшөр адамдарды чекеден таап берем».

Ал-Газали

Бир курдай Авраам пайгамбар бейтааныш адамды тамакка чакырып алып, бирок анын дини башка экенин угары менен алдыга жайылган тамагын бербестен кубалап чыгарса, кулагына ошол замат Кудайдын үнү жаңырат: «Тиги адамдын дини башка болгону үчүн сен андан бир күндүк тамагыңды аядың. А мен анын дини бөлөк экенине карабай жетимиш жыл бою тамактандырып келдим».

Ал-Газали 

Даанышман Жафар ал-Садикини бирөө катуу келекелейт. Убакыт өткөрүп, бир күнү Жафар ошол адамдын үйүнө барып, минтет:

— Баягында сенин мага карата айткандарыңа үндөгөн эмес элем. Агер менде чын эле сен айткан сапаттар болсо, күнөөмдү мойнума алып, ошол сапаттардан таптакыр арылууга алдыңда сөз берем. Агер менде ошол сен айткан кемчиликтер болбосо, анда мен Кудайга жалынып, сенин күнөөлөрүң үчүн кечирим суранайын. А мен сени эмне айтсаң да кечирдим, анүчүн сени эчкачан токо наалатка да албай турганымды билдиргени келдим.

Анын бул айкөлдүгү катуу таасир этип, тиги да даанышмандын алдына тизелеп жыгылып, башын койгулаган экен.

Шейх Музаффер 

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *