Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу

Башы бул жерде: Кыргыз идеология уңгусу

II бап

Устаранын мизинде
Оодарылган Дүнүйө
АРСТАНБЕК

Все противоположности – тождественны…
Гегель

Көкүрөк аалам, Көк аалам
Байланган жибин ким тааныйт
КЕМге КЕҢ=ТЕҢдел, ОҢго СОЛ
Айланган жигин ким тааныйт?..
Автор

Метафизика башталган жерде диалектика өлөт. Кыска аралыктын кылычтай сабагы ушул: биз марксизмди, социализмди жерип атып, анын эң башкы күчтүү куралы – диалектикалык методун да таназар албай талаага таштадык. «Экономиканын өз закону бар, аны саясаттан сырт кылабыз» деген азгырыкты ээрчип экономикаңдын өзү чылгый саясат экенин элебедик. «Дүйнөлүк практика» деген кызуулуктун шарданында башкы нерсени – бардык кубулуштун тегинде жаткан бир универсал мыйзамченемдин көзүн тааныбадык, илимий теорияны унут калтырдык.

Айрымдар: «марксизм кыйрады, материалисттик диалектика жарака берди, тарыхый материализм урады, анан кайсыл окууну методологиялык курал тутмакпыз дээр. Ооба, бул айтылгандын азыраак чындыгы бар. Бирок диалектикалык дүйнөтааным калды да! Калды! Калганда да ал марксизмдин да кулачына сыйбагандай зор ааламчабыт тааным экенин баягыдан да ачык-айкын сездирип салды! Аалам чабыт… Бул керемет диалектиканы андан ары тереңдей биздин келечек эми теңирчил тегиздигинен ачаар…

Улутка философиялык-идеялык таянч аянт, чыныгы идеологиялык ориентир, этностун баардык мүчөлөрүн баш коштуруп, бир тамырга байлаган мүдөө качан да болсо аша зарыл. Канткенде улут өзүнүн жер бетиндеги түбөлүктүүлүгүнүн гаранты уңгутагдырына (национальная идентичность) ээ калат? – ушул суроого айкын жообун табышы, таанышы зарыл…

Андыктан адегенде диалектика аталган мыйзамченемдин табияты, тарыхы-таржымалы тууралуу, анын маңызынан сырт калуу эмнеге согоорун, турмуштагы кубулуш окуялардын тамырын кармап, прогрессчил жолун чалуу зарылдыгын жана акыры барып эмне үчүн көчмөн бабалар турмуштун көзүн таанып, тарыхтын не бир коогалаңынан эсен өтүп келгендигин кеп салуу бүгүн балким көбүрөөк керегирээк чыгаар. Бир карасаң кыйыр, алыскы өңдөнгөн бу маселе азыркы акыбалыбыздын өзөгүн как жарытып берээр. Бая бизге сырттан таңууланган ылдамдык да ошондо өзү каалабаса да табиятыбызда буккан бир улуу кудуретти козгоор, аны бир багыттаар, кызмат кылаар. Андай болсо сөз обол ошого оосун. Калк таанымынан чыгып, соңунда, казыргы өктөм маселеге кайрылабыз.

АРАНИК

Мектепте жүргөн чактан: «бир кечкен сууну эки кече албайсың» деп улуу чындыкты айткан адам өткөн, ал – Гераклит» деп кулакка куюшкан. Чындыктын аты-ысмы болсо «диалектика» дешкен. Көрсө, бу тууралуу көчмөндөр да о караңгы-караңгы замандардан бери эле «Аккан Суу» деп ырдап өтүшкөн экен. Караңгы демекчи, карама-каршылыктардын күрөш табияты, ички биримдик, чырмалыш жайы тууралуу Гераклитке чейин эле, ошол эле гректердин ичинде айткан ойчулдар болуптур. Эстесек, ириде Милет мектебинин ири өкүлү Анаксимандр келет эске.

Аэций: «Анаксимандр считал мир преходящим».

Аристотель: «Некоторые полагают, что из единого выделяются соединенные в нем противоположности, как говорит Анаксимандр…»

Симплиций: «По мнению Анаксимандра, рождение происходит не через изменение стихии, а через обособление, благодаря вечному движению противоположностей.. А противоположности «эти: теплое и холодное, сухое и влажное и др.»

Псевдо-Плутарх: «Анаксимандр говорил, что при зарождении этого мира из вечного выделилось животворное начало теплого и холодного…»1*

Анаксимандр ойчул бардыктын башат – байтүбү деп «апейрон» негизди атаган экен. Эгерде түбү жок Түптүн түбүндө да акыры бир Түк болду десек, анда, ошол – апейрон. Ал аба да эмес, суу да эмес, от дагы эмес, жер эмес, бу стихиялардан да булаңгыр, нары…

Анаксимандрга атайын көңүл оодардык. Ага грек философиясынын башаты саналган Милет мектебинин эң бараандуу фигурасы болгондугу үчүн эле кайрылбадык, Анаксимандрдын «апейрон» негизи жана андан карама каршы уюлдагы күчтөрдүн ажырап-айрылып чыгышы, кайра башатына кайрылышы ошол эле мезгилдери Азия тереңинде жашап турган орошон окуу, таанымдар менен тээ ичкериден киндиктешип турган үчүн атайылап мисал тарттык. Ал – даостордун илими. Абай баксак «дао» жана «апейрондун» табияты өзөктөш жаңырат. Дао да ошол. Ал – түбөлүк. Бардыктын башаты. Бирок кармайын десең кармалбайт, эске ирмесең, ирмелбейт. Түрсүз, түссүз. Жок дейин десен, бар жайда, жайнап-тигилип тиктеп турат. Айтса, тигилип тиктеп турганы – «дэ», же даонун бизге көрүнүп ачылып чыккан бир ырааңы, поруму. Бир гана…

«Дао рождает единое. Единое рождает два начала: инь и ян. Два начала рождают третье. Третье порождает все сущее . Все существа носят в себе инь и ян, наполнены ци и образуют гармонию».2* Мына ушул эрбашат(ян) менен үрбашаттын(инь) бир бирине жуурулушкан гармониясы же карама-каршылыктардын биримдиги даонун өзөгүн түзөт да анын данегинде ашкан зор диалектикалык жанар катылганын жаңшайт. Ырас, Лао илимине үндөш идеялар Гераклитте бар. Ал деле ушу сыңар сүйлөйт. Эсеби, Лао айтат: «ущербное хранит совершенное, кривое становится прямым, пустое наполненным, ветхое сменяется новым; стремясь к малому, достигаешь многого…» Гераклит айтат: «холодное нагревается, горячее охлаждается, влажное сохнет, сухое увлажняется.» «Борьба – отец всего и всему царь.» «Одно и то же живое и умершее, проснувшееся и спящее, молодое и старое, ибо первое исчезает во втором, а второе – в первом»3*Гераклиттин дүйнө негизин кармап турган от-болмушу да өчүп-бүтүп барганында бийиктен паска агылат, жерге-сууга айланат, ошол эле ирмеминде жанар бүркүп көк кайсайт. Оодарылып оожалат. Же бул кыймыл дагы инь-яндын айланма агымын эске салат. Ал айткан субстанция – логос да Лао айткан даонун бир канатынан жалгам табат. Байыркы гректердин диалектикалык таанымы байыркы Чыгыштан ушундайча жаңырыкташат.

Албетте, таасир жаатында ар кыл жоромол айтууга болот. Түпкү данек кайда өнгөнүн (ушуга кийин кайрылабыз) талашса болот. Бирок талашкыс да нерсе бар. Ал, мисалы, байыркы грек философиясына Египет, Бабыл, Финикий аркылуу Азиядан өткөн таасир. Экинчиден, Гераклит идеясынын байыркы гректердин өзүндө түшүнүксүз кабылданганы. Бекеринен антикалык дүйнө аны «Гераклит күдүк» («Гераклит тёмный») деп атабаган чыгаар. Айтса, байыркы Грек дүйнөсүнүн энциклопедисти Аристотель да аны кабылдабаптыр…

Бул, бул болсун. Эми Лаого кайрылып келсек, анын дао илими диалектикалык таанымга ушунчалык карк каныкканы эрксизден таң калтырат! Дао кудурети руханий жана материалдуу деп аталган болмуштун чегин бузуп, жээгин жоюп, күү-шаа кайнап сапырылып жатат. Ал ичте дагы, сыртта дагы. Б.а. ар башка зат, кубулуштардын арасын ырааттаган ошол, бир эле зат, кубулуштун ичин ирээттеген да ошол. Кезегинде ичтен тышка тебилип-кеңип, же керинче сырттан ичке жемирип кирип, өзөгүн бузбай, кыймылын үзбөй жалгаш жаңырыкташат.

Арийне, бул хаос эмес, ааламий гармония. Бийик менен Жапыздын, Ысык менен Муздактын, Ачуу менен Таттуунун же инь-яндын бир-бирине айланып барган ырааты бар. «Ар ирмеминде карама-каршысына айланып барган – дао кыймыл» деген экен Лао зы. Бали! Мындан чулу, мындан кыска, улуу жалт айтылаарбы! Биринчи ирээт Лао катка алган бул таанымдын эң түпкү өзөгү Батыш адамы үчүн дайыма жабык калган. Анткени алар дао таанымдын чыныгы чалкар бийигине эч качан көтөрүлө алышкан эмес, менимче Гегелге чейин… Мурда дагы, кийин дагы. Бир гана Гегель даосизмдин бүткүл уңгусуна шуңгуп чыккандай. Өз философиясынын өзөккү идеясын да ал балким… балким ошондон тапкан. Бирок… изин билги жашырып салган! Атаңгөрү ай, инерциянын күчү, индивидуализмдин күчү, евроцентризмдин күчү! Ушунда бир ачылып көрүнгөн экен-эй! Гегелдей даанышман да өзүмчүл Батыш менталитетинин өзгөргүс кулуну экенин тана албаптыр («Даанышмандык – пендечилик», даомыйзам).

Арийне, Батыш философиясында Гегелге чейин эле орошон байманалуу дөөлөт түзүлгөн. Бирок Гегель алардан айырмалап өзүнүн философиясын «абсолют идеализм» атаганы белгилүү. Ооба, абсолют! Аны Платондун бу дүнүйөгө тек сүлдөр сүртүп анык маңызын тосмо артында жашырып каткан объективдүү идеясы алымсындырбайт. Ошого эле окшош, аң-сезимдин ачкычы сынган «кулпудүйнө» /»вещи в себе»/ чындыгын жарлаган Канттын купуя идеализми да кууш ага. Объективдүү дүйнөнү ой сезимдин таптаза чагылышы санап салган Фихте менен Берклинин жалаңкат субъективизми да анын эки дүйнөнү экчей алган чындыгынын жанында жарды, жарты. А балким табият менен аң-сезимди /объективдүү, субъективдүү дүйнө/ тең барабар чындык санап аны бир субстанция Абсолютта элдештирген, төп /тождество/ бириктирген Шеллинг үндөш болбосун? Бирок Шеллинг төптүгү да түпкүлүгү барып бардык айырмачылыкты түк жойгон карандай абстракцияга чабат.

Диалектика демекчи, бая айткандай, аа дейре эле байыркыда стихиялуу делген диалектиктердин кыркаары өткөн. Декарт менен Спиноза өткөн. Калдайган Кант өткөн акыл эстин антиномиясын иликтеп. Анын баарынын сабагы болсо болгондур. Бирок да «баардык мезгилден озгон, баардык замандардан бийик калган бирден бир билимдар адам» /Маркстын аныктамасы/ саналган байгамбардай бул титан да өзүнүн башкы идеясынын өзөгүн барып-келип даосизмден алган экен, бирок, кайталайм, изин жашырып салган экен. Анын диалектикалык таанымды сапаттык жаңы баскычка алып чыгышы, орошон система түзүшү, б.а. бардык затты, кубулушту, табият, тарых, рухту бир айлампада тынымсыз өзгөрүп барган, өнүгүп барган, бир-бирине өтүп тепчишип барган дүйнөлүк бирдиктүү процесс катары карашы, жана эң башкысы – бар кыймылдын башат-теги ички карама-каршылыктын эсебинен ишке ашаарын нускашы /самодвижение, саморазвитие/ Батыш дүйнөсү үчүн жаңы сөз эле. «Без Гегеля, конечно, обойтись невозможно, и притом нужно время, чтобы его переварить. «Малая Логика» в «Энциклопедии» – очень хорошее начало… Главная часть – это «учение о сущности»: раскрытие абстрактных противоположностей во всей их несостоятельности, причем как только собирашеься удержать лишь одну сторону, так она незаметно превращается в другую , и.т.д. «4*

Ал эми дал ушул маңыздын өзү дао философиясында канчалык эмин-эркин дуулдайт, поэтикалуу шаңында ырдайт: «Ал хаостон чачылган. Жерден, Көктөн мурда ачылган. О, үн десең үнү жок! О, түр десең түрү жок. Жапжалгыз жана солк эткис! Бар тарапка багыт алган – жолу ачык! Оңу дагы, Солу ачык! …Түбөлүктүн түбүнө арылдаган, жок, түбү ансайын аңылдаган, жан жагына жайылып кеткен, жок, жайылып атып жыйылып бүткөн…» өзүнүн өзөгүнөн кыймыл тапкан даонун табияты ушу. «Агер сөз менен айткан болсоң, ал Даонун дал өзү эмес. Агер маңызын атаган болсоң, ал даонун дал ысмы эмес» /1-гл/. Анткени ал акылга кармалбайт, эске ирмелбейт. Бирок жок дагы эмес – бар жана бир.

Эми Энгельс айткан Гегелдин «Учение о сущности» илиминен бир үзүм: Биринчи бөлүмүнүн бисмилла эскертүүсү: «Абсолютное есть сущность»,5* экинчи бөлүмүнүн /»Явление»/ бисмилла сабы: «Сущность должна являться». Экөөнүн тогошкон тоому: «являющийся и существенный миры… оба суть самостоятельные целые существования, один должен был бы быть лишь рефлектированным существованием, а другой – непосредственным существованием, но каждый непрерывно продолжается в его другом и есть поэтому в себе самом тождество обоих этих моментов… Оба мира суть, прежде всего, самостоятельные, но они таковы лишь как цельности, и таковы постольку, поскольку каждый существенно содержит в себе момент другого».7 Дагы: «Сущность… содержит кажимость в себе самой как бесконечное движение внутри себя».8 Дагы: «…Разрешенное противоречие есть следовательно основание, сущность, как единство положительного и отрицательного»,9 – дейт Гегель.

Ленин улайт: «…переход, перелив одного в другого. Сущность является. Явление существенно». Эки диалектиктин айткандары тегинде даосизмдин «дао» жана «дэ» түшүнүгүнө кандай гана дал түшөт-ов! «Превращение в противоположное – это движение дао», — дейт Лао-цзы. Ошенткен «дао» түпкү башат, маңыз болсо, дэ анын түмөн түрлүү, чексиз, чексиз… ачылып чыккан ыраңы, суурулуп чыккан турпаты. Дао өз Жолу менен дэге өтөт, дэ кайра өз Жолу менен даого житет. Же муну Гегель кайталайт: «Сущность.., есть то, что она есть… через свое собственное бесконечное движения бытия»… «Царство законов /»дао» – Ч.Ө./ есть спокойное содержание явления; явление /»дэ» -Ч.Ө./ же есть то же самое содержание, но представляющееся в беспокойной смене и как рефлексия в другое… Поэтому явление есть относительно закона цельность, ибо оно содержит в себе закон и еще более – именно момент самодвижущейся формы»...12 Буган дао түшүнүгү Лаого чейин байыркы Кытай таанымында закон деген мааниде колдонулгандыгын гана кошумчаламакпыз. Ушинтип даонун табияты дүйнөлүк философия тарыхын мыкты өздөштүргөн Гегелдин диалектикасына эң орчун жем таштаган. Жок, дүкүлдөп жүрөк бүткөн! Бирок дао таасири мунун менен бүтпөйт. Эмесе Гегель ойчулдун «абсолют идеясына» келели эми.

Бая айтылгандай бардыктын башаты саналган дао Жер менен Көктөн мурда ачылып /материя – идея потенциалы/ ал экөөнүн арасын жалгап турган дао өз кудурети менен гана өзүнүн табигый жолунда /диалектика/ эмин-эркин агылып жашап калган. Ошол субстанция-байтүптөн Түптүн Түгү чи төрөлөт, андан тайчи/улуу чек/ жаралат, андан инь-ян таралат. Инь-Ян болсо бар тирчиликке башталма саналат. Бар тирлик даонун мыйзамына баш ийип /диалектика/ жашайт, өнүгөт, өсөт, кыйрайт, соолуйт, өчөт. Ошентип түп башаты даого ашат. А дао кайрадан жаңыга башталма… Анын түбөлүктүү сапары ушул… Эми абай баксак; даонун айлампа жолу Гегелдин «абсолюттук идеясынын» баскан жолуна канчалык куйгандай дал! Тек, анын бир фазасын, даодон бөлүнүп кайра даого өткөн бир айлампа жолун толук чечмелеп мүнөздөгөн. Айталы, Гегель боюнча да ообол мурда, тил оозсуз өзүндө ийрилип тунган, өзүн али аңдай элек абсолюттук идея жашайт. Ал табиятынан ички карама-каршылыкка ээ, ошонун күрөшүнөн кыймыл табат, өз Жолуна сапар алат. Анын Жолу – өзүн өзү таануу. Бул үчүн ал үч тепкичти басат.

Биринчи — логикалык баскыч. Абсолюттук идея мында «таза аң», зымырык ой формасында тааныйт өзүн. Же логикалык түшүнүк, категориялар калыбында көрүнөт.

Экинчи — табиятка айланган баскыч. Бул, абсолюттук идеянын өзүнүн аңтара табиятын же материя маңызын тааныганы.

Үчүнчү — абсолюттук дух баскычы. Мында, өзүнө үңүлүп тереңдеп барган идея — табият маңызын танат, же андан ашыра серпилип кайрадан аң сезим – абсолюттук дух жайыгына чыгат. Ал — жеке адамдык аң сезим, коомдук аң сезим жана аңдоонун эң бийик формасына ээ болгон искусство, дин, философия баскычтарын басат. Бекеринен Гегель өзү ар бир тирүү пендени абсолюттук духтун жердеги чачырап калган тамчылары катары карабагандыр.

Ошентип соңку тепкичтин бар ыраатын басып өтүп, өзүн түнт булуң-бучкагына дейре аңдап болгон абсолюттук идея кайрадан өз башатына, бирок бу саам бар табышмагын жандырган, акчайыт универсуум маңызына кайрылат. Бул абсолюттук духтун ааламий салтанаты!

Эми байкагандырсыз; абсолюттук идеянын табияты, баскан жолу — дао жолго канчалык дал! Тек, даосизмдеги керемет поэтикалык образдын, философиялык даанышмандыктын данегин алып, кыраа немистин тыкыр тактыгына салып, интеллектин тилине которуп, логиканын темирдей бек коргон торунда кармап, караан акылда калчап, категорияларда жиликтеп, батыш усулунда кайрадан насыйкаттап салган экен шер Гегель. Ушинтип Батыш менен Чыгышты бүтүндөй жууруп, эки дүйнөнү /материалдуу, идеялуу/ элдештирген титан гана «менин философиямдан соң абсолюттук идея өзүн таанып бүтөт, ал адамзаттын акыркы чындыгы» деп жүрөгү даап айта алмак! Жана ал бу баага татыктуу… Маркс кайра-кайра Гегель сындаган мистицизминин булагы да, аган кайрылбай кое албас зарылдык муктаждыгынын да себеби ушул жакта – даону тана албастыгында! Эки дүйнөнүн чындыгын кармоо далалатында.

Белгилер нерсе, Гегелдин «Философиянын тарыхы» эмгеги анын байыркы кытай, инди философиялары менен канчалык терең тааныш болгондугун да астейдил нускап тургандай. Демек, ал өз филосфиялык системин түзүүдө Чыгыш, асыресе, байыркы кытай – дао булагын эч кыйгап өтө албагандыгын да ачык каңкуулап турат. Ал өзү улуу «Иңзинди» «түк түшүнүксүз татаал табышмак» атап, ач талаага каңгытып таштап салгысы келгендигине карабастан – зыңгыр немис текеберленип! Демек, кайталайлы, Гегелдин из жашырып салган бир улуу булагы байыркы грек стихиялуу диалектикасы – апейрон, гераклиттерде эле жатпайт, ал системдүү дао философиясынан да астейдил жылжып келген деп ишенимдүү айтсак болот.

Гегелден кийин тарыхый аренага чыккан залкар аалым Маркстын диалектиканы материалисттик духта тереңдетиши, орошон илимий ачылыштардын жүрүшү, коомдук зор өзгөрүштөрдүн агымы, бул — конкрет башка мезгилдин продуктысы жана анын баары улуу немистин – Гегелдин баасын бир кемитпейт, тескерисинче материалдуулук менен идеялуулуктун тең катышын кармаган чыныгы диалектик катары анын караанын соңку окуялардын фонунда балким баштагыдан да бараандуу, чулу дааналайт… Баса, Гегель илиминин жанында марксизмдин да баасы эч кемибейт. Алардын өз сөзүнчө аягы башын аңтарып коюшканы болбосо марксизмде диалектикалык идея чып-чыргасы коробой чылк калды. Муну диалектикалык тааным өзөгүн таамай кармаган Энгельс так айткан: «Маркс был и остается единственним человеком который мог взять на себя труд высвободить из гегелевской логики то ядро, которое заключает в себя действительные открытия Гегеля в этой области, и восстановить диалектический метод, освобожденный от его идеалистических оболочек, в том простом виде, в котором он и становится единственно правильной формой развития мысли».13*

Абай баксак, бул ушундай да, ушундай да эмес сыяк. Маркстын кайталангыс тарыхый ролу да ушерде. Ушундайлыгы; туура, диалектикалык өнүгүү идеясын толук таанышты, алышты, тек материя тегиздигине салышты. Ушундай эместиги; балким «Гегелдин философиясы башы менен турат» деген чалгай бүтүм. Ооба, анын абсолюттук идеясы акыры түбү кайрылып өзүн аңдаган абсолюттук идеяга айланат. Бирок ошол «айлануу жолунун» өзү б.а. тарыхы таңкаларлыктай гармонияга канык каршы-терши тепчишкен /!/ тейинде маңыздалат. Же анда форма дайым мазмуундалган. Мазмуун кайра формага канган. Табияты да жанданган /одухотворен/. «Закон есть существенное явление». Демек ал, бир карасаң, башы менен эмес, тетирисинче Дух, Материя аталган кош аягында турган, абсолютка бараткан бүтүн дене сыяктанат. Анда таза абсолют идеяга айлангычаң ушул кыймылдуу тең салмак калат. Марксизм, ушул салыштырма гармонияны бузду. Рухту өксүтүп, салмакты бир тарап материя тегиздигине оодуруп кетти.

Аал, тарыхый материализмине келсек, Маркс окуусу — Батыш кыртышынын тарыхый, табигый туундусу, Батыш өнүгүү жолунун бар булуң буйткасынын күзгүсү, прагматик маанай баскан Батыш менталитетинин, дүйнө кабылдоосунун айкын чагылышы, Батыш рамкасынын чеги. Коомдук өнүгүш өзүнүн эң бир динамикалуу, бай, татаал жана ансайын табышмагы артылган, илими өскөн, материалисттик дүйнө карама каршылыктары ушунчалык жылаңачталган тилкесине өткөндө тагдыры аган туш болгон Маркс канчалык титан болбосун мындай кырдаалда өз терисинен эгерим суурулуп чыгып кете алмак эмес. Кете алган эмес! Материалист болбоско аргасы да жок эле. Акыйкатта, ал өз кыртышынын Биринчи Адамы. Өз мезгили менен эрөөлгө чыгып жеңген Эр. Марксизмдин диалектикачыл потенциалын пайдаланбай, кийинки жандуу турмушта байытып барбай, аны бирден бир өзгөрүлбөс илим санап, Батыш, Чыгыш, Көчмөн жайга бирдей универсал урунуп, акыры догмага айлантып жыгып тынышканы үчүн кеменгер өзү эч качан күнөөлүү эмес! Кечир, Маркс…

Гегелдин диалектикалык идеянын маңызын даосизмден таап сиңирип кеткени менен сөз бүтпөйт. Бул да али толук чындык эмес. Диалектикалык идеянын чыныгы башаты балким башка жакта. Көчмөндухта!

Байыркы Кытай жана байыркы көчмөндөрдүн алака катышы, таасирлешүүнүн ыктымал багыттары жайында «Теңирчилик». Улуттук философиянын уңгусуна чалгын аталган ой толгоомдо кыйла токтолгом (Б; 1994). Анда даосизм философиясынын башкы түшүнүгү «инь жана «ян» көчмөнтаанымда «оң», «сол» деген мааниге жанаары айтылган. Оң-Сол түшүнүгү көчмөндөрдүн тээ караңгы-караңгы замандардан калыптанган бай материалдык, руханий маданиятында, эстетикасында, этикасында, этнографиясында, кыскасы, кыбыр эткенин мүлдө тепчип дүйнө таанымы, жашоо мүнөзүнүн өзөгүнө өсүп кең системге айланганы айтылган. Көчмөндүн жан-денин, дээр-зээнин Оң-Солу дамамат Орто аркылуу оошкон-коошкон, тең салмакталган Теңирчилик түзөт. Бул сөз куру болбосун үчүн жана ал азыр өтө тыкыр мааниге ээ үчүн буга эми атайын токтолуу зарыл.

« ОГУЗ КААН» ЖАНА ДИАЛЕКТИКА

Бүткүл көчмөн дүйнөнүн башын кошкон «Огуз намэ» эпосу баарыга дайын. Өзүнүн улуу чындыгын карт мезгилдерде каңгытпай, караңгы замандарга тоздурбай аман алып чыгыш үчүн не бир образ, метафора афсанага жууруп-кынап абай каткан көчмөн журт дал ушул оймоктой чакан эпосуна оожалган маңызды мөл чөгөргөн экен-ов! Ошо оожалган мазмун, эпосто, байыркы кытай жылнаамаларына да түшпөгөн карт замандардын тарыхы жыш катылганы менен эле чектелбейт экен. Анын балким эң башкы баасы көчмөндөрдүн диалектикалык тааным системасын – Теңирчилигин уңгусунда зыл уютуп турганы экен. Кыска ишараттайлы.

Огуз каандын башаты да Теңир менен байланышат. Жол Теңирден башталат. «Болсунгул деп дедилар». Ушинтип бир Улуу Эрктен Дүйнө аавал жаралат. Теңир эрки жарланат. Ошондон соң Ай каган көз жарат, уул табат.

Эпосто бул мындайча сыпатталат:

1

“Болсун!” деди, болдурду.
Дагы андан соң кубанычка тунду,
Ай Каган көз жарды да болду уулдуу.
Баланын өң-чырайы көк чаар еди,
Эрини алоо, көзү өрттөй
Чачы, кашы кара еди.

Тектүүдөн теңдеши жок көрктүү.
Ошол уул бир оозанып энесинин ак уузун
Мундан артык эмбеди.
Аалымдар «Ай каган көз жарды» деген кабарга карап мында алыскы бир матриархат доорунун жаңырыгы жатат дешип мазмунду жерге ийишкен экен. Акыйкатта ал — Көк маани, көчмөндүн философиялык түпкү таанымынан кабар айтат. Көк– Эр башат, Жер – Үр башат; Күн – Эр башат, Ай – Үр башат. Ургаачы башат катары Огуз каанды көз жарган да Айкаган. Атасы Күн көмүскөдө турат. Же муну эми Манас жарытат:

«Айың менен Күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй». Эки башталыш бири-бири менен диалектикалык катышта. Бирисиз – бири жок. Бири – Оң, экинчиси ага – Сол.

Анан да жашоо турмуш кыймылда. Анын бир маңызы «күрөш» – сырткы маани, бир маңызы «сүйүү» – ички маани (көчмөн философиясынын улуу маңызы ушунда). «Күрөш» – маани «кыят» темасынан жана кандуу казаттардан көрүнөт. Айталы, Кыят ал — жырткыч . Ал аюу алды, бугу алды, жан бүткөндү кайсады. Кезинде Кыяттын түбүнө Огуз жетти. Өлгөн Кыят ичегисин да бир шумкар жеп турду. Аны жебенин тили мерт кылды. Ушинтип баары айланыш-чырмалыш айлампада ийирилген дүнүйө… Бул мааниде жашоо – «күрөш», бирине бири жем, өлүм-өмүр таймашы. Дүңүндө — дүйнө карама-каршылыктардын биримдиги.

Эпосто бул мындайча ачылат:

Ал заманда аерде,
Бир калың чер бар эле,

Күркүрөгөн дайра өзөнгө шай эле.

Жерде сызган туяктуу көп,
Көктө учкан канаттуу көп жай эле.
Ошол ормон ичинде үлкөн кыйат бар эле,
Жан бүткөндү, мал бүткөндү жээр эле.
Үрөй учурган бир ушундай аң эле
айбаты зор айбарлуу,
Өгүз каган ченебес эр бу кыйатты
ууламакка
ой кылды.

3

Калкан илип карыга, саадак асып далыга,
Колго найза, жалаң кылыч жаныга алып,

Кетти аттанып. Бир бугу алды,

Тал чыбыктап даракка таңды.

Келди эртеси таң дык салган чагында.

Көрдү ошондо: ал кыйат алып турур бугуну.
Жана бир аюу алды, алтын белбагы менен даракка чалды.
Таң куланөөгү келгени, дагы да көзү көргөнү:
Ал кыйат эми алып турур аюуну.

 

4

Ошондо Өгүз түпкө тартты. Түйүлүп бирде заардуу
Кыйат челет, жалын бүркүп кайсалайт!
Бирде Өгуз жаалдуу бырча-бырча найзалайт!
Кылыч менен шылый чаап башын кести, байланды.
Бир караса бир шумкар кардын жарып кыйаттын
Ичегисин жеп туру. Жаасын бетке кармай берди.
Шумкар өлдү. Кести башын. Айтты анан:
Бугу алдың, аюу алдың,
Анан кайдан жай алдың,

 

5

Темир найза жеп тындың.
Жейм деди шумкар кыйатты,

Жебенин тили мерт кылды,
деди да кайтып кетти.

Кыйат жайы ушундай.

Жогорудагы карама-каршы күчтөрдүн айыгышкан күрөшү андан ары Оң-Сол биримдигинде же Сый (сүй, сүйүү) тегиздигинде андан ары уланат.

Огуз каандын биринчи үйлөнгөнү Теңир кызы. Аларга коюлган ат да Теңирден келет: Күн хан, Ай хан, Жылдыз хан. Экинчи үйлөнгөнү Жер кызы, аларга коюлган ат Жерден келет: Көк хан (Асман эмес, Жердин бети же, Көк мааниде, ал, Көк-Асман эпосто Теңир делет), Too хан, Деңиз хан.

6

Жана бир күн бир жерде,
Көк Теңирге сыйынууда эле.

Күүгүм уюду. Көк Теңирден көгүлжүм нур куюлду.
Күндөн жарык, Айдан наарлуу.
Өгүз каган жүрүп берди. Көрдү анан.
7

Ал жарыктын арасынан бир кызды,
Жандан жалгыз. Көркү арбаган
Нурдай сулуу жан эле.
Маңдайында шоолаланган жарык меңи бар эле

Алтын Казык дегидей!
Көз талыткан көркү ушунча

Күлсө Көк Теңири кошо күлөөр,
Ыйласа Көк Теңирде түн түнөрөөр!
Бир көрүп ашык болду.
8

Алды аны, бирге жатты, балын татты,
Бүттү бойго. Күндөн күн өтүп, айы жетип
Ал бийке күз жарды да балкайган үч уул тапты.
Абалкысына Күн am койду,
Андан соңу Ай am болду,
Акыркысына Жылдыз am конду.
Жана бир күн Огуз каган ууга чыкты.
Көөлгүп көл жатат дейт. Көлдүн уюлунан,
Көрүнөт бир дарак дейт, ал дарак көңдөйүнөн
9

Бөлүнөт бир сулуу дейт.
Көздөрү көктөй тунук мелтиреген,
Чачтары дарыядай шаркыраган,
Тиштери тизген бермет!
Чырайын бир көргөн жан чыдай албай
Кымыздай шар ачыган,
Кыжылдап дил кусасы боюна тээп,
«Жанымды ал!» деп жалбаргыдай.Огуз каган
Орт түшүп өзөгүнө өзөлөнүп сүйүп калды.
10

Алды аны, бирге жатты, балын татты,
Бүттү бойго. Күндөн күн өтүп, айы жетип
Ал бийке көз жарды да балкайган үч уул тапты.
Абалкысына Көк деп am койду,
Андан соңу Таг аттуу болду,
Акыркысына Деңиз am конду.
Уулдарынын урматына улуу той берди,
Жамаагатка жар салдырып,
Мыктуулдарын кеңешке алды. 

Баяндан байкалгандай, мында Асман кызынан төрөлгөн Асман балдары (Күн, Ай, Жылдыз) жана Жер кызынан төрөлгөн Жер балдары (Көк, Таг, Деңиз) бири-бирине агайын, түгөйлөштөр катары ачылып турганы кызык. Асман менен Жер арасын — Көл уюлунан Көккө бургуп суурулган дарактын (Көк Чынар — Дүйнөлүк Терек!) түркүк кошуп турганы дагы кызык. Эрксизден улуу Манастын «Асман менен Жериңдин Тирөөчүндөй көрүнгөн» айжаркын философиясы жадыда жаңырат. Ушинтип, эпос сырт канатында бая кыйат мазмуундуу карама-каршылыктарда күрөштүү көрүнсө, эми ички канатында Асман, Жер Үрлөрү менен купташтыкта, алардан туулган балдардын жупташтыгында биримдиктүү түгөйлөш, сүйүүлүү манасчыл ачылат.

Карама-каршылыктардын сырт күрөшү жана ички биримдиги эпостун андан аркы окуя-баяндарында жаңы мазмуун образдарда улам артылып тереңдей берет. Бул Огуз кагандын Ордо кеңиткен казаттарында көрүнөт. Акыйкатта, Огуз кагандын улуу жортуулдарынын тарыхый тамырлары өтө тереңде, караңгы замандарда катылган жана аларда болуп өткөн тарыхый окуялар, замандар, доорлор болуп көрбөгөндөй өтө экспрессивдүү бир-бирине кабатталган, катмарланган. Бул улаңгайыр тарых алиге ырааттуу хронологиялуу, а эң башкысы, тарыхый-философиялуу изилденбей келет жана ал дагы эле келечектин иши бойдон калууда. Биердеги биздин максат – «Огуз кагандагы» ошол тарыхый философияны да эмес, так философиянын өзүн гана нак учкай нускап коюу экенин эскертмекпиз.

Ошентип, Огуз каган дүйнөнүн жарымын чаап болуп /күрөш маани/, кайра Ордосуна оролот.

Бир күнү Теңир кызынан туулган уулдарын Күн Чыгышка сапар атказат. Алар жаа таап кайтат. Жер кызынан туулган балдарын Күн Батышка сапар атказат. Алар жебе таап кайтат.

35

Эми, эпаадам калбасын унут,
Кагандын кеңешчиси бар эди ысмы улуу Түрүк

Жайкалган ак сакалы, буурул кары,

Кылымды билген кыраа эле,

Сүйлөгөн кеби мураа эле.

36

Түндөрдүн бир түнүндө түш көрүптүр,
Түшүндө мындай кызык иш көрүптүр:

Күн тууштан Күн батышка,

Керилет алтын жаа дейт.

Түн жагын түптүз мелжеп,
Тебилет күмүш ок дейт.
Ойгонуп уйкусунан, толгонуп тынчы кетип,
Таңында Каганына таазим этип,
Түшүн аяң кылат, баян курат:
37

Ай Каганым, өмүрүң болсунгул узун!
Төрөлүк болсунгул түзүн!
Теңирим түштө көргөнүм өңгө келдирсүн.
Тең дүйнө жериң уругуңа бердирсүн!
Каган кары үгүтүн куш көрдү дейт,
– Түшүң түш эмес, түш келгил:
дейт.
Анан кашына жыйып бар уулун, айткан экен:
Көңүлүм күсөйт салбуурун,
Бирак ой жеткенге кол жетпей мында турум.
38

Эми Күн, Ай, Жылдыз үч уулум,
Таң атаар жакка силер бар.
Көк, Таг, Деңиз алты уулум,
Түн түнөөр жакка силер бар.
Салбуурун мыктап салыңар да, санаада
дартты табыңар.
Үч улуусу таң атаарга барышты.
Үч кичүүсү түн түнөккө чабышты.
Күн, Ай, Жылдыз уу сапарын карытты,
Кайткан жолдо бир алтын жаа табышты.
39

Каганга тартуулашты,
Карт Каган карс-карс күлөт, жааны иет.
Карс сындырып үчкө бөлөт:
Жаага эми силер эге,
Жаа атаар көккө жебе…
Жана бир күн Көк, Таг, Деңиз уудан кайтты,
Жолунан бирдей күмүш үч ок тапты.
Каганга тартуулашты. Карт Каган карс-карс күлөт
40

Жебени үчөөнө үлөштүрөт да, айтат:
Үч жебе үчөөңө энчи.
Жаа атса ок көккө төнчү… 

Ушундан соң каган улуу той берет. Оң жакка алтын жамбы илдирип, алдына ак кой байлатат. Сол жагына күмүш жамбы илдирип алдына кара кой байлатат. Биринчи, Теңир кызынан тапкан үч уулун Оң жагына алат. Экинчи, Жер кызынан тапкан үч уулун Сол жагына алат. Биринчи үч уулуна жаа тартуулайт: «Жаага эми силер эге, жаа атаар Көккө жебе». Экинчи үч уулуна жебе берет: «үч жебе үчөөңө энчи, жаа атса ок Көккө төнчү» Асман уулдары алтын жааны үчкө бузуп бөлүп алышат, андыктан алар «Бузук» аталышат, Жер уулдары үч жебени бир бирден бөлүп алышат, андыктан булар «Үч Ок» аталышат. Мындан соң каган дагы балдарынын ар биринин Жолуна карап улуу, кичүү устукан үлөштүрөт.

Ошентип баарын Жолго салып, Ордуна кондуруп санаасы жайланган каган Көк Теңирине түбөлүк сапар алат.

Жогорудагы болушунча бир шилтем берилген кыска баян эпосто мындан да кыска, мындан да так, миң кылымдарды бир күн боюна шыкап кыскандай чылк ишааралуу, символго карк, а бирок, керемет шыңгыр поэтикалуу берилгени таң калтырат!

Ошондон соң Огуз Каган көңүлү тынып, элин жыйып,
Улуу Курултай чакырды дейт,

Таңдайлашкан билги, чечендерин,

Маңдайлашкан баатыр, кашка эчендерин

Кашына алып, Каган наркы менен

Калкайып Ордосунда олтурду дейт. 

41

Оң жагында он эки канат – ак өргөө,
Түндүгүндө алтын шумкар,

Оң иргеде он эки айры бугу.

Сол жагында он эки канат ак өргөө,
Түндүгүндө күмүш лаачын.
Сол иргеде мүйүзү карыш кулжа,
Оң жагына Бузуктар отурушту,
Сол жагына Үчоктор отурушту.
Каркыттап кырк күнү той курушту.

 

42

Анан каган үлүштөп журтун бөлүп уулдарына
Айтыптыр: Канчама ашуу аштым,

Канча жоо менен салгылаштым,

Аргымак минип алкынттым,

Айза сайдым, жоо жыктым.

Касым кан жутту, досум шаң күттү.
Баары бүттү.
Эми өтөөр чагым Көк Теңириме. Ыкыбал,
Кайыр кош! Калың журтуң күтүп ал…

 

Аяр баксак ушунун баарында калк философиясынын кайнары канчалык карк катылып калган-ов! Бүтүндөй Асман-Жердин катышы жатат мында.

Асмандын бийик – оң (ян), экени, Жердин жапыз – сол (инь) экени;

Күнчыгыш Жолу оң экени;

Күнбатыш Жолу сол экени;

Оңдун жолу улуу экени (жаа окту жумшайт), Солдун Жолу кичүү экени (жебе жумшаган жакка учат);

Ак кой (жарык – ян) Жолу оңдо экени, Кара кой (караңгы – инь) Жолу солдо экени;

Алтын –улук (оң), Күмүш – кичик (сол) экени…

Ошондон улам уул балдарына үлөштүргөн ар устукан да тек даам сызуу тартиби эмес, ар адамдын социалдык даража ордун Теңир Эркине ылайык курган ыраат экени образ тилде, сюжетке бап, эриш-аркак чырмалыш берилет. Оңду Сол ээрчиши керек, ошондо гана Дүйнө ыраатталат деген белгилүү фалсафий бүтүм ырасталат. Бул диалектиканын ички биримдик — Сый мааниси. Асман – Жердин, Кан – Каранын, Улуу – Кичүүнүн, Аял – Эркектин Теңирмисалдан агылган Сүйүүсү. Эки чекти кошуп-жошуп Дал Ортодо дайыма — Каган Ордо! Оң менен Сол дамамат оошуп-коошуп, бир-бирине этишип-өтүшүп турган Улуу Теңдээл – Түркүк Манас, Ордо-Орто!

Ошентип Көк Теңиринен башталган Жол бул Дүйнөнүн өзөгүн тепчип, жашоо – күрөш майданында да, жашоо – сүйүү айдыңында да бар маңызын таанып-канып болгон соң кайрадан Көк Теңирине кайтат. Бул, бая, Даонун кайра артылып Дао – Башатка ашканына окшобойбу? Абсолюттук Духтун өзүн таанып болгон соң кайра айланып Абсолют идеяга айланганын эске салбайбы? Улуу айлампа…

Арийне, эпостун окуя маңызын тек сырткы белги санап, аны диалектика эмес, метафизика деп жарыялаганга ашыккан китеп чилистендер да табылат. Кантесиң, көчмөндөр диалектикалык таанымын эч качан карандай акылда калчап, категорияларда жиликтеп бербестигин, бул анын табиятында жок экендигин, тек турмуштун жиксиз биримдиги, дүйнөнүн ошол тереңги ички кыймылын окуя, образ, метафора, каймана тил, ыр, макал, лакап өңдүү чулу мазмуунда как жарып кармап, дал чагылтып, өлтүрбөй-калтырбай көчүрүп тирүү алып жүрөөрүн, ал тааным көчмөн формада гана көрүнөөрүн нетип айтасың?! Ал аз келсе, Дүйнөнүн өзөгүнө өткөн жашоосунда, ага эриштелген этикасында тунганын кантип түшүндүрөсүң. Кайра туулуш керектир ал үчүн…

Бая ТЕҢдин сырт кырын диалектика атап, ич кырын сүйүү дедик. Уюлу-уюгу – Улуу Түркүк, Каган Ордо! Эмесе, көчмөнтаанымдын көзү Батыштаанымдан так ушерден бир ажырымдалат!.. Батыш таанымда диалектика маңызы карама-каршылыктардын күрөш биримдиги (единство противоречия, единство противоположностей) деп аныкталган. Ал ички кыймылдын башатына башталма делет. Өзүнө дейре «түбөлүк тымып жаткан жыңң ааламды капыс күү-шаа түшүрүп тынчын алып чыккан» Гераклит да: «все вещи противоречивы» деп айткан экен. «Раздвоение единого и познание противоречивых частей его есть суть диалектики» деп жазган экен Ленин. Ал эми Маркс алардан да ашырып кеткен: «сосуществование двух взаимно-противоречащих сторон, их борьба и их слияние в новую категорию составляют сущность диалектического движения. Тот, кто ставит себе задачу устранения дурной стороны, уже одним этим сразу кладет конец диалектическому движению». Ошентип болмуш, кубулуштун тээ түпкү жердигинде эле «карама-каршылыктуу» деп маңыздалышынын, а тургай бир ыптасы «жаман жак» («дурная сторона») катары акценттелишинин өзү да биресе ойго салат…

Адамдар «диалектика» деген сөз жарала электен мурда эле диалектикалуу ой жүгүртүшкөн деген эмеспи эсил Энгельс. Эмесе көчмөнтаанымда да ошол түпкү «карама -каршылык» аталган түшүнүк «түгөй» деп түбүндө аа таптакыр кайчы түшүнүктөлгөн болбосун? Бир эле учурда мында да, мында да эмес үзүлбөс кыймыл тайгаланып бараткан так ушул кырдаалында «ТЕҢ» деп аталып жүрбөсүн?

Айталы, сырт тегиздиктеги, Бийик-Жапыз, Ысык-Суук, Жакшы-Жаман, Ачуу-Таттуу – булар, тек, пенделик түшүнүктөгү карама-каршылык, ал эми Теңирий деңгээлде, Кудай даражасында бирисиз-бири жашай албаган ичкертен байланыш чырмалышкан, үзүлбөгөн-сүзүлбөгөн Үч менен Түптүн биримдиги. Дүйнөнүн бөлүнгүстүгү. Арылдаган Аккан Дүйнө… Ырас андай болсо Асманга Жер, Аялга Эр, Ысыкка Суук, Сууга От – Түгөй! Карама-каршылык эмес! Акыйкатта, бул Түгөй бир-биринен автоном бөлүнгөн өз-өзүнчө бүтүндүк эмес. Кыймылдуу агымындагы Кош-Түгөйдүн ар бири бир жылт ирмеминде гана ички жүзүнө /оң, терс/ ээ чыгат, ошол эле кезде алар бирисиз-бири жашай албаган сыңар, жарты. Бирине-бири түгөйлөшүп барганда гана, бири экинчисинен маңызын таап канганда гана Бүтүн маңызга ээ болот. Толот! Жашоо, кыймыл чыгат. Ушундай маңыздалганда гана бул биримдик каршыккан карама-каршылыктардын күрөшү эмес, ынтылган-умтулган Сүйүү катары мазмуундалат. Бири-бирине чексиз, чексиз түгөйлөшүп.. түгөйлөшүп бүтпөй барган мазмуунда гана ал Төптүк Жолунда болот.

Ич тегиздигине серп салсак тайгаланып бараткан кырдалында кыймыл «ТЕҢ» аталып жүрбөсүн дедик. Бирок бул да абсолют Тең эмес. Же керинче ТЕҢ бириккен ирмеми да абсолют Ааламтөп (абсолютное тождество) эмес. Анткен — метафизика. Ал дайыма — «бири кем дүйнө». А дүйнө агат, агат… бир ченинде ал жартыланат, сыңарланат, түгөйгө ажырымдалат, бир чегинде ал кайрадан баш аягы кошулат, жошулат, бүтүндөлөт, токтобойт. Аккан Дүйнө… Бири-бирине чексиз, чексиз… түгөйлөшүп, түгөйлөшүп… бүтпөй барган мазмуунда гана ал Төптүк Жолунда болот. Бул жол — Сүйүүгө умтулган Жол.

Суроо туулат: экөөндө тең тынымсыз бир Аккан Дүйнө, ички кыймыл, андай болгон соң Батыш, Чыгыш деп ажырымдап не? Бөлбөй-ак койбойлубу! Ооба, Жараткан деңгээлде ошондой . Бирок пенде деңгээлде ал айла канча ал ушинтип эки башка мазмуундалган. Азыркы Дүйнө сүрөтү ушуга байланыш. Айталы, «карама-каршылык» деген сөздүн өзүндө түртүлгөн маанай. Аа, кайчы, «түгөйлүү» деген сөздүн өзүндө тартылган Сүйүү. Батыш, Чыгыш эки руханий континент арасында, арийне, эч качан кескин кытай чеби кармалбаса да дүңүнөн ушундай эки ажырым Жол баскан.

Дүйнөнүн Сырт маңызына басым салган Батыш өнүгүү, андыктан, коомдук системалардын улам бирин-бири жокко чыгарган ыраатын баскан (муну алар: танууну тануу деп категориялашат) тынымсыз социалдык силкиништерди баштан кечирген, өзүнүн бар илим теориясын, окууларын да басым ошого негиздеген. Дарвин, социал-дарвинизм, фрейдизм, неофрейдизм, акырында барып марксизмдин да тап күрөш тууралуу илими, эскини жаңынын улам күчтөп жоюшу — так ушул «карама-каршылыктардын күрөшү» теориясынын жемиши. Ошентип диалектика тааным Батышта эң жалпылай айтканда, кара жерден боорун көтөрө албаган канатсыз тейде калып, күчтүүсү алсызын жойгон, «бөдөнөнү кыргыйга жем жараткан» жаныбар деңгээл, мал мыйзамда чектелип, кара жердин кишенин жарып чыга албаган.

Дүйнөнүн ич маңызына басым салган көчмөн өнүгүү – бирисиз-бири жашай албаган сыңар, жарты, андыктан ал Түгөйлөрдүн толукталуу Жолу, бирине-бири агылган Сүйүү мээрим. Ал Теңирге Жол алган, Жер кишенин кыйраткан! Карама-каршылыктар Сүйүүдө чечилген жерден, Түгөйлүүлөр Улуу Уюлда (Каган Ордо!) жиксиз уюган ченден Жаратканга Жол жалганаар… ЖОЛГО-Нурга айланаар, Барга айланаар, Бирге айланаар…

Бая Көк Теңирден башталып бул Дүйнөнүн маңызын каршыккан каршылыктарда да, андан артылып барып Оң-Солдун гармонияга умтулган өр Жолунда да бир бүтүндөп таанып болгон соң, соңунда, Адам, Коом, Эл курум, Мамлекет тартибин ошол ыңгайда ырааттаган баба кагандын: «Эми өтөр чагым, Көк Теңириме, ыкыбал, Кайыр Кош, калың журтуң күтүп ал», – деп дүйнөлүк айлампа жолдо (спираль) бизге калтырган карыбас арыбас асыл осуятынын учу ушуякта. Сүйүү коргоно билиши керек. Андыктан тереңги Сүйүүнү сакташ үчүн, калкалап калыш үчүн гана сырткы Кара күч зарылданат. Күчкө күчтү тиреш үчүн, Сүйүүгө Жол жиреш үчүн диалектиканын Сырт кыры ишке кирет. Анын соолгус гүлазык күчү да ушунда – Сүйүүдө. Жок, Сүйүүнү аттап каршылык карандай максатка айланып чыкса анда Нурдан Жолу кесилет, көзү таңылат. Каракүч Кыят түр күтөт. Жан бүткөндү Мал бүткөндү, Дүйнө бүткөндү кайсап чыгат. Жашоонун Башкы Маңызын аттайт, акаараттайт. Айланып келип акыры ал өзөккү ич маани – Сүйүүгө кол салат, соңунда өзүн өтүнөн жарат.

Жакшы кылсаң өзүңө,
Жаман кылсаң өзүңө.

Өөдө карап түкүрсөң,
Кайтып түшөөр көзүңө. 

Көчмөн философиянын улуу сабагы ушул!

Аабалкы да, акыркы да чындык ушул. Ал — универсалдуу. Эмики экономика максаты, мамлекет маңызы, Адам, Коом, Асман алакасы ана ошентип байыркыда эле баба каган тарабынан көрөсөн бир чечилген! Ушул улуттук идея Огуз каан элин сактаган. Хаосту жойгон!

Демек, Батыш менен Көчмөн таанымдын башатында айры Жол. Цивилизациялуу адамзаты ушул деп Батыш маңызын башыбызга ширгедей жапкылары келген азыркы реформатор башчыларга ушул түпкү чындык бир нерсе айтаар бекен? Баса, аган да агаарбыз, бараарбыз…

Анда-а, анда, атасы Каракан заманында да ушундай бир Хаос баскан экен. Ар кыл эл, уруулар ар бутка сыйынып кеткен экен. Чачкындалыптыр. Ошондо улуу чындыктын уңгусун кармаган уулу Огуз каан кайра баарын бир дилге – Теңирчиликке уютуптур. Ал эми элди Эл кылып сактап калаар бир ишеним – монотеизм экенин карт тарых жакшы билет. Көчмөндөр ошентип тээ караңгы замандарда эле бир монотеизмге (бу да Батыштагыдан башкача түшүнүктөлгөн), Теңиризмде бириккен. Демек, Теңиризм, тек, Көккө сокур табынган фанатизм болгон эмес, терең илим болгон. Сырлуу Аалам болгон. Ошол себептүү гана ал элди аң-сезимдүү уюта алган, бир багыттуу нуктай алган, кебелгис күч, кең ишеним берген. Ал күч, ишеним, кайталайм, анын өзгөчө диалектикачыл ыкмасында катылган. Гераклит айткан чындыкты («бир сууну эки кече албайсың») алмустактан көчмөн тек, шаркыратып ырдап салганы ошол.

Муздактан музду эритип,
Сайдан чыгат Аккан Суу.

Адам айран калгандай,

Жайдан чыгат Аккан Суу.

Өзүндө кубат болбосо/самодвижение/

Кайдан чыгат Аккан Суу…

 

Аккан Суу-Дао сыңар. Ал кыймылды өзүнөн табат. Бирок мындай ой биздин Батыш усулунда окуп чокуган, категория, терминдерге карк канган аалымдарыбызды анча ийите бербейт. Ар-ар жерде чочуй айтылган чокон пикир, ашып барса баео диалектизм катары гана кабылданат. Ал Батыштыкынан өзгөчөлүү Жолдо ачылган, бирок уңгусу жалпы (Гегель аркылуу өткөн), чулу, кең систем, кеменгер тааным экенин элес албайт. Ал эми оң-сол алар үчүн тек: правое и левое, бул түшүнүк Дүнүйө элинин барында бар деген чолок ой менен найзалай каршы алынат.

Ооба, Оң-Сол түшүнүгү Дүнүйө элинин баарында бар, бирок балээнин баары ал элде катардагы кадыресе түшүнүк катары калып кеткенинде, ал эми көчмөнтаанымда Асман-Жер (идеалдуу – материалдуу) арасын жалгап улуу тааным уңгусуна айланып калганында!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *