Казак жомогу

Илгери-илгери бир акылсыз карышкыр болгон экен. Бир күнү эчкиге жолугуп калып:

– Мен сени жейм, – дейт.

– Мейли, жесең же. Бирок мен өтө эле арыкмын, бир жагынан карып да калдым. Сен кичине күтүп турбайсыңбы, менин бир улагым бар, ошону ээрчитип сага алып келип берейин. Анын эти аябай даамдуу, – дейт эчки.

Карышкыр макул болуп, эчкини күтүп турат. Эчки барып койчуга карышкыр тууралуу айтып салат. Койчу келип карышкырды өлөрчө сабайт. Карышкыр араң качып кутулат.

Бир күнү ошол карышкыр койду көрүп калат.

– Эй, кой, мен сени жейм, — дейт.

– Мейли, — дейт кой. – Жесең же. Бирок мен өлөр алдында бир бийлеп алайын, уруксат бересиңби?

Карышкыр макул болот. Кой болсо бийлеп-бийлеп, алыстап-алыстап отуруп аягында качып кетет. Карышкыр кайра ачка калат.

Андан ары кетип баратса, талаада жылкы жүрүптүр. Карышкыр ага келип:

– Жылкы, мен сени жейм, – дейт.

– Макул, – дейт жылкы. – Эми сен мени куйругумдан баштап же, ага чейин башым чөп оттоп турсун.

– Мейли, – деп карышкыр жылкынын артына барат. Жылкы болсо карышкырды келиштире тээп калат.

Ошентип карышкыр өлүп калыптыр.

Кыргызчалаган Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *