Болот Шер ЖК депутаты кезинде Ашхабадга иш-сапар менен барып калат. Түркмөнстандын кай жагына барбасын, кай жагын карабасын – түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун портрети. Жадагалса, мейманканадагы телевизорду сайса деле экрандын бурчунда түркмөнбашы чекчейет. Жатайын деп жаздыкка кыйшайса да баш жагында Ниязовдун портрети илинүү дейт. Бир убакта кыжыры ушунчалык кайнаган экен, туруп түркмөнбашынын портретин дубалга тескери каратып салары менен каалганын коңгуроосу шыңгырайт. Эшикти ачса, атайы кызматтың өкүлү турат:

– Сиз эмне биздин улуу урматтуу падышанын сүрөтүн дубалды каратып койдуңуз?

Мындай жарга такаган суроого эмне деш керек? Болот Шер бираз калтаарый түшөт. «Падышаңардын сүрөтү кыжырыма тийди десем, колума кишен салат. Эмне десем?» – Ой санаасы удургуп турса да оозуна мамындай жооп келе калыптыр:

– Өзүңүз билесиз, чыгыш элдери падышанын алдында баш ийебиз. А мен падышаны сыйлаган киши катары ушуну кылдым.

– Сизди түшүнбөй калдым?

– Биздеги климат башка. А силердин өлкө мага ысык болуп атат. Түркменстан чөл эмеспи, туурабы?..

– Туура.

– А мен сиздердин ысыкка көналбай, чечинип жаткым келди. Бирок сиздердин падышаны урматтаганымдан, анын портретинин алдында кантип чечинем? – деген жооптуу уккан тиги кайра өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, Болот Шердин колуна кишен салынбай калыптыр.

Төңкөрүш алдындагы жөө жүрүшdoke

2005-жылы Аскар Акаевдин бийлигине нааразы эл Бишкек шаары боюнча жөө жүрүшкө чыгат. Кымгуут элдин арасында балдагына сүйөнүп четте бараткан Дооронбек Садырбаевди көргөн саясатчынын бири:

– Э Доке, жөө жүрүшкө алты саны аман жүргөндөр чыкканы деле жетет. Сиз калып эле турбайсызбы… – дейт аксакалды бираз аяган таризде.

– Йе үкам, кыргызда «кой аксагы менен миң» деп бекер айтыппы… Митингге чыккан элдин арасында мен да миңдин биридирмин, – деген экен.

Эски достордун бири кежир, бири дежүр элеcake

2005-жылы А.Акаев бийлигине «МСН» гезитинин белдүү журналисти Рина Приживойт айбаттуу азуу салып турган убакта интеллигенция ичинен драматург Мар Байжиев ААА бийлигин катуу колдоп чыкканы бар.

Ошондо Мар досуна нааразы болуп жүргөн Салижан Жигитов бир күнү журналисттерге минтип айтат дейт:

– Жакшы бир идея таптым. Менин айтканымды угуп, мыкты сүрөтчү тапкыла да, Мар Байжиев менен Рина Приживойттун күрөшүп атканын коллаж кылдыргыла. Алардын ит жыгылыш күрөшүн бери жактан карап турган Бексултан Жакиев:

– Эй, Мар, сага жин тийдиби! Алдагы катын менен кармашып, кадырыңды бекер кетирип атпайсыңбы? – десе, Мар айтып аткан болот: «Мен улуу урматтуу Аскар Акаевичтин кадыры үчүн катын эмес, шайтан менен да кармашам»…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *