Аңгеме

 – Ай, мунуң өлүп калат ко… – Тымтырс эле болуп калды. Тез жардам чакырсаңчы!

Айнур күйөө баласын ары-бери түрткүлөп көрүп, Айкызга суроолуу карады.

– Өлбөйт!.. – Айкыз эжесине зиркилдей жооп берди. – Буларга сооп жок… Алкаштардын жаны катуу болорун билбейсизби?! Мындайлардан ажал айланып качат…

Көптөн бери көрүшө элек эже-сиңди бир далайга сырдашып отурушту да, эч нерсе менен иштери жок бал уйкуда жаткан балдардын жанына кыйшая жатып, уйкуга кетишти. Таңында уйкудан ойгонгон экөө, Керимдин дагы эле түндөкү боюнча кыймылсыз жатканын көрүшүп, чочуп кетишти. Өңдөрү бузула, Керимди ийинден тартып ойготконго аракет кылышты, бири-бирин “Эми, эмне кылабыз?!” дегендей суроолуу карашты.

* * *

Бир сутка тынымсыз, райондун ар жерине чабыттаган тез жардамдын кызматкерлери “Нөөмөт тапшыруу мезгили келди, буюрса, эс алабыз” –  деп турган мезгилде, дагы бир кабар түштү.

– Алло! Алло! – шашкалактаган аялдын үнү: – Тез жардамбы?! Менин жолдошума жаман болуп жатат! Батыраак келгилечи!

– Эмне болуп жатат?.. Айтпайсызбы!

– Билбейм… – Шашып турган аялдын үнү апкаарый түштү: – Кечинде мас болуп келген… Анан… Башына катуу нерсе тийген көрүнөт… Кулаганбы?.. Айтор, билбейм… Башын көрүп… Ошондо эле силерди чакырайын дегем… Көнбөй койбодубу…

– Башында жаракаты бар бекен?

– Ооба… Азыр өлгөн кишидей тынып калды… Мен коркуп атам… Батыраак келгилечи?!

– Барып калабыз. Сиз милицияга да кабарлап коюңуз.

Милицияны укканда аялдын үнү дирилдеп кетти:

– Милицияга?! Алардын кереги эмне?..

– Керек! Башында жаракат болсо, аны алар териштирет да…

– Териштирбей эле койсо болбойбу?.. Өзү эле… Мас болуп алып кулады окшойт да…

– Мас болуп куладыбы же бирөөнүн “жардамы” менен жаракат алдыбы, аны сен экөөбүз эмес, ошолор карайт.

Аялдын үнү бир саамга тынчый түштү. Жанындагы бирөө менен шыбыраша түшкөндөй болду.

– 02ге чаламбы? – деди акырын.

– 102ге… Коркуп турсаңыз… биз деле кабарлап коёбуз.

Адресин тактап сурап алган тез жардам кызматкерлери Айкыздын үйүн карай шашылыш жөнөп калышты.

* * *

Керимдин туугандары сөөктү экпертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Баардыгы мастык менен кырсыкка кабылган деген божомолдоого толук ишенип, ыйлай-сыктай ээсине тапшырышты да, жай-жайына тарап кете беришти. Бул өлүмдүн себебине Айкыз менен Айнурдан башка, ошол түн гана күбө болуп кала бермек… Бирок…

Ошондогу окуя Айкыздын эс-учунан кетпей, бүт көңүлүн ээлеп, тынчтык бербей койду. Эжесине “Эмне кылам?.. Чындыгын айтып, милицияга өзүм барсамбы?!” деп кеңеш салып да көрдү. Айнур “Өлөр күйөөң өлдү… Чындыкты айтсаң эле тирилип келе калмак беле?! Аныңды коюп, балдарыңдын келечегин ойло. Ансыз да кыйналып турушат” деп жооткотуп койгон.

Оокат, балдар деп жүгүрүп жүрүп, бара-бара ошол түндү эсинен чыгаргандай болгону менен, бош болсо эле Керимдин элеси көз алдына тартыла, жүрөгү зырп деп алат. Ошондой күндөрдүн биринде, түшүндө келди Керим… Татынакай, жапжаш… Арактын даамын тата элек, күлгүндөй кези…

– Кандайсың, жаным?.. Менин азабымды тартып  жүрүп карып кеткениңди сезбептирмин… Кечирип кой… –деди Айкыздын чачынан сылай.

Айкыз да ага күлмүңдөй карады…

– Сен ушинтип эле арак ичпей жүрсөң… Татынакай болуп, өңүңө кирип калыптырсың го… Балдарыңды карачы, мойтойуп бейкапар уктап жатышканын…

Айкыз уктап жаткан балдарын Керимге көрсөтө жаркылдады.

– Ооба, жаным… экинчи ушул аракты оозума алсам… Силердин баркыңарды билбей жүргөн турбаймынбы… Сени, балдарымды кайдагы бир арам сууга не алмаштырганымды азыр түшүнө албай турам…

Бир заматта жакшынакай сүйлөп отурган Керимдин денеси боштукка айланып баратты…

– Кечир, Айкыз! Кечир, жаным! Балдарды кор кылбай кара… Сага азаптан башка эч нерсе тартуулай албай калганым үчүн… Балдарымдын маңдайында жаркылдап жүрө албай калганым үчүн… Мени кечир!

Керим көздөн кайым болуп баратты. Айкыз Керимге кучагын жайган боюнча, көздөрүнөн мончоктоп аккан жашын тыя албады…

– Керим, кайда?! Калчы биздин жаныбызга! Балдарың сени сагынышты… Мен кургурду кечир! – Кыйкырып жатып ойгонуп кетти.

Түшүндө эле эмес, өңүндө да ыйлап алыптыр. Денеси бир башкача калчылдап, көл-шал тердеп турганына карабай чыйрыгып чыкты. Муздак тер, мончоктоп куюлган көз жаш кетти.

* * *

Таң эрте Айкыз балдарын ээрчитип, эжесине жөнөдү. Жолду катар ар ойдун башын ойлоп, бир пикирге келалбай кыйнала берди. “Күнөөмдү мойнума алып барсам… Мурда неге жашырдың дешээр… Кандайча болгонун айтып берсем, түшүнүшөттүр… Түшүнүшсө эле “туура кылыптырсың” деп коё берип жиберишмек беле? Балдардын көргөн күнү эмне болот? Бул жашоого жаралгандарына, кийин өкүнүп жүрүшөттүр… Кыңыр иш кырк жылда билинет ко… Ушинтип, кыйналып жүргүчөктү айыбымды тартып келээрмин…” – өнө боюн санаа басты.

Балдарга көрсөтпөйүн десе да болбой, көз жашы мончоктоп куюлуп бербеспи. Жашын улам аарчып,“шуу” эттире мурдун тартып коюп, балдарына жалооруй карап келатты. Үч бала ээрчитип жолду катар ыйлаган кургур көчөдөгү элди да этибар албады.

Эжесинин “Кайда барасың?” дегенине “Бат эле келем, балдарга көз болуп туруңуз” деп, кайда бараарын жашырып, балдарын улам бирин өпкүлөп, ичинен коштошту. Көз алдына ошол түнкү окуяга тиешелүү нерсенин баары элестеп, милиция бөлүмүнө жөнөдү…

* * *

Айкыз керелден-кечке майда-чүйдө сатып соода кылып, тапкан акчасына  тамак-аш көтөрүп, үйүнө кеч кайтат. Бутун тарталбай чарчап келгенине карабай, үй оокаттарын жасайт да, балдарынын жанына кыйшая кетет. Уктады деген аты эле болбосо, башы жаздыкка тийип-тийбей таң заардан кайрадан көнгөн соодасына жөнөйт. Керим ичкиликке берилип кеткенден бери үйдөн ырыскы качып калгандай… Жалгыздап тапканы тамак-ашка өп-чап араң жетет.

Керим анда-санда гана соолуга түшпөсө, мас болуп төрөлүп, мас болуп өлөөрдөй… Айкызды жөндөн-жөн сабап, көгөла кылып койгон күндөрү базарга чыгалбай, балдары ачка калган күндөрчү. Катар-катар төрөлгөн балдарынын улуусу онго чыгып, кичүүсү мектепке барар куракта. Мектеп демекчи… Балдары жыргатып деле билим алышкан жок. Бир күн барышса, беш күн калышат… Мугалимдер деле булардын мындай акыбалдарына көнүп калгандай мамиле жасашып, эптеп класстан-класска көчүрүп коюшат. Улуусу  кичүүсүн карап, наристе кездеринен оокатка тың өсүштү. “Керимдин аракка берилип, көчөлөп каларын билгенде, катар-катар төрөп, балдарды да, өзүмдү да кыйнабайт элем” деп кээде өкүнүп калмайы да бар. Дагы да болсо келечектен үмүт үзбөй жүргөнүндө түшкө кирбес иштин болуп кеткенине бирде өзүн күнөөлөсө, бирде Керимди, бирде маңдайына жазылган тагдырын күнөөлөйт…

Ошол күнү соодасы жакшы жүрүп, тамак-аштан ашкан акчасына үйүнө идиш-аяк алайын деп, кичинекей магазинге баш багып калган. Анча-мынча керектүү оокаттарын алып жатып, көзү үбөлүккө түштү. “Рас эле… Үбөлүгүм жок эмес беле… Камыр жасаган сайын кошуна келинден ала берип тажатып бүтүрдүм. Муну да алайын…”

– Тиги үбөлүктү да берип коюңузчу.

Айкыз сатуучу келинге үбөлүктүн эң чоңун көрсөттү.

– Далдыйып дегеле чоң… Мен өткөндө ушундайдан  алып, өкүнүп калдым. Мындан кичирээгин эле албайсызбы?!

Сатуучу келин Айкызды жакшы тааныгандыктан кеңешин айтты.

– Жок. Мага чоңу керек. Көнгөнүм ушундай да…

– Аа, мейлиңиз… Өткөндө бир келин ушундай үбөлүк менен күйөөсүн жаткыра чааптыр. Ошондон кийин ичпей калды деп сүйүнүп жүрөт. Сиз да… Жолдошуңуз мас болуп келип, жиниңизге тийсе, ушуну менен бир чапсаңыз, соолуга түшөт.

Сатуучу келин жактырса-жактырбаса да, бардык кардарларына тамашалап сүйлөй бермей адаты бар. Айкызга да, көнгөн адатындай, шайырланды. Айкыз бул келиндин күйөөсү жөнүндө айтып турганына ызалана түштү. “Керимдин ичип жүргөнүн бул кайдан билет? Демек, канчалык жашырсам да, кебетем үйдөгү чыр-чатакты айтып коёт окшобойбу…” Ичиндеги ызасын жашыра, каткырып күлдү:

– Рас айтпадыңбы! Анда-санда ичип келгенинде коркутуп коёюн.

“Анда-санда” деп күйөөсүнүн күнүгө мас болуп, көчө таптап жүргөнүн жашыра жымсалдай сүйлөдү.

Үйүндө жок нерселерди  алганына жетине албай сүйүнүп, балдарына да таттуудан сатып алды. “Күчүктөрүм… Кубанып калышсын… Таттуу эмне экенин деле унутуп калышты…”

* * *

Үйүнө күндөгүдөн эртерээк келди. “Балдарым жакшы тамак көрө электерине канча болду? Жок дегенде оромо жасап берейин”. Шаша-буша кечки тамактын камын көрүп, ашканада күйпөлөктөп жүрдү.

Балдары айланчыктап, апасын сагынып калгандарын жобурашып, улам бири мойнуна асылып өөп кетишет. Жакшы тамак болорун түшүнүшкөндөй, Айкызга жардам берип кудуңдашып, ала келген таттуудан бири-бирине мактана көрсөтүшүп жеп жатышты. Аңгыча кошуна айылда жашаган эжеси күлүп-жайнап кирип келди. Үй ичи шаңга бөлөнүп, майрамдагыдай бапырап калышты.

– Сизди күткөндөй, бүгүн күндөгүдөн эрте келген турбаймынбы! Тамак да дайын болуп калды.

Айкыз көптөн бери көрө элек эжесинин күтүүсүздөн келип калганына кубанып турду. Берээрге ашын таппай кайсалап жүгүрүп,  эжесине өткөн-кеткенди кеп кылып, чери жазыла түштү.

Балдарын жаңы эле жаткырышып, сырдашып отургандарында, темселеп араң баскан Керим кирип келди. Босогого жөлөнүп ыргалып көпкө турду да, кайнежесин карап:

– Сен да бул жердесиңби?! Биз жыргап жаткансып сен эмне келдиң?! – деди.

Айкыз эмне кылыштын айласын таппай, жалооруй эжесин карады.

– Тим кой… Маска теңелбе! Андан көрө алдап-салдап төркү бөлмөгө жаткырып кой… – Айнур Айкызга шыбырай сүйлөдү.

– Алдабайм! Мен мындан тажап бүттүм! Ушинтип темселеп жүрбөй өлүп калса не!

Айкыз албууттана кыйкырып кирди.

– Ай! Болду эми! Мен кеткенден кийин деле уруша бер! Термелип араң турат, жерге кир… Көп ичип кетти деп угуп калганым менен ишенбей жүрбөймүнбү!

Айнур шыпшына сүйлөп, Керимди жек көрө карады.

– Силер мен жөнүндө ушакташып отурасыңарбы?! Э-эй! Эже! Мен ушу келесоо катынды алып, кор болуп жүрөм! Силер билбейсиңер! Мен күйүтүмөн ичип жүрөм! Жыргап жүрөт дейсиңерби?!

Керим булдуруктап, Айкызга тап берди. Айкыз колуна  үбөлүктү кандайча алып, кандайча Керимди көздөй шилтегенин өзү да аңдабай калды.

Булдуруктап сүйлөп турган Керим кыйкырганга да дарманы келбей жерге күп жыгылды…

Нурайым ШАРШЕНБАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *