Оболу
Бул сөз кайда, качан, кантип айтылганы али табышмак. Кокусунан колубузга тийди. Али ачыла элек купуя сыр.
Алтай, Хакас, Монголдордогу таш жазуулардын көчүрмөсү же кыргызчаланып которулушу шекилдүү.
Ким жазганы да белгисиз. Окуп көрүп балким «Манас» эпосуна чейинки кыргыздын «Ыйык китеби» ушул болгой деп ой кубаладык. Неси болсо да кыргыздын тагдырына, тарыхына, рухуна жана келечегине күйгөн кыргыз бар экенин байкадык.
Ким жазганын ким билсин?
Бир билгеним кыргыз ууздай уютуп айткан, кыттай кыйытып айткан, уга билгенге муютуп айткан эмеспи.
Бир билгеним бул сөздү кыргыз баласы ичинен кан өтүп, жүрөгү сыздап, жүлүнү муздап турганда айткан чыгар…


Бир айтса өз ичинен жат чыгып, өзөктөн өрт чыгып, өз кыргыздан чыккынчы чыгып, улуу туусу жыгылып, эркиндигинен ажырап, бармагын тиштеп отурганда зар какшаган үнүм элге жетпей калат деп ташка чегип жазгандай.
Аттигиниң, кыргыз азаттык үчүн миң төрөлүп, миң тирилбедиби!
…Бел-белесте удургуп, белде калган ушул сөз.
…Каган өлүп, калк өлүп, элде калган ушул сөз.
…Куюн учуруп,таш өлүп, чөлдө калган ушул сөз.
…Көк өрдөгү атылып, көлдө калган ушул сөз.
Тыңшап көрүң, миң жыл илгери дүйнөнү дүңгүрөткөн Улуу Кыргыз каганатынын үнү угулаар бекен?
Каның кыргыз, жаның кыргыз, наркың кыргыз, эркиң кыргыз экени чын болсо ушул үндү жүрөгүң менен тыңшаарсың.
…Бул сөз коргоноордо чеп болуп берээр.
…Жоо менен чабышсаң колуңа кылыч болуп берээр… Бийикке учам десең сабалаган канат болуп бергей.
… Татаал жолдо астыңа күлүк болуп берсе экен.
Кырк уруу, кырк уук кыргыз каганатынын түндүгүн көтөрөм десең кереге болуп бергей.
Жолоочу! Сен сыяктуу тирүүлүктө баарыбыз жолдобуз. Атыңдын башын буруп, береги ташка, жүрөккө чегилген сөздөрдү окуп өт! Окусаң өзүңдүн ким экениңди эстейсиң, сага кайрат, күч кирет. Атың да шайдоот басат. Сен узак, татаал жолуңду жеңил-желпи, шыбагалуу, кубанычта басып өтөсүң.
Жолоочу, эмесе жолуң жолдуу болзын!
Күн менен жерди, ай менен сууну көргөндөн кала элекпиз го.
Кыргыз болгонума моокумум канбады.
Кыргыз жеринин сулуулугуна көзүм тойбой келем…
Булагына дайым чаңкап келем.
Сенде төрөлүш кандай ырыскы.
Сен үчүн жан берүү андан өткөн ырыскы болгой.
Таштар сүйлөйт, эшитиң.
Ташты тыңда, ал кумга айланып кете элегинде…
Анда эмесе жолго аттаналы.
Күлүгүң арыбас болзын.
Кыргызым, арыбаң!
Азаттык биздики.
(Көкө Теңир)

Мына береги тоонун чокусуна чыгып, дасторконго ак курут жайып, Теңирге тайынып турубуз… .Тоолор, …булуттар, …суулар. Башка эч нерсе.
Теңир-жаратканга кеткен жападан жалгыз аяк жолубуз.
Бештин айында жумурай журтту чогултуп, асман рухуна арнап аксарыбашыл айтып, арча түтөттүк.
Теңирге сыйындык, улуулукка сыйындык.
…Теңирге сыйынганыбыз – ыйыктыкка сыйынганыбыз да.
…Теңирге сыйынганыбыз – аруулукка сыйынганыбыз да.
…Теңирге сыйынганыбыз – Ата-бабалардын рухуна сыйынганыбыз.
Оо, зоболосу зор Теңир, баарыбызды тең жалгаң, жерге жалгаң, элге жалгаң!
Улуу тоолор уңшуп улубаса экен.
Кичи тоолор муңдуу муңдабаса экен.
Башыбыз бөөдө маң болбозын.
Бутубуз боз чаң болбозын.
Оң маңдайдан Күн чыгат.
Сол маңдайдан Ай чыгат.
Ай толот. Кайра кемийт. Күн чыгат. Кайра батат.
Теңирим эч кебелбей өз ордунда гана.
Кагандан калыстык кетпесин, баарына теңирим гана жалгыз күбө.
Күндөн да, айдан да, жылдыздан да Теңирим бийик турат.
Тетири жүргөндү Теңирим сүйбөйт.
Теңир бизди көрүп, угуп, сезип, сынап тургай.
Теңирди тааный билсең, балкыган таттуу касиет жан-денеңе ырыс-кешик тартуулайт.
Теңир гана ташбоорду боорукер кылгай.
Коркогун жоокер кылат.
Жалкоого кара мээнет, жалгызга ынак дос табат эмеспи.
Бузукунун тилин тыйат деген.
Теңир гана аталардын бабасы, бабалардын кубаары.
Теңир чындыктын дал өзү эмеспи.
Биз табынып бүтөөрүбүз менен ак жамгыр төктү. Арууландык. Алтын жамгыр экен! Кереметин айт!
Теңир менен жолдош болсоң, жаман ойдон алыс болгонуң ийги.
Атпай журтка бейпилдик бере көр!
Теңирге жалган айтпаң!
Теңирге акаарат келтирбең!
Теңирдин бары анык.
II

(Умай эне)

Атамзамандан ыйык Теңирден кийин ыйык Умай энеге табынабыз.
Умай эне бөбөк жаратты. Бала бакырып төрөлдү. Ымыркайдын киндигин кесип, ак сүтү менен оозантты. Түн баласы кирпик какпай бапестеди.
Умай эненин эмчегинен сүт акканда эгинден мол түшүм болгой.
Кызырдуу Умай эне ооруганды айыктыргай.
Оң эмчегин өз уулуна бергей. Ак уузун тең бөлгөй эди. Сол эмчегин жетимге эмизгей. Ак сүтү бүтпөдү. Аны эмген ымыркай азыр баатыр болду. Жараланган жоокерди ак сүтү менен эмдеп, өлүмдөн куткарганын көргөн эдик.
…Умай эненин ак сүтүн баарыбыз таттык.
…Умай эне мазак сөз укпады. Бөкпөдү. Каган жоодо жүргөндө Умай эненин эмчеги сыздады.
…Умай эне сайма ажарлантты.
…Умай эне алпейим, айжаркын, ай чырай, ак элечек эди.
…Умай эне каралдым, … чырагым, …кулунум, …медерим деп маңдайыбыздан сылаган.
Жоодон жараланып жаным кыйналганда энемди эстедим.
Мээрими күндөй ысык эди. Көк асмандай кең, жердей көтөрүмдүү, дарамети зор эди.
Табылгы гүлдөгөн маалда урматы улук Умай энеден ажырадык.
Кан жутуп, ичибизден кан өтүп турдук го. Арман күн!
Баарыбыз муздай муздап турдук. Кабыргабыз кайышты.Теңирдей айкөл, акыйкат эди.
Умай эне жаткан жерден жылкычы чымчык учуп чыкты. Касиеттүү Умай энебиз өлбөдү, ал түбөлүккө кайып болду. Ал кусурлуу теңирдей көрүндү.
Умай эненин жай ташы күн батыш тарапта.
Күн чыгат. Умай энени эстегем. Күн чаңкаят. Умай энени эстейм. Күн батат, Умай энени эстейм.
Эне сүтүн унутпаң!
Эне сүтүн актаң!
Эне сүтүн ардактаң!
Күндө тийген күнүм эле!
Жылкычы чымчыкка таш ыргытпаң!
Энеден ыйык эмнебиз бар.
III

(Сөз)

Каганым сөз шаанисине балкып, муюп укту. Үркөр жылдыз Көктөн тиктейт.
Унчукпады. Сөз сыйлады. Сөз кагандан да улук экенин туйду.
Сөздү сөздүн Пири айтты. Ал сөз баккан карыя эди. Каган сөзүн бөлбөдү. Сөз улук да.
Купуя сыр айтылды. Сыр купуя бойдон калгай.
Ар бир сөздүн куну бар. Жел сөз болбоду. Төкпөй-чачпай айтылды.
Күлүк жоготуп таптык. Сөз жоготуп таба албадык.
Сөз нугунан чыкпады. Айткан да байгер болгой, уккан да байгер болгой.
Таамай айтылды, так айтылды. Айтканы эм болду. Чындыгынан жазган жок.
Кан чыгарбай баш кесилди сөз менен.
Кылыч чаппай жоону жеңдик сөз менен.
Сөз нарктуу болду. Терең болду. Терме болду.
Санат болду. Накыл болду. Акыл болду. Аруу болду.
Астейдил айтылды…Кээде кыйытып айтылды. Кээде уютуп айтылды.
Кыраакы сөз болду…Бүркүттөй тээ алдыны көргөн.
Керемет сөз болду…Кээсине керээз сөз болду.
Ырыс-кешиктүү сөз болду…Баарыбызга бата сөз болду.
Чеченибиз кызып айтты, кээде сызып айтты.
Чоркок кээде үзүп айтмак… .Чогоол бузуп айтмак.
Сөз бүткөндө тарадык. Ашык, арам сөз болбоду. Сөзгө кумар канбады. Сөз ойду байытты. Көңүлдү сергитти. Жан дүйнөнү жаркытты.
Жарык сөз өчпөзын! Сөз чаңдабазын.
Чечен өлөт, сөзү калат…Акын өлөт, сөз калат…Баатыр өлөт, ал жөнүндө алкоо айтылат. Сөз өлбөйт экен да.
Сөздү көмө албайт да. Мыкты сөз калзын. Ымыркай төрөлөт, бешик ыры ырдалат, сөз айтылат.
Тең теңин сүйөт, арзуу сөзү айтылат.
Пенде өлөт, кошок болуп арман айтылат.
Оо, айтылбай калган сөз төрөлбөй калган киши тейде.
Оо, адам өмүрү бир сап сөз экен го …
Бул дүйнөдө аккан суудай,
Айкаштагы чуудай,
Төгүлгөн кумдай бардыгы өтөт экен го.
Сөз гана калат. Сөз дайрасы гана …
Баба мурасы – сөз кунун барктаң! Аздектең!
Салт-наркты сактаң!
Ооз кесир айтпаң!
Таңда жаман айтпаң!
Ачууга алдырбаң!
IV

(Биримдик)

Абалкы бир атанын балдары эдик. Бир уянын балапандары эдик. Бир сайдын булагы эдик. Бир бутактын мөмөсү эдик.
Оо, биз бир жүргөндө, ооматтуу бир эл болгондо колубузда кушубуз сайрап, төрүбүздө кутубуз оболоду. Кой үстүнө торгой жумурткалады.
Кул кулдуу, күң күңдүү болгой эди.
Эми не болдук? …
Бытырадык… .Ини агасын тааныбай, бала атага акарат келтирди…
Тамыр кыркылды… .Ташыбыз талкан болду… .Терибиз тескери жайылды.
Зоболобуз кулап, жоболоңдуу заман келди.
Биримдик кеткенде кыргызга кыргыз душман болду.
Тилегибиз таш капты… .Калыстыктан тайдык… .Акты көө жапты.
Журт калкылдап турду.
Жумурткадан кыр издедик. Жумурдагы сыр ачылды. Жан ачыды.
Сөөк өчтү душманга колтук ачтык.
Жайлообуз жайлоо болбой калды… Кыштообуз кыштоо болбой калды.
Кыргыз биринин көзүн бири кашайтты. Жүрөгүбүздөн кан акты.
Айгыр ашынып үйүрүн кажыды, Каган көөп элин кажады.
Каган элин укпай, катынын укту. Мекенин коргобой, үй-бүлөсүн коргоду.
Калыстыкка умтулбай, көр дүйнөгө жутунду. Ар жыйнабай, мал жыйнады. Каарын калкына чачты.
Биримдиги жок караламан кайран эл карга-кузгунга жем болду.
Элдүү элем. Элим кана?
Жердүү элем. Жерим кана?
Күндүү элем. Күнүм кана?
Бир ата, бир эненин балдары эдик… . Бири-бирибизге бычак сайдык. Көзүбүз канталады… Кыргыз эненин эмчеги зыркырады… . Арбактар жанталашты… .Зилзала болду… . Чагылган түшүп сел жүрдү… .Аска урап коо болду… .Көл толкуду… .Булак соолуду… Бак кыйрады… Чөп куурады… .Элге убал болду…
Аттиң, биримдик болбосо бир журттун өмүрү бир кийиктин өмүрүндөй экен го.
Жат душманга таба болдук. Бетибиз күйдү.
Калк башындагылар элди бөлүп баштады… .бир ууч журтубуз өз, жатка бөлүндү… Уугубуз бычырады… .Түндүгүбүз түштү… Уруу-урууга бөлүндү… .Денеси тилинди, жүрөгү канады…  Көзүнөн жаш куюлду, комузу сынды, калпагы тебеленди, камчысы колдон түштү… .Күлүгү мүдүрүлдү… .Барар жер, басар тообуз түгөндү… Башы бүтүн, боору эсен жан калбады… . Ач бел, куу жондо калдык… Арман ай, арман.
…Ушуга эл башы сен гана жаза тартасың! Акыры арбактар кечирбейт.
…Дарактан жарака кетсе, жаз алды менен бүтүп, бир жыл керектир… .Жерден жарака кетсе, топурак толуп, чөп өскөнчө жүз жыл керектир.
…Элден жарака кетсе, миң жылдан кийин да жарат айыкпастыр.
Олдо, бир боор элим, эми кайра зоболобуз көтөрүлгөн заманды миң жыл күтөбүзбү…
…Гүлдөөрүбүздө гүлойрон болдук го.
…Күлүгүбүз мөөрөй аларда мүдүрүлдүк го.
…Бүркүтүбүз шаңшыр кезде дүлөй болдук го.
…Комузубуз таңшыр кезде мунжу болдук го.
…Элибиз таалайлуу болор кезде талаада калдык го.
…Кан суудай акты… .Сөөк тоодой жатты.
Төбөдөн көк баспаса,
Астыдан жер жарылбаса
Кыргыз журту сени ким жоготот эле…
Сага ким тең келмек…биримдик болсо…
Көралбастыгың түбүңө жеттиби акыр.
Тизелүүнү бүктүрдүң эди,
Баштууну жүгүнттүң эди.
Эми канттик … Сынган билек да кыргыздыкы, сыздаган жүрөк да кыргыздыкы.
Онда күн күркүрөдү.
Бу Теңир каары!
Аскар тообуз пас болду.
Обологон туубуз жыгылды.
Эми ким бирөөгө кул болобузбу… .
Кара жанды карч уруп козгол!
Тек жатпаң!
Кек сактабаң!
Кечиримдүү болгой…
Биримдикке доо кетирбең!
Өз элиңе жаман ойлобоң!
Опсуз сүйлөбөң!
Тукум улаң!
Каган калыстыктан тайбасын дейли.
Душманга далыңды көрсөтпөң!
Өзүңдү жоготпоң!
Биз бир түп байтерек элбиз!
Биз бир элбиз! Биз бир канбыз! Биз бир сөөкпүз!
Биримдикти бузганды Ата-Журттун тузу ургай!
Анты ургай!
V

(Боз үй)

Керегеси жерге кенен жайылган, түндүгү Көкө Теңирге обологон, уугу улуган шамалды кайыктырып турган боз үйдө кунарлуу кеп уланды.
Биз уккан сайын уккубуз келип, карыя сүйлөгөн сайын күлүк аттай кызып отуру.
Кыргыз баласы беш ааламда өмүр өтөйт дейт.
Эң оболу, атанын белинде.
…Андан соң эненин курсагында.
…Утуру алтын бешикте.
…Үзүрү ушул боз үйдө.
…Акыры ичээр суу түгөнгөн соң кара жердин астында.
Атанын белиндеги өмүр… бери болсо бир айчалык, ары кетсе бир жайчалык болоор.
Эне боюндагы ымыркайды тогуз ай көтөрүп, толгоо тартат.
Бешиктеги өмүр ымыркай тай-тай басып тушоосу кесилгенче.
Кыргыздын калган жарыкчылыгы ушул боз үйдө өтөт го, чиркин! Жер үстүндөгү өмүрү десең!
Жер астындагы өмүрү түбөлүк уйку эмеспи. Келечекте балдарыбыз кышта тоңбогой деп, жазда ак жамгырда калбагай деп, жайда ысык өтпөсүн деп, күздө шамалдабасын деп кыргыз ата менен кыргыз эне ушул боз үйдү бизге мурас калтырыптыр го…
Бул боз үй өзүнчө бир чалкып жаткан аалам. Анан ааламга эшиги, түндүгү ачык.
Ааламдын ыйыгы күн болсо, боз үйдүн ыйыгы – түндүк.
Мына ушул түндүктөн күн нуру менен бирге кут куюлуп түшөт, кадырын билгендерге.
Түндүк гана бизге Көк Теңирден, Кут Теңирден кабар, кубат, ырыскы сабалап туру.
Түндүктүн айланасы – аалам чексиздиги экен го…
Боз үйдүн сол жагын эркектер ээлейт. Ал жакта ээр токум, чопкут, кылыч жатат.
Оң жагы аялзатына таандык.
Аялдарга тамак-аш даярдаганга чыктан, көөкөр, сандык, көнөк, аяк кап, чыны кап, баштык коюлган.
Бул шайкеш аалам сыңары, боз үйдө да улуу менен кичүүнүн, аял менен эркектин, кыз менен келиндин өз орду бар.
Ата-эненин орду төрдө!
Боз үйдүн бурчу да жок. Боз үйдүн дубалы да жок. Ал ааламдай ай тегерек.
Бабалар ийри олтуруп, түз кеңешип, бир үйдөн түтүн булаткандан кийин бир жакадан баш чыгарып, бир санаада жашап келишкен бейм.
Кереге жыгачтардын бири-бирине эриш-аркак тыгыз көктөлгөнү — ата-бабаларыбыздын бири-бириң менен эриш аркак жашаң дегени.
Ууктардын зымырата байланганы – ата-бабаларыбыздын үйбүлө ынтымагы бек болгой дегени экен го…
Ууктардын түндүктү бекем тиреп турушу – улут намысына тике тургай дегени.
Боз үйдүн эшиги бийик болбойт.
Эңкейип, жүгүнүп киргениң – очокко таазим эткениң.
Оо, жомокчулар жомок айтканда боз үйдүн кийиз туурдуктары сыйрылып, таң атканча улама уккан өлбөс, аруу күндөр өтпөдүбү. Кызык түндөр өтпөдүбү.
Түндүктү бириктирип турган айкалышкан үч жыгачы – оболу ата-бабаларыбыздын өткөн тарыхын унутпаң дегени.
Ананкысы, азыркы доордун кадырына жет дегени.
Соңкусу болсо, келечекке тирүүлүктө из калтыр дегени.
Жашоо – өлүм менен житимден, ак менен карадан куралгай.
Кайгыда кара боз үй тигилет эди.
Той-топурга ак боз үй тигилет.
Бир кара боз үйгө жүз ак боз үй тигилсе эгей!
Адам өмүрү ак менен каранын ортосунда боз чаңгыл турмушта өтөт.
Ошон үчүн боз үй мурас калган.
Бул тирүүлүктүн өңү. Биз бозомук каар турмушту кечип жашайбыз.
Учкан куштун канаты талыр!
Гүлдөгөн гүл күздө соолур!
Ошондо удургуган замана келээр!
Топурактан үй көтөргөн замана келээр!
Таштан үй курган заман болоор.
Ошондо боз үйдү унутпаң!
Өз үй, өлөң төшөгүңдү унутпаң!
Түндүгүбүз – бийик, түркүгүбүз – урабас болгой!
Уугубуз узун, керегебиз кең болгой!
Боз үйүбүз – өз үйүбүз, балдарым.
Сөз соңунда асмандан учкан жылдыз көрүндү. Дагы бир адам баласынын ичээр суусу түгөнсө керек.

Каныбек ИМАНАЛИЕВдин «Каганат» китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *