Чок

Оомат кетип кор болдуң,
Ойгон кыргыз! Ойгонгун!
Оңолдубу турмушуң
Оозун карап чоңдордун?!
Ордо дечү Акүйүң
Оёндорго толгон күн!
Тааныбастар кудайын
Талкалайт кутун ордоңдун.
Так талашы күч алып
Тандай албай оң жолду,
Башчылар биздин эсирип
Баш мыйзам канча оңдолду?!
Батышты тиктеп отуруп
Батыштан көрдүк ойронду.
Оңойт деп эми турмушум
Орустан күтпө олжоңду!
Дилиңе кирип алышып
Динчилдер бузду молдоңду!
Улутпуз дейбиз, а бирок
Унуттук кыргыз болгонду!

Ойгонсоң кыргыз оболу –
Оңойсуң турмуш жобону!
О бүгүн сенин тагдырың
Оор сыноо туш-туш ороду!
Эл деген далай шылуундун
Ээрчитип келди жомогу!
Эссиздер эгер башкарса,
Эгемен өлкө оңобу?!
Жем кылып элди келаткан
Жексурлар көсөм болобу?
Жең ичинен бийликке
Жегичтер кайра толобу?!
Жети кабат Акүйдө
Жемкорлор канды соробу?!
Кармалып канча кылмышкер
Камакка качан солоду?!
Калк айткандай «карга да
Карганын көзүн оёбу?»
Казысы каптай чоңдорго
Казына канча короду?!

Өндүрүш, өнөр тармагын,
Өлкөнүн түрдүү чарбагын,
Өздөрү чоңдор менчиктеп,
Өткөрүп пулга калганын,
Өөнөдү канча Кытайга?!
Өкүттүү айтсам ал жагын!
Өлкөдө же бир көрдүкпү
Өкүмөт завод салганын?!
Өтүк да тигип чыгарбай,
Өөнөттүк көбүн пайданын!
Өзөрүп көбү жумушсуз
Өткөрдү жашоо зардабын!
Өрттөнөт өзөк ойлосоң:
Өз элин чоңдор чанганын!
Өнөбүз анан каяктан
Өзгөнүн күтүп жардамын?!
Мансапкор көбү жаланып
Май кармаган бармагын,
Мамилекет башкарып
Майкандашты каймагын.
Манас дейт анан ошолор
Манастын ургур арбагы!
Айкөлүң Манас өлсө да
Атаңдын гөрү жарбагыр:
Араңда жашайт турбайбы
Абыке, Көбөш ардайым!

Ала-Тоонун аймагы
Алтындын экен каймагы.
Атпай журт бирок көрдүңбү
Алтындан күкүм пайданы?!
Аралап жүрөт Кумтөрдү
Аферисттер кайдагы!
Улуттун эртең кайгысы
Ууланса суусу сайдагы!
Мөлтүрөк тунук апапак
Мөнгүлөрдү жайлады!
Чор таман болсоң сен канча
Чоңдорго кудай жалгады!
Момун мүнөз өз элин
Мойсогон чоңдор чардады!
Так талашкан өйдөдө
Тазбайматтар жайнады!
Улуу журттун кудайга
Угулса кана арманы!
Бөлөк эл, бөтөн жер кезип,
Бөксөрдү кыргыз сан жагы!
Уул-кызыңа жумуш жок
Удургуп кайда барбады?!
Солкулдап турган кыздарың
Сойкулук кесип тандады!
Сомодой болгон жигиттер
Сойгонго турса мал-жаны
Сом кылып эшек этин да
Соода ишинде жайганы –
Соо жүрбөгөн кыргызга
Сокку болду ал дагы!
Көөнө кыргыз элең го
Көкөлөгөн байрагы!
Оо улуу эл ойгонгун!
Опуртал мезгил – ойлонгун!
Ойгонуп журтум сен эми
Ооздугун тарт ойрондун!
Башмыйзамды өзгөртсө,
Башталат кайра толгон муң!

Мөндүрбай СООРОНОВ  

0 Replies to “Саясый кошок”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *